Бул китеп дагы аябай жакшы негизи. Кылычы жок , Японияны багындырган Самурай жөнүндө. Окусаңар кызыктуу. Мотивация дагы жакшы берилген.
Элдер бар го «Ай, бул жөн кыз эмес,бул соо эмес, мунун апасы ошондой болчу,алыс жүр ,сени дагы кошо бузат». Эй, адамдар мынча эмне акылсыз келесиңер! Өзүңөрду тим эле сүттөн ак,суудан таза элестетесиңер! Силердин айынардан канча баланын психологиясы бузулуп жатат,канча баланын жашоосу талкаланып жатат. Балким,ал кыз силер ойлогондой эмес чыгар. Чөйрө бузат, чөйрөсү жаман десеңер...... Билбейм...... Менин оюмча,чөйрөңду өзгөртпөстөн, чөйрөңдогу адамдардын сен озгорткуң!
Акыркы жыл. Мектеп босогосун аттаганыбызга быйыл 11 жылдын жүзү болду. Ушул жылдын арасында биз уруштук, бөлүндүк, кошулдук айтор көп нерселерди баштан өткөрдүк. Акыркы күндөру кичинекей кезибизде кылган кылык жоруктарыбызды эстеп күлүп да калабыз. Анан быйыл бөлүнүп 2-мектептин босогосуна аттагыныбызды билип жатабызбы билбейм, айтор бири-биризди түшүнүп,колдоп бири бири-бизге дем-күч берип, ынтымактуу болгонубуз сүйүндүруп жатат. Адамга адам кыянатчылык кылганда кадырын билет экенбиз. Айтор акыркы күндөрү башкача күндөрду өткөрдүк. Бизге жаман мамиле кылып тургандар га "күч бирдикте" болуп жеңип чыктык. Айтор ошол ,айта берсем сөздүн аягы бүтпөйт. Силер алтынсыңар кымбаттуу классташтарым. Күчтүү болгула! Биздин келечегибиз менен ойногондор, эмне келечекти сатып алышты беле? Биз өзүбүздүн келечегибизди өзүбүз курабыз! Дагы бир жолу күчтүү болгула! Алдыда чоң сынак келе жатат, жакшы жыйынтык көрсөтүп, чоң кесиптердин ээси бололук❤️
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Менин ички дүйнөм бурганак.Ичим ысып,бир башкача сезим. Ал нерсени сөз менен же кагазга жазуу менен жеткире албайм. Бир нерсеге муктажмын. Болгондо да Аллахыма. Айтор жаратканды эстесем жүрөгүм ордуна келет. Касиети бар.
Чындыкты айтуу, адилеттүүлүкту талап кылуу эмне кылмышка жатып калды беле! Жок, чындыкты айтуу бул менин хоббим!!!💔
Бул мен. Өзүн өзү сүйгөн кара мүртөз,ач көз (самовлюблённая). Эгер билсеңер!? Сүйүлгөндү да сүйгөндү да жаман көрөт. Керек болсо, сүйүү эмне экенин билбейт. Сүйүүдөн мээрим ала элек. Кайсы адамга жолукпасын сатып же алдап кеткен болот. Анан кантип ишенесин жомоктогу сүйүүгө. Сүйүү жок дейт. Ал эми бул каналга жазылган ой-толгоолор сүйүүгө ишенип жүргөндөргө арналат. Сүйүү бир гана бул бала менен кыздын ортосундагы эмес, ата менен кызынын, мугалим менен окуучунун ортосундагы сүйүү. Жан дүйнөм жакырланып баратат. Руханий жактан бай болууну каалайм ......💔🥀
Өзүмө таандык жеке алсыздыгымды көрсөткүм келбейт. Ыйлагым келсе эч ким жок жерге барып ыйлап алам. Анан бирөө "Эмне ыйладынбы?„ дешсе. “Жоок, Аллергия„ деп кутулуп кетесиң го 😁
Кой эми,кечке эле арманым аттын башындай боло бербей. Кичине позитивдүү болоюнчу🙈 Мусулман бир тууганым орозоңуз кабыл болсун!!!❤️
Жанымдагы кошунам бар жаш бала. Анан достору менен кечке эле көчөдө тура беришет . Айтор, магазинге чыгыш өтө кыйын. Алардын жанынан телефон карап өтүп ,телефон карап келет элем. Анан алар « Бул кыздын колунан телефон түшөбү?», - деп айтышыптыр. Жок болсо, мен алардан уялып өткөнүм менен иштери жок 😳
Кулагымдан наушник дагы эч түшпөйт эле, анан кошуна эже “ Сен, ушу 30 чыкпай керен болосуң эй!„ деп тамашалап калат эле. Айтор менин кошуналарым сонун адамдар чиркин!