Брейн дурейн
Үтүб көрүп жатсам, эмнеге кедей мамлекеттер кедей болуп кала берет деген тема чыкты. Негизги себеп, акылдуу адамдар башка өлкөлөргө кетет дейт. Анын себеби өз кезекте, коопсуздук, коррупция жана экология экен. Мисалы, Индиядан качкандар абанын сапаты начар болгондуктан.
Мекенибизде коопсуздук, коррупция зор. Кышында экология абдан начар.
Бирок бул көйгөй башка мүмкүнчүлүктү ачат…
Реверс брейн дурейн
Кытайдан мурун чыгып кеткендер, мекенине кайтып келип, сырттан чогулткан билимин колдонуп, өлкөнүн экономикасын өркүндөттү. Польшада азыр ошондой абал байкалып жатат.

👍4
Math rock деген музыкадагы багыт мага жаңы ачылып жатат. Рокто баардык багыттарды билем деп ойлоп жүргөм, ар бирөөсүн укпасам дагы, таанып билем деп. Билбейт экенмин баарын көрсө. Жаңы багыт, жаңы инсандарды, өзүнчө жаңы бир дүйнөнү таанып жатам. Ушундай учурларда реалдуулук ресет кылынгандай сезилет.
Мат-рокту математика менен салыштырганы, көпчүлүк көнгөн 4/4 (квадраттык музыка) өлчөмү колдонулбай, 5/4, 7/8, 11/8, 13/8 татаал өлчөмдөр колдонулуп, гитарада ойноо техникасы стандарттуу болбогондуктан экен.
Tim Henson (Polyphia тобу), Ichiko Nito (Ichikoro), Yvette Young (Covet), Jakub Żytecki (Disperse)
Ушуларды угуп жатам

YouTube
The World is still Beautiful
Thank you for your help this whole year. Wish you a Happy New Year! Stream at https://ichikanito.lnk.to/TheWorldisstillBeautifulVideo Credits: All video by: ...
Second Brain (Экинчи мээ/эс) деген китепти окуп баштадым. Ал китепте бир кызык ой мени таң калдырды. 40 000 жыл мурун токмок, таш көтөрүп жүргөн адамдын мээси, бүгүнкү күндөгү Марска роботторду учурган, затты күүлөнтүп бозонго чейин чачыраткан адамдын мээсинен айырмасы жок экен. Биология, ДНК өзгөрбөптүр.
Эмне өзгөрдү бул биз колдонгон курал-аспаптар, алардын татаалдыгы.
Автору Тиаго Форте китебин "адамдын өзүн-өзү өркүндөтүү" китеп катары карабай, тескеринче өзүбүздөн тышкары, айланабыздагы курчаган аспаттырдын колдонулушун өркүндөткөнгө жардам берген китеп деп сунуштайт.
Максаттарыма жеткенге жардам берген, Дэвид Аллендин, Getting Things Done (Иштерди аягына чыгаруу) китеби да ошондой. Акцент колдонулган куралдарга коюлат.

Мээ: чарчадым, уктайм
Ошол эле учурда мээ: Осака-чан менен анименин аты кандай эле? Бас, туруп, таап кел!
Уйкум келет, бирок ар кандай ойлор келе берип, уктай албайм. Мелатонин ичип көрүш керек окшойт.

😁1
15 жылдан бери бир да экзамен бере элек экенмин. Бүгүн поляк тилинен экзаменден өттүм. Мектепте, университетте болгон сезимдер эске келди. Эмнегедир жумуштан дедлайндар андай сезилбейт, алардан анчалык деңгээлдеги стресс болбойт.
5 бөлүмдөн турган экзаменди тапшырып, азыр жыргап жатам. Натыйжасы 2-3 айдан кийин билинет экен. Өтпөй калсам, ыйлайм ушул 😅.

https://github.blog/2024-01-17-a-developers-second-brain-reducing-complexity-through-partnership-with-ai/
Код жазууда жардам берген ЖИ боюнча Гитхабдын блогунда жакшы макала чыкты.
Буга чейин программисттер көп жыл тажырыйба алып, “системалык ойчул” (systems thinker) боло алса, азыр ЖИнин жардамы менен бат эле ал деңгээлге жете алат дейт.
Дагы бир жаккан нерсе - менталдык салык деген түшүнүктү (“mental tax”) билдим.

The GitHub Blog
A developer’s second brain: Reducing complexity through partnership with AI
As we look to empower developers with AI tools, we inadvertently integrate AI deeper into the way developers work. How do developers feel about that? And what are the most impactful ways to introduce more AI into workflows? We recently conducted 25 in-depth…
https://danielmiessler.com/p/survive-ai-become-creators
Бул макаладагы ойлор жакты.
ЖИнин өнүгүшү менен жаратмандар жыргайт дейт, ал эми жөн эле иш аткаргандар ишсиз калат экен.
Буга чейин бир ойду жаратуу үчүн 1/10 жаратман (идеяны ойлоп тапкан), калган 9/10 ошол ойду ишке ашырган болгон экен. Башкача ал идея жарык көрбөйт эле.
ЖИнин жардамы менен 10/10 жаратман боло алат дейт автор.
Сунушу жакты: Азыр эле өзүңөрдү жана балдарыңарды жаратман же куруучу болгонду үйрөтүп баштагыла

Danielmiessler
To Survive AI, We Must Become Creators
AI enables creators and punishes workers, so it's time to start making things
Accelerate деген китепти окуп баштадым. Measure culture деген түшүнүк бар экен.
Буга чейин компаниямда data-driven decision making колдонуп, data-driven компания болобуз деп көп айтышчуу. Чынында эле, байкасам, биздин дата аналитиктер көп нерсеге инсайт берип, өсүүгө же кризистерге туруктуулуука жардам берип жатышат.
Ал эми жеке жашоодо кээ бирде сандардын жана жашоонун сапатынын корреляциясын көргөзгөн үлгүлөргө туш келем. Банктын чыгым-киреше репорттору, чыгымдары көп долбоор кылганда, график түшүп кетет, канча айда калыбына келээрин көргөзөт. Фитнес-треккер уйкунун сапаты эмнеге байланыштуу экенине инсайт берген: кофе ичүү, лесапед сезону. Apple Health тиркемесинде Resting heart-rate дагы лесапед сезонун көргөзүп коет экен.

👍2
Жаңы аспаптар
Вимге Copilot-ту койдум. Жакшы эле жардам берет экен, эгер кодду жазганга чейин контексттке байланыштуу файлдарды ачып, кантип жаңы кодду жазышты Копайлотко “көргөзсөң”.
iTerm2-дун ордуна Kitty-ни колдонуп баштадым. iTerm2-ге караганда жөндөмдүлүүгү кеңирээк, конфигдери unix-way болуп, текст файлы аркылуу кылынат экен. Терминалды Tiled window manager сыяктуу кылып, качантыр мен колдонгон linux+wmii тажрыйбаны эстейм окшойм.
git pager катары less-ти көп жылдан бери колдонуп келгем. delta деген жаңы пейджерди койдум, ишинин натыйжасы жагып жатат, диффтерди оңой окуйт экенсиң. Пейджерим бар, пейджерим бар.

GitHub
GitHub - github/copilot.vim: Neovim plugin for GitHub Copilot
Neovim plugin for GitHub Copilot. Contribute to github/copilot.vim development by creating an account on GitHub.
👍3
Оң, терс, нөль суммадагы оюндар
Оюндар теориясында оң, терс, нөль суммадагы оюндар деген түшүнүк бар. Ал эмне экенин, жана кантип бизге жардам берээрин бул макаладан билесиңер.
Жумуштан жума сайын футбол ойночуук эле. Ошол тажрыйбанын негизинде, жогорудагы оюндардын мисалдарын айтып берейин.
Кесиптештер 2 командага бөлүнөт. Алар футбол ойношот да, ойноп бүткөндөн кийин, талаанын администраторуна баардык оюнчулар бирдей акчанын санын чогултушуп, төлөшөт.
Эгер футболду өзүн карасак, сөзсүз түрдө бир команда утат, ал эми экинчиси утулат. Спорт оюндарын атайын ушундай кылып жасашкан. Антпесе кызык болбой калат да. Бирөө утту, башкасы утулду - бул нөль суммадагы оюн.
Башка аспектин карайлы: кеңседе отуруп, кыймыл аз аптадан кийин, чуркап, тердеп, машыгуу, денени чыңдоо - бул эки команданын оюнчуларына жакшы таасир этет. Бул жагы өң суммадагы оюн, анткени эки команда тең утту.
Дагы бир аспектин карайлы: оюн бүткөндөн кийин, футбол талаанын ээсине акча төлөшөт, ар бир команданын оюнчусу, аз болсо да, акчадан ажырады. Бул терс суммадагы оюндун мисалы.
Бул мисалдар аркылуу 3 түрлүү суммадагы оюндар эмне экенин түшүндүрдүм деген үмүттөмүн.
Эми буларды кантип колдонобуз? Кандай пайдасы бар?
Биз жашообузду курчап турган, айланабыздагы процесстерди өзгөртө алабыз, жаңы эрежелерди киргизип, же өзгөртүп, же жайып салып, иш аракеттерди өзгөртөбүз, ошондо бир тарап утушу, башка тарап утулушу мүмкүн.
Футбол оюнчулар бир күнү утулган команда, талаанын ижарасынын акысын төлөйт деген чечимге келишет. Жогорудагы аспекттер кандай өзгөрдү, карап чыгалы.
Футбол өзү ошондой эле калды. Нөль суммадагы оюн.
Акы төлөгөнү терс суммадагы оюндан нөль сумма оюнуна айланды. Уткан команда акча кетирбейт, утулган мурункуга караганда 2 эсе көп төлөйт.
Жаңы эреже баарына жагып келген жок. Акчага, кумар оюнуна ойнобогон кесиптештер оюнга келбей калышты. Тим билдингдин сапаты начарлады. Акча кетирбейин деп, кээ бирлер агрессивдүү ойноп, травма алуунун ыктымалдуулугу өстү. Буга чейинки оң суммадагы оюндун сапаты төмөнгө түштү.
Эрежелерди өзгөртүүдө, ар кандай тараптарга жаңы эрежелер кандай таасир этерин, ушундай сумма оюндары аркылуу анализдеп, утуу-утуу оюнга алып келгенге жашоодо умтулуш керек.

👍3❤1👏1
The Нөрд Face
15 жылдан бери бир да экзамен бере элек экенмин. Бүгүн поляк тилинен экзаменден өттүм. Мектепте, университетте болгон сезимдер эске келди. Эмнегедир жумуштан дедлайндар андай сезилбейт, алардан анчалык деңгээлдеги стресс болбойт. 5 бөлүмдөн турган экзаменди…
Экзамендин натыйжасы келди. Өттүм. 🥳
👍5😁1
Жаңы аспаптар
bat - less-тин ордуна delta-ны колдонгондон кийин, cat-тын ордуна bat-ты көрөйүн дедим. Файлдын улантуусун карап, файлдын програмаллоо тилин таап, ошол тилдин синтаксиси боюнча текстти түстүү кылып көргөзөт. Мисалы:
GNU Stow - дотфайлдарды башкарууга аспап. vim менен kitty-нин конфигдерин коштум. Расмий документациясы түшүнүксүз, бул макаланы окугандан кийин түшүндүм, кантип иштеш керек экенин.
Onyx Boox Note Air 3 c - буга чейинки Kindle 3 электрондук китепти 10 жыл колдонгом, абдан бышык эле. Бул жаңы китеп Android-де иштейт экен, аккумулятору 10 жыл чыдабайт окшойт бирок. Айпадга көнгөндөн кийин, дисплей, тачскриндери ташбака. PDF файлдарды окуганга алгам, pinch zoom жөндөмдүлүгү болгону менен, бирок колдонгонго мүмкүн эмес, эптеп-септеп бир иш-аракет агымын (workflow) табам го, кантип документтерди окугандын. Эң жакпаган терс жагы - дисплейи бөлмөдөгү жарык булактарын чагылдырганы, каалаган жерден, бурчтан окуй албай жатам, бөлмөнүн жарыгы жок жагын каратып окуш керек экен.
bat - less-тин ордуна delta-ны колдонгондон кийин, cat-тын ордуна bat-ты көрөйүн дедим. Файлдын улантуусун карап, файлдын програмаллоо тилин таап, ошол тилдин синтаксиси боюнча текстти түстүү кылып көргөзөт. Мисалы:
bat test.rb. Эмнеси жаккан жок, бул stdin-ге келген маалыматты түшүнбөйт экен, ачык түрдө файлдын түрүн көргөзүш керек: git show branch:lib/test.rb | bat -l rbGNU Stow - дотфайлдарды башкарууга аспап. vim менен kitty-нин конфигдерин коштум. Расмий документациясы түшүнүксүз, бул макаланы окугандан кийин түшүндүм, кантип иштеш керек экенин.
Onyx Boox Note Air 3 c - буга чейинки Kindle 3 электрондук китепти 10 жыл колдонгом, абдан бышык эле. Бул жаңы китеп Android-де иштейт экен, аккумулятору 10 жыл чыдабайт окшойт бирок. Айпадга көнгөндөн кийин, дисплей, тачскриндери ташбака. PDF файлдарды окуганга алгам, pinch zoom жөндөмдүлүгү болгону менен, бирок колдонгонго мүмкүн эмес, эптеп-септеп бир иш-аракет агымын (workflow) табам го, кантип документтерди окугандын. Эң жакпаган терс жагы - дисплейи бөлмөдөгү жарык булактарын чагылдырганы, каалаган жерден, бурчтан окуй албай жатам, бөлмөнүн жарыгы жок жагын каратып окуш керек экен.
GitHub
GitHub - sharkdp/bat: A cat(1) clone with wings.
A cat(1) clone with wings. Contribute to sharkdp/bat development by creating an account on GitHub.
👍3
Оюлган жол
Когнитивдик жеңилдик деген нерсе бар. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө бул биз көнгөн нерсе, ыкмаларды белгизисдерге салыштырмалуу көбүрөөк тандайбыз. Маркетологдор когнитивдик жеңилдикти колдонушат. Көчөдөн басып баратып, 10 жолу бир товардын жарнамасын көрсөңүздөр, дүкөнгө баргарда ошол товарды сатып алганыңар ыктымалдуу.
Көнгөн нерсени аткарууну кайсы бир жолдон араба менен өтүү катары элестетсек, ар бир өткөн сайын ал жол оюла берет. Аягында арыкка айланып, арабабыздын дөңгөлөктөрү чыга албай калат. Биздин психика ушундай сыяктуу иштейт, бул терс нерсе. Биз жаңы жолдорго ачык болушубуз керек.
Майда иш аракеттерден баштаса болот: Үй-жумуш, жумуш-үй маршрутун басканда, жаңы жолдорду тандоо, жаңы продукттары алып, сапатын, даамын текшерүү, кафе-ресторандардан жаңы тамактарды татуу, кийимдердин жаңы бренддерин сатып алуу, жумуштан жаңы ыкмаларды таап, алар менен эксперимент кылуу.

👏5
Китеп окуп баштаганда баштапкы 1-2 бөлүм кызыксыз болуп, чоюлуп окулат, анан шар эле китепти окуп саласың.
Жаңы тил үйрөнүп жатканда, ал тилдеги 1-2чи китеп жай, кызыксыз окулуп, кийинкилери бат окулуп баштайт. Англис тилинде биринчи китеп катары Толкиендин “Хоббитин” окугам, абдан кыйналгам. Кийинкиси Роберт Шеклинин чыгармасы болчу, Alien (ооба, Ридли Скоттун кинотасмасы) ааламы боюнча Alien Harvest деген. Хоббитке караганда Бөлөктө экшн толтура болгондуктан, окуу шар кеткени эсимде.
Поляк тилинде “Менин жубайымдын аңгемелери” деген биринчи китепти окуп бүттүм. Экинчи китеп Станислав Лем же Анджей Сапковски авторлорунун чыгармаларынын бири болот го дейм.
P.S. Witcher ошондо Жезкемпирчи болобу?

❤🔥1👍1
TIL: multipass
Кез-кезде Githubдан табылган, бирок автору белгисиз долбоорду орнотуп, эксперимент кылып көрүш керек. Негизги ОСга орнотуу кооптуу болушу мүмкүн.
Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу - виртуалдык айланада иштөө. Мен билгенден macOS системасында Parallels, VMWare Fusion, UTM аспаптары бар. Бирок ал үчүн акча төлөш керек, же иштеп башташ үчүн көп кадамдарды аткаруу зарыл. Көп учурда мага Ubuntu’нун эң баштапкы түрү жетиштүү.
Canonical (Ubuntu’ну иштеп чыгарган компания) multipass деген аспапты жаратышыптыр. Multipass орнотулгандан кийин, бир команда аркылуу виртуалдык ОСту иштетсе болот экен:
Бир эле команда ОСту жүктөп, даярдап, иштетип баштап, шеллди ачып берет. Абдан ыңгайлуу экен!

$ multipass shell
Бир эле команда ОСту жүктөп, даярдап, иштетип баштап, шеллди ачып берет. Абдан ыңгайлуу экен!
Canonical
Multipass orchestrates virtual Ubuntu instances | Canonical
Multipass is a CLI to launch and manage VMs on Windows, Mac and Linux that simulates a cloud environment with support for cloud-init. Get Ubuntu on-demand with clean integration to your IDE and version control on your native platform.
👍5