ДИНИБИЗ_ИСЛАМ 🕋
75 subscribers
123 photos
91 videos
3 links
Биздин каналга кош келиңиз урматтуу окурман!
°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°
Каналга эмнелер камтылган:

Тандалган хадистер🕊️
Баяндар🕊️🕊️🕊️
Түрлүү ойлор🕊️
Мотиватция🕊️
Нашидалар🕊️
°°°°°°°°°°°°°°°°°
@maksat_media
Download Telegram
Мечиттин ичинде имам сөзгө чыгуучу трибуна?
Anonymous Quiz
80%
Минбар
4%
Сөөрү
14%
Михраб
3%
Мина
МААЛЫМАТ
АЯТ:"....Эмне үчүн өзүңөр билбеген нерселер тууралуу талашасыңар?Аллах билет, силер билбейсиңер!"
(" Алу Имран;66)
🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸

ХАДИС: " Бир сахаба: "Эй, Аллахтын Элчиси! Мага Ислам тууралуу ушундай бир сөз айтыңыз, экинчи аны сизден башка адамдан суроого мажбур болбойун" дейт. Анда ардактуу Пайгамбарыбыз (с.а.в): "Аллахка ишендим деп айтканың да, туура жолдо түз жүр!" деп жооп берет".
Намазда тик туруу?
Anonymous Quiz
68%
Кыям
13%
Рүкү
8%
Сажда
11%
Ниет
Парз намаздардын башталуу алдында эркектер гана айтчу белгилүү сөздөр.
Anonymous Quiz
63%
Коомат
31%
Азан
4%
Баян
3%
Хутба
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бул сүрөөлөрдү дайыма окуп жүрүңүз 😊
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жума маарек болсун мусулман бир тууганым.
«Кимде-ким Куран окуса жана ага амал кылса, ага нурдан жасалган таажы кийгизилет. Ал эми анын ата-энесине бүткүл дүйнөнү салыштырса ага тең келе албаган эки кийим кийгизилет.
Ошондо алар:
«Эй, Аллах ?! Бул кийимдер эмне үчүн берилди ?»-деп сурашат.
«Бул — балаңдын Куран окугандыгынын ордуна !”-деп жооп берилет.
"Силердин жакшыңар Куранды үйрөнүп анан башкаларга үйрөткөнүңөр."
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

УБАКЫТ
АЯТ:"(Ак–караны ажыратуучу күн чындыгында белгиленген убакыт эле". ("Набаа"сүрөсү;17)

ХАДИС: "Адамдардын көбү барктабаган эки жакшылык бар. Алар–ден–соолук жана бош убакыт". (Бухари, Рика, 3)

ОКУЯ: "УБАКЫТ КЕЛДИ!"
Жунайд Багдади олуя элге илим үйрөтүү максатында дилмаек –сукбат куруп турууга бел байлайт. Анын сукбатына кыска убакыттын ичинде адамдар агылып келе баштайт.

Күндөрдүн биринде христиан, бирок сыртынан христиандарга окшобогон жаш улан Жунайд Багдадинин сукбатына келип:

— Эй, устат! Азирети Пайгамбарыбыз (С.А.В) "Момун– мусулмандын парасатынан (назарынан) корккула!Анткени ал Аллахтын нуру менен карайт" деп айткан. Мунун кандай түшүнсөк болот? – деп сурайт.

Жунайд Багдади бир саамга унчукпай туруп калат. Андан соң башын көтөрүп :

–Мусулман бол! Мусулман боло турган убактың келди, – дейт.

Жаш улан Багдадинин өзүнүн мусулман эместигин баамдаганын билип, дене–боюн калтырак басып, ошол замат мойнундагы крестин жулуп жерге таштайт да, ошол жерден мусулман болот.

Ошентип, Жунайд Багдади олуя Жараткандын уруксаты менен жаш уландын христиан болгондугун жана анын ыйман келтирүүгө убактысы келгендигин билип, эки кереметти бирдей көрсөтөт.