ЖАРКЫН ЖАШОО
1.4K subscribers
262 photos
15 videos
51 links
❤️жан дуйноно азык,
📚оз алдынча инсандык онугуу,
💃 аялдык бакыт жана
👨‍👩‍👧‍👦уй-булолук мамилелерди жонго салуу боюнча баалуу маалыматтарды бекер алыныздар.

🎯Жаркын жашоого биз менен жет!

Суроолор боюнча @Cholponomurbaikyzy кайрылыныз
Download Telegram
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

АЯЛДЫК БАКЫТ ГРУППАСЫ
🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳
Айымдар бардык тараптан өнүккөнү жакшы. Интеллект тармагына көңүл буруп, сиздерге кызыктуу табышмактарды кетирип баштайм. Туура жооптору кечинде берилет. Ага чейин ойлонуп, өзүңөрдүн вариантыңарды калтырыңыздар
Бир жолоочу адам кичинекей айылга токтоп тамактанып, андан соң чачын тегиздетип алууну чечет. Бирок бул жерде 2 гана чачтарач бар болот. Биринчисине барса чачтарачтын өзүнүн чачы начар алынган экен, экинчи чачтарачтын чачы тегиз алынган эле. Жолоочу биринчисин тандайт, туура тандоо кылды деп ойлойсузбу?
Америкада адамдарга зыяны көп тийген жаныбарларды тизмелеп чыгышкан. Биринчи орунду бугу, экинчи орунду жөргөмүш, 3-орунду жылан, 4-орунду аарылар жана 5-орунду келемиш ээлеген. Эмне үчүн жаныбарлардын ичинен бугу коркунучтуу, зыянкеч болуп, биринчи орунга чыга келген?
Туура жообу:
Анткени алар трассага жакын журушот, жолго чыга калышып,айдоочуларга тоскоолдук жаратышат,авария коп болуп, ошол себептен зыяндуулардын катарына кирип калган.
Эмне үчүн бир үйдүн чайы даамдуу?

Эки кошуна аял жашайт, биринин үйүнөн чай ичсең дайыма даамдуу, экинчисинике кирсең даамы ачуу. Экөө тең бир жерден суу алат, окшош чай сатып алат, эки башка даамдын себеби эмнеде?
Эмне үчүн бир үйдүн чайы даамдуу, экинчи үйдө даамы начар?

Жооп бул жерде:👇

https://www.instagram.com/tv/CYmKtB6FATb/?utm_medium=share_sheet
Кутмандуу күн группанын сулуулары!

Сиздер билгендей мен көптөгөн айымдарга жеке жашоосун жакшыртуу боюнча консультация өтүп келем. Былтыр бир айым консультациямдан кийин мага "ЖАН ДҮЙНӨ ДАРЫГЕРИ" деген наамды "ыйгарган"😀 Ушул наамымды өчүрбөй кеңеш берүү кызматымды улантайын деп чечтим.

Өз алдынча кыйналып, чайналып жүрө бербей, профессионалдуу жардам менен көйгөйдү чечиңиздер демекчимин.

Көпчүлүк айымдар көйгөйдөн кача беришет, бирок алар жашоо сабагы да. Качкандын ордуна чечип баштасаңар тажрыйба да болот, акыл да топтолот. Көйгөйлөр адамга жөн эле келбейт, алар силерди өстүрүү үчүн келет. Таарынткан адамдар жашоо мугалимдери десем айымдар таң калышат. Консультацияга кайрылган айымдар көптөгөн ачылыштарды жасап, жаңыча ойлонууга өтүп башташат. Аң сезимдеринде, жан дүйнөлөрүндө төңкөрүш болгонун айтып, жеңилденүү болгонун билдиришет.

Көйгөй жаралса айымдар биринчи кимге кайрылат? Албетте энесине, эже-сиңдисине же курбусуна. Ал адамдарда психология боюнча билимдер жок болсо, кеңештери жардам бербейт. Көйгөй жаралган деңгээлинде чечилбейт, чечүү үчүн өйдөкү деңгээлге чыгуу зарыл. Ага болсо атайын билимдер, тажрыйба керек. Кимде ким так ушул чакта үй-бүлөлүк маселелерин чече албай, жашоодо ордун таба албай, жолдошу, кайын журту, балдары менен тил табыша албай жатса , менин кеңеш берүү кызматыман пайдаланыңыздар.

Айымдардын "Жан дүйнө дарыгери" ЧОЛПОН ӨМҮРБАЙ КЫЗЫ

Менин What's App номериме жазыңыздар: 0701080276


Консультация акылуу, 850 сом
Узактыгы 1 сааттан 1 саат 20 мүнөткө чейин

Мурда менден консультация алган айымдардын пикирлерин бул жерден окуп таанышсаныздар болот:

https://t.me/+YMqCXwr2KPljOThi
Аялдын энергиясы. Биринчи бөлүм
Аялдын энергиясы өтө чоң потенциалга ээ. Ийгиликтүү болом деген эркектер муну эртерээк билип алып, өз кызыкчылыгына пайдаланганы оң.
Канчалык эркек аялына акча жумшаса, коротсо, белек берсе, аны менен кошо жагымдуу сөздөрүн айтып турса аялынын маанайы ачылат, туурабы? Маанай ачылган сайын аялдын энергиясы көбөйүп баштайт. Аялдын энергиясы көп экенин кантип билсе болот? Бул аялдар дайыма жылмайып турушат, жүзүнөн, көздөрүнөн нур чачырап турат. Бул аялдар сүйүктүү экенин сезишет. Жакшы маанай менен тамак даярдашат, жакшы маанай менен үй жыйнашат, конок тосушат, баарына мээримдүү сүйлөшөт. Күйөөсүн, балдарын колдоп, жагымдуу гана сөздөрдү айтышат. Ички акыбалдары тынч, дайыма жасанып жүрүшөт. Так ушул энергияны аял эркегине да, балдарына да төгүп турат. Ушул энергияны алган эркектер ишинде ийгилик жаратат, аялы күйөөсүнө ыраазы болуп турган сайын, Жараткан эркектин жолун туш тараптан ачып турат.
Дүйнөдөгү миллионерлер, чоң кызматтагы эркектер акчасы көп боло электе аялдарына жакшы мамиле жасашкан, белектерин берип турушкан, камсыз кыла алган. Ошондон кийин кана чоң ийгиликтерге жетишкен.
Эми ийгиликсиз эркектерди карап көрөлү: аялдары чарчаган, нааразы (жакшы сөз укпаса, белек албаса, камсыз болбосо нааразы болот да, сулуулугу соолуган ж.б.у.с). Мындай аялдарда жаратман энергия жок, демек күйөөсүнө жаман энергия өтөт.
Уландысы эртең...

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
Эркектин ийгилиги аялдын колунда
Аялдын энергиясы, 2-бөлүм.

Энергиясы жогору болгон аял эркегине ийгилик алып келет. Мындай аял бардык жерде жолдошун мактап, даңазалап кана турат, аны менен сыймыктанганын жашырбайт. Аялы үйүндө эле отуруп күйөөсүн мактаган сайын, анын аброю коомдо, эмгек жамаатында, эл арасында көтөрүлө баштайт. Тескеринче аялы апасына, туугандарына, теңтуштарына күйөөсүн жамандаган сайын, жолдошунун аброю коомдо, жамаатында түшө баштайт. Себеби пенденин оозунда, периштенин кулагында деген сөз бар. Аялдын оозунан чыккан сөздөр Кудай тарабынан аткарыла берет. Кудай сөздөрүбүздү жаман-жакшы деп талдабайт.
Кыз турмушка чыгып, нике кыйылганда Кудайдын эркекке берген аманаты болуп саналат. Бөтөн жерге, бөтөн үй-бүлөгө күйөөсүн ээрчип келет. Түшүнгөн эркек тукумумду улаганы келди деп бапестеп багат, түшүнбөгөнү үйгө малай келди деп тындырбай жумшап алат. Жаңы келин көнүп кеткиче жаман сөздөн, жаман мамиледен коргоп алаар жолдошу болот. Коргой албаса аялына - Кудайдын аманатына кыянат кылып, Кудайга каршы чыккан болот. Аялдын көзүнөн жаш тамып, жүрөгү сыздаган сайын эркектин иши кошо жүрүшпөй баштайт, улам тоскоолдуктар чыга берет.
Эркек же апасына , же аялына тарта албай бушайман болот. Бирок ар бир эстүү кайнене билүүсү шарт: келинин жактырбай, баласына жамандап, экөөнү уруштурган сайын, көп зыян келинине эмес, уулуна тийет. Ызы чуу көп үй-бүлөдө эркек алдыга жыла албайт, жолдору тушалат, акча табуу жөндөмү жоголот, элден чыга баштайт.
Ошондуктан ар бир эркек апасынын жана аялынын энергиясын туура пайдаланып, алардын мактоосуна татып , сыймыктануусуна жеткенге аракет кылыш керек.

Уландысы бар...
Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
Аялдын энергиясы, 3-бөлүм
Аялдын энергиясы жогору болсо жанындагы мырзасынын жигиттик сапаттары мыкты болот. Мисалы аялын коргойт, кам көрөт, джентльмен, сыйлайт, алдыга умтулат, акча көп табат, максаттарына оңой жетет, маселе чечет, эң негизгиси көтөрүмдүү, кайраттуу болот.

Аялдык энергиясы төмөн аялдын эркеги кандай болот? Таарынчаак, сөз көтөрө албайт, майдачыл, ушакчы, диванный эксперт, акча көп таба албайт, жалкоо, аялын коркутат, маселе чечпейт, жеңеңерге кайрылгыла же аялым билет деп кутулат.

Өкүнүчтүүсү, азыркы заманыбыз аялдарды эркектерге конкурент кылууда. Аял эркектей болуп үй-бүлө багат, бардык чечимдерди өзү кабыл алат, чоң максаттарды коёт жана жетип жатат, там салат, машина айдайт, уже штанга көтөрөт, күрөшөт, футбол ойнойт и т.д.

Бирок билинбей табияттын мыйзамдары бузулуп жатпайбы. Күчтүү , кыйын кыздарыбыз көбөйгөнү менен алардын жанында эркектер өз сапаттарын жоготууда. Эң коркунучтуусу, энергиясы күчтүү аял уулдарынын да эркектик сапаттарын басып коёт. Табияттын мыйзамы боюнча бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт дегендей, эки күйөө же эки аял бир үйдө жашабайт.

Так ушул аялдын жана эркектин энергияларынын балансы бузулуп жаткандыктан, батышта эркек эркекке, аял аялга үйлөнүп жатышат. Бизге деле келе жатат. Билмексен болуп жата берсек, эртеңки кыргыздын тукуму кандай болот?

Кандай чара көрсөк болот? Мен эркектерибиз эркек, аялдарыбыз аял бойдон сакталып калышын каалайт элем.

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
"Мен сүйүктүүмүн!"
Ар бир жандыкты Жараткан түгөйү менен жаратыптыр. Бул жашоодо ар бир айым түгөйү менен жашап, сүйүктүү болууну самайт. Жигит менен сүйлөшкөн кезден баштап, турмушка чыгып, неберелүү болгонго чейин сүйүктүү болуп жашаган сонун экенин баары түшүнөт, бирок аракет кылбайт. Сүйүктүү болуу бул чоң искусство, бул жаңы билим, аны сөзсүз өздөштүрүү керек.

Дайыма жагымдуу сөздөрдү угуп, белектерди алып, эркектин камкордугуна , сый урматына бөлөнүп, ага эркелеп жашоо 100% мүмкүн. Джентльмен эркектер калбай калды, заман бузулду, эркектер начар, мен өзүм сонун эле болуп турам деп айымдар себепти сыртка оодарабыз. Ажырашкан айымдар көбөйдү, турмушка кеч чыккан айымдар да көбөйдү, такыр күйөөгө чыкпай калган айымдар да арабызда бар. Алар дагы бактылуу болууга тийиш.

Жакында эле бойдок айымдар үчүн мен өткөргөн "Мен сүйүктүүмүн!" курсу аяктады. Ага катышкан айымдар өздөрүнүн ойлору менен, ойдун күчү менен өмүр бою сүйүктүү болуп жашай алаарын, бактылуу жашоону өздөрү кура алаарын түшүнүштү.

Дагы ким жалгыздык менен кош айткысы келсе, сүйүктүү болуунун эрежелерин үйрөнгүсү келсе,

4-июлда баштала турчу 10 күндүк
"Мен сүйүктүүмүн!" курсума жазылыңыздар. Бир жума ичинде эле менден окуган кыздарга турмушка чыгуу сунуштары түшкөн. Отзывдарды окуңуз.

Баасы:
20-25 июнга чейин 600 сом
26-30 июнга чейин 800 сом
1-4 июлга чейин 1000 сом

Төлөм жүргүзүү боюнча личкама кайрылыңыздар.