ЖРТ - 2024
522 subscribers
186 photos
10 videos
150 files
61 links
📍Каналдын негиздөөчүсү-Алтын сертификат ээси:

👩🏻‍🎓Алимбаева Нуриза-224 балл(2021)

📍Каналдын админстраторлору:

👩🏻‍🎓 Имамалиева Жумаида-207 балл(2022)

👩🏻‍🎓Ахлидин кызы Нурсулуу-178 балл(2022)

Инстаграм @jrt.ort
Download Telegram
Ал эми көксөгөн жыйынтыгына жеткендерди, албетте, куттуктайм!🤍
Көптөн күткөн убак да келди!🌞

Бул каналды жаңы админстраторго өткөрүп беребиз.

Канал жүргүзүүнү каалаган, жоопкерчиликтүү, маалыматы, билими көп, өзүндө болгон маалыматы менен бөлүшө алган быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү, мага жеке катка өзүңөрдүн жыйынтыгыңар менен кайсыл тармакты тандап жатасыңар, ошолор тууралуу жазып койгулачы!

Каналды мыкты деңгээлде жүргүзө алам дегендер гана жазгыла ээ.

@jumaidam04
Каналда 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү барбы?
Ким ?
Anonymous Poll
51%
Мен
49%
Мен эмес
ЖРТга даярдыкты баштадыңарбы?
Anonymous Poll
58%
Ооба
42%
Жок
Баштагандар, азаматсыңар! Баштай электер, убакытты текке кетирбей баштагыла!
2_5366301245369748305.pdf
786.5 KB
Мен(Имамалиева Жумаида) мындан ары өз каналымды жүргүзөм. ☺️

Бул каналды, буйруса, быйылкы жылда эң мыкты жыйынтыктарга ээ болгон абитуриенттерге өткөрүп беребиз.
Ал админстраторлор тандалды.
Эртең өздөрүн тааныштырышат.
Мен болсо мында болом.

Кээ бирлер таарынып калышыптыр, “неге бизге кеп-кеңеш бербейсиз” деп. Бул канал бүт тараптуу studyканал.😇👇🏻

https://t.me/jistudy
Кутман кеч! 🤗
Кандайсыңар?
Ал-абалыңар жакшыбы?

Бүгүн силер менен каналдын жаңы админстраторлорун тааныштырайын деп чечтим.

📌Айназик менен Айданек аябагандай аракетчил кыздар, ЖРТдагы жыйынтыктары да эң сонун, ага даярдангандагы басып өткөн жолдору да кызыктуу, ЖРТ менен гана чектелбей, чет өлкөлүк университеттерге кабыл алуу экзамендерин да тапшырып жүрүшөт.

Силерге айта турчу кеп-кеңеш, сөздөрү да аябагандай көп деп ойлойм. Буйруса, мындан ары каналды абдан пайдалуу маалыматтарга толтурушат😊.

Анда эмесе, ийгилик сага, абитуриент 2024! 🌷
Сак-саламатта калгыла.
Бир аздан соң өздөрү таанышып өтүшөт.
Кандайсыңар, урматтуу 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү?!🙋❤️


Бүгүнтөн баштап бул каналдын жаңы администратолору биз болобуз, тагыраак айтканда:

👩‍🎓Убайдиллаева Айданек Каныбековна
👩‍🎓Урматбек кызы Айназик

Максатыбыз: силерге кыпындай да болсо пайдабызды тийгизүү.
Бизден :
🌻ЖРТ тууралуу түшүнүктөр (миф жана чындык)
🌻Кантип туура даярданабыз;
🌻Биз кетирген каталар;
🌻Жаңы материалдар;
🌻Мыкты кеп-кенештер
🌻Чет олкодо билим алуу (SAT,GMAT, TOEFL, IELTS)
🌻Лайфхактар
🌻Кесип тандоо;
🌻 Англис тилин үйрөнүү жана анын пайдалары.
🌻 Стипендиялык программалар ж.б. окууга , өнүгүүгө пайдасы тийчү посттор болот🤗🌹
Өзүбүздү тааныштырып кетсек:

💡🙋Убайдиллаева Айданек Каныбековна

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жоомарт Бөкөнбаев гимназия мектебинин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүсү.

📗 негизги тест: 209 балл
📚 Англис тили :123 балл
📚 Математика: 120 балл

💡🙋Урматбек кызы Айназик

Ош облусунун Алай районундагы Камал Турганбаев атындагы орто мектебинин 2022-2023-окуу жылынын  бүтүрүүчүсү.

📗Негизги тест :192 балл

📚Математика:94 балл
📚Тарых:72 балл
📚Англис тили:61 балл

🎀"Türkiye Bursları"стипендиялык программасынын 2-турунун катышуучусу;
🎀YÖS (Түркиянын чет элдик студенттер үчүн экзамени)сынагын эки жолу тапшырган , жыйынтыктары: 66,25; 83,05 балл.


Анда эмесе , ийгилик сага, абитуриент 2024!🔔❤️
ЖРТ - 2024 pinned «Кандайсыңар, урматтуу 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү?!🙋❤️ Бүгүнтөн баштап бул каналдын жаңы администратолору биз болобуз, тагыраак айтканда: 👩‍🎓Убайдиллаева Айданек Каныбековна 👩‍🎓Урматбек кызы Айназик Максатыбыз: силерге кыпындай да болсо пайдабызды тийгизүү.…»
Channel name was changed to «ЖРТ - 2024»
ЖРТге ДАЯРДЫКТЫ ЭМНЕДЕН БАШТОО КЕРЕК?

Салам, урматтуу келечек ээси!
Ойлонуп жатсаң керек "ЖРТге даярданайын дейм , бирок эмнеден баштаарымы билбейм 🤥"деп.Анда бул пост сен үчүн.❤️
Эмнеден баштоо керек, кээ бирлери эптемес китеп, кереги бары да жогун да чогултуп алып , курска барып баштайт.Бирок бул туура эмес, сен миллион курстарга бар, миллиондогон ОРТ китептерин окуу, укмуш агай -эжекелерге бар , моралдык жактан даяр болбосоң баары бекер!
А , моралдык -психологиялык даярдык деген эмне экенин билесиңби?🌝 Билбесең, капа болбо, сенде азыр башкалардан көбүрөөк убакыт бар, сен ойгондуң , ошон үчүн ушул посту окуп жатасың. Моралдык -психологиялык даярдык- бул сен өзүңдү психологиялык жактан даярдаганын , ЖРТнын маңызына жеткенин. Сага ЖРТ эмнелерди берет , ошону түшүн, мынча балл алсам мына факультетке "смело"өтөм деп ар бир максатында детально жазып чык.  Сен канчалык өзүң менен сүйлөшүп, ЖРТнын маңызына жетип , толкунданууну жеңип, ЖРТ сен ойлогондой кыйын эмес экенин, орто окуучуга ылайыкташкан тест экенин, ЖРТ -бул коркуу же кыйноо эмес, мүмкүнчүлүк экенин сезгенинде сенде өзгөрүү болот. Качан 100% даяр болгонунда сенин ичинде ушул сөздөр сүйлөнө баштайт:"Кел , ОРТ , кел , сени күтүп жатам, бол дейм",-деген.💡
Ар ким ар иштен ар нерсени көрөт, бирөө конкуренцияны көрсө, бирөө толгон токой мүмкүнчүлүктөрдү ☺️🌸)Сен ошол 2-адам бол❤️ОРТ даярданмыш этишти, курулай сөздү эмес, искренностту талап кылат. Көчөдө кетип баратсаң сага бирөө бекер бир баштык алтын береби?
- Жок, мүмкүн берет , бирок акысы бар.
Ошол сыяктуу эле Алтын сертификаттын , жогорку  баллдын акысы бар, аны кандай жол менен береринди сен өзүң тандайсын🤗


Ийгилик, сага , урматтуу катталуучу!🌹




A.U.
@nazurmat
Демек, жрт жонундо маалымат алып, так максат койдук.

Эми күн сайын аз-аздан даярданып баштоо керек 🤓 Жогорку балл, же алтын сертификат алууну кааласаң, анда бүгүндөн башта!
Күнүгө 30 минут
же бир саат отуруп чындап даярдан, бүгүн мына теманы үйрөнөм, мынча мисал иштейм, мынча текст окуп талдайм ж.б максат коюп, аны ишке ашыр. Жөн гана план жазып, эптеп-септеп для галочки кылып аткаруунун кереги жок. Көп нерсе аткарам дегендин ордуна, бир эле тапшырманы майын чыгарып сапаттуу аткарсан ошол жакшы.

Азыр аз-аздан, өзүңөргө ыңгайлуу методика менен математика жана окуу түшүнүү бөлүмдөрүнө даярданып баштагыла деп кеңеш берем.
Анткени математикадагы көлөмдүү темаларды майдалап, практика кылып, кеңири аткарганы убакытынар болот. Ой жүгүртүүңөр өөрчүп, аналогия жана окуу түшүнүү бөлүмдөрүнө пайдасы тиет.

Ал эми, окуу түшүнүү бөлүмү көп убакытты талап кылат. Бул бөлүмдү эң акыркы кылып баштагандыктан, сынамык тесттеримде 20,21,23 болуп жакшы упай жыйнай алган эмесмин. Ошондуктан окуу түшүнүү 25+ болуу үчүн силер көп окуп, окуганыңарды анализ кылууңар керек.


@Aidanxvlll
Математикага кантип даярданам ⁉️

ЦООМО' нун брошюрасында математикадан келе турчу бардык темалардын тизмеси бар. Дал ошону алып, темаларды кабыл алууңарга жараша күндөргө бөлүп алып үйрөнгүлө + практика кылгыла.

Ресурстар :
— Секом, Нова ж.б окуу борборлордун китептери

— Sat математика тесттери https://www.varsitytutors.com/sat_math-practice-tests

— Математикадан онлайн окуйм дегендерге " Билимот"
жана "Blitz Progress" курстарын сунуштайм (өзүм окуганмын, сапатына жооп бере алам)

— Гуглдан ар кандай орус, англис тилдүү сайттардан тесттерди иштегиле. Егэ, убт, sat ж.б материалдарын колдонсоңор болот

— татаал темаларды YouTube' дан https://youtube.com/playlist?list=PLnuQTiMgs5mZ-8f60GvYH2vJ5JJ5a7rB- ушул байкенин сабактарынан түшүнгөнмүн 🤓


📌 Баса, ЦООМО' нун YouTube дагы бардык сабактарын көрүп чыгууну унутпайбыз




@Aidanxvlll
Достор, кандайсынар? Окууларынар кандай, даярдык жакшы эле болуп жатабы? Бүгүн силер менен маектешели 🤓🤗.Эмне көйгөйүнөр бар, бизден эмне тууралуу посту көбүрөөк күтүп жатасыңар?🌻


ЖРТге даярданып баштаганда курска окуу дагы эң эффективдүү жол. Мен өзүм дагы он-лайн бир канча курска окуганмын, чынында кээ бири эффект берди, кээ бири убактымды анан акчамды эле алды...🌝Жаманынан эмес жакшысынан баштайын 😌🤓
Ушул каналдын мурунку жылкы админи Жумаида эже менен мен жеке иштештим, чынында жабышып эле алганмын 😅, пробный тесттерден начар балл алсам дагы ага айтып , коомдук иш-чара тууралуу да кеңеш сурачумун кыскасы бир жыл эжекенин окуучусу болдум😌❤️ Баса, ал мага өзүндө болгон "платный" материалдар менен да бөлүшүп, эсептерди талдап да берчү, жашташ болгонубузгабы айтоoр жакшы түшүнөт элем эженин түшүндүргөнүн😇👀
Азыр ошол эжем курс баштады , каалоочулар жазылсанар болот, математиканы сентябрга чейин көтөрүп алганга сонун мүмкүнчүлүк 🤗🌹


P.S реклама деп ойлобогула бул мен пайдаланган ресурс 💡🌻.

@nazurmat
Саламатсыңарбы, урматтуу 2024-жылдын абитуриенттери, ЖРТ тапшыруучулар!🌷
Силер үчүн эң сонун кабар, өзгөчө математикадан кыйналып жүргөндөр үчүн!

Менин, Жумаида Имамалиеванын, “ЖРТ-математика” аттуу автордук курсум(онлайн) 11-июль күнү старт алат.
Баасы: 1000 сом

🔮Бул курс башкалардан айырмаланып практикалык бөлүмдү гана камтыйт. Ал эми теориялык бөлүмү үчүн өзүнчө колдонмо берем.

Курс өз ичине эмнени камтыйт?
📗 Колдонмо
1) ЖРТ тууралуу жалпы түшүнүк
2) Тестке мыкты даярдануу жана жогорку балл алуу тууралуу менден кеңештер
3) ЖРТдагы математика бөлүмүндө талап кылынуучу бардык темалар
4) Бардык математикалык формулалар

📌 2022-2023- жылдарда топтолгон чыныгы ЖРТнын суроолору

📌Фишкалар( кантип тапшырманы иштебей туруп туура жоопту тапса болот, мындайча айтканда бир тапшырманы 5 секунда эле кантип иштөө)

📌 Жогорку балл ээлери менен түз эфирлер (талкуу)

📌 Онлайн сынамык тесттер

📌 Жана сапаттуу билим

Курста:

Курс zoom платформасы аркылуу өтүлөт.
📍12 жолу сабак
📍2 жолу онлайн сынамык тест( башында жана аягында)
📍4 жолу талкуу-эфир (таанышуу, жогорку балл ээлери менен талкуу)

Бул курстун үстүндө мен бир жыл иштедим, ал эми колдонмого 3 ай убакытты короттум. Буйруса, жакшы жыйынтыктарга жетишесиңер деген үмүттөмүн.

Өзүм жөнүндө:
📍Имамалиева Жумаида Сабыралыевна

📍Ала-Бука районундагы №39 “Айры-Там” гимназия мектебинин 2022-жылкы бүтүрүүчүсү

📍ЖРТ боюнча жыйынтык:
Негизги тест - 207 балл
Математика - 102 балл

📍”Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси(өлкө боюнча 80 гана окуучу ээ боло алган)

📍Математика предметинен тереңдетилген деңгээл боюнча областтык олимпиаданын жеңүүчүсү

📍Азыркы убакта КМТУнун маалымат технологиясы институнда бюджет бөлүмүндө билим алуучу студент

P.S. 20 гана окуучу кабыл алынат.
@jumaidasl - байланышуу үчүн.
Байланыш телефон номери - 0774754932
Достор, кандайсыңар?Даярдыктар кандай болуп жатат?



Бүгүн силерге өзүм барган курстар, пробныйлар тууралуу айтып берейин ээ?🌻👥
Мен алгач, ЖРТге даярдыкты 10-класста баштагам, тагыраагы сынамык тесттерге бат-баттан барып, китеп окуп, аналогия эмне экенин түшүнүп, кыскасын айтканда кичине фундамент түптөй баштагам 😀😌.Алгач сынамык оф-лайн тестти 9-класста жазгам, кызыгы ошондо мектепте эң жогорку баллды алганмын деп мактанып алайынбы 😅, 144 балл болгон , март айында жазган элек, анда биздин мектептин каймактары курста окуп , алар тапшырышкан эмес, ошондон улам болсо керек эн жогорку болгонум 🤓🎀.Ошондо, мен азыр ушунча алдым, 2 жылда "смело"алтынга жетем деп, текебердик да пайда болгон...


Ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле дегичекти 10-классты дагы аяктадым , бул каналды, Нуриза эженин каналын башта эле билчүмүн, кирип окуп да турчумун, түз эфирлерине (Алтын сертификат ээси катары эжени көп эфирлерге чакырышчу)ошолорду көрүп, катышчумун. Анан группа Жумаида эжеге өткөндөн баштап эжеден кеңеш сурап, тыгыз иштеше баштадым 🤓🙋

11-класс да болдум. Мына эми ОРТны түшүнүп, "от души"даярданууну баштадым. Мен коомдо өзүмдү активист кылгым келгендиктен, көп фонддорго, уюмдарга ыктыярчы элем, баарынан бир заматта чыгып кеттим, "тот кто везде он нигде "болууну каалабадым, бирок анча-мынча конференция, проектилерден баш тарта албадым, өзгөчө саясат жаатындагы😅, мен жөнүндө факт:саясат десе ичкен ашымды жерге коём 😂👀)))
Алгач, өз алдымча он-лайн курстарда окуп даярданып жаттым , он-лайн сабак алган мугалимдерим:

📌Ильгиз Жумаев "Он билим"курсунун видео сабактарын сатып алгам;
📌Улан Оторбаев (универсал агай)😅👍
📌Азиз Озбеков "Билимот"платформасына ыктыярчы болуп, акысыз окугам;
📌Имамалиева Жумаида (универсалдын универсалы)📌❤️

Анан ошентип, он-лайн окуп жүрсөм эле, тест болот деп калышты "Рекорд" АББУ тарабынан, бул тандоо тест болчу "Примов"фонду бизден эң жогорку балл алгандарды акысыз окутчу , тапшырдым биринчисинде -168, кийин 152 алып акысыз окууга өтүп ал жактан да жакшы сабак алдым 👍))) Рахмат 🤗💖
Пробный тесттерим дагы жакшы эле чыкчу, бирок мен аз алсам "стресс"болуп кетчүмүн, анан пробный тапшырып жатканда көп эле адилетсиздиктерди көрүп, кээде оң келди белгилеп да салчумун))Рекорддун, Секомдун, Нованын пробный тесттерин жазгам .




ЦООМОнун пробныйларын да жаздым, кызыгы мен андан 210+, 220+ алчумун, бирок чыныгы андай болбоду, Аллахым жерге түш деди өңдөнөт, шүгүр баарына 🤓😅

Жыйынтык:
🌸Текебер болбогула;
🌸Аз алсаңар да, көп алсаңар да шүгүр кылгыла;
🌸 Өзүңөрдү "акылдуу"сезип , керсейбегиле;
🌸 Жөнөкөй болгула;
🌸Мугалимди, устатты сыйлагыла)))
🌸 Өзүңөргө ишенгиле
🌸Кайра-кайра тест жаза бербей, каталар үстүндө иштеп, анан жазгыла.


@nazurmat