The Нөрд Face
56 subscribers
18 photos
2 videos
19 links
Нөрд remembers
Download Telegram
Channel created
Channel name was changed to «Нөрд фейс»
Channel name was changed to «The Нөрд Face»
Getting things done китепти качан done кылам ушу?

Бир китепти баштап, аны бүтүрбөй, башкасын окуп, 3чүсүнө өтүп, стекти толтурууну жакшы көрөм.

P.S. Эч жерде анонс кылбай эле, каналга жаза берсем, эл өзү келеби?
Channel photo updated
Ар кайсы мамлекеттердин өнүгүшү билим берүүдөн көз каранды.

Бул система, институттар себебинен эмес, адамдардын мамилесинен. Бир өлкөдө эптеп-септеп сабак өткөзүп, айлык алмай. Башка өлкөдө мугалим өз ишин ушунчалык күйгөндүк менен алып барат.

Натыйжасында, ошо баарына таасир этет.
Гарри Поттер жана тажырыйба парадоксу

Тажырыйбасыз жумуш жок. Жумушсуз тажырыйба жок.

Жумушка алабы же албайбы бизден көз каранды эмес. Тажырыйба алабызбы албайбызбы бул биздин колубузда.

Жумуш жок кезде да, ойлорду ишке ашырып, жаңы нерселерди изилдей, үйрөнө бериш керек.
1
Брейн дурейн

Үтүб көрүп жатсам, эмнеге кедей мамлекеттер кедей болуп кала берет деген тема чыкты. Негизги себеп, акылдуу адамдар башка өлкөлөргө кетет дейт. Анын себеби өз кезекте, коопсуздук, коррупция жана экология экен. Мисалы, Индиядан качкандар абанын сапаты начар болгондуктан.

Мекенибизде коопсуздук, коррупция зор. Кышында экология абдан начар.

Бирок бул көйгөй башка мүмкүнчүлүктү ачат…

Реверс брейн дурейн

Кытайдан мурун чыгып кеткендер, мекенине кайтып келип, сырттан чогулткан билимин колдонуп, өлкөнүн экономикасын өркүндөттү. Польшада азыр ошондой абал байкалып жатат.
👍4
Math rock деген музыкадагы багыт мага жаңы ачылып жатат. Рокто баардык багыттарды билем деп ойлоп жүргөм, ар бирөөсүн укпасам дагы, таанып билем деп. Билбейт экенмин баарын көрсө. Жаңы багыт, жаңы инсандарды, өзүнчө жаңы бир дүйнөнү таанып жатам. Ушундай учурларда реалдуулук ресет кылынгандай сезилет.

Мат-рокту математика менен салыштырганы, көпчүлүк көнгөн 4/4 (квадраттык музыка) өлчөмү колдонулбай, 5/4, 7/8, 11/8, 13/8 татаал өлчөмдөр колдонулуп, гитарада ойноо техникасы стандарттуу болбогондуктан экен.

Tim Henson (Polyphia тобу), Ichiko Nito (Ichikoro), Yvette Young (Covet), Jakub Żytecki (Disperse)

Ушуларды угуп жатам
Second Brain (Экинчи мээ/эс) деген китепти окуп баштадым. Ал китепте бир кызык ой мени таң калдырды. 40 000 жыл мурун токмок, таш көтөрүп жүргөн адамдын мээси, бүгүнкү күндөгү Марска роботторду учурган, затты күүлөнтүп бозонго чейин чачыраткан адамдын мээсинен айырмасы жок экен. Биология, ДНК өзгөрбөптүр.

Эмне өзгөрдү бул биз колдонгон курал-аспаптар, алардын татаалдыгы.

Автору Тиаго Форте китебин "адамдын өзүн-өзү өркүндөтүү" китеп катары карабай, тескеринче өзүбүздөн тышкары, айланабыздагы курчаган аспаттырдын колдонулушун өркүндөткөнгө жардам берген китеп деп сунуштайт.

Максаттарыма жеткенге жардам берген, Дэвид Аллендин, Getting Things Done (Иштерди аягына чыгаруу) китеби да ошондой. Акцент колдонулган куралдарга коюлат.
👍4
Мээ: чарчадым, уктайм

Ошол эле учурда мээ: Осака-чан менен анименин аты кандай эле? Бас, туруп, таап кел!

Уйкум келет, бирок ар кандай ойлор келе берип, уктай албайм. Мелатонин ичип көрүш керек окшойт.
😁1
15 жылдан бери бир да экзамен бере элек экенмин. Бүгүн поляк тилинен экзаменден өттүм. Мектепте, университетте болгон сезимдер эске келди. Эмнегедир жумуштан дедлайндар андай сезилбейт, алардан анчалык деңгээлдеги стресс болбойт.

5 бөлүмдөн турган экзаменди тапшырып, азыр жыргап жатам. Натыйжасы 2-3 айдан кийин билинет экен. Өтпөй калсам, ыйлайм ушул 😅.
😁1
https://github.blog/2024-01-17-a-developers-second-brain-reducing-complexity-through-partnership-with-ai/

Код жазууда жардам берген ЖИ боюнча Гитхабдын блогунда жакшы макала чыкты.

Буга чейин программисттер көп жыл тажырыйба алып, “системалык ойчул” (systems thinker) боло алса, азыр ЖИнин жардамы менен бат эле ал деңгээлге жете алат дейт.

Дагы бир жаккан нерсе - менталдык салык деген түшүнүктү (“mental tax”) билдим.