Дагы бир маселе. Жаманбы, жакшыбы, бала мектепти мамлекеттик тилде окуп бүтүп, үчүнчү баскычка, жогорку окуу жайга келет. Ал жерге келгенде да бизде дагы бир маселе бар. Жогорку окуу жайларда билимдин 70-80% кайра эле расмий тилде берилет. Анын кыргыз тилиндеги мектепти бүтүп, кыргызча тили чыгып калган жаштарыбыз жогорку окуу жайга барып, кесиптин ээси болом дегенде ал жерде дагы бир жолу чайналат. Чайналып, же орус тилин өздөштүрө албайт, же билим ала албайт.
4чү баскыч - англис тилин үйрөнөсүң кайра чайналып
5чи баскыч - кайда көчсөң, ошол жактын тилин окуш керек
https://www.azattyk.org/a/33129733.html
Азаттык Υналгысы
Мураталиев: Эгер кыргыз тилин талап кылсак, аны үйрөтүүгө көңүл буралы
23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл толду. Аны утурлай президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев Прагадагы сапарынын алкагында “Азаттыкка” ат жалында маек курду.
👍1
Мандолин 1-этап
Whiskey Before Breakfast
Cold Frosty Morning
Out on the Ocean
Morrison’s Jig
Тиего Фортенин “Building a Secord Brain” китеби жана маалыматты башкаруу методологиясы боюнча, эмне иш кылбайлы, аны чыгарыш (to express, чыгармачылык деген мааниде) керек экенбиз. Антпесек, ишибиз бүтпөгөндөй сезебиз дейт.
Мандолин үйрөнүп жатып, 5-6 күү үйрөнүп, аны Үтүпкө жүктөп, чыгарып көрөйүн деген ойду ишке ашырдым. Кийин буларды көрүп прогресс кандай болгонун көрө алам го келечекте (чынында, азыркы прогресс кыйла жакшы, видеолорду июнда тарткам). Видеолорду чыгарыш керек деген ой жаңы күүлөрдү ойноп баштаганга, аларды ойногонду жакшыртканга жана музыка теориясындагы жаңы нерселерди үйрөнгөнгө түрткү берди. Бул хоббини өркүндөтүүгө кийинки максаттарды түзгөнгө жол ачылган - метроном менен иштөө, тоналдуулукту (key, scales, modes) үйрөнүп, практикада колдонуп, жөнөкөй күүлөрдү кооздоо. Дагы бир максат: 2 инструментте ойногонду тартып, видеолорду чаптап чыгаруу.
Express-чыгаруунун дагы бир жакшы жагы бир ишти бүтүрүп, “чекит коюп”, кийинки ишти улантат экенсиң. Дагы бир хобби бар - бул фото. Көп сүрөттөр тартылып, жөн эле жатат "чаңдап". Аларды Lightroom аркылуу өткөзүп, ар кандай сүрөт платформаларга чыгарам деп чечтим.

👍6
Эмнеге башка жылдыз системалардагы акыл-эстен сигнал жок
Ушул тема мага кызык.
Төмөндөгү спикер кызык фактыларды (фактттарды?) айтты:
- Жер планетасында жашоо (эң жөнөкөй микроорганизмдер) эрте башталган;
- акыл-эс пайда болуу эволюциясы абдан узак жол;
- үстү катуу планеталардын жашоо эволюциясы кыска: катуу планеталар жылдызга жакын жайгашат, газ планеталар жылдыздан алысыраак турушат. Жылдызда суутек, гелий бүтүп баштаганда жылдыздын жарыгынын интенсивдүүлүгү күчөп, планетанын бетиндеги атмосфераны сүрүп чыгат;
- эгер Жерде жашоо 0.3 миллиард жыл кечирээк пайда болсо, акыл-эс чоң катастрофанын алдында пайда болмок да, илимди өнүктүрүп, башка жылдыз системаларга сигнал жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк болмок эмес
https://youtu.be/zcInt58juL4?si=iIR7srmFH2c0qUv0

👍2🔥2
ЖИ (жасалма интеллект) программалык камсыздоо индустриясына кандай таасир эткени жөнүндө адекваттуу макалалардын бири
https://newsletter.pragmaticengineer.com/p/how-ai-will-change-software-engineering
Мага жаккан ойлор: ЖИ иштин 70%-ын жасайт, калган 30%-ын жасаш үчүн баары бир терең билим керек. Бул билим парадоксун жаратат.
ЖИ сеньор-джуньор деп бөлүнүштү жок кылып, индустрияны демократизациялайт, теңдейт деп күтүлгөн. Иш жүзүндө тескеринче болуп жатат. "Сеньорлорго" жакшы буст кылып, ал эми үйрөнүп жаткандарга фрустрация алып келип жатат дейт макалада.
Ушул макаладан кийин Cursor AI-ды колдонуп көрөйүн деп чечтим. Триал мөөнөтүндө эле өзүн жакшы көрсөттү. ЖИти IDEге бекем интеграцияланышыптыр. Иштеп жаткан иштин контекстин ЖИге жиберүү оңой болуп калды. ChatGPTге бир маселени түшүндүрүш үчүн көп жазып, копипаст кылыш керек болчу. Cursor AIда анын баары кереги жок, ал өзү эле билет контекстти.

Pragmaticengineer
How AI-assisted coding will change software engineering: hard truths
A field guide that also covers why we need to rethink our expectations, and what software engineering really is. A guest post by software engineer and engineering leader Addy Osmani
🔥4👍3
Vim'ге салыштырмалуу Cursor'до "ачык файл-буфер-терезе" түрдөгү навигация жетишпейт. Бир жагынан AI өндүрүмдүүлүктү жогорулатса, башка жагынан ачык файлдарды организация кыла албай, өндүрүмдүүлүк төмөндөп жатты.
Буга чечим табылды: Windsurf!
Windsurf.vim плагин бар экен. Агент керек болгондо - Windsurf IDE'ни колдонуп, кодду окуп, майда-чүйдө өзгөртүүлөргө vim+windsurf'тү колдонуп баштадым.
Бул экөөнө бир биллинг Pro аккаунт гана керектелди. Баасы Cursor'го караганда арзаныраак экен ($15 vs. 20$).

GitHub
GitHub - Exafunction/windsurf.vim: Free, ultrafast Copilot alternative for Vim and Neovim
Free, ultrafast Copilot alternative for Vim and Neovim - Exafunction/windsurf.vim
❤2🔥1
Байкоо
Видео контент көп көрсөң, мотивация төмөндөп, эчтеке кылгың келбей калат экен
Текст түрдөгү контент тескеринче ар кандай иш аракетке түрткү болот
Чынбы ушу?

❤5💯1
Окуунун 6 деңгээли болот экен да:
- Жаттоо: факттарды эске тутуу
- Түшүнүү: концепттерди жана процесстерди түшүндүрүп берүү
- Колдонуу: жөнөкөй маселелерди чечүү
- Анализ: концепттерди салыштыруу жана маалыматты жөнөкөйлөтүү
- Баалоо: стратегия түзүү, приоритеттерди койуу, татаал маселелерди чечүү
- Жаратуу: жаңы концепттер жана көз караштар боюнча гипотезаларды куруу
Видеоматериал көп учурда анализге убакыт бербейт экен. Спикер жай сүйлөсө, көрарман кийинки видеого өтүп кетет, ошондуктан быдылдап сүйлөшөт. Татаал топиктерди айтып баштаса да, кийинкиге өтүп кетишет, ошондуктан жеңил топиктерди гана сунуштап калышты. Лекция, интервьюлар эле пайдалуу экен Үтүптө.
Текст маалымат да эле ошондой көйгөй бар. Соц. тармактарда ойлорун жаза беришет, аларды окуй бергендер да толтура. Окурманды кармаш үчүн, эмоционалдуу топиктерди көтөрүшөт. Андайды окуй берип, жинди болуп баштайт экенсиң.
Бирок кантсе да пайдалуу текст материалга туш келүүнүн ыктымалдуулугу видеого караганда жогору.

💯4
Forwarded from Турат Алыбаев
👋🏻 Ассалоому алейкум, программисттер үчүн сонун АйТи чогулуш - Онлайн!
📌 Калыс Осмонов - Calendly компаниясында Senior Full Stack инженер катары 7 жылдан бери иштеп келе жатат.
🔸Ал опен-сорс долбоорлорго катышып, аларга өз салымын кошот жана бул жолугушууда Опен сорстогу (Open Source) ийгиликтери тууралуу кеп кылып берет.
🔸Elixir тилинин экосистемасындагы bamboo_ses долбоору жөнүндө, опен-сорстогу жумшак көндүмдөрдүн (soft skill) маанилүүлүгү жөнүндө айтып берет.
📅 24 - октябрь, саат 21:30 КР сааты менен.
Zoom чогулуштун шилтемеси, ошол күнү DevKurultay Телеграм граппасына гана жарыяланат!

👍3❤1
Илгери-илгери 3 торопой жашаптыр. Бир күнү ата-энеси "чоңойдуңар эми - бар жумуш таап, оокатыңарды кылып кеткиле" деп, үйүнөн чыгарып жерет. Үчөө тең SRE (DevOps) инженер болуп иштеп башташат
Биринчи торопой "жылаңач" серверлерди алып, кызматтардын баарын ошо серверлерде көтөрүп, ишин тез бүтүрүп салып, каунтер-страйк ойноп, убакытын өткөзөт
Экинчи торопой булут провайдеринен виртуалдык машнелерди алып, веб аркылуу кызматтарды ылайыкташтырып, ишин бүтүрөт да, биринчи торопойдун каунтер-страйк серверине кирет
Үчүнчү торопой да булут провайдерине кошулуп, бирок инфраструктуранын баарын Terraform аркылуу жазып чыгып, CI/CD ни көтөрүп, DORA метрикалары аркылуу ишин текшерип, тердеп-чардап иштеп жүрдү. Оюн-поюнга убакыт жок таптакыр
Анан бир күнү булут провайдери иштебей калды...
Жомоктун моралы - кээ бирде асманда, булуттардын арасында учпай, жерге жакын болуш керек экен

😁4
Организм түйүлдүк учурунда, эволюцияны кайрадан өтүп чыгат го, башында балыкка окшоп, анан кийинки жаныбар болуп, анан гана колу-буту пайда болуп. Ошондой эле инсан өсүп-өнүгүп, адамзаттын тарыхын кайталайт окшойт
Телескоп менен микроскопту адамдар ойлоп тапканда (телескоп - 1608-жыл, микроскоп - 1590-жыл), ал учурдагы адамдардын аң-сезиминде чоң өзгөрүү, толкундануу болуптур. Буга чейин "түшүнүктүү" дүйнө таптакыр башкача экен, телескоп менен карашса, чексиз аалам, микроскоп менен карашса, быжыраган микробдор. Бул ачылыштар жана инсандардын ички дүйнөсүнүн өзгөрүшү маданиятта, музыкада, архитектурада таасирин калтырып, кийин ал Барокко учуру деп тарыхта аталып калды
Менин жашоомдо да “барокко” болгон. Колума Агекян аттуу астрономдун “Жылдыздар, галактикалар жана Аалам” деген китеби түштү. Ал китепте Ааламдын масштабы ушунчалык жакшы түшүндүрүлүп берилгенинен, өзүмдү кыпындын кыпынынын кыпынынын (бир нече жолу кайтала) кыпынындай сезгем эле. Дүйнөгө көз карашымды өзгөрткөн ушу китеп

🔥5👍2
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Балам экөөбүз авто-дарбаза жасадык
😍6👍2☃1🔥1🎉1