Эмнеге башка жылдыз системалардагы акыл-эстен сигнал жок
Ушул тема мага кызык.
Төмөндөгү спикер кызык фактыларды (фактттарды?) айтты:
- Жер планетасында жашоо (эң жөнөкөй микроорганизмдер) эрте башталган;
- акыл-эс пайда болуу эволюциясы абдан узак жол;
- үстү катуу планеталардын жашоо эволюциясы кыска: катуу планеталар жылдызга жакын жайгашат, газ планеталар жылдыздан алысыраак турушат. Жылдызда суутек, гелий бүтүп баштаганда жылдыздын жарыгынын интенсивдүүлүгү күчөп, планетанын бетиндеги атмосфераны сүрүп чыгат;
- эгер Жерде жашоо 0.3 миллиард жыл кечирээк пайда болсо, акыл-эс чоң катастрофанын алдында пайда болмок да, илимди өнүктүрүп, башка жылдыз системаларга сигнал жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк болмок эмес
https://youtu.be/zcInt58juL4?si=iIR7srmFH2c0qUv0

👍2🔥2
ЖИ (жасалма интеллект) программалык камсыздоо индустриясына кандай таасир эткени жөнүндө адекваттуу макалалардын бири
https://newsletter.pragmaticengineer.com/p/how-ai-will-change-software-engineering
Мага жаккан ойлор: ЖИ иштин 70%-ын жасайт, калган 30%-ын жасаш үчүн баары бир терең билим керек. Бул билим парадоксун жаратат.
ЖИ сеньор-джуньор деп бөлүнүштү жок кылып, индустрияны демократизациялайт, теңдейт деп күтүлгөн. Иш жүзүндө тескеринче болуп жатат. "Сеньорлорго" жакшы буст кылып, ал эми үйрөнүп жаткандарга фрустрация алып келип жатат дейт макалада.
Ушул макаладан кийин Cursor AI-ды колдонуп көрөйүн деп чечтим. Триал мөөнөтүндө эле өзүн жакшы көрсөттү. ЖИти IDEге бекем интеграцияланышыптыр. Иштеп жаткан иштин контекстин ЖИге жиберүү оңой болуп калды. ChatGPTге бир маселени түшүндүрүш үчүн көп жазып, копипаст кылыш керек болчу. Cursor AIда анын баары кереги жок, ал өзү эле билет контекстти.

Pragmaticengineer
How AI-assisted coding will change software engineering: hard truths
A field guide that also covers why we need to rethink our expectations, and what software engineering really is. A guest post by software engineer and engineering leader Addy Osmani
🔥4👍3
Vim'ге салыштырмалуу Cursor'до "ачык файл-буфер-терезе" түрдөгү навигация жетишпейт. Бир жагынан AI өндүрүмдүүлүктү жогорулатса, башка жагынан ачык файлдарды организация кыла албай, өндүрүмдүүлүк төмөндөп жатты.
Буга чечим табылды: Windsurf!
Windsurf.vim плагин бар экен. Агент керек болгондо - Windsurf IDE'ни колдонуп, кодду окуп, майда-чүйдө өзгөртүүлөргө vim+windsurf'тү колдонуп баштадым.
Бул экөөнө бир биллинг Pro аккаунт гана керектелди. Баасы Cursor'го караганда арзаныраак экен ($15 vs. 20$).

GitHub
GitHub - Exafunction/windsurf.vim: Free, ultrafast Copilot alternative for Vim and Neovim
Free, ultrafast Copilot alternative for Vim and Neovim - Exafunction/windsurf.vim
❤2🔥1
Байкоо
Видео контент көп көрсөң, мотивация төмөндөп, эчтеке кылгың келбей калат экен
Текст түрдөгү контент тескеринче ар кандай иш аракетке түрткү болот
Чынбы ушу?

❤5💯1
Окуунун 6 деңгээли болот экен да:
- Жаттоо: факттарды эске тутуу
- Түшүнүү: концепттерди жана процесстерди түшүндүрүп берүү
- Колдонуу: жөнөкөй маселелерди чечүү
- Анализ: концепттерди салыштыруу жана маалыматты жөнөкөйлөтүү
- Баалоо: стратегия түзүү, приоритеттерди койуу, татаал маселелерди чечүү
- Жаратуу: жаңы концепттер жана көз караштар боюнча гипотезаларды куруу
Видеоматериал көп учурда анализге убакыт бербейт экен. Спикер жай сүйлөсө, көрарман кийинки видеого өтүп кетет, ошондуктан быдылдап сүйлөшөт. Татаал топиктерди айтып баштаса да, кийинкиге өтүп кетишет, ошондуктан жеңил топиктерди гана сунуштап калышты. Лекция, интервьюлар эле пайдалуу экен Үтүптө.
Текст маалымат да эле ошондой көйгөй бар. Соц. тармактарда ойлорун жаза беришет, аларды окуй бергендер да толтура. Окурманды кармаш үчүн, эмоционалдуу топиктерди көтөрүшөт. Андайды окуй берип, жинди болуп баштайт экенсиң.
Бирок кантсе да пайдалуу текст материалга туш келүүнүн ыктымалдуулугу видеого караганда жогору.

💯4
Forwarded from Турат Алыбаев
👋🏻 Ассалоому алейкум, программисттер үчүн сонун АйТи чогулуш - Онлайн!
📌 Калыс Осмонов - Calendly компаниясында Senior Full Stack инженер катары 7 жылдан бери иштеп келе жатат.
🔸Ал опен-сорс долбоорлорго катышып, аларга өз салымын кошот жана бул жолугушууда Опен сорстогу (Open Source) ийгиликтери тууралуу кеп кылып берет.
🔸Elixir тилинин экосистемасындагы bamboo_ses долбоору жөнүндө, опен-сорстогу жумшак көндүмдөрдүн (soft skill) маанилүүлүгү жөнүндө айтып берет.
📅 24 - октябрь, саат 21:30 КР сааты менен.
Zoom чогулуштун шилтемеси, ошол күнү DevKurultay Телеграм граппасына гана жарыяланат!

👍3❤1
Илгери-илгери 3 торопой жашаптыр. Бир күнү ата-энеси "чоңойдуңар эми - бар жумуш таап, оокатыңарды кылып кеткиле" деп, үйүнөн чыгарып жерет. Үчөө тең SRE (DevOps) инженер болуп иштеп башташат
Биринчи торопой "жылаңач" серверлерди алып, кызматтардын баарын ошо серверлерде көтөрүп, ишин тез бүтүрүп салып, каунтер-страйк ойноп, убакытын өткөзөт
Экинчи торопой булут провайдеринен виртуалдык машнелерди алып, веб аркылуу кызматтарды ылайыкташтырып, ишин бүтүрөт да, биринчи торопойдун каунтер-страйк серверине кирет
Үчүнчү торопой да булут провайдерине кошулуп, бирок инфраструктуранын баарын Terraform аркылуу жазып чыгып, CI/CD ни көтөрүп, DORA метрикалары аркылуу ишин текшерип, тердеп-чардап иштеп жүрдү. Оюн-поюнга убакыт жок таптакыр
Анан бир күнү булут провайдери иштебей калды...
Жомоктун моралы - кээ бирде асманда, булуттардын арасында учпай, жерге жакын болуш керек экен

😁4
Организм түйүлдүк учурунда, эволюцияны кайрадан өтүп чыгат го, башында балыкка окшоп, анан кийинки жаныбар болуп, анан гана колу-буту пайда болуп. Ошондой эле инсан өсүп-өнүгүп, адамзаттын тарыхын кайталайт окшойт
Телескоп менен микроскопту адамдар ойлоп тапканда (телескоп - 1608-жыл, микроскоп - 1590-жыл), ал учурдагы адамдардын аң-сезиминде чоң өзгөрүү, толкундануу болуптур. Буга чейин "түшүнүктүү" дүйнө таптакыр башкача экен, телескоп менен карашса, чексиз аалам, микроскоп менен карашса, быжыраган микробдор. Бул ачылыштар жана инсандардын ички дүйнөсүнүн өзгөрүшү маданиятта, музыкада, архитектурада таасирин калтырып, кийин ал Барокко учуру деп тарыхта аталып калды
Менин жашоомдо да “барокко” болгон. Колума Агекян аттуу астрономдун “Жылдыздар, галактикалар жана Аалам” деген китеби түштү. Ал китепте Ааламдын масштабы ушунчалык жакшы түшүндүрүлүп берилгенинен, өзүмдү кыпындын кыпынынын кыпынынын (бир нече жолу кайтала) кыпынындай сезгем эле. Дүйнөгө көз карашымды өзгөрткөн ушу китеп

🔥5👍2
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Балам экөөбүз авто-дарбаза жасадык
😍6👍2☃1🔥1🎉1
Team Topologies китебинен бир жакшы ой
Негизи, Team Topologies китебинин мазмуну - бул компанияда командалардын кандай түрлөрү, ал командалар бири бири менен кандай коммуникация жүргүзүү жөнүндө кеңеш берген китеп. Конвейдин мыйзамы жөнүндө, командалардын структурасы жасалып жаткан системанын архитектурасына кандай таасир этээри жөнүндө биле аласыңар
Китептин жыйынтыктаган бөлүмүндө сонун ой жазылган: Эгер компания бакча болсо, анда Team Topologies кайсы жерде гүлдөр, кайсы жерде бак-дарак отургузулушу жөнүндө айтып берет, бирок эгер ал бакчанын топурагы туура келбесе, эчтеке өспөйт дейт. Топурак бул маданият. Маданият (инженердик же жалпы) болбосо, архитектура оңолбойт, коддун сапаты төмөндөйт, жакшы инженерлер башка жумушка кетет экен.

👍3
Комментариаларга кийинки суроо келди:
https://t.me/c/2131188723/167
Мектепте ушу Биогенез темасына илимий иш даярдап, бирок даярдык начар болуп калып, эптеп-септеп айтып берип, бир эжеден жаман фидбек алып, травма болуп калган бул. Ошондуктан бул тема боюнча маалымат келип калса, сөзсүз түрдө угуп, окуп турам
Ооба, Саманчынын жолунда, негизи, Ааламда жылдыз системалары абдан көп. Эгер биздин системада, планетада аң-сезими, интеллекти бар жашоо пайда болсо, анда статистика боюнча башка системаларда да пайда болуп, алардан сигнал алып турмакбыз. Бирок буга чейин бир да сигнал алган жокбуз. Бул Ферми парадоксу деп аталган. Эмнеге сигнал жок? Кийинки гипотезалар бар
1) Жашоо пайда болгонго Ааламда шарттар "жакында" эле пайда болду. Биз эрте "келдик"
2) Сигналдарды жөнөткөнгө ыңгайлуу, эффективдүү жолдор бар. Биз ал жолдорду дагы эле ача элекбиз.
3) Зор бөгөт (Great Filter). Илимий-техникалык прогресстин бир учурунда түгүл цивилизацияны жок кылып салган технология бар. Ошол технологияга чалынып, цивилизациялардын көпчүлүгү өзүн жок кылып салат. (Мисалы, биотехнология - вирустар, курал-жарак - атомдук бомбалар жбус).
4) Адамзат абдан жолдуу, утуштуу (lucky). Жашоонун, андан кийин интеллекттин пайда болушунун ыктымалдуулугун абдан-абдан төмөн. Бирок биз ошол "жашоо-интеллект" лотереясын утуп алдык.
Бул суроого жооп бериш үчүн Дрейк теңдемеси бар. Анын формуласынын жардамы менен жашоо пайда болушунун ыктымалдуулугу эсептелинет. Бирок ал теңдемеде бизге белгизиз өзгөрмөлөр бар. Аларды ачыш үчүн көптөгөн системаларда, планеталарда изилдөө жүргүзүш керек. Андай мүмкүнчүлүк бизде жок азыр.
2021-жылы "The Timing of Evolutionary Transitions Suggests Intelligent Life Is Rare" (авторлору Snyder-Beattie жана башкалар) деген илимий иш чыккан. Ал иште биздин планетада жашоонун жана интеллекттин пайда болушунун ыктымалдуулуктарын эсептеп чыгышкан. Жыйынтыгы: жашоо эрте эле пайда болот, ал эми интеллект пайда болушунун ыктымалдуулугу өтө төмөн. Жер сыяктуу планеталарда жашоого ыңгайлуу шарттар көпкө созулбайт. Интеллект пайда боло электе эле, планеталар жашоого шартсыз болуп калат.
Ошондо, кызык 2 вариантка келебиз.
1-вариант: Биз Ааламда жалгызбыз - анда бизге тоскоолдук кылган эч нерсе жок. Эч нерсени ойлобой, жай-баракат, өнүгүп, өркүндөй беребиз.
2-вариант: Эртең башка цивилизациядан сигнал кабыл алабыз. Анда бизди Зор бөгөт күтүп жатат.
Жогорудагы китепте айтылгандарга караганда, биз жана Жер жылдыздардын элементтеринен пайда болуппуз. Саманчынын жолунда дагы биздей жандуулар болсо керек, ээ?

👍2🤔1