JIStudy
497 subscribers
184 photos
10 videos
150 files
60 links
Канал өзүн-өзү өнүктүрөм дегендер үчүн!🎓📚

Мында:

📖 ЖРТге, олимпиадага, “Алтын тамга” тестине даярдануу боюнча кеңештер жана материалдар.
💻 Онлайн курстар, хакатондор жана иш-чаралар.
📊 Конкурстар, стипендиялар жана гранттар тууралуу маалымат.
Download Telegram
Достор, ЖРТ тапшырып бүткөндөр, каналды, сиңди -инилеринеге бөлүшүп, сунуштай кетиңиздер 🤗💚
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух, саламатсыңарбы?
Ал-абалыңар жакшыбы?

Мына ушинтип арадан бир жыл өтүп, кайрадан ушул каналдын катталуучулары менен амандашып турам. (Былтыр жаңы админдерге өткөрүп берип, баары менен коштошуп кеттим эле😅)

Баарыбыз толкунданып күткөн ЖРТнын да жыйынтыгы бир четинен чыгып баштады. Өзүңөр каалагандай жыйынтыкка жеттиңер деген үмүттөмүн🤍. Жакшы ой-максаттарыңарга тилектешмин🫶🏻❤️.

Биз жылдагы ырымды жасап быйыл да каналдын админстраторлор тобунун катарына жаңы мүчө тандайбыз!
Эми талаптар баарыбызга эле белгилүү да🦦💗.
-Эң мыкты жыйынтык(ЖРТ, олимпиада, Алтын тамга)
-Эң мыкты мотивация
-Эң мыкты билим жана ошол билимди бөлүшө ала турган сөз байлык

Ошоооол, каналды бир жыл бою укмуш кылып жүргүзө алам деген кыйындар жазгылачы магааааа эээээ🫣❤️(@jumaidasl)

Шоооо, урматым менен баягы эле мен, Имамалиева Жумаида❤️
Аманчылыкта болгула🫶🏻
Көптөн бери көр-тирилик деп(девелеее тамаша), ар ким өз иши, өз жашоосу менен алек болуп кенен бир суроо-жооп кылбаптырбыз. Анан кандайсыңар, не кеп, не жаңылык? Жыйынтыктар сүйүнтүп атабы? Кичине баарлашалычы🦦
Эме, анан жылда талон таштоо боюнча маалыматтар менен бөлүшмөйдү салт кылгам.

Быйыл да колдон келишинче бөлүшөм. Мында болом🫣

https://t.me/+7DXLbTKTF9M4YTBi
Менин окуучуларым, барсыңарбы бул жакта? Мага сүйүнчүлөгүлө ээ, анан жок болуп кетпей🦦💗
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух, саламатсыңарбы? Ал-абалыңар жакшыбы?

Өзүңөр каалаган окуу жайдын студенти боло алдыңар деген ишеничтемин🫶🏻❤️.
Ийгиликтер ар дайым коштоп жүрсүн!
Эми бир суроо берип кетейин дегем. Катталуучулардын ичинде мени тааныгандар барбы?(суроо узаткан мен Имамалиева Жумаида)
Anonymous Poll
28%
Ооба
72%
Жок
JIStudy
Эми бир суроо берип кетейин дегем. Катталуучулардын ичинде мени тааныгандар барбы?(суроо узаткан мен Имамалиева Жумаида)
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух, саламатсыңарбы?

Бул суроону узаткан бойдон жок болуп кетиптирмин.
Жыйынтыктайлы анда.
116 адамдын ичинен 31 адам “Ооба” деп жооп берсе, 85 адам “Жок” деп жооп бериптир. Бул суроону узатканымдын негизги себеби азыркы аудитория(катталуучулар) менен башынан таанышуунун абзелдиги барбы, же жокпу билейин дегем.

Бул канал 2021-жылы Алтын сертификат ээси Нуриза Алимбаева тарабынан негизделген. 2022-жылдан тарта канал үчүн жаңы админстраторлор тандалып алынып жаткан. Тактап айтканда, 2022-2023-жылдары(Ошол жылы мектепти аяктаган окуучулардын ичинен эң жакшы жыйынтыкка жетишкен, аны менен тим болбой, ошол өзү басып өткөн жол тууралуу башкалар менен бөлүшө ала турган). Бирок быйыл салтты таштап, жаңы админстраторлор тандалып алынган жок. Мен жарыя бергем. Жазгандар көп эле болду. Бирок мен эч биринен “өзүмдүн билимимди бөлүшкүм келет” деген энергияны байкаган жокмун.

Ал эми бул жыл ичи каналды кароосуз калтырбай, кайрадан өзүм жүргүзүп турууну чечтим. Ал эми кийинки жылы жаңы админстраторлорду биздин кичинекей үй-бүлөбүзгө кабыл алабызбы, же жок, ошол убак келгенде билинет.
Өзүм жөнүндө:

ИМАМАЛИЕВА ЖУМАИДА САБЫРАЛЫЕВНА
📌 №39 “АЙРЫ-ТАМ” ГИМНАЗИЯ МЕКТЕБИНИН 2022-ЖЫЛКЫ БҮТҮРҮҮЧҮСҮ(ага утурлай бул каналдын 2022-2023-окуу жылындагы админстраторлорунун бири)
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ-2023
КМШНЫН(СНГ) МЫКТЫ СТУДЕНТИ-2023
И.РАЗЗАКОВ АТЫНДАГЫ КМТУНУН МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ИНСТИТУТУНУН ПРОГРАММАЛОО ЖАНА ИНЖЕНЕР БАГЫТЫ БОЮНЧА 3-КУРСУНУН СТУДЕНТИ(БЮДЖЕТ, рейтинг боюнча университетте экинчи орундагы, институттун рейтингинде 1-орунда турган студент)
SCIENCE(физика, химия, математика) ОЛИМПИАДАСЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАБЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
”МАТЕМАТИКТЕЙ ОЙЛОН!” ЖРТГЕ ДАЯРДЫК БОЮНЧА КИТЕБИНИН АВТОРУ
”АЛТЫН ТАМГА” АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫНЫН ЭЭСИ
МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТИНЕН ОЛИМПИАДАДА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ДЕҢГЭЭЛ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАДА ТОП-10ДУКТУН МҮЧӨСҮ
”ЖРТ-МАТЕМАТИКА” КУРСУНУН АВТОРУ
ЖРТ-207 БАЛЛДЫН ЭЭСИ
”TTS“ ТЕКСТТИ ҮНГӨ АЙЛАНТЫРУУ ТЕМАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН РЕСПУБЛИКАЛЫК ХАКАТОНДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ(2-орун)
CAREC USG2024 ОРТО АЗИЯЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ХАКАТОНУНУН УЛУТТУК ЧЕМПИОНУ.

Азырынча ушул)
Мен алдыңкы убактарда бөлүшө турган маалыматтар мектеп окуучуларына да, студенттерге да бирдей пайдалуу болот деген ишенимдемин. Анда эмесе, ушул пост менен каналдын быйылкы ишин баштайбыз🤍
Channel name was changed to «ЖРТ - 2025»
Channel name was changed to «JIStudy»