Салык кызматы / Налоговая служба
4.77K subscribers
2.66K photos
637 videos
25 files
1.12K links
Официальный Telegram канал Налоговой службы КР
Download Telegram
Урматтуу ишкерлер!

🔹Мамлекеттик салык кызматы сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү менен куттуктайт!

🔹Сиздердин эмгегиңиздер, энергияңыздар жана демилгеңиздер экономиканын өсүшүндө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууда маанилүү фактор болуп саналат. Сиздер ийгиликке жана туруктуулукка умтулуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана бакубат жашоосуна олуттуу салым кошуп жатасыздар.

🔹Салык кызматы ар дайым ата мекендик бизнести жүргүзүү жана өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылат.

🔹Сиздерге гүлдөп-өнүгүүнү, жаңы идеяларды жана алардын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалайбыз!
🔹Уважаемые предприниматели!

🔹Государственная налоговая служба Кыргызской Республики поздравляет Вас с профессиональным праздником — Днём предпринимателя КР!

🔹Ваши труд, энергия и инициативность являются важнейшими факторами для роста экономики, создания новых рабочих мест и улучшения уровня жизни граждан. Своим стремлением к успеху и настойчивости вы вносите значительный вклад в развитие и благополучие нашей страны.

🔹Налоговая служба со своей стороны всегда стремится создать благоприятные условия для ведения и развития отечественного бизнеса.

🔹Желаем вам процветания, новых идей и их успешной реализации!
🇰🇬 Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!

Кыргыз тил деп согот дилибиз,
Кыргыз тилде жүрөт дайым ишибиз.
Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📲Салык кызматында онлайн кезек ээлөө функциясы менен жаңыланган электрондук кезек системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📲В Налоговой службе состоялась презентация пилотного проекта по внедрению обновленной системы электронной очереди с функцией онлайн-бронирования
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🇰🇬Кыргыз тилибиз — биздин эне тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган МСКнын Бишкек шаары, түндүк жана түштүк региондору боюнча эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын кызматкерлеринин видеобаяны.
Салык кызматы базарлардын, кичи базарлардын жана эсеп системаларын иштеп чыгуучу IT-компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

🔹Иш-чара базарларда ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу жана салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү боюнча демилгелердин алкагында уюштурулду.

🔹Жолугушуунун жүрүшүндө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды тариздөө процесстерин оптималдаштыруу, электрондук документтерди жүгүртүүнү өркүндөтүү, ошондой эле ишкерлер үчүн убакытты жана финансылык чыгымдарды кыскартууга багытталган жаңы технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

🔹Ишкерлер салык милдеттенмелерин аткарууда пайда болгон актуалдуу көйгөйлөр менен бөлүшүштү, ал эми IT-компаниялардын өкүлдөрү эсепке алууну жана отчеттуулукту жеңилдетүү үчүн инновациялык чечимдерди сунушташты.
ГНС провела встречу с представителями рынков, мини-рынков и IT-компаний, занимающихся разработкой учетных систем

🔹Мероприятие было организовано в рамках инициатив по улучшению условий ведения предпринимательской деятельности на рынках и упрощению исполнения налоговых обязательств.

🔹В ходе встречи обсуждались вопросы оптимизации процессов оформления электронных товаротранспортных накладных и электронных счетов-фактур, совершенствования электронного документооборота, а также возможности внедрения новых технологий, направленных на сокращение временных и финансовых затрат для предпринимателей.

🔹Предприниматели поделились актуальными проблемами, возникающими при исполнении налоговых обязательств, а представители IT-компаний представили инновационные решения для упрощения учета и отчетности.
🔹2024-жылдын сентябрь айынын башынан бери 46 миң 301 ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар 12,25% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин колдонууну тастыктоо жол-жобосунан ийгиликтүү өтүштү.

🔹Cалык кызматы ишкерлерди жана коммерциялык эмес уюмдарды камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифин колдонуу үчүн бул жол-жободон өз убагында өтүүгө чакырат.

🌐Бул үчүн cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, "МСК менен кат алышуу" бөлүмүндөгү "Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн тарифти колдонуу жөнүндө тастыктоону (12,25%)" электрондук түрдө берүү керек.

🔹Белгилей кетсек, кызматка мурда берилген тастыктоону жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү кошулду. Бул мурунку тарифтерге кайтууга же категорияны тууралоо менен жаңы тастыктоону тапшырууга мүмкүндүк берет. Мисалы, турак жай менчик ээлеринин шериктигине, кондоминиумдарга же кооперативдердин айрым категориялары үчүн.
🔹С начала сентября 2024 года 46 тысяч 301 субъектов предпринимательства и некоммерческих организаций прошли процедуру подтверждения применения тарифа страховых взносов в размере 12,25%.

🔹ГНС настоятельно призывает предпринимателей и некоммерческие организации своевременно пройти данную процедуру для применения нового тарифа страховых взносов.

🌐Для этого необходимо войти в Кабинет налогоплательщика на сайте cabinet.salyk.kg и в разделе «Переписка с ГНС» подать электронное «Подтверждение о применении тарифа для субъектов предпринимательства и некоммерческих организаций (12,25%)».

🔹Отметим, что в сервис была добавлена возможность отмены ранее поданного подтверждения. Это позволяет вернуться к прежним тарифам или подать новое подтверждение с корректировкой категории, например, для ТСЖ, кондоминиумов или определённых категорий кооперативов.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстанда молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын милдеттүү түрдө маркалоо башталды

🔹1-октябрда Кант шаарындагы мунай базада молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын маркалоо системасы расмий түрдө ишке кирди.

🔹Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензинди жана дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

🔹Ошол эле учурда, 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.

🔹Отун майын маркалоо анын өндүрүшүнүн жана импортунун көлөмүн эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылат, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзөт, керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргойт, ошондой эле КММга акциз салыгын башкарууну жакшыртат жана өлкөнүн бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтөт.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
В Кыргызстане началась обязательная маркировка топлива с использованием молекулярного маркера

🔹1 октября на нефтебазе в городе Кант состоялся официальный запуск системы маркировки топлива с использованием молекулярного маркера.

🔹Отметим, с 1 октября 2024 года в Кыргызстане введена обязательная маркировка бензина и дизельного топлива, как импортируемого, так и производимого, с использованием молекулярных маркеров.

🔹При этом, с 1 января 2025 года будет запрещен оборот немаркированного бензина и дизельного топлива.

🔹Маркировка топлива обеспечит прозрачность учета объемов производства и импорта топлива, создаст условия для добросовестной конкуренции, защитит потребителей от контрафактной продукции, а также улучшит администрирование акцизного налога на ГСМ и увеличит налоговые поступления в бюджет страны.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Салык кызматы 9 айда 211,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

🔸 Салык кызматы 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 211 млрд 446,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

🔸 Белгиленген план 7,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

🔸 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7 млрд сомго көп чогултулган.

🔸 Жалпы сумманын 157 млрд 117,8 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, ал эми 54 млрд 328,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түздү.

🔸 Салыктар жана төлөмдөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,06 млрд сомго көп жыйналды. План 1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

🔸 Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 млрд сомго өстү. Пландык көрсөткүчтөр 6,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ГНС за январь-сентябрь 2024 года собрала 211 млрд 446,2 млн сомов налогов и страховых взносов.

🔸 Установленный план перевыполнен на 7,6 млрд сомов.

🔸 По сравнению с аналогичным периодом 2023 года было собрано на 32,7 млрд сомов больше.

🔸 Из общего объема поступлений 157 млрд 117,8 млн сомов составили налоги и платежи, а 54 млрд 328,4 млн сомов — страховые взносы.

🔸 Налогов и платежей собрано на 25,06 млрд сомов больше, чем за аналогичный период прошлого года. План перевыполнен на 1 млрд сомов.

🔸 Сбор страховых взносов вырос на 7,7 млрд сомов по сравнению с аналогичным периодом 2023 года. Плановые показатели были перевыполнены на 6,6 млрд сомов.
🔹 Сегодня, 4 октября в Бишкеке состоялось 31-е Заседание Координационного совета руководителей налоговых служб государств-участников СНГ.

🔹 Заседание прошло под председательством главы ГНС Алтынбека Абдувапова.

🔹 В мероприятии приняли участие Председатель Кабинета Министров КР Акылбек Жапаров, делегации налоговых служб Азербайджана, Армении, Беларуси, Казахстана, Кыргызстана, России, Таджикистана, Узбекистана и Исполнительного комитета СНГ.

🔹 Основная тема заседания – внедрение цифровых решений для администрирования налога на добавленную стоимость с целью повышения прозрачности уплаты и упрощения процедуры возврата НДС.

🔹 Представители налоговых органов стран СНГ рассказали о своих практических наработках и результатах по использованию электронных инструментов для улучшения процесса администрирования НДС.

🔹 Также на встрече рассмотрен вопрос совершенствования обмена информацией между налоговыми службами государств-участников СНГ.

Читать подробнее
🔹 Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-жыйыны болуп өттү.

🔹 Жыйын КРнын Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповдун төрагалыгы астында өттү.

🔹 Иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын салык кызматтарынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин делегациялары катышты.

🔹 Жыйындын негизги темасы – КНСти кайтарып берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана төлөөнүн ачыктыгын жогорулатуу максатында кошумча нарк салыгын башкаруу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү болду.

🔹 КМШ өлкөлөрүнүн салык органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн практикалык иштелмелери жана КНСти башкаруу процессин жакшыртуу үчүн электрондук куралдарды колдонуудагы жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

🔹 Ошондой эле жолугушууда КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматтарынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу маселеси каралды.

Толук маалымат
Салык кызматы бухгалтерлер жана финансы тармагындагы адистер үчүн окутуу семинарын өткөрдү

🔹Окуунун жүрүшүндө катышуучулар салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген акыркы жаңылануулар менен таанышышты.

🔹Ошондой эле бухгалтерлер жана финансы адистери практикалык көндүмдөргө ээ болуп, конкреттүү мисалдарды карап чыгып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

🔹Семинардын окуу программасынын негизги бөлүгү жаңы материалдарды бекемдөө жана өздөштүрүү үчүн интерактивдүү дискуссияларды жана практикалык тапшырмаларды өткөрүү болду.

🔹Белгилей кетсек, мындай семинарлар бухгалтердик эсептин сапатын жогорулатууга жана салык мыйзамдарын сактоого багытталган.

🔹Салык кызматы бухгалтерлердин жана финансы адистеринин салык жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы билимин жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишин улантат.
Налоговая служба провела обучающий семинар для бухгалтеров и специалистов в области финансов

🔹В ходе обучения участники ознакомились с последними нововведениями в законодательстве в сфере налогообложения и социального страхования.

🔹Также бухгалтеры и финансовые специалисты приобрели практические навыки, изучили конкретные примеры и поделились опытом.

🔹Ключевой частью обучающей программы семинара стало проведение интерактивных дискуссий и практических заданий для закрепления и усвоения новых материалов.

🔹Отметим, подобные семинары направлены на повышение качества бухгалтерского учета и соблюдение налогового законодательства.

🔹Налоговая служба продолжит работу по повышению уровня знаний и компетенций бухгалтеров и финансовых специалистов в области налогообложения и социального страхования.
🔹Салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин жыйынтыгын чыгарды.

🔹Алсак, салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 66 миң 213 декларациясы, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызмат орундарын ээлеген жактардын 1 миң 416 декларациясы талданган.

🔹Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча 6 миң 272 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларында айырмачылыктар табылган.

🔹Салык мыйзамдарына ылайык, аныкталган дал келбестиктер боюнча материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.

🔹Ошондой эле прокуратура органдарына 5 миң 138 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, 2023-жылга карата салык декларациясын тапшырбагандардын жана мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин тапшырган 775 декларанттын тизмеси жөнөтүлдү.
🔹Налоговая служба подвела итоги работы по обработке и анализу налоговых деклараций государственных и муниципальных служащих за 2023 год.

🔹Так, налоговыми органами проанализировано 66 тыс. 213 деклараций государственных и муниципальных служащих, в том числе 1 тыс. 416 деклараций лиц, занимающих политические, высшие административные и специальные должности.

🔹По результатам проведенного анализа у 6 тыс. 272 государственных и муниципальных служащих обнаружены расхождения в декларациях.

🔹В соответствии с налоговым законодательством, материалы по выявленным несоответствиям переданы в органы прокуратуры, для принятия мер согласно законодательству КР.

🔹Также в органы прокуратуры были направлены списки по 5 тыс. 138 государственным и муниципальным служащим, не представившим налоговую декларацию за 2023 год и по 775 декларантам, представившим ее после истечения установленного законодательством срока.