The Нөрд Face
56 subscribers
18 photos
2 videos
19 links
Нөрд remembers
Download Telegram
Жаңы аспаптар

Вимге Copilot-ту койдум. Жакшы эле жардам берет экен, эгер кодду жазганга чейин контексттке байланыштуу файлдарды ачып, кантип жаңы кодду жазышты Копайлотко “көргөзсөң”.

iTerm2-дун ордуна Kitty-ни колдонуп баштадым. iTerm2-ге караганда жөндөмдүлүүгү кеңирээк, конфигдери unix-way болуп, текст файлы аркылуу кылынат экен. Терминалды Tiled window manager сыяктуу кылып, качантыр мен колдонгон linux+wmii тажрыйбаны эстейм окшойм.


git pager катары less-ти көп жылдан бери колдонуп келгем. delta деген жаңы пейджерди койдум, ишинин натыйжасы жагып жатат, диффтерди оңой окуйт экенсиң. Пейджерим бар, пейджерим бар.
👍3
Forwarded from Kalys Osmon
👍1
Оң, терс, нөль суммадагы оюндар

Оюндар теориясында оң, терс, нөль суммадагы оюндар деген түшүнүк бар. Ал эмне экенин, жана кантип бизге жардам берээрин бул макаладан билесиңер.

Жумуштан жума сайын футбол ойночуук эле. Ошол тажрыйбанын негизинде, жогорудагы оюндардын мисалдарын айтып берейин.

Кесиптештер 2 командага бөлүнөт. Алар футбол ойношот да, ойноп бүткөндөн кийин, талаанын администраторуна баардык оюнчулар бирдей акчанын санын чогултушуп, төлөшөт.

Эгер футболду өзүн карасак, сөзсүз түрдө бир команда утат, ал эми экинчиси утулат. Спорт оюндарын атайын ушундай кылып жасашкан. Антпесе кызык болбой калат да. Бирөө утту, башкасы утулду - бул нөль суммадагы оюн.

Башка аспектин карайлы: кеңседе отуруп, кыймыл аз аптадан кийин, чуркап, тердеп, машыгуу, денени чыңдоо - бул эки команданын оюнчуларына жакшы таасир этет. Бул жагы өң суммадагы оюн, анткени эки команда тең утту.

Дагы бир аспектин карайлы: оюн бүткөндөн кийин, футбол талаанын ээсине акча төлөшөт, ар бир команданын оюнчусу, аз болсо да, акчадан ажырады. Бул терс суммадагы оюндун мисалы.

Бул мисалдар аркылуу 3 түрлүү суммадагы оюндар эмне экенин түшүндүрдүм деген үмүттөмүн.

Эми буларды кантип колдонобуз? Кандай пайдасы бар?
Биз жашообузду курчап турган, айланабыздагы процесстерди өзгөртө алабыз, жаңы эрежелерди киргизип, же өзгөртүп, же жайып салып, иш аракеттерди өзгөртөбүз, ошондо бир тарап утушу, башка тарап утулушу мүмкүн.

Футбол оюнчулар бир күнү утулган команда, талаанын ижарасынын акысын төлөйт деген чечимге келишет. Жогорудагы аспекттер кандай өзгөрдү, карап чыгалы.

Футбол өзү ошондой эле калды. Нөль суммадагы оюн.

Акы төлөгөнү терс суммадагы оюндан нөль сумма оюнуна айланды. Уткан команда акча кетирбейт, утулган мурункуга караганда 2 эсе көп төлөйт.

Жаңы эреже баарына жагып келген жок. Акчага, кумар оюнуна ойнобогон кесиптештер оюнга келбей калышты. Тим билдингдин сапаты начарлады. Акча кетирбейин деп, кээ бирлер агрессивдүү ойноп, травма алуунун ыктымалдуулугу өстү. Буга чейинки оң суммадагы оюндун сапаты төмөнгө түштү.

Эрежелерди өзгөртүүдө, ар кандай тараптарга жаңы эрежелер кандай таасир этерин, ушундай сумма оюндары аркылуу анализдеп, утуу-утуу оюнга алып келгенге жашоодо умтулуш керек.
👍31👏1
Жаңы аспаптар

bat - less-тин ордуна delta-ны колдонгондон кийин, cat-тын ордуна bat-ты көрөйүн дедим. Файлдын улантуусун карап, файлдын програмаллоо тилин таап, ошол тилдин синтаксиси боюнча текстти түстүү кылып көргөзөт. Мисалы: bat test.rb. Эмнеси жаккан жок, бул stdin-ге келген маалыматты түшүнбөйт экен, ачык түрдө файлдын түрүн көргөзүш керек: git show branch:lib/test.rb | bat -l rb

GNU Stow - дотфайлдарды башкарууга аспап. vim менен kitty-нин конфигдерин коштум. Расмий документациясы түшүнүксүз, бул макаланы окугандан кийин түшүндүм, кантип иштеш керек экенин.

Onyx Boox Note Air 3 c - буга чейинки Kindle 3 электрондук китепти 10 жыл колдонгом, абдан бышык эле. Бул жаңы китеп Android-де иштейт экен, аккумулятору 10 жыл чыдабайт окшойт бирок. Айпадга көнгөндөн кийин, дисплей, тачскриндери ташбака. PDF файлдарды окуганга алгам, pinch zoom жөндөмдүлүгү болгону менен, бирок колдонгонго мүмкүн эмес, эптеп-септеп бир иш-аракет агымын (workflow) табам го, кантип документтерди окугандын. Эң жакпаган терс жагы - дисплейи бөлмөдөгү жарык булактарын чагылдырганы, каалаган жерден, бурчтан окуй албай жатам, бөлмөнүн жарыгы жок жагын каратып окуш керек экен.
👍3
Оюлган жол

Когнитивдик жеңилдик деген нерсе бар. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө бул биз көнгөн нерсе, ыкмаларды белгизисдерге салыштырмалуу көбүрөөк тандайбыз. Маркетологдор когнитивдик жеңилдикти колдонушат. Көчөдөн басып баратып, 10 жолу бир товардын жарнамасын көрсөңүздөр, дүкөнгө баргарда ошол товарды сатып алганыңар ыктымалдуу.

Көнгөн нерсени аткарууну кайсы бир жолдон араба менен өтүү катары элестетсек, ар бир өткөн сайын ал жол оюла берет. Аягында арыкка айланып, арабабыздын дөңгөлөктөрү чыга албай калат. Биздин психика ушундай сыяктуу иштейт, бул терс нерсе. Биз жаңы жолдорго ачык болушубуз керек.

Майда иш аракеттерден баштаса болот: Үй-жумуш, жумуш-үй маршрутун басканда, жаңы жолдорду тандоо, жаңы продукттары алып, сапатын, даамын текшерүү, кафе-ресторандардан жаңы тамактарды татуу, кийимдердин жаңы бренддерин сатып алуу, жумуштан жаңы ыкмаларды таап, алар менен эксперимент кылуу.
👏5
Китеп окуп баштаганда баштапкы 1-2 бөлүм кызыксыз болуп, чоюлуп окулат, анан шар эле китепти окуп саласың.

Жаңы тил үйрөнүп жатканда, ал тилдеги 1-2чи китеп жай, кызыксыз окулуп, кийинкилери бат окулуп баштайт. Англис тилинде биринчи китеп катары Толкиендин “Хоббитин” окугам, абдан кыйналгам. Кийинкиси Роберт Шеклинин чыгармасы болчу, Alien (ооба, Ридли Скоттун кинотасмасы) ааламы боюнча Alien Harvest деген. Хоббитке караганда Бөлөктө экшн толтура болгондуктан, окуу шар кеткени эсимде.

Поляк тилинде “Менин жубайымдын аңгемелери” деген биринчи китепти окуп бүттүм. Экинчи китеп Станислав Лем же Анджей Сапковски авторлорунун чыгармаларынын бири болот го дейм.

P.S. Witcher ошондо Жезкемпирчи болобу?
❤‍🔥1👍1
TIL: multipass

Кез-кезде Githubдан табылган, бирок автору белгисиз долбоорду орнотуп, эксперимент кылып көрүш керек. Негизги ОСга орнотуу кооптуу болушу мүмкүн.

Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу - виртуалдык айланада иштөө. Мен билгенден macOS системасында Parallels, VMWare Fusion, UTM аспаптары бар. Бирок ал үчүн акча төлөш керек, же иштеп башташ үчүн көп кадамдарды аткаруу зарыл. Көп учурда мага Ubuntu’нун эң баштапкы түрү жетиштүү.

Canonical (Ubuntu’ну иштеп чыгарган компания) multipass деген аспапты жаратышыптыр. Multipass орнотулгандан кийин, бир команда аркылуу виртуалдык ОСту иштетсе болот экен:
$ multipass shell

Бир эле команда ОСту жүктөп, даярдап, иштетип баштап, шеллди ачып берет. Абдан ыңгайлуу экен!
👍5
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Гугл ШейшептердиЖай
😁6💯1
Кыргызстанды нөрддөр өркүндөтөт
🔥10👍2
Лимондун проксиси болуп калам го

https://limon.kg/ru/news:81581
👍91
Кээ бирде 2 гитхаб аккаунт аркылуу иштегенге мажбур болом

Кантип 2 ssh ачкыч колдонуп, гитхаб менен иштесе болот?

1. Жаңы ssh ачкыч түгөй жаратып ssh-keygen -f ~/.ssh/petproject, экинчи гитхаб аккаунттун орнотууларына ачык ачкычты жүктөдүм

2. ~/.ssh/config файлына кийинкини жаздым

Host petProject
HostName github.com
User git
IdentityFile ~/.ssh/petproject


3. Долбоорду клон кылганда git clone petproject:myorg/petproject_repo

4.
Долбоордун репозиторийинин ичинен
git config user.email "ghekinchiakkaunt@gmail.com"
👍3🤩1
Расмий котормосу чыгыптыр. Мен болсо “каракчы” версиясын окуп, жүдөп жатам — котормосу эптеген-септеген экен.

Негизи, “Китепстан” басмаканасынын котормолору, китептердин сапаты жогору.

https://www.azattyk.org/a/33116101.html
🔥6❤‍🔥2
Дагы бир маселе. Жаманбы, жакшыбы, бала мектепти мамлекеттик тилде окуп бүтүп, үчүнчү баскычка, жогорку окуу жайга келет. Ал жерге келгенде да бизде дагы бир маселе бар. Жогорку окуу жайларда билимдин 70-80% кайра эле расмий тилде берилет. Анын кыргыз тилиндеги мектепти бүтүп, кыргызча тили чыгып калган жаштарыбыз жогорку окуу жайга барып, кесиптин ээси болом дегенде ал жерде дагы бир жолу чайналат. Чайналып, же орус тилин өздөштүрө албайт, же билим ала албайт.

4чү баскыч - англис тилин үйрөнөсүң кайра чайналып

5чи баскыч - кайда көчсөң, ошол жактын тилин окуш керек

https://www.azattyk.org/a/33129733.html
👍1
Мандолин 1-этап

Whiskey Before Breakfast

Cold Frosty Morning

Out on the Ocean

Morrison’s Jig

Тиего Фортенин “Building a Secord Brain” китеби жана маалыматты башкаруу методологиясы боюнча, эмне иш кылбайлы, аны чыгарыш (to express, чыгармачылык деген мааниде) керек экенбиз. Антпесек, ишибиз бүтпөгөндөй сезебиз дейт.

Мандолин үйрөнүп жатып, 5-6 күү үйрөнүп, аны Үтүпкө жүктөп, чыгарып көрөйүн деген ойду ишке ашырдым. Кийин буларды көрүп прогресс кандай болгонун көрө алам го келечекте (чынында, азыркы прогресс кыйла жакшы, видеолорду июнда тарткам). Видеолорду чыгарыш керек деген ой жаңы күүлөрдү ойноп баштаганга, аларды ойногонду жакшыртканга жана музыка теориясындагы жаңы нерселерди үйрөнгөнгө түрткү берди. Бул хоббини өркүндөтүүгө кийинки максаттарды түзгөнгө жол ачылган - метроном менен иштөө, тоналдуулукту (key, scales, modes) үйрөнүп, практикада колдонуп, жөнөкөй күүлөрдү кооздоо. Дагы бир максат: 2 инструментте ойногонду тартып, видеолорду чаптап чыгаруу.

Express-чыгаруунун дагы бир жакшы жагы бир ишти бүтүрүп, “чекит коюп”, кийинки ишти улантат экенсиң. Дагы бир хобби бар - бул фото. Көп сүрөттөр тартылып, жөн эле жатат "чаңдап". Аларды Lightroom аркылуу өткөзүп, ар кандай сүрөт платформаларга чыгарам деп чечтим.
👍6
Көрүшкөнчө!
😁4🔥1
Жаңы клавиатура келди
🔥1🤔1💔1