ЖРТ - 2024
522 subscribers
186 photos
10 videos
150 files
61 links
📍Каналдын негиздөөчүсү-Алтын сертификат ээси:

👩🏻‍🎓Алимбаева Нуриза-224 балл(2021)

📍Каналдын админстраторлору:

👩🏻‍🎓 Имамалиева Жумаида-207 балл(2022)

👩🏻‍🎓Ахлидин кызы Нурсулуу-178 балл(2022)

Инстаграм @jrt.ort
Download Telegram
Бир аздан соң өздөрү таанышып өтүшөт.
Кандайсыңар, урматтуу 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү?!🙋❤️


Бүгүнтөн баштап бул каналдын жаңы администратолору биз болобуз, тагыраак айтканда:

👩‍🎓Убайдиллаева Айданек Каныбековна
👩‍🎓Урматбек кызы Айназик

Максатыбыз: силерге кыпындай да болсо пайдабызды тийгизүү.
Бизден :
🌻ЖРТ тууралуу түшүнүктөр (миф жана чындык)
🌻Кантип туура даярданабыз;
🌻Биз кетирген каталар;
🌻Жаңы материалдар;
🌻Мыкты кеп-кенештер
🌻Чет олкодо билим алуу (SAT,GMAT, TOEFL, IELTS)
🌻Лайфхактар
🌻Кесип тандоо;
🌻 Англис тилин үйрөнүү жана анын пайдалары.
🌻 Стипендиялык программалар ж.б. окууга , өнүгүүгө пайдасы тийчү посттор болот🤗🌹
Өзүбүздү тааныштырып кетсек:

💡🙋Убайдиллаева Айданек Каныбековна

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жоомарт Бөкөнбаев гимназия мектебинин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүсү.

📗 негизги тест: 209 балл
📚 Англис тили :123 балл
📚 Математика: 120 балл

💡🙋Урматбек кызы Айназик

Ош облусунун Алай районундагы Камал Турганбаев атындагы орто мектебинин 2022-2023-окуу жылынын  бүтүрүүчүсү.

📗Негизги тест :192 балл

📚Математика:94 балл
📚Тарых:72 балл
📚Англис тили:61 балл

🎀"Türkiye Bursları"стипендиялык программасынын 2-турунун катышуучусу;
🎀YÖS (Түркиянын чет элдик студенттер үчүн экзамени)сынагын эки жолу тапшырган , жыйынтыктары: 66,25; 83,05 балл.


Анда эмесе , ийгилик сага, абитуриент 2024!🔔❤️
ЖРТ - 2024 pinned «Кандайсыңар, урматтуу 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү?!🙋❤️ Бүгүнтөн баштап бул каналдын жаңы администратолору биз болобуз, тагыраак айтканда: 👩‍🎓Убайдиллаева Айданек Каныбековна 👩‍🎓Урматбек кызы Айназик Максатыбыз: силерге кыпындай да болсо пайдабызды тийгизүү.…»
Channel name was changed to «ЖРТ - 2024»
ЖРТге ДАЯРДЫКТЫ ЭМНЕДЕН БАШТОО КЕРЕК?

Салам, урматтуу келечек ээси!
Ойлонуп жатсаң керек "ЖРТге даярданайын дейм , бирок эмнеден баштаарымы билбейм 🤥"деп.Анда бул пост сен үчүн.❤️
Эмнеден баштоо керек, кээ бирлери эптемес китеп, кереги бары да жогун да чогултуп алып , курска барып баштайт.Бирок бул туура эмес, сен миллион курстарга бар, миллиондогон ОРТ китептерин окуу, укмуш агай -эжекелерге бар , моралдык жактан даяр болбосоң баары бекер!
А , моралдык -психологиялык даярдык деген эмне экенин билесиңби?🌝 Билбесең, капа болбо, сенде азыр башкалардан көбүрөөк убакыт бар, сен ойгондуң , ошон үчүн ушул посту окуп жатасың. Моралдык -психологиялык даярдык- бул сен өзүңдү психологиялык жактан даярдаганын , ЖРТнын маңызына жеткенин. Сага ЖРТ эмнелерди берет , ошону түшүн, мынча балл алсам мына факультетке "смело"өтөм деп ар бир максатында детально жазып чык.  Сен канчалык өзүң менен сүйлөшүп, ЖРТнын маңызына жетип , толкунданууну жеңип, ЖРТ сен ойлогондой кыйын эмес экенин, орто окуучуга ылайыкташкан тест экенин, ЖРТ -бул коркуу же кыйноо эмес, мүмкүнчүлүк экенин сезгенинде сенде өзгөрүү болот. Качан 100% даяр болгонунда сенин ичинде ушул сөздөр сүйлөнө баштайт:"Кел , ОРТ , кел , сени күтүп жатам, бол дейм",-деген.💡
Ар ким ар иштен ар нерсени көрөт, бирөө конкуренцияны көрсө, бирөө толгон токой мүмкүнчүлүктөрдү ☺️🌸)Сен ошол 2-адам бол❤️ОРТ даярданмыш этишти, курулай сөздү эмес, искренностту талап кылат. Көчөдө кетип баратсаң сага бирөө бекер бир баштык алтын береби?
- Жок, мүмкүн берет , бирок акысы бар.
Ошол сыяктуу эле Алтын сертификаттын , жогорку  баллдын акысы бар, аны кандай жол менен береринди сен өзүң тандайсын🤗


Ийгилик, сага , урматтуу катталуучу!🌹




A.U.
@nazurmat
Демек, жрт жонундо маалымат алып, так максат койдук.

Эми күн сайын аз-аздан даярданып баштоо керек 🤓 Жогорку балл, же алтын сертификат алууну кааласаң, анда бүгүндөн башта!
Күнүгө 30 минут
же бир саат отуруп чындап даярдан, бүгүн мына теманы үйрөнөм, мынча мисал иштейм, мынча текст окуп талдайм ж.б максат коюп, аны ишке ашыр. Жөн гана план жазып, эптеп-септеп для галочки кылып аткаруунун кереги жок. Көп нерсе аткарам дегендин ордуна, бир эле тапшырманы майын чыгарып сапаттуу аткарсан ошол жакшы.

Азыр аз-аздан, өзүңөргө ыңгайлуу методика менен математика жана окуу түшүнүү бөлүмдөрүнө даярданып баштагыла деп кеңеш берем.
Анткени математикадагы көлөмдүү темаларды майдалап, практика кылып, кеңири аткарганы убакытынар болот. Ой жүгүртүүңөр өөрчүп, аналогия жана окуу түшүнүү бөлүмдөрүнө пайдасы тиет.

Ал эми, окуу түшүнүү бөлүмү көп убакытты талап кылат. Бул бөлүмдү эң акыркы кылып баштагандыктан, сынамык тесттеримде 20,21,23 болуп жакшы упай жыйнай алган эмесмин. Ошондуктан окуу түшүнүү 25+ болуу үчүн силер көп окуп, окуганыңарды анализ кылууңар керек.


@Aidanxvlll
Математикага кантип даярданам ⁉️

ЦООМО' нун брошюрасында математикадан келе турчу бардык темалардын тизмеси бар. Дал ошону алып, темаларды кабыл алууңарга жараша күндөргө бөлүп алып үйрөнгүлө + практика кылгыла.

Ресурстар :
— Секом, Нова ж.б окуу борборлордун китептери

— Sat математика тесттери https://www.varsitytutors.com/sat_math-practice-tests

— Математикадан онлайн окуйм дегендерге " Билимот"
жана "Blitz Progress" курстарын сунуштайм (өзүм окуганмын, сапатына жооп бере алам)

— Гуглдан ар кандай орус, англис тилдүү сайттардан тесттерди иштегиле. Егэ, убт, sat ж.б материалдарын колдонсоңор болот

— татаал темаларды YouTube' дан https://youtube.com/playlist?list=PLnuQTiMgs5mZ-8f60GvYH2vJ5JJ5a7rB- ушул байкенин сабактарынан түшүнгөнмүн 🤓


📌 Баса, ЦООМО' нун YouTube дагы бардык сабактарын көрүп чыгууну унутпайбыз




@Aidanxvlll
Достор, кандайсынар? Окууларынар кандай, даярдык жакшы эле болуп жатабы? Бүгүн силер менен маектешели 🤓🤗.Эмне көйгөйүнөр бар, бизден эмне тууралуу посту көбүрөөк күтүп жатасыңар?🌻


ЖРТге даярданып баштаганда курска окуу дагы эң эффективдүү жол. Мен өзүм дагы он-лайн бир канча курска окуганмын, чынында кээ бири эффект берди, кээ бири убактымды анан акчамды эле алды...🌝Жаманынан эмес жакшысынан баштайын 😌🤓
Ушул каналдын мурунку жылкы админи Жумаида эже менен мен жеке иштештим, чынында жабышып эле алганмын 😅, пробный тесттерден начар балл алсам дагы ага айтып , коомдук иш-чара тууралуу да кеңеш сурачумун кыскасы бир жыл эжекенин окуучусу болдум😌❤️ Баса, ал мага өзүндө болгон "платный" материалдар менен да бөлүшүп, эсептерди талдап да берчү, жашташ болгонубузгабы айтоoр жакшы түшүнөт элем эженин түшүндүргөнүн😇👀
Азыр ошол эжем курс баштады , каалоочулар жазылсанар болот, математиканы сентябрга чейин көтөрүп алганга сонун мүмкүнчүлүк 🤗🌹


P.S реклама деп ойлобогула бул мен пайдаланган ресурс 💡🌻.

@nazurmat
Саламатсыңарбы, урматтуу 2024-жылдын абитуриенттери, ЖРТ тапшыруучулар!🌷
Силер үчүн эң сонун кабар, өзгөчө математикадан кыйналып жүргөндөр үчүн!

Менин, Жумаида Имамалиеванын, “ЖРТ-математика” аттуу автордук курсум(онлайн) 11-июль күнү старт алат.
Баасы: 1000 сом

🔮Бул курс башкалардан айырмаланып практикалык бөлүмдү гана камтыйт. Ал эми теориялык бөлүмү үчүн өзүнчө колдонмо берем.

Курс өз ичине эмнени камтыйт?
📗 Колдонмо
1) ЖРТ тууралуу жалпы түшүнүк
2) Тестке мыкты даярдануу жана жогорку балл алуу тууралуу менден кеңештер
3) ЖРТдагы математика бөлүмүндө талап кылынуучу бардык темалар
4) Бардык математикалык формулалар

📌 2022-2023- жылдарда топтолгон чыныгы ЖРТнын суроолору

📌Фишкалар( кантип тапшырманы иштебей туруп туура жоопту тапса болот, мындайча айтканда бир тапшырманы 5 секунда эле кантип иштөө)

📌 Жогорку балл ээлери менен түз эфирлер (талкуу)

📌 Онлайн сынамык тесттер

📌 Жана сапаттуу билим

Курста:

Курс zoom платформасы аркылуу өтүлөт.
📍12 жолу сабак
📍2 жолу онлайн сынамык тест( башында жана аягында)
📍4 жолу талкуу-эфир (таанышуу, жогорку балл ээлери менен талкуу)

Бул курстун үстүндө мен бир жыл иштедим, ал эми колдонмого 3 ай убакытты короттум. Буйруса, жакшы жыйынтыктарга жетишесиңер деген үмүттөмүн.

Өзүм жөнүндө:
📍Имамалиева Жумаида Сабыралыевна

📍Ала-Бука районундагы №39 “Айры-Там” гимназия мектебинин 2022-жылкы бүтүрүүчүсү

📍ЖРТ боюнча жыйынтык:
Негизги тест - 207 балл
Математика - 102 балл

📍”Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси(өлкө боюнча 80 гана окуучу ээ боло алган)

📍Математика предметинен тереңдетилген деңгээл боюнча областтык олимпиаданын жеңүүчүсү

📍Азыркы убакта КМТУнун маалымат технологиясы институнда бюджет бөлүмүндө билим алуучу студент

P.S. 20 гана окуучу кабыл алынат.
@jumaidasl - байланышуу үчүн.
Байланыш телефон номери - 0774754932
Достор, кандайсыңар?Даярдыктар кандай болуп жатат?



Бүгүн силерге өзүм барган курстар, пробныйлар тууралуу айтып берейин ээ?🌻👥
Мен алгач, ЖРТге даярдыкты 10-класста баштагам, тагыраагы сынамык тесттерге бат-баттан барып, китеп окуп, аналогия эмне экенин түшүнүп, кыскасын айтканда кичине фундамент түптөй баштагам 😀😌.Алгач сынамык оф-лайн тестти 9-класста жазгам, кызыгы ошондо мектепте эң жогорку баллды алганмын деп мактанып алайынбы 😅, 144 балл болгон , март айында жазган элек, анда биздин мектептин каймактары курста окуп , алар тапшырышкан эмес, ошондон улам болсо керек эн жогорку болгонум 🤓🎀.Ошондо, мен азыр ушунча алдым, 2 жылда "смело"алтынга жетем деп, текебердик да пайда болгон...


Ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле дегичекти 10-классты дагы аяктадым , бул каналды, Нуриза эженин каналын башта эле билчүмүн, кирип окуп да турчумун, түз эфирлерине (Алтын сертификат ээси катары эжени көп эфирлерге чакырышчу)ошолорду көрүп, катышчумун. Анан группа Жумаида эжеге өткөндөн баштап эжеден кеңеш сурап, тыгыз иштеше баштадым 🤓🙋

11-класс да болдум. Мына эми ОРТны түшүнүп, "от души"даярданууну баштадым. Мен коомдо өзүмдү активист кылгым келгендиктен, көп фонддорго, уюмдарга ыктыярчы элем, баарынан бир заматта чыгып кеттим, "тот кто везде он нигде "болууну каалабадым, бирок анча-мынча конференция, проектилерден баш тарта албадым, өзгөчө саясат жаатындагы😅, мен жөнүндө факт:саясат десе ичкен ашымды жерге коём 😂👀)))
Алгач, өз алдымча он-лайн курстарда окуп даярданып жаттым , он-лайн сабак алган мугалимдерим:

📌Ильгиз Жумаев "Он билим"курсунун видео сабактарын сатып алгам;
📌Улан Оторбаев (универсал агай)😅👍
📌Азиз Озбеков "Билимот"платформасына ыктыярчы болуп, акысыз окугам;
📌Имамалиева Жумаида (универсалдын универсалы)📌❤️

Анан ошентип, он-лайн окуп жүрсөм эле, тест болот деп калышты "Рекорд" АББУ тарабынан, бул тандоо тест болчу "Примов"фонду бизден эң жогорку балл алгандарды акысыз окутчу , тапшырдым биринчисинде -168, кийин 152 алып акысыз окууга өтүп ал жактан да жакшы сабак алдым 👍))) Рахмат 🤗💖
Пробный тесттерим дагы жакшы эле чыкчу, бирок мен аз алсам "стресс"болуп кетчүмүн, анан пробный тапшырып жатканда көп эле адилетсиздиктерди көрүп, кээде оң келди белгилеп да салчумун))Рекорддун, Секомдун, Нованын пробный тесттерин жазгам .




ЦООМОнун пробныйларын да жаздым, кызыгы мен андан 210+, 220+ алчумун, бирок чыныгы андай болбоду, Аллахым жерге түш деди өңдөнөт, шүгүр баарына 🤓😅

Жыйынтык:
🌸Текебер болбогула;
🌸Аз алсаңар да, көп алсаңар да шүгүр кылгыла;
🌸 Өзүңөрдү "акылдуу"сезип , керсейбегиле;
🌸 Жөнөкөй болгула;
🌸Мугалимди, устатты сыйлагыла)))
🌸 Өзүңөргө ишенгиле
🌸Кайра-кайра тест жаза бербей, каталар үстүндө иштеп, анан жазгыла.


@nazurmat
Кандайсыңар, достор? Ал-абалынар, даярдыктар кандай?🤗❤️
Жоголуп кеттик өңдөнөт ээ, баш-аягыбызды жыйнап алдык.


Мен, Айназик өзүмдүн кайсы университетке тапшырганымды айтып берейин эми ээ😅, студент болдум😁.


2021-жылы атам бир күндөлүк сатып берди, ага чейин деле күндөлүк жазчумун, анан ошол күндөлүгүмө мынтип жазган экенмин "Мен гид болууну самайм"деп. Ооба, андан бери канча суулар акты, ой өзгөрдү, өзүм өзгөрдүм бирок ошол кездеги тандаган кесибим жүрөгүмдө жашай берди😇🌸
9-июль күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетин экзамени болоорун угуп, катталдым. Бирок мен ОРТ деп университеттин өзүнүн сынагына таккыр даярданган эмесмин. Анан тестке бир күн калганда бир аз НЦТ тесттерди карадым, мындайча айтканда *даярданымыш эттим*😅.Ошол күнү кечинде Нуриза эженин историсин көрүп, оюм ишенимим 100% өзгөрдү.. Көрсө, мен да өзүмө ашыкчасы менен ишенет экенмин, бирок бул тестке өзүмө да ишенбей тургам. Эженин тарыхчасына бөлүшкөн ойдун мазмуну (мен түшүнгөн боюнча) мындай болчу, "Өзүнө эмес, Аллахга ишен, ага таян, ана баарын тапшыр , ошондо баары жакшы болот " деген.Ага , чейин өзүмө биринчи анан Аллахга ишенчүмүн.Чын айтсам мен ушул замат карап отурган НЦТ тесттеримди жаптым, Аллахтан суранып дуба кылып, ага ишенип, жакшы ниет менен эрте уктап , эртең менен экзаменге бардым.😌💛 Шүгүр, Аллахым женилинен берди😇❤️. Эртеси эле экзамендин жыйынтыгы жеке кабинетке жарыяланды , ооба өзүм күткөндөн бир топ жогору балл экен, сүйүндүм 🥺🌸.

Анан бөлүм тандоо башталды, менде оюма ушул жерде да бир нерсе келди "Мүмкүн кытай тили факультетине тапшырып, кытай тилин өздөштүрүп, анан чыгып кетем, Манастан, как-нибудь бир жылда эки тил үйрөнсөң укмуш да",-деп . Ата-энеме, жакындарыма да бул оюмду айтып көрдүм, алар колдошту, бирок өзүмө жакпай турду, себеби ал бир күндө келе калган эле ой болчу, кытай тилине кызыгуум деле "укмуш"эмес эле.👀


Анан, ойлондум баарынын кеңешин уктум, өзүм менен өтө көп сүйлөштүм. Акыры жүрөгүмө жаккан, бала кезден арзуу кылган гид болууну тандадым, тагыраагы -ТУРИЗМ факультети.🤗📍 Саякаттоону сүйөм, ошон үчүн дагы го дейм. Мүмкүн бул бирөөлөр үчүн ката тандоодой көрүнүшү мүмкүн, бирок өзүм үчүн андай эмес 🌝🌻))


Шүгүр, ошол эми кыскача айтканда , Кыргыз -Түрк "Манас"университеттинин Туризм факультетинин студенти болдум🤓❤️))


Жыйынтык:

•Аллахга ишенгиле, жардамды андан сурагыла, берүүчү дагы алуучу дагы -АЛЛАХ.
•Кайсы кесиптин ээси болбогула,ошол кесиптин "номер одини"болгула 👍🤓
©Бакыт агай


Ийгилик, сага абитуриент 2024!


@nazurmat
🤗 Достор, кандайсынар?

Жайкы эс алуунар, даярдыктар кандай отуп жатат? Эмне менен алектенип жатасынар?

Силерге кенири пост жазуу учун, маалыматтар/ресурстар менен болушуу учун эмнеден кыйналып жатканынарды, кандай темалар кызыктырарын билишибиз керек 🤓

Келгиле, кенири суйлошуп, ой болушолу 🤗👇
Демек, томондогулорду аткарганы аракет кылабыз:

Математика

1. ЦООМО'нун брошюрасындагы математика темаларын жазып алып, нолдон баштап окуп, уйронобуз

📝 темалар коп, кундорго болуштуруп план тузобуз

📚 темага тиешелуу маалыматтарды YouTube, Google, окуу китептеринен издеп, конугуулорду аткарабыз (алыбызга жараша)

🖇 теманы жакшы тушунуу, эсте копко сактоо учун Фейнмандын техникасын колдонсок болот:
озубуз тушунгон теманы жонокой тил менен башка бироого же жансыз нерсеге тушундургону аракет кылабыз

🖊 Озубуз тема боюнча ар кандай (калонка, варианттуу) суроолорду тузуп, досторубузга беребиз 🤓

♻️ Формулаларды унутуп калбаш учун флэш карточкаларды колдонобуз, баракка же телефонго. Алар аркылуу кайталап турабыз

⁉️ Коп практика кылабыз! Теорияны бышыктоо керек. Тапкан мисалды иштемей, 100% жообун таап чыгарганча. Болбосо жардам сурайбыз 🆘
ЖРТ - 2024
Real SAT Math Explanations (2021).pdf
Математика учун тесттер, Sat сынагынан.
Forwarded from SAT Files 📚
All 2019, Geometry Explanation (Mr. Amr Mustafa)SAT&EST.pdf
6.1 MB
All 2019's real SAT Geometry questions
with their explanations in the 2nd file
by #Mr_Amr_Mustafa
ЖРТ - 2024
All 2019, Geometry Explanation (Mr. Amr Mustafa)SAT&EST.pdf
Бул геометрия боюнча, жооптору менен