«Мамлекет үчүн» Көлбаевдин алтын кени Ташиевдин досуна тийген
Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин УКМК анын $1 млрд бааланган мүлкү мамлекетке өткөнүн билдирген. Бирок «Клооп» менен Temirov Live Көлбаевдин көзөмөлүндөгү алтын кени УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин досторунун колуна тийгенин аныктады.
2023-жылдын 4-октябрында УКМКнын кызматкерлери Бишкекте мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди атып өлтүрүшкөн. Ошол эле күнү ишкер Азрет Боотаев кармалган. Ага Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдоо айыбы тагылган.
Боотаевдин «Акжолтой Майнинг» деген компаниясы болгон. Өз кезегинде ал компания Насоновское алтын кенин иштетүүгө лицензиясы бар «Акжолтой Ресорсес» тоо инвестициялык компаниясына ээлик кылган.
Бир жарым айдан кийин, Боотаев ТИЗОдо отурганда «Акжолтой Майнинг» компаниясына ээлик кылуу укугу «Консульере групп» фирмасына берилген. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакын досу Айбек Алыбаев.
Алыбаев менен Ташиев Курманбек Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарда иштеген. Алыбаев да Кыргызстандан чыгып кетип, 10 жыл Европада жашаган. Азыр ал «Жал Групп Азия» компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Бул компания Жалал-Абадда «Барсанын» футболдук академиясын курган. Азыр эми Бишкекте дагы бирин салууга даярдык көрүүдө.
Мындан тышкары «Клооп» менен Temirov Live Алыбаевдин компаниясы болочоктогу академиянын айланасына «Барселона» аттуу элиталык турак жай комплексин куруп жатканын аныктаган. Курулуш иштери Президенттин иш башкармалыгы ижарага берген мамлекеттин жеринде жүрүүдө. Ошондой эле курулушка катышып жаткан 12 компания кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган. Алардын көбүнүн Ташиевге байланышы бар.
📹 Көлбаевдин алтыны тууралуу «Клооп» менен Temirov Live'дын иликтөөсү: https://bit.ly/43xuwZq
📝Иликтөөнүн тексти бул жерде (шилтеме VPN жок эле ачылат: https://bit.ly/3R09Mlu
📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

Рахмон Кыргызстанга келет: Президенттер чек ара келишимдерине кол коюшат
Эртең, 12-мартта, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президентин администрациясынан билдиришти.
Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюшат.
21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан.
27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берген, анын катарында Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.
5-мартта депутат Султанбай Айжигитов парламентте сүйлөп, Достук айылын Тажикстанга берүүгө каршы экенин билдирген. Бул билдирүүдөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын курамынан чыгарышкан.
6-мартта президент Садыр Жапаров депутаттын билдирүүсүнө жооп берип, Айжигитовдун сөзүн «демагогия жана манипуляция» деп атаган. Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилгенин айткан.
#кабарлар

ТИМ Америкада каза болгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу маалымат таратты
Тышкы иштер министрлиги АКШда кыргызстандык үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү табылганын тастыктады.
«Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек», — деп жазылган маалыматта.
Алар АКШнын Орора шаарында жашашкан. ТИМ бул маалымат түшкөндөн кийин Чикагодогу Башкы консулдук укук коргоо органдары жана маркумдардын туугандары менен байланышта болуп, сөөктөрдү мекенине жеткирүү иштерин жүргүзүүп жатканын билдирди.
Бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Буга чейин «Азаттык» үй-бүлөнүн киши колдуу болгонун жазган. Бул үй-бүлө Америкада 15 жылдан бери жашап, логистикалык компанияны иштетип келген.

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте көк бөрү учурунда бир улакчы каза тапты
Бишкектин четинде жайгашкан жаңы ат майданында көк бөрү ойноп жаткан оюнчу Мирлан Сраждинов каза тапты. Окуя бүгүн, 12-мартта, Нооруз майрамына арналган турнир учурунда болгон.
Соцтүйүндөгү тараган видеодо Сокулук районунун «Бөрүлү» жана Оштун «Бүркүт» командаларынын оюнунда «Бөрүлүнүн» 45 жаштагы капитан башчысы жерден улакты көтөрүп жатканда ат менен кагылышкандан кийин жерден тура албай калган.
ИИМ Сраждинов ооруканага жетпей каза тапканын билдирди. Бул факт райондук милицияга катталып, териштирүү иштери башталды.

Эмомали Рахмон Кыргызстанга иш сапар менен келди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Бишкекке иш сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды.
Эртең, 13-мартта, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулап, чек ара келишимине жана бир катар документтерге кол коюшат.
21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан.
27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берген, анын катарында Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.
#кабарлар
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Бишкекке иш сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды.
Эртең, 13-мартта, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулап, чек ара келишимине жана бир катар документтерге кол коюшат.
21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан.
27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берген, анын катарында Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.
#кабарлар
Улакчынын өлүмүнө байланыштуу 2 адам кармалды
12-мартта Бишкекте көк бөрү учурунда каза болгон улакчы Мирлан Сраждиновдун өлүмүнө байлануштуу калыс жана бир улакчы кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Сокулук районунун «Бөрүлү» жана Оштун «Бүркүт» командаларынын оюнунда «Бөрүлүнүн» 45 жаштагы капитан башчысы жерден улакты көтөрүп жатканда ат менен кагылышкандан кийин жерден тура албай калган. Ал ооруканага жетпей каза тапкан.
Мирлан Сражидинов 1980-жылы 4-апрелде Чүй облусунун Камышановка айылында туулган. 13 жашында атасынан айрылып, Бөрүлү айылында чоңойгон. Үч бир туугандын ортончусу. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери көк бөрү ойноп келген.

Kloop кыргызча
Эмомали Рахмон Кыргызстанга иш сапар менен келди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Бишкекке иш сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды. Эртең, 13-мартта, өлкө башчылары эки тараптуу…
13-мартта кыргыз-тажик чек арасы ачылат
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара 13-мартта ачылат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасы Согд облустук акимчилигиндеги булактарына шилтеме кылып кабарлашты.
Кыргыз ЖМКларынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн президенттери бүгүн «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттеринин ачылышына онлайн катышат.
Turmush басылмасы жазгандай, кыргыз-тажик чек арасында беш өткөрмө бекет бар:
🔹«Кызыл-Бел» (Баткен району);
🔹«Кулунду» (Лейлек району);
🔹«Кайрагач» (Баткен району);
🔹«Карамык» (Ош облусу, Чоң-Алай району);
🔹«Бор-Дөбө» (Ош облусу, Чоң-Алай району).
Кыргыз-тажик чек арасындагы бул өткөрмө бекеттер 2021-жылы «Головной» суу бөлүштүрүү пунктундагы куралдуу кагылышуудан кийин жабылган. Анда 36 кыргызстандык, анын ичинде балдар каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажик бийлиги алар тараптан 19 киши өлүп, 87си жаракат алганын билдирген.
Кечээ, 12-мартта Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген. Бүгүн өлкө башчылары мамлекеттик чек ара боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коет деп күтүлүүдө.
21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан. 27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берип, анда Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.

Оштогу жер титирөөдөн 25 үй, 12 мектеп жабыркады
12-мартта Оштогу 5 баллдык жер титирөөдөн облус боюнча 25 турак үй, 12 мектеп, 1 бала бакча жана 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобунун имараты жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алайда 13, Кара-Суу районунда 12 үй жабыркаган. Текшерүү учурунда үйлөрдүн эски жаракалары жер титирөөдөн чоңойгону аныкталды. Жалпы 11 үй гана камсыздандырылган, калган үйлөр камсыздандырылган эмес.
Видео: news.kg

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлду
Бүгүн, 13-мартта Бишкекте «Ынтымак Ордодо» Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.
Чек ара келишимине кол коюлгандан кийин Лейлектеги «Кайрагач» жана Баткендеги «Кызыл-Бел» чек ара бекеттери ачылат. Ачылуу аземине эки өлкөнүн президенттери онлайн катышат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы бул өткөрмө бекеттер 2021-жылы куралдуу жаңжалдан кийин жабылган. Анда 36 кыргызстандык, анын ичинде балдар каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажик бийлиги алар тараптан 19 киши өлүп, 87си жаракат алганын билдирген.
Кечээ, 12-мартта Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
«Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» чек ара бекеттери ачылды
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлгандан кийин Лейлектеги «Кайрагач» жана Баткендеги «Кызыл-Бел» бекеттери ачылды.
Чек ара бекеттеринин ачылышына Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон онлайн күбө болушту.
«Кызыл-Бел» бекети эл аралык, ал эми «Кайрагач» эки тараптуу болуп ачылат. Калган кыргыз-тажик чек ара бекеттери этап-этабы менен ишке киргизилет.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин айтымында, эки өткөрмө пунктта оңдоп-түзөө жана модернизациялоо иштери жүргүзүлөт. Буга чейин эки өлкөнүн бажы кызматтары алдын ала маалымат алмашуу протоколуна кол койгон.
Кыргыз-тажик чек арасындагы бул өткөрмө бекеттер 2021-жылы куралдуу жаңжалдан кийин жабылган. Анда 36 кыргызстандык, анын ичинде балдар каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажик бийлиги алар тараптан 19 киши өлүп, 87си жаракат алганын билдирген.
Бүгүн, 13-мартта, Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.

Чоң-Алайдагы бала бакчанын отканасында ата-бала иске ууланып каза болду
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында 8-мартта 40 жаштагы эркек киши 14 жаштагы уулу менен бала бакчанын отканасында газга ууланып каза болду. Окуя тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
«Күбөлөр суралып, ата-бала Кашка-Суу айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан (движок) чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болду», — деп жазылган маалыматта.
Маркумдун жакындары арыз-доосу жок экенин айтып, экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.
Учурда текшерүү уланууда.
1-февралда Ошто да бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү иске ууланып, беш жаштагы бала көз жумган.

«Клооптун» иликтөөсүнөн кийин Ташиевдин досунун алтын кенин иштетүү лицензиясы жокко чыгарылды
Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өнөктөшү ТИЗОдо отурган кезинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин досуна өткөрүп берген компаниянын «Насоновское» алтын кенин иштетүүгө берилген лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
10-мартта «Клооп» менен Temirov Live биргелешкен иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2023-жылы ноябрда Көлбаевдин бизнес-өнөктөшү Азрет Боотаев УКМК ТИЗОсунда камакта отурган кезинде аталган кенди иштетүү лицензиясына ээ «Акжолтой Майнинг» компаниясын Ташиевдин эски досу Айбек Алыбаевге таандык «Консульере Групп» компаниясына өткөрүп бергени жөнүндө айтылган.
Алыбаев менен Ташиев азыркы бийлик актоого аракет кылып жаткан качкын президент Курманбек Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарда иштеген. Бакиев өлкөдөн качкандан кийин Алыбаев да сыртка чыгып кетип, 10 жыл Европада жашаган. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин Алыбаев Кыргызстанга кайтып, «Барселона» футбол академиясын куруу жана башкаруу боюнча Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн негизги өнөктөшү болуп калган.
12-мартта, биздин иликтөө жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин Боотаев УКМКнын ТИЗОсунда камакта отурган кезинде «Насоновское» кенин Ташиевдин досуна «эч кандай басым-кысымы жок эле», «өз ыктыяры менен» өткөрүп бергенин билдирген.
13-мартта УКМК иликтөөдө айтылган маалыматтардын баарын төгүндөгөн пресс-релиз таратты.
Атайын кызмат Боотаев кенге жалгыз өзү ээлик кылганын жана ал «милдеттүү түрдө түз инвестиция салуу шарты менен жетишилген макулдашуунун негизинде» сатылганын билдирүүдө.
УКМКнын маалыматына караганда, кийин Алыбаевдин «Консульере Групп» компаниясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткарбаганы, өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестиция салбаганы жана салык карыздары бар экени «аныкталган». Мындан тышкары компаниянын ишмердүүлүгүндө башка да «мыйзамдар бузулганы» белгилүү болгон. Буга байланыштуу 12-мартта «Насоновское» кенин иштетүү лицензиясы жокко чыгарылып, кен өзү Жаратылыш министрлигинин балансына өткөрүлгөн.
УКМК жарандарды «коомдук пикир менен манипуляция кылууга кызыкдар болгондордун жалган жана чагымчыл маалыматтарына» ишенбөөгө чакырып, ишкерлик субъектилердин «Насоновское» кенин иштетүү маселесине Ташиевдин «тиешеси жок экенин жана буга чейин да болбогонун» билдирди.
«Клооп» мыйзамдуулуктун орношун колдойт. Алтын кени биздин иликтөөбүз жарыялангандан эки күндөн кийин мамлекетке кайтарылды. Бийлик ЖМКлардагы билдирүүлөргө ушундай эле реакция кылуусу керек.
Биз кенди «иштетүү маселесине» Ташиевдин тиешеси бар деген эмеспиз. Болгону Боотаев кенди Ташиев башкарган УКМКнын ТИЗОсунда камакта отурганда анын досуна өткөрүп бергенине көңүл бурганбыз. Бул УКМКга камалып чыккан мурдагы аткаминерлер менен ишкерлердин мүлкү президенттин жана атайын кызмат башчысынын айланасындагы адамдарга өткөн алгачкы учур эмес. Камакта отурганда буларга дагы кимдер мүлкүн өткөрүп бергени жөнүндө бул жерден жана бул жерден окуңуз.
Азрет Боотаевдин кенге жалгыз өзү ээлик кылганы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Ал ага Азат Абдраев менен бирге ээлик кылган. УКМК Боотаев сыяктуу эле Абдраевди да Көлбаевдин активдеринин кармоочусу деп атаган. Анын атасы менен эжесине Көлбаевдин Эркиндик бульварындагы чоң апартаменттери, «Ынтымактагы» үйү менен жер тилкеси катталган.
Кыргызстандын көмүскө лидери, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди УКМКнын кызматкерлери 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте атып өлтүрүшкөн. Ташиев «мамлекет үчүн» Көлбаевди өлтүрүү буйругун бергенин айтып, кийин бул сөзүнөн кайра баш тарткан.
Азрет Боотаев кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кармалып, ошол эле жылы декабрдын аягында эркиндикке чыккан. Анда Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып, ал мамлекетке 256 млн сом төлөп, кыймылсыз мүлкүн бергенин жазган.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлду Бүгүн, 13-мартта Бишкекте «Ынтымак Ордодо» Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту. Чек ара келишимине кол коюлгандан кийин Лейлектеги «Кайрагач» жана Баткендеги…
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM