Окуган адам же окуган коом жалгыз өзүн эле эмес, өзүнөн кийинки канча кылымды, канча муундун келечеги тууралуу ойлонот. Бир муундун китеп окубагандыгы өзүнөн кийинки канча муунга залакасы тие тургандыгы айдан ачык. Ошондуктан китеп окуу бир адамдын эле көйгөйүн чечпестен, жалпы коомдук аң-сезимди өзгөртүүчү касиетке да ээ. Башкача айтканда, китеп окуу маселесинин жалпы стратегиялык мааниси да зор.