Акыркы жыл. Мектеп босогосун аттаганыбызга быйыл 11 жылдын жүзү болду. Ушул жылдын арасында биз уруштук, бөлүндүк, кошулдук айтор көп нерселерди баштан өткөрдүк. Акыркы күндөру кичинекей кезибизде кылган кылык жоруктарыбызды эстеп күлүп да калабыз. Анан быйыл бөлүнүп 2-мектептин босогосуна аттагыныбызды билип жатабызбы билбейм, айтор бири-биризди түшүнүп,колдоп бири бири-бизге дем-күч берип, ынтымактуу болгонубуз сүйүндүруп жатат. Адамга адам кыянатчылык кылганда кадырын билет экенбиз. Айтор акыркы күндөрү башкача күндөрду өткөрдүк. Бизге жаман мамиле кылып тургандар га "күч бирдикте" болуп жеңип чыктык. Айтор ошол ,айта берсем сөздүн аягы бүтпөйт. Силер алтынсыңар кымбаттуу классташтарым. Күчтүү болгула! Биздин келечегибиз менен ойногондор, эмне келечекти сатып алышты беле? Биз өзүбүздүн келечегибизди өзүбүз курабыз! Дагы бир жолу күчтүү болгула! Алдыда чоң сынак келе жатат, жакшы жыйынтык көрсөтүп, чоң кесиптердин ээси бололук❤️
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Менин ички дүйнөм бурганак.Ичим ысып,бир башкача сезим. Ал нерсени сөз менен же кагазга жазуу менен жеткире албайм. Бир нерсеге муктажмын. Болгондо да Аллахыма. Айтор жаратканды эстесем жүрөгүм ордуна келет. Касиети бар.
Чындыкты айтуу, адилеттүүлүкту талап кылуу эмне кылмышка жатып калды беле! Жок, чындыкты айтуу бул менин хоббим!!!💔
Бул мен. Өзүн өзү сүйгөн кара мүртөз,ач көз (самовлюблённая). Эгер билсеңер!? Сүйүлгөндү да сүйгөндү да жаман көрөт. Керек болсо, сүйүү эмне экенин билбейт. Сүйүүдөн мээрим ала элек. Кайсы адамга жолукпасын сатып же алдап кеткен болот. Анан кантип ишенесин жомоктогу сүйүүгө. Сүйүү жок дейт. Ал эми бул каналга жазылган ой-толгоолор сүйүүгө ишенип жүргөндөргө арналат. Сүйүү бир гана бул бала менен кыздын ортосундагы эмес, ата менен кызынын, мугалим менен окуучунун ортосундагы сүйүү. Жан дүйнөм жакырланып баратат. Руханий жактан бай болууну каалайм ......💔🥀
Өзүмө таандык жеке алсыздыгымды көрсөткүм келбейт. Ыйлагым келсе эч ким жок жерге барып ыйлап алам. Анан бирөө "Эмне ыйладынбы?„ дешсе. “Жоок, Аллергия„ деп кутулуп кетесиң го 😁
Кой эми,кечке эле арманым аттын башындай боло бербей. Кичине позитивдүү болоюнчу🙈 Мусулман бир тууганым орозоңуз кабыл болсун!!!❤️
Жанымдагы кошунам бар жаш бала. Анан достору менен кечке эле көчөдө тура беришет . Айтор, магазинге чыгыш өтө кыйын. Алардын жанынан телефон карап өтүп ,телефон карап келет элем. Анан алар « Бул кыздын колунан телефон түшөбү?», - деп айтышыптыр. Жок болсо, мен алардан уялып өткөнүм менен иштери жок 😳
Кулагымдан наушник дагы эч түшпөйт эле, анан кошуна эже “ Сен, ушу 30 чыкпай керен болосуң эй!„ деп тамашалап калат эле. Айтор менин кошуналарым сонун адамдар чиркин!
Түндү( 🌃 )жакшы көргөндөр барбы? Ойлор ойго батпай турган кезим. Аябай жакшы көрөм түнкү убакты.😊
Бир күнү бир кыз минтип айтты: "Сенин жашооң кызыксыз э?
-Ии неге?
-Жалгыз эле жүрө бересиң, эч кимди жанына жолотпойсуң, классташтарына вечер туулган кун уюштуруп жатса да барбайсың?„ - дейт😂😂 Зато мага кызыктуу, ушундай жашоону жакшы көрөм,өзгөчө жалгыздыкты. Көпчүлүк элдин арасында өзүмдү ыңгайсыз сезе берем ошон үчүн кошулбайм да. Жан дүйнөм тынч,ички сулуулук деген нерсе бар да менде 😁
-Ии неге?
-Жалгыз эле жүрө бересиң, эч кимди жанына жолотпойсуң, классташтарына вечер туулган кун уюштуруп жатса да барбайсың?„ - дейт😂😂 Зато мага кызыктуу, ушундай жашоону жакшы көрөм,өзгөчө жалгыздыкты. Көпчүлүк элдин арасында өзүмдү ыңгайсыз сезе берем ошон үчүн кошулбайм да. Жан дүйнөм тынч,ички сулуулук деген нерсе бар да менде 😁
А баса,силер мени ким экенимди тааныбайсыңар,бирок кандай кыз экенимди билип деле калдыңар го. Силер мени тааныбайсыңар да ошон үчүн бугумду чыгарып алайын. Айтор баскан турганынан бери тарта берген блогерлерге окшоп кетем😁 Тажатма кызмын. Эгер тажасанар ( покинул(-а) группу) боло бергиле! 😁 А эгерде силерге жагып жатса, анда болушуп койгула😜