The Нөрд Face
56 subscribers
18 photos
2 videos
19 links
Нөрд remembers
Download Telegram
Кыргызстанды нөрддөр өркүндөтөт
🔥10👍2
Лимондун проксиси болуп калам го

https://limon.kg/ru/news:81581
👍91
Кээ бирде 2 гитхаб аккаунт аркылуу иштегенге мажбур болом

Кантип 2 ssh ачкыч колдонуп, гитхаб менен иштесе болот?

1. Жаңы ssh ачкыч түгөй жаратып ssh-keygen -f ~/.ssh/petproject, экинчи гитхаб аккаунттун орнотууларына ачык ачкычты жүктөдүм

2. ~/.ssh/config файлына кийинкини жаздым

Host petProject
HostName github.com
User git
IdentityFile ~/.ssh/petproject


3. Долбоорду клон кылганда git clone petproject:myorg/petproject_repo

4.
Долбоордун репозиторийинин ичинен
git config user.email "ghekinchiakkaunt@gmail.com"
👍3🤩1
Расмий котормосу чыгыптыр. Мен болсо “каракчы” версиясын окуп, жүдөп жатам — котормосу эптеген-септеген экен.

Негизи, “Китепстан” басмаканасынын котормолору, китептердин сапаты жогору.

https://www.azattyk.org/a/33116101.html
🔥6❤‍🔥2
Дагы бир маселе. Жаманбы, жакшыбы, бала мектепти мамлекеттик тилде окуп бүтүп, үчүнчү баскычка, жогорку окуу жайга келет. Ал жерге келгенде да бизде дагы бир маселе бар. Жогорку окуу жайларда билимдин 70-80% кайра эле расмий тилде берилет. Анын кыргыз тилиндеги мектепти бүтүп, кыргызча тили чыгып калган жаштарыбыз жогорку окуу жайга барып, кесиптин ээси болом дегенде ал жерде дагы бир жолу чайналат. Чайналып, же орус тилин өздөштүрө албайт, же билим ала албайт.

4чү баскыч - англис тилин үйрөнөсүң кайра чайналып

5чи баскыч - кайда көчсөң, ошол жактын тилин окуш керек

https://www.azattyk.org/a/33129733.html
👍1
Мандолин 1-этап

Whiskey Before Breakfast

Cold Frosty Morning

Out on the Ocean

Morrison’s Jig

Тиего Фортенин “Building a Secord Brain” китеби жана маалыматты башкаруу методологиясы боюнча, эмне иш кылбайлы, аны чыгарыш (to express, чыгармачылык деген мааниде) керек экенбиз. Антпесек, ишибиз бүтпөгөндөй сезебиз дейт.

Мандолин үйрөнүп жатып, 5-6 күү үйрөнүп, аны Үтүпкө жүктөп, чыгарып көрөйүн деген ойду ишке ашырдым. Кийин буларды көрүп прогресс кандай болгонун көрө алам го келечекте (чынында, азыркы прогресс кыйла жакшы, видеолорду июнда тарткам). Видеолорду чыгарыш керек деген ой жаңы күүлөрдү ойноп баштаганга, аларды ойногонду жакшыртканга жана музыка теориясындагы жаңы нерселерди үйрөнгөнгө түрткү берди. Бул хоббини өркүндөтүүгө кийинки максаттарды түзгөнгө жол ачылган - метроном менен иштөө, тоналдуулукту (key, scales, modes) үйрөнүп, практикада колдонуп, жөнөкөй күүлөрдү кооздоо. Дагы бир максат: 2 инструментте ойногонду тартып, видеолорду чаптап чыгаруу.

Express-чыгаруунун дагы бир жакшы жагы бир ишти бүтүрүп, “чекит коюп”, кийинки ишти улантат экенсиң. Дагы бир хобби бар - бул фото. Көп сүрөттөр тартылып, жөн эле жатат "чаңдап". Аларды Lightroom аркылуу өткөзүп, ар кандай сүрөт платформаларга чыгарам деп чечтим.
👍6
Көрүшкөнчө!
😁4🔥1
Жаңы клавиатура келди
🔥1🤔1💔1
Эмнеге башка жылдыз системалардагы акыл-эстен сигнал жок

Ушул тема мага кызык.

Төмөндөгү спикер кызык фактыларды (фактттарды?) айтты:
- Жер планетасында жашоо (эң жөнөкөй микроорганизмдер) эрте башталган;
- акыл-эс пайда болуу эволюциясы абдан узак жол;
- үстү катуу планеталардын жашоо эволюциясы кыска: катуу планеталар жылдызга жакын жайгашат, газ планеталар жылдыздан алысыраак турушат. Жылдызда суутек, гелий бүтүп баштаганда жылдыздын жарыгынын интенсивдүүлүгү күчөп, планетанын бетиндеги атмосфераны сүрүп чыгат;
- эгер Жерде жашоо 0.3 миллиард жыл кечирээк пайда болсо, акыл-эс чоң катастрофанын алдында пайда болмок да, илимди өнүктүрүп, башка жылдыз системаларга сигнал жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк болмок эмес

https://youtu.be/zcInt58juL4?si=iIR7srmFH2c0qUv0
👍2🔥2
ЖИ (жасалма интеллект) программалык камсыздоо индустриясына кандай таасир эткени жөнүндө адекваттуу макалалардын бири

https://newsletter.pragmaticengineer.com/p/how-ai-will-change-software-engineering

Мага жаккан ойлор: ЖИ иштин 70%-ын жасайт, калган 30%-ын жасаш үчүн баары бир терең билим керек. Бул билим парадоксун жаратат.

ЖИ сеньор-джуньор деп бөлүнүштү жок кылып, индустрияны демократизациялайт, теңдейт деп күтүлгөн. Иш жүзүндө тескеринче болуп жатат. "Сеньорлорго" жакшы буст кылып, ал эми үйрөнүп жаткандарга фрустрация алып келип жатат дейт макалада.

Ушул макаладан кийин Cursor AI-ды колдонуп көрөйүн деп чечтим. Триал мөөнөтүндө эле өзүн жакшы көрсөттү. ЖИти IDEге бекем интеграцияланышыптыр. Иштеп жаткан иштин контекстин ЖИге жиберүү оңой болуп калды. ChatGPTге бир маселени түшүндүрүш үчүн көп жазып, копипаст кылыш керек болчу. Cursor AIда анын баары кереги жок, ал өзү эле билет контекстти.
🔥4👍3
Китептердин, Steam'де, Playstation Network'до оюндардын, көргөнго сериалдардын, кинотасмалардын тизмелерин очойтуп алып, убакытты Инстаграм чукулаганга кетирген мен элеминби? 😅
😁6
Vim'ге салыштырмалуу Cursor'до "ачык файл-буфер-терезе" түрдөгү навигация жетишпейт. Бир жагынан AI өндүрүмдүүлүктү жогорулатса, башка жагынан ачык файлдарды организация кыла албай, өндүрүмдүүлүк төмөндөп жатты.

Буга чечим табылды: Windsurf!

Windsurf.vim плагин бар экен. Агент керек болгондо - Windsurf IDE'ни колдонуп, кодду окуп, майда-чүйдө өзгөртүүлөргө vim+windsurf'тү колдонуп баштадым.

Бул экөөнө бир биллинг Pro аккаунт гана керектелди. Баасы Cursor'го караганда арзаныраак экен ($15 vs. 20$).
2🔥1
Байкоо

Видео контент көп көрсөң, мотивация төмөндөп, эчтеке кылгың келбей калат экен

Текст түрдөгү контент тескеринче ар кандай иш аракетке түрткү болот

Чынбы ушу?
5💯1
Окуунун 6 деңгээли болот экен да:

- Жаттоо: факттарды эске тутуу
- Түшүнүү: концепттерди жана процесстерди түшүндүрүп берүү
- Колдонуу: жөнөкөй маселелерди чечүү
- Анализ: концепттерди салыштыруу жана маалыматты жөнөкөйлөтүү
- Баалоо: стратегия түзүү, приоритеттерди койуу, татаал маселелерди чечүү
- Жаратуу: жаңы концепттер жана көз караштар боюнча гипотезаларды куруу

Видеоматериал көп учурда анализге убакыт бербейт экен. Спикер жай сүйлөсө, көрарман кийинки видеого өтүп кетет, ошондуктан быдылдап сүйлөшөт. Татаал топиктерди айтып баштаса да, кийинкиге өтүп кетишет, ошондуктан жеңил топиктерди гана сунуштап калышты. Лекция, интервьюлар эле пайдалуу экен Үтүптө.

Текст маалымат да эле ошондой көйгөй бар. Соц. тармактарда ойлорун жаза беришет, аларды окуй бергендер да толтура. Окурманды кармаш үчүн, эмоционалдуу топиктерди көтөрүшөт. Андайды окуй берип, жинди болуп баштайт экенсиң.

Бирок кантсе да пайдалуу текст материалга туш келүүнүн ыктымалдуулугу видеого караганда жогору.
💯4
Сплит клавиатурага алакан койгуч сатып алайын деп жүргөм. Амазондо 50-70 доллар турат экен

Моделдер дүкөнүнөн жеңил, жумшак тактай сатып алдым. Тактай учак моделдерге болсо керек - жепжеңил. Ара, өгөө, кум кагазды колдонуп, алакан койгуч жасап алдым
👍51