Ислам дини🕊
243 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
​​🔴 БАШКАНЫН БУЮМУН ТАМАШАЛАП АЛУУ ДА АРАМ

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Силерден эч ким тамашалаппы же чындап болобу, мусулман бир тууганынын таягын да албасын. Эгерде ким мусулман бир тууганынын таягын алган болсо, анда аны кайтарып берсин». (Тирмизи)

Имам Заркаши айтты:
«Адамдардын башка бирөөнүн буюмун тамашалап алуусу арам болуп саналат. Хадистердин биринде: «Силерден эч ким досунун буюмун тамашалап да, чындап да албасын» – деп айтылган. Ал адамдын кайра берем деген ниетте тамашалап алганы чындап алганына барабар. Анткени ал мусулман бир тууганын буюмун алуу менен аны ойлонтуп коркунучка салды». (“Тухфат аль-Мухтаж”)

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
Аллахтын 99 сапаттарынын пазилеттери.
Абу Хурайра (разияллооху анху)айтат:Пайгамбарыбыз (саллалоху алейхи ва салам)айтты:"Алла тааланын жүздөн бир кем токсон тогуз Аты бар.Ким аларды жаттаса анда ал Бейишке кирет ."
Башка хадистерде келген : Пайгамбарыбыз (с а в) "Алла тааланын 99сыпат аттары менен ага дуба кылууга бизге өкүм берилген.Ким Алланын 99сыпаттарынын жаттаса ,анда ал Бейишке кирет".
Ал-"Аллах"Андан башка ибадатка татыктуу зат жок.
,🕋🕋🕋🕋🕋🕋
Ким күн сайын 1000жолу "йаа-,Аллоху деп айтса,ана Алла таала буйруса анын жүрөгүндөгү бардык шек күмөндөр кетет .Ким оорусунан айыга албай жүргөн болсо жана (Йаа- Аллоху " деп айтуу менен дуба кылса ,анда ал оорусунан толук айыгат.
​​🔴 АДАМ БАЛАСЫНА АЧЫЛГАН ЫРЫСКЫ ЖОЛДОРУ

Ибну Каййим, рахимахуллах, айтты:

«Бүткүл ой-пикириңди Аллахтын өкүм-буйруктарын аткарууга бур жана сага кепилдик кылынган ырыскыны ойлонуу менен алек кылба!
 
Чындыгында ырыскы менен ажал сага кепилдик кылынган бири-биринен ажырагыс нерселер. Адамга ажалы келмейин анын ырыскысы келе берет. Эгерде Аллахтын даанышмандыгы менен сага ырыскынын эшиктеринин бири жабылса, анда Анын ырайымдуулугу менен андан да пайдалуу башка бир эшиги ачылат.
 
Эненин жатынындагы түйүлдүктүн абалын элестетип көрчү, ал уюган кан болуп турса да ага бир жол аркылуу азыгы жетип турат. Ал жол — анын киндиги.
 
Качан ал эненин курсагынан чыкканда ал жол жабылат да, ага башка эки жол ачылат. Алар аркылуу биринчиден да ширин болгон сиңимдүү таза сүт түрүндө ырыскысы келет.
 
Качан анын сүт эмүү мөөнөтү бүткөндө ал эмчектен чыгып, ал эки жол жабылат жана ага андан да кенен болгон төрт жол ачылат. Алар тамак-аштың эки түрү жана суусундуктун эки түрү. Эки түрдүү тамак-аш — алар эт-аш жана жашылча-жемиштер. Ал эми эки түрдүү суусундук — алар суу жана сүт. Ошондой эле буларга даамдуу жана пайдалуу нерселер да кошулат.
 
Качан ал өлгөндө ага бул төрт эшик жабылат. Бирок ал адам тагдырына бактылуулук жазылган адам болсо, анда Аллах ага сегиз эшикти ачат. Алар бейиштин сегиз эшиги. Ал алардын каалаганынан кирет». (“Аль-Фаваид”, 57-бет)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 АДАМДЫН ИЧКИ ДҮЙНӨСҮ БУЗУК БОЛСО, АНДА АНЫН СЫРТКЫ ДҮЙНӨСҮНҮН СУЛУУЛУГУ ЭЧ ПАЙДА БЕРБЕЙТ

Ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, айтат:

«Аллахка касам ичем, мен кээ бир адамдарды көрдүм, алар намазды көп окушат, орозо көп кармашат, ашыкча сүйлөшпөйт, жүргөнү да, кийгени да жупуну, бирок ага карабастан адамдар алардан алыстап качышат жана адамдардын алдында да кадыр-баркка ээ эмес.
 
Ошондой эле кээ бир адамдарды көрдүм, алар дайым кычырап кийинип жүрүшөт, анчалык деле кошумча ибадат кылышпайт, жупуну да жүрүшпөйт, бирок ага карабастан адамдардын жүрөктөрү аларга тартылып ашыгып турат.
 
Ошондо мен мунун себеби эмне экендиги тууралуу аябай ойлондум. Анан анын себеби адамдын ички дүйнөсүнө гана байланыштуу экенин билдим. Кимде-ким ички дүйнөсүн оңдосо, анда анын асыл сыпаттарынын жыпар жыты аңкып, ал башка адамдарга да таркайт экен.
 
Андыктан ички дүйнөңдө Аллахка гана, Аллахка гана бет ал! Чындыгында адамдын ички дүйнөсү бузук болсо, анда анын сырткы дүйнөсүнүн сулуулугу ага эч пайда бербейт». ("Сайд аль-Хатир", 355-бет)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Абу Хурайрадан (р.а)риваят,Пайгамбарыбыз(с.а.в)айтты:"Силер баарыңар Бейишке киресиңер?Бирок кимдер менден баш тартса алар кирбейт".Сахабалар (р.а)сурашты:"Ким сизден баш тартат?"Пайгамбарыбыз(с.а.в) айтты:"Ким мага баш ийсе ал бейишке кирет.Ал эми ким мага эргешпесе ал баш тартты."Б.а. менин сүннөтүмө эргешпесе бейишке кирбейт.
(Сиро 11т.,434б.)

@islamga_kyzmat
Ияз Хаммад (р.а) айтат:Пайгамбарыбыз (с.а.в)айтты:"Аллах Таала мага вахий (кабар) жөнөттү.Силер кичипейилдикти ыктыяр кылгыла,бири-бириңерге үстөмдүк кылбагыла жана бири -бириңерге ашыкча текеберчиликке барбагыла".1535

@islamga_kyzmat
Channel photo removed
Channel photo updated