Окуган адам же окуган коом жалгыз өзүн эле эмес, өзүнөн кийинки канча кылымды, канча муундун келечеги тууралуу ойлонот. Бир муундун китеп окубагандыгы өзүнөн кийинки канча муунга залакасы тие тургандыгы айдан ачык. Ошондуктан китеп окуу бир адамдын эле көйгөйүн чечпестен, жалпы коомдук аң-сезимди өзгөртүүчү касиетке да ээ. Башкача айтканда, китеп окуу маселесинин жалпы стратегиялык мааниси да зор.
Ойлонбогон жерден жашооңо бир адам кирип келет... Алгач алыс кармайсың. Анан... Анан күн сайын сага болгон көңүл буруусу арта берет: күнүң кандай өткөндүгүн сурайт, жашооңо кызыгат, экөөңдү кызыктырган темалар көбөйөт. Убакыт өтүп ал адамга кантип байланып калганыңды сезбей каласың. Эң коркунучтуусу да ушул: байланып калуу. Эң башкысы, сен байланган адам сенин өмүрлүк түгөйүң болсун, арманың эмес...