ЖРТ - 2024
662 subscribers
187 photos
10 videos
150 files
59 links
📍Каналдын негиздөөчүсү-Алтын сертификат ээси:

👩🏻‍🎓Алимбаева Нуриза-224 балл(2021)

📍Каналдын админстраторлору:

👩🏻‍🎓 Имамалиева Жумаида-207 балл(2022)

👩🏻‍🎓Ахлидин кызы Нурсулуу-178 балл(2022)

Инстаграм @jrt.ort
Download Telegram
Forwarded from men❤️‍🩹 (Aryn Qunanbai)
ЖРТ - 2024
Photo
Окуп койгула, тушуносунор
Дал биз курактууларга керек кенештер экен 🫶
Саламатсыңарбы?
Кандайсыңар, ал-абалыңар дуруспу?

🔹Урматтуу каналдын жана группанын мүчөлөрү, бул жактан ашыкча маалыматтарды(курстарды рекламалоо, окуудан тыш нерселер, ж.б нерселерди) жибербөөңүздөрдү суранабыз!

❗️Бул группа талкуу үчүн ачылган, ар кандай жарнамаларды бөлүшүү үчүн эмес!
Курстарды рекламалап коюу өтүнүчүндө жазбооңуздарды да өтүнөбүз!

❗️Сапатын, деңгээлин билбеген курстар тууралуу биз чоң аудиторияга маалымат бере албайбыз, бербейбиз!
Достор, кандайсыңар? Ден соолуктарынар, даярдыктар кандай?🤗🌹


Бүгүн аналогия жөнүндө сүйлөшөлү ээ, менин эң кыйналган бөлүмүм ушул эле😅
Байланышты табам, көпүрө сүйлөм деле түзөм, өзүмө 100% ишенимдүү деле болом, бирок жыйынтыгында 18-21 гана туура болуп калган учурлар баарыбызда болсо керек ээ?😁Мен өзүм аналогия иштеп жатканда кетирген каталарымдан баштайын ээ?

1️⃣ Өтө тереңден кирип кетет элем;(аба десе абанын функциясын өтө эле тереңдештирип)
2️⃣Баланыштырчуу сүйлөмдү туура эмес түзүп койчумун;
3️⃣Бир аналогиянын логикасын түшүнбөсөм, ошону гана карап отуруп , кийинкилерге убакыт жетпей шашып иштеп салчумун;
4️⃣ Сүйлөм толуктоомо аябай катуу ишенет элем, аналогиядан беш ката кетирсем дагы, сүйлөм толуктоону 10/10 кылып, 25± кылам деп;

Бирок булардын баары башында даярданып баштаганда болду.Кийин анализ жасап, ЦООМОнун тесттерин 1-2 тапшырганда фокусту жакшылап коюп, оңдоого кириштим, а бирок сүйлөм толуктоомо болгон ишенич дагы деле сакталып, көңүл бурбадым... Чыныгы ЖРТде сүйлөм толуктоодон кыйналдым.


Жыйынтык:
📍Аналогиядан аксасанар өзүңөр аналогия түзгүлө, өзүңөр автор болгондо изденесинер;
📍Татаалдаштыра бербегиле;
📍Тынымсыз аракет;
📍 Колуңардан келсе күнүнө 10дон өзүңөр аналогия түзгүлө;


Сунуштаган материалдар:
📚Секом тесттер жыйнагы
📚Рекорд кыргыз тили (1-2)
📚Секом кыргыз тили(1-3)
📚Нова 2-китеп, аналогия менен окуп түшүнүүгө арналган(адашпасам 2022-жылкысына кошумчаланып , толукталып чыгарылган)
📚ЦООМО (Негизги тест)
📚Интернет булактарындагы сапаттуу тесттер



💻"Видео сабактар
☘️ЦООМОнун каналындагы сабактар:
https://youtube.com/@user-ot1xd4io5n

☘️ Нургүл Тайыр кызы (жалпак тил менен өтө жакшы түшүндүрөт)
https://youtube.com/@user-nc9vw1ei8k

☘️Капар Момуналиев (кыргыз тилчи, жай шашпай талдап берет)

https://youtube.com/@KaparMomunaliev

NGEN (кыргыз тили боюнча 2-3 сабагы бар, Фарида эжей өткөн, "мощный"түшүндүрөт эжей😅😎)

https://youtube.com/@ngen4996

☘️Сапат билим берүү мекемеси:
https://youtube.com/@sapatonline4483


Ошо, алгач ушулардын видео сабактарын көрүп бүткүлө ээ, конспектилеп 🤗💚




Пайдалуу болсо- кубанычтабыз!💛

Ийгилик, сага, абитуриент 2024!❤️🌻
Достор, ЖРТ тапшырып бүткөндөр, каналды, сиңди -инилеринеге бөлүшүп, сунуштай кетиңиздер 🤗💚
Салам, кандайсыңар?

Деги дайыныбыз жокко ээ? 🙈 Келгиле, бир аз баарлашалы. Сынамык тесттеринер кандай болуп жатат? Оюңардагыдай элеби?

Бир күндү белгилеп онлайн баарлашуу өткөрсөк кандай дейсинер? Жалпы жрт, ага даярдыктар, материалдарды ж.б талкуулайбыз. Оюңарды жана идеяңарды жаза кеткиле.. 👇
Графикте берилген сызыктын y огунда жаткан чекитинин координатасын тапкыла.

Кана, даярдыгыңарды бир сынайлычы 😁👇
Кайсы функциянын мааниси чоң?
Anonymous Quiz
49%
F(0)
51%
F(1)