ИсламЖолу
1.52K members
682 photos
37 videos
16 files
578 links
islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm
Download Telegram
to view and join the conversation
Audio
#Зул_хижжа

🔷 Зул хижжа айынын алгачкы 10 күндүн артыкчылыктары


🎙 Устаз
Бакай Мамбетказиев
حفظه الله


⬇️Соопко шериктеш болуп бөлүшүп коюңуз!
🔎 https://t.me/paidaluuilim
الله أكبر الله أكبر لا إله إلا الله

الله أكبر الله أكبر ولله الحمد
Ибн Аббас (радиаллооху анху) айтты:

"Ушул он күнү чырактарыңарды өчүрбөгүлө".

#зуль_хижжа'нын түндөрү көп көп ибадат кылууга бизди үндөп жатат.

https://t.me/islamjolu/3376

@ИсламЖолу
Мен билгенди силер билгенде...

Абу Зарр (радиаллооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

وَاللَّهِ لَوْ تَعْلَمُونَ مَا أَعْلَمُ لَضَحِكْتُمْ قَلِيلًا وَلَبَكَيْتُمْ كَثِيرًا، وَمَا تَلَذَّذْتُمْ بِالنِّسَاءِ عَلَى الْفُرُشِ، وَلَخَرَجْتُمْ إِلَىالصُّعُدَاتِ تَجْأَرُونَ إِلَى اللَّهِ

«Аллахка ант, эгер мен билгенди силер билгенде - аз күлүп, көп ыйламаксыңар, аялдарыңар менен төшөктө жыргап жатпай, көчөлөргө чыгып Аллахка [куткарсын деп] жалбарып дуа кылмаксыңар»

📚 (Тирмизи: 2312)

@ИсламЖолу
Forwarded from ИсламЖолу
Зуль-хижжа айынын орозосу

══════ ❁✿❁ ══════

1️⃣ Хунайд ибн Халиддин аялынын сөздөрүнөн Пайгамбардын ﷺ кээ бир аялдары:

“Аллахтын Элчиси ﷺ Ашура күнүндө, зуль-хижжа айынын алгачкы тогуз күнүндө, ар айда үч күн, жана дүйшөмбү менен бейшемби күндөрү орозо тутат эле" , — деп баяндаганы кабарланат.

📚 (Абу Дауд 2437, ан-Насаи 2372, 2417, Ахмад 6/288, ал-Байхаки 285)

📌 Хадисте сөз тогуз күн тууралуу болушунун себеби онунчу зуль-хижа – бул орозо тутууга тыюу салынган Қурман Айт күнү болгонунда.



2️⃣ Пайгамбардын ﷺ аялы Хафса айтат:

”Пайгамбар ﷺ төрт нерсени таштачу эмес: Ашура орозосун, зул-хижжанын он күнүндөгү орозону, ай сайын үч күн орозону жана таң намазынан алдыңкы эки рекетти”.

📚 (Ахмад 6/287) ас-Суюти, Сыддык Хасан Хан жана шейх ал-Албани хадисти сахих дешти.

3️⃣ Абу Дауд менен Ибн Мажах бул хадисти өз китептеринде келтиришип, ал бапты (главаны) «Зул-хижжанын он күнүндө орозо тутуу тууралуу» деп аташкан. 📝 (Кз.: “Сунан Абу Дауд” 2/815, “Сунан Ибн Мажах” 1/550)

4️⃣ Имам аш-Шаукани: “Бул хадисте зул-хижжа айынын он күнүндө орозо тутуунун сооптуу иш (мустахаб) экенине ишарат бар” – деп айткан. 📝 (Кз.: “Найлюл-аутар” 2/284)


5️⃣ Хафиз Ибн Хажар: «Аллах үчүн зул-хижжа айынын он күнүндө орундалган солих амалдардан сүйкүмдүүрөөк амалдар жок!» деген хадис тууралуу мындай деген: “Орозо солих амалдарга кирген себептүү, бул хадис зул-хижжанын он күнүндө орозо тутуунун сооптуу иш экенине далил ирээтинде колдонулуп келет”. 📖 (Кз.: “Фатхул-Бари” 2/534)


6️⃣ Чоң аалым Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

«Зуль-Хижжанын тогуз күнүндө орозо тутуу – мустахаб, сооптуу амал. Бирок ким ажылык кылып жатса, ал Зуль-Хижжанын 9-числосунда орозо тутпайт, себеби Арафат тоосунда турууга күч топтоосу кажет.»

🌐 http://www.alfawzan.af.org.sa/node/13540



7️⃣ Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитет № 20247 фатвасында айтты:

«Кээ бир адамдар «Зуль-хижжанын тогуз күнүн орозо менен өткөзүү ката (б.а. бул сүннөттө жок иш)» дешет. Жок, андай эмес. Тескерисинче, көпчүлүк аалымдардын (жумхур) пикиринде – бул (Зуль-Хижжанын алгачкы тогуз күнүндө орозо тутуу) сүннөт болуп эсептелет.»

🌐 http://www.alifta.net/fatawa/fatawaDetails.aspx?View=Page&PageID=13859&PageNo=1&BookID=3

══════ ❁✿❁ ══════

© ИсламЖолу
Forwarded from ИсламЖолу
Шейх Ибн аль-Усеймин айтты:

《Мусулман бир туугандарымды Зуль-Хижжанын он күндүгүндө сооптуу иштерди көбөйтүүсүнө үндөйт элем:
- Куран окуу,
- зикрдин бардык түрлөрүн,
- такбир,
- Ля иляха илляЛлаху деп айтуу,
- аль-Хамду лиллях деп айтуу,
- Субханаллах деп айтуу,
- садака,
- орозо.
Бардык ибадаттардын түрлөрүн》

📖 (Фатава фи Хаж ва Умра: 37-б)

📲 https://t.me/islamjolu/3384

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
Жабир ибн Абдуллах (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Башка мечиттердеги намазга караганда менин (Мединадагы) мечитимдеги намаз МИҢ ЭСЕ абзел. Бир гана Харам Мечитиндеги намазга караганда, андагы намаз башка мечиттерге караганда ЖҮЗ МИҢ ЭСЕ абзел» 📖 (Ахмад: 3/343, №397).

Эми ушул хадисте айтылган *“намаздын сообунун көбөюшү”* - парз намазга гана тиешелүүбү же нафил намазды да өзүнө камтыйбы дегенде аалымдардын арасында ар кандай ойлор айтылган.
1) Парз намазга гана тиешелүү дегендер: Абу Ханифа жана Малик.
2) Парз жана нафилге тиешелүү дегендер: Шафи жана Ахмад.

✳️ Ушул хадисте айтылган *“Харам Мечити”* деген түшүнүккө эмне кирет – Кааба мечитиби же жалпылай Мекке жана Харам территориясыбы, б.а. жүз миң эсе абзел деген соопко жетиш үчүн Каабага барып намаз окуш керекпи же Меккенин ичиндеги башка мечиттерде да намаз окуй берсе болобу? Бул тууралуу да аалымдар ихтиляф болушкан.
1) Кааба мечити дегендер: Ахмад, заманбап аалымдардан Ибн Усеймин.
2) Жалпы Мекке жана Харам территориясы дегендер: Абу Ханифа, Малик, Шафи, заманбап аалымдардан Ибн Баз.

📲 https://t.me/islamjolu/3385

@islamjolu
🔖 Бир окуя миң сабак

Абу Толиб өлүм алдында жатканда Аллахтын Элчиси ﷺ ага келет. Анын жанында Абдуллах ибн Аби Умейй жана Абу Жахл бар экен.
Пайгамбар ﷺ ага: «О, абам! Ля иляхя илляЛлаху дечи! Бул келиме менен Аллахтын алдында [Кыямат Күнү] сенин таламыңды талашайын», - деп айтат. Тиги экөө болсо: “Абдуль-Муттолибдин дининен баш тарткың келеби?!”, - деп айтышат. Пайгамбар ﷺ канча жолу өзүнүн суранычын кайталаса, тиги экөө да ошончо өзүлөрүнүкүн кайталаганы кайталаган. Акыры Абу Толиб: “Абдуль-Муттолибдин дининде калдым” деп, Ля иляха илляЛлаху келимесин айтуудан баш тарткан болот.
Анда Пайгамбар ﷺ: «Мага тыюу келмейинче сен үчүн истигфар кыла берем», - дейт. Ошондо Аллах Таала «Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга – эгер ал (мушрик) жакын тууганы болсо да – эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин» (Куран, ат-Тауба 9:113), - деген аят түшүрөт.
Ал эми Абу Толибдин акысында «Сен өзүң сүйгөн адамдарды Туура Жолго баштай албайсың. Бирок, Аллаh гана Өзү каалаган адамын Туура Жолго баштайт. Туура Жолго ылайыктарды Анын Өзү жакшы билет» (Куран, аль-Касас 28:56), - деген аят түшүрөт”

📍 (Бухари: 1360; Муслим: 24).


💡 БУЛ ОКУЯДАН АЛЫНГАН САБАКТАР:

1. Хадисте мушрик Исламды кабыл кылат деген үмүт болсо, аны зиярат кылуу болот экендигине далил бар.

2. Адам үчүн жаман достун зыяны канчалык экендиги. Абу Толиб мушриктер менен достошуп жүрчү.

3. Ля иляхя илляЛлаху келимесинин мааниси жалган иляхтарды, буттарды таштоо экендиги; жана бул маанини араб-мушриктер жакшы билишкен экендиги. Абу Толиб бул келимени айтуу менен бардык жалган иляхтарды ташташ керек экендигин түшүнүп турду.

4. Эгер тууганы ширк же куфрда өлсө – Аллахка кайрылып ал үчүн истигфар кылуу (күнөөсүн кечирилишин суроо) болбойт экендиги. Аллах ширкти кечирбейм деп алдын ала айтып койгон.

5. Хадисте Пайгамбар ﷺ башка бирөөгө пайда же зыян жеткизе алат деп ишенип, Пайгамбарга ﷺ же олуяларга сыйынгандарга жооп бар. Өз бир тууганы Абу Толибке жардам бере алган жок, демек башкасын анда айтпай эле коёлу. Бардык иш – бир гана Аллахтын колунда!

6. Хадисте Абу Толиб каапыр болуп өлгөнүнө далил бар.

7. Хадисте ата-бабалардын салтын же урматтуу адамдардын сөзүн сокур түрдө ээрчип, Курандан келген далилдерди таштаган адамдарга эскертүү бар.


📚 КОЛДОНУЛГАН БУЛАК:
1. Китаб ат-Таухид
2. Муляххас фи Шарх Китаб ат-Таухид – Шейх Солих аль-Фаузан


📲 https://t.me/islamjolu/3387


@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
⚠️ Абу Хурайрадан риваят Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт: «Ким менин атымдан атайылап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин». Бул хадис дагы Бухари жана Муслимде келтирилет.

⚡️ Мугира ибн Шуъба риваят кылат Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Менин атымдан жалган айтуу башка бирөөнүн атынан жалган айтууга тете эмес. Ким менин атымдан атайлап жалган айтса – өзүнүн ордун Тозоктон издей берсин». (Бухари, Муслим)

🔥 Самира ибн Жундуб айтат Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Ким менин атымдан хадис айтса жана ошол хадис жалган экенин билип турса – же жалган экен деп ойлосо – ал жалганчылардын бирөөсү экен» (Муслим).


⚠️ Жогорудагы хадистер Пайгамбардын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) атынан жалган сөз айтуу арам экендигин көрсөтөт. Калп экендигин билген болсо же жок дегенде ал калп болуш керек деп күмөндөнсө да – ал нерсени башкаларга хадис деп айтуу – арам иш.

http://islamjolu.kg/2196-жалган-хадистерди-таркатпаңыздар

https://t.me/islamjolu/3388
Audio


🔷 Кыйын кырдаалда эмне кылышыбыз керек?


🎙 Устаз
Бакай Мамбетказиев


⬇️Соопко шериктеш болуп бөлүшүп коюңуз!
🔎 https://t.me/paidaluuilim
Ас-салам алейкум, урматтуу окурман! Ушул улуу күндөргө жеткизген Аллахка миң мертебе шүгүр! Азыр башыбыздан жылдын эң жакшы, эң сооптуу мезгили – Зуль-Хижжа айынын он күндүгү өтүп жатат.

Мына, Курман Айт майрамына да саналуу күндөр калды.

Эми, алдыда кандай ибадаттар бизди күтүп жатат? Курман айттын адептери кандай? – эскерте кетели.

10-август-2019 – Арафат күнү.
11-август-2019 – Курман Айт майрамы.
12, 13, 14 –август-2019 – Ташрик күндөрү.

(📌 Бул макала ИсламЖолу чыгарган “Зуль-Хижжанын пазилети” тууралуу китептен кыскартылып алынды. Китепти толугу менен бул жерден алсаңыздар болот: http://islamjolu.kg/juktoo/kitepter/fikh/Kurmandyk_tuuraluu_fetvalar_jyinagy%20%5Bislamjolu_kg%5D.pdf)

АРАФАТ КҮНҮ
Пазилети:
• Аллах Куранда Буруж сүрөсүнүн 3-аятында Арафат күнү менен ант ичкен.
• Аллах бул күнү пенделерин Тозоктон бошотот.
• Эң жакшы дуа - Арафат күнкү дуа.
• Бул күнү тутулган орозо эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп. Пайгамбар ﷺ айтты: «Арафа күнүндөгү орозо өткөн жана ушул жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот» (Муслим: 1162).
Ибадаттары:
• Айттык такбирлер айтыла баштайт. Намаздардан кийин, жолдо, үйдө ж.б. айтылат.
• Орозо тутулат.
• Көп көп дуа кылынат.
• Башка сооптуу амалдар кылынат, себеби Зуль-Хижжанын он күндүгүнө кирет.

КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ
Пазилети:
• Аллах Куранда Фажр сүрөсүнүн 1-аятында Курман айт таңы менен ант ичкен.
• Кавсар сүрөсүндөгү “Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал” аяты Курман айт намазына жана малына тиешелүү делет тафсирде.
• “Хажж” сүрөсүндө ажылык, мал сою, этин таркатуу ж.б. айтылган.
• Курман Айт дагы – Аллахтын алдындагы эң улук күндөрдөн.
Ибадаттары:
• Айт Намазы окулат.
• Намазга жуунуп, жакшы кийимдерди кийип чыгуу жакшы.
• Эртең менен эч нерсе жебестен чыгуу мустахаб.
• Айт намазга жөө баруу сооптуу иш. Бир жол менен чыгып, экинчи жолу менен кайтуу сүннөт.
• Намаз бүткөн соң адамдар бири-бирин куттукташат.
• Курмандык малы союлат (намаздан кийин).

ТАШРИК КҮНДӨРҮ
Пазилети:
• Ташрик күндөрү да айттык майрам күндөрү деп эсептелет. Бул жеп-ичүү жана Аллахты зикир кылуу күндөрү.
• Аллах Куранда Бакара сүрөсүнүн 203-аятында айткан «Аллахты саналуу күндөрдө зикир кылгыла» деген күндөр ушулар.
Ибадаттары:
• Айт такбирлери айтылуусу улантылат.
• Ким Курман айт күнү мал сое албай калса, Ташрик күндөрү сойсо болот (Ташриктин үчүнчү күнүнүн шамына чейин).


ЭСКЕРТҮҮ!
📛 Курмандык МАЛЫН намаз бүткөн соң чалуу керек. Ким намаздан мурда союп алса – ал курмандык деп эсептелбейт, жөн эле эт болуп калат.
Курман Айт жана андан кийинки үч күн – майрамдык күндөр деп саналат. Бул күндөрү ОРОЗО тутуу БОЛБОЙТ. Бул күндөр тамак-аш жана майрам күндөрү!
🚫 Курман Айт ТҮНҮ окулчу атайын намаз жок. Бул тууралуу келген хадистердин баары заиф. Ким күн сайын тахажжуд окуп жүрсө - бул түндөрү деле эч өзгөчөлөбөстөн окуй берет. Бирок атайын бул түнү туруп алып түнкү намаз окуу деген жок.



📲 https://t.me/islamjolu/3390


@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram
Audio


🔷 Курмандык чалуунун кээбир өкүмдөрү


🎙 Устаз
Бакай Мамбетказиев


⬇️Соопко шериктеш болуп бөлүшүп коюңуз!
🔎 https://t.me/paidaluuilim
Урматтуу туугандар!

Эртең, 10-авг. Арафат күнү.

> Бул күнү орозо тутуу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот;

> Багымдаттан баштап ар бир намаз соң такбирлер айтылат, тээ айт жана ташрик күндөрү бүткөнгө чейин айтылат.

📲 https://t.me/islamjolu/3393
Audio
🔷 Айт такбирлери


الله أكبر، الله أكبر، لا إله إلا الله، الله أكبر، الله أكبر، و لله الحمد

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Ля иляха илляЛлах, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ва лиЛляхи-ль хамд деп айтуу.

🎙 Устаз
Бакай Мамбетказиев

⬇️Соопко шериктеш болуп бөлүшүп коюңуз!
🔎 https://t.me/paidaluuilim