Жашоо сабактары 🕊️
76 subscribers
34 photos
70 videos
5 files
6 links
Welcome 🕊️
Download Telegram
Же сен бирөөнү сындырышың керек, же сени бирөө сындырып коёт!!!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эркиндиктин даамын деңиздин жээгинде сезем.
Бүгүн класс жетекчибиз параллель класс менен чогуу сабак өттү. Мен жана курбу кызым экөөбүз эле барганбыз. Калгандары классты уборка кылыш үчүн калган. Себеби андан мурунку күндөрү ( Ишемби, Жекшемби) күндөрү колубуз бошобой,эч бир окуучу келген эмес эле. Анан эжекебиз классташтарыбыздын көзүнчө "кыз деген эле атыңар бар,касиеттинер жок!",айтор ушундай сөздөрдү сүйлөп кемсинтип кирди. Анан эженин сөздөрүно чыдабай жооп кайтарып жибердим. Мен бул нерсени эжекеге сөз кайтарды деген жыйынтык чыгарбайм. Болгону мен жөн гана түшүндүрдүм. Көрсө эженин тиши өткөнү эле мен экенмин да))) Чындыкты айтсаң беймаал,тили узун дейт. Айтор бүгүн менин күнүм болгон жок. Стресс🙁



Айтаар элем келечектеги мугалимдерге же азыркы. Окуучуларды эч качан бөлбөгүлө. Адилеттүүлүктү,чынчылдыкты силерден үйрөнөбүз жана уйрөтөсуңөр! Мындай нерселер адамды өзүнө- өзү кол салуусуна алып барышы мүмкүн. Ар бир окуучу силерден бир мактоо алсам экен үмүттө болушат. Ошондуктан тең укуктуулук менен сабак өткүлө!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кээде ушундай колдоого муктаж болом. Башка адамдан албаган мээримди , туруктуу мырзалардан алсам экен 😁.
Бирок тилекке каршы мындай мырзалар дээрлик жок,же мага Аллахым жолуктурбай жатабы, «окуп-чокуп, ийгиликтерге жетип ал! Жигит күтүп турат», деп жатат окшойт😁
Орозоңуздар кабыл болсун!❤️
Аллахым ар бир пенденин кармаган орозосун кабыл кылсын Ин Шаа Аллах. Быйыл мен биринчи жолу кармап жатам. Кудайга шүгүр кыйналган жокмун. Аллахымдын касиети күч экен!
Жакшы адам болуп көрүнүү үчүн,эмне кылуу керек? Ыыы! Эч нерсе кылба! Өзүң жакшы адам бол! Көрүнүп эмне кыласың :) Баары бир сенин жан-дуйнөң жакшыбы,жаманбы башка адамдарды кызыктырбайт жана жакшы болуп көрүнө албайсың! Жөн гана жаша! Адамдар өздөрү сенин жакшы жактарыңды издеп табышсын! Бирөөгө жагынып жашайм десең, жашоонун түрмөсүнө түшкөнүн :) Ошондуктан эркин бол!
Ассаляму алейкум достор! Кутмандуу күнүңүздөр менен❤️
📝

Окурманга кат!
Бул кат айрыкча жаш өспүрүмдөргө.....
Сүйүүнү эмне кыласың! Сүй бирок ата-энени, өзүңдү,досторуңду, мектепти,китепти сүй! Сүйүү эмне экенин билбейсиң, анан мен бул баланы сүйүп калдым,ансыз жашай албайм жана ушундай сыяктуу нерселер... Айланайын, сүйүү эмне экенин өзүң билбейсиң! Анан сүйүү эмне десем интернеттен алынган сөздөрдү айтасыңар. Айрыкча статус, историясына түшүнүксуз бир нерселерди жазасыңар:) Жаш кыздарга айтат элем айрыкча 5-класстан,11-класстарга чейинкилерди. Балдар өзүлөрү айтмакчы 5 күндүксүңөр! Силерди жылуу жумшак сөздөрү менен алдап анан кызыгы кеткенде таштап кетет. Артыңарда менден калган кыз деген өчпөс - өлбөс сөз калат.
Мырзалар кандай кыздарды жактырат....
Убактылуу ачык кийинген, боёнгон,кыска айтор ушундай кыздар менен беш күндүк мамиледе болушат! Ал эми үйлөнгөнгө же туруктуу мамилеге аркасынан сөз ээрчитпеген , таза, ыймандуу,калайык журтка жаман жагы менен даңкы чыкпаган жана тынч кыздарды издешет. Албетте сулуулукту 1-орунга коюшат. Албетте, өзүңөрдү өзүңөр үчүн карагыла. Таза,тыкан кийинип, өзүңөрдү карасаңар өзүңөргө дагы жакшы. Анан мырзалар биринчи жазган кызды такыр эле жаман көрүшөт. Эч качан биринчи кадам таштабагыла! Айрыкча азыркы жаш өспүрүмдөр. Өзүңөрдүн уятыңар менен кошо намысаңарды да жоготуп аласыңар!!!
Депрессия  - бул психиканын бузулушу, анын негизги белгилери: көӊүлдүн чөккөнү жана ырахат алуу жөндөмүнүн начарлашы же жоголушу
1. Пессимизм

2. Өзүн күнөөлөө, пайдасыз деп сезүү, тынчсыздануу жана / же коркуу;

3. Өзүн төмөн баалоо;

4. Көңүл топтой албоо жана чечим кабыл алуудан кыйналуу;

5. Өлүм жана (же) суицид жөнүндө ойлор;

6. Туруксуз табит, салмактын жеӊилдеп же оорлоп кетиши;

7. Уйкунун бузулушу, уйкусуздук же ашыкча уйку.
Ошондуктан депрессиядамын деп отура бербей, бир нерсе менен алаксыңыз же болбосо деңиздин жээгинде барыңыз,китеп окуңуз,кино көрүңүз (комедия), өзүңүзго жаккан иш менен алек болуңуз (уй жыйноо, өзүңүз жалгыз тамак жасоо) .
Мага окшоп кечке депрессия болгондор үчүн!:))
Менин бир курбум бар. Аты сыр бойдон калсын....
Шамга чейин, кеч курун сейилдегенди жакшы көрөбүз. Сырдашабыз..... Өтө сонун адам. Көз тийбесин😁 Бир күнү суроо бердим:
-Сенин бул дүйнөдөгү негизги максатың эмне?
- Өлүмгө даярдануу, Ибадат кылуу..)))
Билесиңби?! Жашоо кыска,ал эми биз түбөлүктүүдой жашайбыз. Мен акыртке барганда кантип жооп берем.Намаз окубасам айтор.....
Азыркы адамдар сырткы келбетке карап калышты. Мен аны кечээ бүтүрүү кечесинде көрдүм. Адамдардын кандай экенин. Ичим ачышты. Мен мурун. ойлочумун. Шаарга барганда мындай кийинем,бул нерсени сатып алам ж.б. Азыр болсо Куран окуп, курстарга барып жакшы билим алгым келет.
Айтор мага дайыма руханий азык берет. Жакшы көрөм сени❤️
#Сырткы келбет эмес,ички жан дүйнөсү🌸
Эртең экзамен!😢
Иногда хочется послушать..

ɴ ᴇ ᴠ ᴇ ʀ
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Балет!
Кыялдар(детская мечта). Мен дагы конкуренциям менен «Одетта» «жизельди» талашып бийлесем деген аруу кыялдарым бар эле. Тилекке каршы айылдын шартына байланыштуу кыялдар орундалган жок!)))
Айылда бир эжеке бар,анан ал бир күнү минтип айтты:- Үй-бүлөм жагат, бирок айылдын шарты жакпайт.
-Неге?
-Бул жакта:бий ,комуз, музыка, спорт ийримдери жок да. А мен балдарымды кантип тарбиялайм. Элементтарный Англис менен орус тилдеринде курс жок! Менин балам менен шаардагы тууганымдын баласын кара!
-Туура! Өлкө өнүксө буюрса айыл дагы өнүгөт! Айылдын бир кемчилиги ушунда....
Жакында эле бир Азербайжандан конок келди.Борборду (Бишкек) айланып чыкты.
-Силерди борборуңар ушулбу?!
-Ооба,неге?
-Бул кыштак,туугандар. Жаратылышыңар бейиш,ал эми борборуңар айыл экен.

Ооба Дубай менен Кыргызстанды же Түркия, Азербайжан менен салыштырып болбойт)))
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн


•Б.Сарногоев