The Нөрд Face
56 subscribers
18 photos
2 videos
19 links
Нөрд remembers
Download Telegram
Жаңы аспаптар

bat - less-тин ордуна delta-ны колдонгондон кийин, cat-тын ордуна bat-ты көрөйүн дедим. Файлдын улантуусун карап, файлдын програмаллоо тилин таап, ошол тилдин синтаксиси боюнча текстти түстүү кылып көргөзөт. Мисалы: bat test.rb. Эмнеси жаккан жок, бул stdin-ге келген маалыматты түшүнбөйт экен, ачык түрдө файлдын түрүн көргөзүш керек: git show branch:lib/test.rb | bat -l rb

GNU Stow - дотфайлдарды башкарууга аспап. vim менен kitty-нин конфигдерин коштум. Расмий документациясы түшүнүксүз, бул макаланы окугандан кийин түшүндүм, кантип иштеш керек экенин.

Onyx Boox Note Air 3 c - буга чейинки Kindle 3 электрондук китепти 10 жыл колдонгом, абдан бышык эле. Бул жаңы китеп Android-де иштейт экен, аккумулятору 10 жыл чыдабайт окшойт бирок. Айпадга көнгөндөн кийин, дисплей, тачскриндери ташбака. PDF файлдарды окуганга алгам, pinch zoom жөндөмдүлүгү болгону менен, бирок колдонгонго мүмкүн эмес, эптеп-септеп бир иш-аракет агымын (workflow) табам го, кантип документтерди окугандын. Эң жакпаган терс жагы - дисплейи бөлмөдөгү жарык булактарын чагылдырганы, каалаган жерден, бурчтан окуй албай жатам, бөлмөнүн жарыгы жок жагын каратып окуш керек экен.
👍3
Оюлган жол

Когнитивдик жеңилдик деген нерсе бар. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө бул биз көнгөн нерсе, ыкмаларды белгизисдерге салыштырмалуу көбүрөөк тандайбыз. Маркетологдор когнитивдик жеңилдикти колдонушат. Көчөдөн басып баратып, 10 жолу бир товардын жарнамасын көрсөңүздөр, дүкөнгө баргарда ошол товарды сатып алганыңар ыктымалдуу.

Көнгөн нерсени аткарууну кайсы бир жолдон араба менен өтүү катары элестетсек, ар бир өткөн сайын ал жол оюла берет. Аягында арыкка айланып, арабабыздын дөңгөлөктөрү чыга албай калат. Биздин психика ушундай сыяктуу иштейт, бул терс нерсе. Биз жаңы жолдорго ачык болушубуз керек.

Майда иш аракеттерден баштаса болот: Үй-жумуш, жумуш-үй маршрутун басканда, жаңы жолдорду тандоо, жаңы продукттары алып, сапатын, даамын текшерүү, кафе-ресторандардан жаңы тамактарды татуу, кийимдердин жаңы бренддерин сатып алуу, жумуштан жаңы ыкмаларды таап, алар менен эксперимент кылуу.
👏5
Китеп окуп баштаганда баштапкы 1-2 бөлүм кызыксыз болуп, чоюлуп окулат, анан шар эле китепти окуп саласың.

Жаңы тил үйрөнүп жатканда, ал тилдеги 1-2чи китеп жай, кызыксыз окулуп, кийинкилери бат окулуп баштайт. Англис тилинде биринчи китеп катары Толкиендин “Хоббитин” окугам, абдан кыйналгам. Кийинкиси Роберт Шеклинин чыгармасы болчу, Alien (ооба, Ридли Скоттун кинотасмасы) ааламы боюнча Alien Harvest деген. Хоббитке караганда Бөлөктө экшн толтура болгондуктан, окуу шар кеткени эсимде.

Поляк тилинде “Менин жубайымдын аңгемелери” деген биринчи китепти окуп бүттүм. Экинчи китеп Станислав Лем же Анджей Сапковски авторлорунун чыгармаларынын бири болот го дейм.

P.S. Witcher ошондо Жезкемпирчи болобу?
❤‍🔥1👍1
TIL: multipass

Кез-кезде Githubдан табылган, бирок автору белгисиз долбоорду орнотуп, эксперимент кылып көрүш керек. Негизги ОСга орнотуу кооптуу болушу мүмкүн.

Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу - виртуалдык айланада иштөө. Мен билгенден macOS системасында Parallels, VMWare Fusion, UTM аспаптары бар. Бирок ал үчүн акча төлөш керек, же иштеп башташ үчүн көп кадамдарды аткаруу зарыл. Көп учурда мага Ubuntu’нун эң баштапкы түрү жетиштүү.

Canonical (Ubuntu’ну иштеп чыгарган компания) multipass деген аспапты жаратышыптыр. Multipass орнотулгандан кийин, бир команда аркылуу виртуалдык ОСту иштетсе болот экен:
$ multipass shell

Бир эле команда ОСту жүктөп, даярдап, иштетип баштап, шеллди ачып берет. Абдан ыңгайлуу экен!
👍5
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Гугл ШейшептердиЖай
😁6💯1
Кыргызстанды нөрддөр өркүндөтөт
🔥10👍2
Лимондун проксиси болуп калам го

https://limon.kg/ru/news:81581
👍91
Кээ бирде 2 гитхаб аккаунт аркылуу иштегенге мажбур болом

Кантип 2 ssh ачкыч колдонуп, гитхаб менен иштесе болот?

1. Жаңы ssh ачкыч түгөй жаратып ssh-keygen -f ~/.ssh/petproject, экинчи гитхаб аккаунттун орнотууларына ачык ачкычты жүктөдүм

2. ~/.ssh/config файлына кийинкини жаздым

Host petProject
HostName github.com
User git
IdentityFile ~/.ssh/petproject


3. Долбоорду клон кылганда git clone petproject:myorg/petproject_repo

4.
Долбоордун репозиторийинин ичинен
git config user.email "ghekinchiakkaunt@gmail.com"
👍3🤩1
Расмий котормосу чыгыптыр. Мен болсо “каракчы” версиясын окуп, жүдөп жатам — котормосу эптеген-септеген экен.

Негизи, “Китепстан” басмаканасынын котормолору, китептердин сапаты жогору.

https://www.azattyk.org/a/33116101.html
🔥6❤‍🔥2
Дагы бир маселе. Жаманбы, жакшыбы, бала мектепти мамлекеттик тилде окуп бүтүп, үчүнчү баскычка, жогорку окуу жайга келет. Ал жерге келгенде да бизде дагы бир маселе бар. Жогорку окуу жайларда билимдин 70-80% кайра эле расмий тилде берилет. Анын кыргыз тилиндеги мектепти бүтүп, кыргызча тили чыгып калган жаштарыбыз жогорку окуу жайга барып, кесиптин ээси болом дегенде ал жерде дагы бир жолу чайналат. Чайналып, же орус тилин өздөштүрө албайт, же билим ала албайт.

4чү баскыч - англис тилин үйрөнөсүң кайра чайналып

5чи баскыч - кайда көчсөң, ошол жактын тилин окуш керек

https://www.azattyk.org/a/33129733.html
👍1
Мандолин 1-этап

Whiskey Before Breakfast

Cold Frosty Morning

Out on the Ocean

Morrison’s Jig

Тиего Фортенин “Building a Secord Brain” китеби жана маалыматты башкаруу методологиясы боюнча, эмне иш кылбайлы, аны чыгарыш (to express, чыгармачылык деген мааниде) керек экенбиз. Антпесек, ишибиз бүтпөгөндөй сезебиз дейт.

Мандолин үйрөнүп жатып, 5-6 күү үйрөнүп, аны Үтүпкө жүктөп, чыгарып көрөйүн деген ойду ишке ашырдым. Кийин буларды көрүп прогресс кандай болгонун көрө алам го келечекте (чынында, азыркы прогресс кыйла жакшы, видеолорду июнда тарткам). Видеолорду чыгарыш керек деген ой жаңы күүлөрдү ойноп баштаганга, аларды ойногонду жакшыртканга жана музыка теориясындагы жаңы нерселерди үйрөнгөнгө түрткү берди. Бул хоббини өркүндөтүүгө кийинки максаттарды түзгөнгө жол ачылган - метроном менен иштөө, тоналдуулукту (key, scales, modes) үйрөнүп, практикада колдонуп, жөнөкөй күүлөрдү кооздоо. Дагы бир максат: 2 инструментте ойногонду тартып, видеолорду чаптап чыгаруу.

Express-чыгаруунун дагы бир жакшы жагы бир ишти бүтүрүп, “чекит коюп”, кийинки ишти улантат экенсиң. Дагы бир хобби бар - бул фото. Көп сүрөттөр тартылып, жөн эле жатат "чаңдап". Аларды Lightroom аркылуу өткөзүп, ар кандай сүрөт платформаларга чыгарам деп чечтим.
👍6
Көрүшкөнчө!
😁4🔥1
Жаңы клавиатура келди
🔥1🤔1💔1
Эмнеге башка жылдыз системалардагы акыл-эстен сигнал жок

Ушул тема мага кызык.

Төмөндөгү спикер кызык фактыларды (фактттарды?) айтты:
- Жер планетасында жашоо (эң жөнөкөй микроорганизмдер) эрте башталган;
- акыл-эс пайда болуу эволюциясы абдан узак жол;
- үстү катуу планеталардын жашоо эволюциясы кыска: катуу планеталар жылдызга жакын жайгашат, газ планеталар жылдыздан алысыраак турушат. Жылдызда суутек, гелий бүтүп баштаганда жылдыздын жарыгынын интенсивдүүлүгү күчөп, планетанын бетиндеги атмосфераны сүрүп чыгат;
- эгер Жерде жашоо 0.3 миллиард жыл кечирээк пайда болсо, акыл-эс чоң катастрофанын алдында пайда болмок да, илимди өнүктүрүп, башка жылдыз системаларга сигнал жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк болмок эмес

https://youtu.be/zcInt58juL4?si=iIR7srmFH2c0qUv0
👍2🔥2
ЖИ (жасалма интеллект) программалык камсыздоо индустриясына кандай таасир эткени жөнүндө адекваттуу макалалардын бири

https://newsletter.pragmaticengineer.com/p/how-ai-will-change-software-engineering

Мага жаккан ойлор: ЖИ иштин 70%-ын жасайт, калган 30%-ын жасаш үчүн баары бир терең билим керек. Бул билим парадоксун жаратат.

ЖИ сеньор-джуньор деп бөлүнүштү жок кылып, индустрияны демократизациялайт, теңдейт деп күтүлгөн. Иш жүзүндө тескеринче болуп жатат. "Сеньорлорго" жакшы буст кылып, ал эми үйрөнүп жаткандарга фрустрация алып келип жатат дейт макалада.

Ушул макаладан кийин Cursor AI-ды колдонуп көрөйүн деп чечтим. Триал мөөнөтүндө эле өзүн жакшы көрсөттү. ЖИти IDEге бекем интеграцияланышыптыр. Иштеп жаткан иштин контекстин ЖИге жиберүү оңой болуп калды. ChatGPTге бир маселени түшүндүрүш үчүн көп жазып, копипаст кылыш керек болчу. Cursor AIда анын баары кереги жок, ал өзү эле билет контекстти.
🔥4👍3