Государственная ипотечная компания
3.71K subscribers
173 photos
68 videos
230 links
Официальный канал ОАО “ГИК”
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдү кыдырып, курулуштун сапатын текшерип чыкты.
Тиешелүү мекемелер курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, тынымсыз мониторинг жүргүзүп турат. Колдонулуп жаткан курулуш материалдардын сапаты атайын лобараторияда текшерилет жана курулушта сапаттуу гана материалдар иштетилип жатат.
Учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аты аталган турак жай программанын алкагында өлкө боюнча дээрлик 30 миң батирдин курулушу пландалган.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов менен биргеликте курулуш кампага барып ипотекалык үйлөрдүн курулушунда колдонулуп жаткан курулуш материалдардын жана башка жабдыктардын сапатын текшерди.

Курулушта колдонулуучу материалдар жана жабдыктар ушул кампага алынып келинип курулуш объектилеринен келип түшкөн заявкага ылайык жөнөтүлөт. Быйыл колдонулууга бериле турган турак жай комплекстин автономдуу жылытуучу системасы жакынкы күндөрү кампага келип түшүп, сапаты текшерилип, орнотууга даяр турат. Андан сырткары чет өлкөдөн өндүрүүчү ишкана менен түздөн түз келишим менен сапаттуу жана кепилдиги бар лифттер буюртма менен келип орнотуу иштери башталган.
Темиркул Балтабаев курулуш материалдарды жана жабдыктарды текшерип чыгып жоопкер адисттерге сапатты каттуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
Эскерте кетсек, өлкө боюнча ипотекалык үйлөрдүн курулушун «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компанияда Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов компаниянын директорлор кеңешинин, башкармалыктын жана эмгек жамаатын катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында компаниянын ишмердүүлүгү, Акционер алмашкандан кийин жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйнытыгы тууралуу сөз болуп, кызматкерлерге коюлган талаптар мындан нары күчөтүлөөрүн Бообек Салимжанов, баса белгиледи.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши реструктуризация болуп, натыйжада эмгек жамаатка жакшы шарт түзүлөт, ошол эле учурда ар бир кызматкерди жоопкерчиликтүү иш алып баруу менен мыйзам чегинде иштөөгө чакырам. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программанын негизги максаты муктаждарды үй менен камсыз кылуу, бул үчүн программага дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болуп турат», – деди Президенттин иш башкаруучусунун биринчи оорун басары жыйындын жүрүшүндө.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын адистери 25-июлдан 30-июлга чейин (дем алыш күндөрү да үзгүлтүксүз иштешет) «Үлүштүк курулуш» боюнча жарандардын бардык суроолоруна жооп берүү үчүн жана сунуштар менен Жалал-Абад шаарына жөнөтүлдү.

Кененирээк консультация алууну каалаган жарандарды Ж.Бакиев 38 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад шаардык мэриясынын 1-этажындагы кичи залында саат 09:00дөн18:00гө чейин (түшкү тыныгуу 12:00 - 13-00) кабыл алышат.

Байланыш номери: 0555 84 39 88 Келдибеков Кылычбек Талантбекович
Темиркул Балтабаев «Мурас» турак жай комплексине барып курулуш иштеринен кабар алды.

Бүгүн, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев Бишкек шаарында Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан «Мурас» турак жай комплексине барып курулуштун жүрүшүнөн кабар алды. Ипотекалык үйлөрдү куруп жаткан «Кыргызстройсервис» мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов быйыл күз айларында колдонууга бериле турган батирлердин ички ремонт иштери менен да тааныштырды.

«Мурас» турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулат. Курулуш 3 этап менен жүрүп, былтыры жазында биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 11 үйдүн курулушу башталган. Бул үйлөр ушул жылдын IV кварталында пайдаланууга берилет. Ал эми курулуштун экинчи этабы ушул жылдын май айында башталды.

Мурас комплекси, көп функционалдуу болуп бул жерге көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдөн сырткары мектеп, бала бакча, комплекстин ичинде спорт жана балдар аянтчалары, унаа токтоочу жайлар, дарыкана, соода дүкөндөрү болот. Андан сырткары турак жай комплекстин автономдуу от казанын куруу иштери да башталды. От казан көп кабат үйлөрдү жылуулук жана жылуу суу менен камсыздайт. Мурас комплдексинде үйлөрдүн кабаттуулугу 18-24 болгондуктан үстүңкү кабаттарга сууну жетиштүү деңгээлде камсыздап тартып берүү үчүн насостук станция куруу иштери да жүрүп жатат.

Темиркул Балтабаев курулуш объектти кыдырып чыгып курулуш жана ремонт иштерин тездетүүнү жана сапатына жакшы көңүл бурууну тапшырды.
«Мурас» комплексинде көп кабат үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулуп жатат. Монолит технологиясы курулуш жаатында бекем болуп, сейсмикалык жактан туруктуулугу да жогору болуп эсептелет.

Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылы ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жалпысынан «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында 30 миңдей батирдин курулушу пландалган.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгы Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Абдывахапов, жарандарды батирлер менен камсыз кылуу боюнча долбоордун Кыргыз Республикасы үчүн маанилүүлүгүн баса белгиленди.
Сауд өнүктүрүү фондунан келген акча каражат Бишкек шаары, Маликов 91 дарегиндеги «Мурас» турак жай комплексинин үчүнчү этабынын курулушуна жумшалат. Долбоорго ылайык, жалпысынан 2 256 батир курулат (24 кабаттан турган 17 үй, жалпы аянты 172 206 м2).
Государственная ипотечная компания
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгы Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Абдывахапов, жарандарды батирлер менен камсыз кылуу боюнча долбоордун Кыргыз Республикасы…
Белгилей кетсек, Сауд өнүктүрүү фонду насыялык макулдашууга ылайык, 100 миллион доллар өлчөмүндө турак жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга 25 жылдык мөөнөткө 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя берет. Мамлекеттик ипотекалык компания кредиттик каражаттардын оператору болуп саналат.
Курулган үйлөр Турак жай программасынын катышуучуларына ипотекага төмөнкү багыттар боюнча берилет:
Социалдык ипотека;
Жеңилдетилген ипотека;
Жеткиликтүү ипотека;
МИК ипотекалык төлөмдөрдүн эсебинен Сауд өнүктүрүү фондуна насыяны төлөйт.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз Республикасынын жаңы “МЕНИН ҮЙҮМ”
мамлекеттик турак жай программасы кабыл алынды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыктын төрагасынын оорун басары Тилек Джеембаев Кабар агенттигинде маалымат жыйында жаңы турак жай программасы тууралуу айтып берди

Принята новая Государственная жилищная программа Кыргызской Республики «МЕНИН ҮЙҮМ». Зампред Правления Госипотечной компании Тилек Джеембаев сегодня в информагентстве «Кабар» рассказал журналистам о новой жилищной программе

https://www.gik.kg/media/%D0%9C%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%BD_%D1%83%D0%B9%D1%83%D0%BC_%D0%BA%D1%8B%D1%80%D0%B3.pdf
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына 30 жыл
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын адистери 24-25-август (ишемби, жекшемби) күндөрү «Үлүштүк курулуш» боюнча жарандардын бардык суроолоруна жооп берүү үчүн жана сунуштар менен Жалал-Абад шаарына барышат.
Кененирээк консультация алууну каалаган жарандарды Малашев жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кадастрдын 1-кабатында (Болжол:Дастан гранддын катары) саат 09:00дөн 18:00гө чейин (түшкү тыныгуу 12:00 - 13-00) кабыл алышат.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл.

Кыргыз элинин мыкты патриот инсандары 1922-жылы Тоолуу Кыргыз Автономдуу республикасын түзүү аракетин көрүшөт. Бирок бул аракет ишке ашпай калган соң, 1924-жылы Кара Кыргыз автономдуу облусун түзүшкөн. Ошентип Советтер Союзунун составында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баштапкы калыбы түзүлгөн. Соңку тарыхта Кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлгөн.

Бул сүрөттө Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө салым кошкон элибиздин чыгаан уулдары.
31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү.

Быйыл өз алдынча, көз карандысыз суверендүү мамлекет болгондугубузга 33 жыл.
1991-ж. 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемен демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Ошол күндөн бери биз бул күндү Эгемендүүлүк күнү катары белгилеп келебиз.

Урматтуу мекендештер, Эгемен күнүбүз кут болсун!