KYRGYZ KURAMA
4.52K subscribers
7.58K photos
690 videos
597 links
🦅 Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын расмий каналы!
———
🦅 Официальный канал Национальной сборной Кыргызстана по футболу!
Download Telegram
2025-ЖЫЛКЫ U-20 АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЙПАСЫ АНЫКТАЛДЫ 🇰🇬

13-июнда АФКнын кеңсесинде 2025-жылкы U-20 жаштар курамалары арасындагы Азия Кубогунун тандап алуу оюндары үчүн чүчүкулак тартылды. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курамасы «I» тайпасында Жапония, Мьянма жана Түркмөнстан командалары менен кошо жайгашты.

📆 Мирлан Эшеновдун оюнчулары тандап алуу оюндарында ушул жылдын 21-29 сентябрь күндөрүндө ойношот. «I» тайпасынын оюндары Кыргызстанда өтөт.

✔️ Азия Кубогунун финалдык бөлүгү 2025-жылынын 6–23 февраль күндөрүндө Кытайда орун алат.

#kyrgyzkurama
ТУУЛГАН КҮНҮҢ МЕНЕН КАЙРАТ! 🇰🇬🎉

#kyrgyzkurama
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
ИДЕМ ДАЛЬШЕ. СТАВИМ НОВЫЕ ЗАДАЧИ

Национальная сборная Кыргызской Республики, завершив свое выступление во втором Отборочном раунде Чемпионата Мира 2026 и Кубка Азии 2027 досрочно завоевала путевку на азиатское первенство и обеспечила себе возможность продолжения борьбы за выход на Чемпионат Мира 2026. Данный успех стал возможным благодаря усилиям футболистов, возглавляемых и ведомых главным тренером Национальной сборной по футболу – словацким специалистом Штефаном Тарковичем.

За недолгий срок работы (почти 14 месяцев) Штефан Таркович, приняв команду, успешно выполнил все поставленные перед ним задачи. Команда получила возможность поработать с европейским специалистом высокого класса.

Впереди следующий этап и новые, более трудные задачи. Контракт Штефана Тарковича с Кыргызским футбольным союзом был заключен до 30 июня 2024 года. В связи с этим, руководством КФС, после тщательных внутренних консультаций было принято решение о прекращении сотрудничества за истечением срока соглашения с ним. Вместе с главным тренером Национальную сборную команду покидает весь его тренерский штаб.

Сегодня, 13 июня, Президент КФС Камчыбек Ташиев встретился со всеми членами тренерского штаба во главе со Штефаном Тарковичем. В ходе встречи руководитель союза озвучил принятое решение, также выразил лично от себя и всей футбольной общественности страны искреннюю благодарность за проделанную профессиональную работу, оправданные ожидания и доверие, которые привели к желаемым результатам. Одним из ярких примеров профессионального подхода и ответственного отношения к работе нашего главного тренера может служить тот факт, что несмотря на личное горе он оставался с командой.

Кыргызский футбольный союз желает Штефану Тарковичу дальнейших успехов в профессиональной карьере и достижения новых высот в качестве тренера!

В истории отечественного футбола, нынешние достижения сборной будут связаны, в первую очередь, с его именем!

Спасибо, Тренер! Спасибо, Штефан!
🇰🇬ФУТЗАЛ БОЮНЧА U-16 КУРАМАСЫ «АЗИЯ БАЛДАРЫ» VIII ЭЛ АРАЛЫК СПОРТТУК ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ

Футзал боюнча Кыргыз Республикасынын U-16 курама командасы Якутск шаарында 24 июндан-3-июлга чейин өтө турчу «Азия Балдары» VIII Эл аралык спорттук оюндарына даярдык катары Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатат.
Машыгуулар 11-23-июнда өтөт.

Оюндарга жалпысынан Азия континентинин өлкөлөрүнүн өспүрүмдөр курамалары, Орусия Федерациясынын Дальневосточный, Сибирь, Урал федералдык округдарынын командалары жана Саха Республикасынын (Якутия) командасы катышат.

Кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Гафуров жыйынга 12 талаа оюнчу жана 3 дарбазачы чакырды.

——

🇰🇬СБОРНАЯ U-16 ПО ФУТЗАЛУ НАЧАЛА ПОДГОТОВКУ К VIII МЕЖДУНАРОДНЫМ СПОРТИВНЫМ ИГРАМ «ДЕТИ АЗИИ»

Сборная Кыргызской Республики U-16 по футзалу в рамках подготовки к VIII Международным спортивным играм «Дети Азии», которые пройдут в Якутске с 24 июня по 3 июля, проводит учебно-тренировочный сбор в Бишкеке.
Тренировочный процесс стартовал 11 июня и продолжится до 23 июня.

На соревнованиях примут участие юношеские сборные стран Азиатского континента, команды Дальневосточного, Сибирского, Уральского федерального округов Российской Федерации и команда Республики Саха (Якутия).

На УТС главный тренер Руслан Гафуров вызвал 12 полевых игроков и 3 вратаря.

Талаа оюнчулар | Полевые игроки:
1. Абдурасулов Нурсултан
2. Абдымамытов Адахан
3. Ачилов Канимет
4. Зажигаев Данил
5. Каныбеков Атайбек
6. Каримбаев Нурислам
7. Кошонов Кангелди
8. Маматов Артур
9. Пахридинов Гупронидин
10. Талайбеков Арсен
11. Хамраев Ибрагим
12. Эгенбергенов Нурдоолот

Дарбазачылар | Вратари:
1. Бейшенкулов Арлен
2. Жузумалиев Исламбек
3. Маликжанов Нурэл

Машыктыруучулар штабы | Тренерский штаб:
1. Главный тренер - Руслан Гафуров
2. Тренер - Майсалбек Табалдиев
3. Врач - Арстанбек Бегалиев
4. Менеджер - Урмат Бошкоев

#futsalkgz
🇰🇬 МАКСИМ ЛИСИЦЫН – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФУТБОЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДАСЫНЫН ЖАҢЫ БАШКЫ МАШЫКТЫРУУЧУСУ

46 жаштагы россиялык адис Максим Лисицын футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Ал курама команданы сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт.

Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы Кыргыз Республикасынын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, россиялык адис Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Кечээ күнү, 13-июнда, Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети Лисицындын талапкерлигин бекиткенден соң, КФБнын Президенти Камчыбек Ташиев кураманын жаңы башкы машыктыруучусу менен жолукту. Ал команданын жаңы устатына ийгилик каалап өтүп, анын жетекчилиги алдында курама командабыз жаңы максаттарга жетет деген ишеничин билдирди.

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга эсептелинген. Максим Лисицын Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.

#kfu_kg
ИГОРЬ НИКИТИН: АЗИЯ КУБОГУНУН ФИНАЛДЫК БАСКЫЧЫНА ИЙГИЛИКТҮҮ ЧЫГУУГА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ

🇰🇬 Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курама командасынын башкы машыктыруучусу Игорь Никитин 2025-жылы 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогунун тандоо оюндарына чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча комментарии менен бөлүштү.

Эске сала кетсек, биздин команда Йемен, Вьетнам жана Мьянма курамалары менен «I» тайпасында жайгашкан. Игорь Никитиндин командасы ушул жылдын 19-27-октябрында тандоо алкагындагы беттештерин өткөрөт.

«Биз бул чүчүкулакты эки жылдан бери күттүк жана ушул убакыттын ичинде Азия Кубогун тандоо оюндарына түздөн-түз даярдык көрдүк. Эми биз кимдер менен жана кайда ойношубузду билебиз. Биз атаандаштарыбыздан коркпойбуз, тескерисинче, ар бирин сыйлайбыз.

Биз үчүн эң чоң көйгөй – оюндарды кабыл ала турган Вьетнам өлкөсүнүн климаты болушу мүмкүн. Себеби, күзүндө бул аймак абдан нымдуу жана ысык болот.

Даярдык жөнүндө айтсак, машыктыруучулар штабы алдын ала иштеп чыккан планды оңдоп-түзөөгө туура келет. Эми тайпадагы ар бир атаандаштарыбыздын оюндарын талдап, климаттык шарттарга атайын даярдык көрөбүз. Бардык күчүбүздү жумшап, Азия кубогунун финалындык баскычына ийгиликтүү чыгууга аракет кылабыз»

#kyrgyzkurama
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Юношеская сборная усердно готовится к VIII Международным спортивным играм
«Дети Азии»! 💪🏻

#futsalkgz
Forwarded from Kyrgyz Football Union
АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

Бардык кыргызстандыктарды ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайбыз!

Бул майрам ар бир үйгө кубаныч алып келип, элибизге тынтчык тартууласын!

♥️Ар бириңиздерге чын ден-соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайбыз!

#kfu_kg
МИРЛАН ЭШЕНОВ: НЕГИЗГИ МАКСАТ - АЗИЯ КУБОГУНУН ФИНАЛДЫК БӨЛҮГҮНӨ ЧЫГУУ

Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов 2025-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарына чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы боюнча комментарии менен бөлүштү.

Эске сала кетсек, чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы Жапония, Мьянма жана Түркмөнстан командалары менен «I» тайпасына жайгашты. Мирлан Эшеновдун командасы ушул жылдын 21-29-сентябрында тандоонун алкагында беттештерин Кыргызстанда өткөрөт.

«Кайсыл командаларга туш келбесек дагы, биз күн сайын даярдык көрүп жатабыз, анткени биздин команданын негизги максаты Улуттук курама командага оюнчуларды даярдоо жана U-20 Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгуу.

Бул деңгээлде бардык командалар жакшы ойношот. Биз машыктыруучу жана административдик штабтын өкүлдөрү менен атаандаштарыбыз тууралуу маалымат чогулта баштадык. Мьянма жана Түркмөнстан боюнча маалыматтар азырынча жок, ал эми Япония Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө дайыма катышып келээрин билебиз.

Бизде оюнчуларды даярдоо боюнча стратегиялык план бар ага жараша иш алып барып жатабыз. Турнир жакындап, атаандаштар тууралуу жетиштүү маалыматка ээ болгондон кийин оюндун планын түзөбүз. Заманбап жана сапаттуу футболго умтулуп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деп ишенем»

#kyrgyzkurama
ТУУЛГАН КҮНҮҢҮЗ МЕНЕН МЕЛИСОВИЧ! 🇰🇬

Бугун, 16-июнда, Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын дарыгери - Рахматов Эрикти туулган күнү менен куттуктайбыз!

——

С ДНЕМ РОЖДЕНИЯ, МЕЛИСОВИЧ! 🇰🇬

Сегодня, 16 июня отмечает день рождения доктор Национальной Сборной КР Рахматов Эрик!

Желаем достижений всех поставленных целей и побед любимой команды #AkShumkar!

@kyrgyzkurama
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Forwarded from Kyrgyz Football Union
🇰🇬 Сборная Кыргызской Республики вышла в третий раунд, заняв второе место в своей группе с 11 очками, проиграв при этом всего один матч против Малайзии. Они также обыграли победителя группы, Оман, в домашнем матче и добились ничьей в Маскате.

🔗 Читайте полный материал на сайте ФИФА.

#kfu_kg