Dostek.kg news
73 subscribers
11 photos
166 links
Новости компании Dostek group, а также полезная и актуальная информация, новости законодательства для организаций и индивидуальных предпринимателей в сфере представления отчетности.

Ссылка на чат: https://t.me/DostekBot
Download Telegram
to view and join the conversation
​​2021-жылга республика боюнча орточо айлык акы көлөмү

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, сайтта 2021-жылга республика боюнча орточо айлык акы 💳 көлөмү боюнча таблица пайда болгонун билдирет.
Таблица «Жардам – Формаларды толтуруу» бөлүмүндө Социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсептик ведомостун толтуруу боюнча бөлүктүн курамында жайгашкан. Ошондой эле, таблицаны төмөндөгү шилтемеден ачууга болот 👇

Размер среднемесячной заработной платы по республике на 2021 год

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует, что на сайте появилась таблица по размеру среднемесячной заработной платы 💳 по республике на 2021 год.
Таблица размещена в разделе «Помощь – Заполнение форм», в блоке Расчетной ведомости по средствам социального страхования. Также таблицу можно открыть по следующей ссылке 👇
http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20210121144100
​​Алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

Этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жыл сайын жогорулашына ылайык, 2021-жылдын январынан тартып бул продукциялардын түрлөрүнө акциздин жаңы ставкалары белгиленгендигин Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Бул ЕАЭБдин алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалды.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. 2022-жылы акциз 140 сомду, 2023-жылдан тартып 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 120 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда бул ставка 100 сомду түзгөн. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-жылы бул сумма 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө калды.

Булак: https://www.sti.gov.kg

Повысились ставки акцизного налога на алкогольную продукцию

Государственная налоговая служба КР сообщает, что согласно ежегодному повышению ставки акцизного налога на этиловый спирт и отдельные виды алкогольной продукции, с января 2021 года установлены новые ставки акциза на эти виды продукции.

Это было сделано в целях гармонизации ставок акцизов в рамках ЕАЭС.

В частности, акцизы на водку и ликероводочные изделия, крепленые напитки повышены со 100 сомов до 120 сомов за 1 литр. В 2022 году акциз составит 140 сомов, с 2023 года – 160 сомов.

Ставка акциза на этиловый спирт установлена в размере 120 сомов за 1 литр, ранее эта ставка составляла 100 сомов. В следующие два года акцизный налог будет повышаться на 20 сомов ежегодно.

Акциз на коньяк повышен с 70 сомов до 80 сомов за литр. В 2022 году эта сумма будет составлять 90 сомов за литр, в 2023 году – 100 сомов.

Акциз на слабоалкогольные напитки остался на уровне 200 сомов за литр.

Источник: https://www.sti.gov.kg
​​2021-жылдын 22-23-февралында кеңсенин иштөө тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарларына жана өнөктөштөрүнө маалымдайт: 2021-жылдын 22-февралында кеңсе кыска иш күнү тартибинде саат 16.30га чейин иштейт, ал эми 23-февралда Мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоого байланыштуу, кеңсе иштебейт.
СОчИ системасы майрам жана дем алыш күндөргө карабастан 24/7 тартибинде иштейт.

График работы офиса на 22-23 февраля 2021 года

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует всех своих клиентов и партнеров, что 22 февраля 2021 года, офис будет работать в режиме короткого рабочего дня до 16.30, 23 февраля – в честь празднования Дня защитника Отечества – офис не работает.
Напоминаем, что система СОчИ работает в режиме 24/7 вне зависимости от праздничных и выходных дней.
​​Мекенди коргоочулардын Күнү менен куттуктайбыз!

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы эркектердин баарын Мекенди коргоочулардын Күнү менен куттуктайт!
Сиздерге чың ден-соолук, иштериңиздерге ийгилик жана алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүн каалайбыз!
Ар дайым күчтүү, акылман, кайраттуу жана жеңилгис болуп, үй-бүлөңүздөрдүн, өзүңүздүн идеяларыңыздын, тандаган багытыңыздардын жана турмуштагы принциптериңиздердин коргоочусу болушуңуздарды каалайбыз!

Поздравление с Днем защитника Отечества!

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» поздравляет всех мужчин с Днем защитника Отечества!
Желаем вам крепкого здоровья, успехов во всех делах и пусть в Вашей жизни будет много возможностей для достижения своих целей.
Оставайтесь всегда сильными, мудрыми, уверенными, смелыми и непобедимыми защитниками своей семьи, своих идей, своих стремлений и жизненных принципов!
​​ЕАЭБ мүчөлөрү болгон өлкөлөрдүн жарандарынын пенсиялык укуктары теңделди 👍

ЕАЭБ мүчөлөрү болгон өлкөлөрдүн жарандарын пенсиялык камсыздоо жөнүндөгү Макулдашуунун 2021-жылдын 1-январынан күчүнө киргенине байланыштуу, «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна ЕАЭБ өлкөлөрү 🇦🇲 🇧🇾 🇰🇿 🇰🇬 🇷🇺 жана Туркиянын 🇹🇷 жарандары болгон жумушчуларды мамлекеттик социалдык камсыздоо ведомостунда көрсөтүү тартиби боюнча кайрылуу жасаган.
Кайрылуу 4 суроону камтыган:
1️⃣ ведомостто «жумушчунун категориясынын кодун» көрсөтүу тартиби, колдонулуучу тарифтин көлөмү жөнүндө (мекеменин уюштуруу-укуктук ишмердүулүгүнө жана колдонулуучу тарифине, ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрү, Туркиянын жарандары болгон жумушчулардын ээлеген кызматына карата);
2️⃣ ЕАЭБ өлкөлөрү жана Туркиянын жарандары үчүн жаңы шарттарды колдонуп баштоо мезгили жөнүндө;
3️⃣ жаңы тартипти колдонуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн негизи жөнүндө – нормативдик акт менен берененин номерин тактоо;
4️⃣ жаңы тартипти колдонуу жөнүндө – милдеттенме же укук катарыбы.
Кайрылууга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун расмий жооптору менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот 👇


Пенсионные права граждан государств-членов ЕАЭС приравнены 👍

В связи с тем, что с 1 января 2021 года вступило в силу Соглашение о пенсионном обеспечении трудящихся государств-членов ЕАЭС, компания «ДОС ТЭК ГРУПП» обратилась с письмом в Социальный фонд Кыргызской Республики с вопросом о порядке отражения в ведомости по государственному социальному страхованию работников-граждан стран ЕАЭС 🇦🇲 🇧🇾 🇰🇿 🇰🇬 🇷🇺 и Турции 🇹🇷
Обращение содержало 4 вопроса:
1️⃣ о размере, применяемого тарифа и порядке отражения «кода категории работника» в ведомости (в зависимости от организационно-правовой деятельности предприятия, применяемого к нему тарифа и занимаемой должности работника- гражданина стран ЕАЭС и Турции);
2️⃣ о сроках, начиная с которых применяются новые условия для граждан стран ЕАЭС и для стран Турецкой Республики;
3️⃣ об основаниях для применения нового порядка отражения и начисления страховых взносов с указанием нормативного акта и номера статьи;
4️⃣ о применении новых норм - как обязательство или как право.
С официальными ответами Социального фонда Кыргызской Республики на вышеуказанные вопросы, можно ознакомиться по ссылке 👉 http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20210310101143
​​СОчИ системасындагы балансты Мбанк онлайн аркылуу толуктоого болот

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, СОчИ системасындагы балансы толуктоонун дагы бир ыкмасы жөнүндө маалымдайт. Бул Кыргызстан коммерциялык банкынын Мбанк онлайн тиркемеси!

Мбанк онлайн аркылуу төлөмдөр СОчИге ошол замат түшөт. Тиркемеде компаниянын 2 кызматы бар:
электрондук колтамга үчүн төлөм – биздин компаниядан электрондук колтамганы биринчи жолу алуучу жаңы кардарлар үчүн;
балансты толуктоо – СОчИ системасын колдонуучу кардарлар үчүн.

Тиркемени телефонуңузга Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алса болот, катталуу Кыргызстан коммерциялык банкынын бардык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
Мбанк онлайн аркылуу балансы толуктап, кызматтарга төлөө боюнча колдонмо www.dostek.kg сайтыбыздын Жардам – Колдонмолор бөлүмүндө жайгашкан.


Баланс в системе СОчИ можно пополнять через Мбанк онлайн

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» рада сообщить, что доступен еще один способ пополнения баланса в системе СОчИ через мобильное приложение Мбанк онлайн от Коммерческого банка Кыргызстан!

Платежи через Мбанк онлайн поступают на баланс СОчИ моментально. В приложении доступны 2 услуги:
оплата за электронную подпись – для новых клиентов, еще не получавших электронную подпись в нашей компании;
пополнение баланса – для действующих клиентов компании.

Скачать приложение на телефон можно на Google Play и App Store, регистрация в любом отделении Коммерческого банка Кыргызстан.
Подробная инструкция по оплате через Мбанк онлайн размещена в разделе Помощь – Инструкции на нашем сайте www.dostek.kg
​​7-апрель күнү компаниянын кеңселери иштебейт

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 7-апрель кунү кеңселеринде дем алыш жарыяланганын маалымдайт. Калган иш күндөрү кеңселер кадимки тартипте саат 9дан 17.30га чейин иштешет.
Ал эми СОчИ системасы дем алышсыз, күнү-түнү иштээрин эскертебиз.

7 апреля – нерабочий день в офисах компании

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» уведомляет, что 7 апреля (среда) в офисах объявлен нерабочий день. Все остальные рабочие дни офисы компании работают в штатном режиме с 9.00 до 17.30.
Напоминаем, что система СОчИ в вышеуказанный день работает в своем обычном режиме – 24/7.
​​СОчИ системасында отчеттордун черновиктери менен кантип иштөө керек?

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы СОчИ системасында отчеттордун черновиктерин сактоого боло турганын маалымдайт.

Эгер отчет толтурууда башка отчетко өтүү же системадан чыгуу керек болсо, отчетту черновикке сактоо функциясы бар. Толтурууну улантууга киришкенде отчетуңузду черновиктен жүктөп алсаңыз болот.

Отчеттордун черновиктери менен иштөө боюнча колдонмо менен биздин сайттын Жардам – Колдонмолор бөлүмүнөн же кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20210406104541

Как работать с черновиками отчетов в системе СОчИ?

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует, что в системе СОчИ можно сохранить черновик отчета.

Если при заполнении отчета вам необходимо заняться другим отчетом или выйти из системы, то теперь есть функция сохранения отчета в черновик. Вернувшись к заполнению, вы можете выгрузить сохраненный отчет из черновика.

Подробнее о правилах работы с черновиками можно ознакомиться в инструкции, размещенной в разделе Помощь – Инструкции нашего сайта или по следующей ссылке: http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20210406104533
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби менен тааныштырат.

4-майда (шейшемби) – кеңселер кыскартылган иш күнүнүн тартибинде саат 16.30га чейин иштейт.

5--майда (шаршемби) – Конституция Күнүн майрамдоо менен байланыштуу дем алыш күн.

Жогоруда аталбаган күндөрдө кеңселер өзүнүн кадимки тартибинде иштешет:
• Иш күндөру: дүйшөмбү – жума, саат 9.00дөн 17.30га чейин.
• Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.

Дем алыш күндөрү да СОчИ системасы 24/7 тартибинде иштээрин эскертебиз.


График работы офисов компании на начало мая

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует о графике работы своих офисов на начало мая.

4 мая (вторник) – офисы работают в режиме укороченного рабочего дня – до 16.30.
5 мая (среда) – выходной день в связи с празднованием Дня Конституции и Дня Победы.

В дни, не указанные выше, офисы работают в обычном режиме:
• Рабочие дни: понедельник – пятница, с 9.00 до 17.30.
• Выходные дни: суббота, воскресенье.

Напоминаем, что независимо от выходных и праздничных дней, система СОчИ работает в штатном режиме – 24/7.
Орозо Айтты майрамдоого байланыштуу 13-майда кеңселерде дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы Орозо Айтты майрамдоого байланыштуу 13-майда (бейшемби) кеңселерде дем алыш күн жарыяланганын маалымдайт.
Аталган күнү СОчИ системасы кадимки тартипте иштээрин эскертебиз.

13 мая офисы не работают в связи с празднованием Орозо Айт

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует о том, что 13 мая (четверг) в офисах объявлен выходной день в связи с празднованием Орозо Айт.
Напоминаем, что система СОчИ в вышеуказанный день работает в штатном режиме.
​​Жаңы бириккен 161-форма СОчИ системасында тапшырууга жеткиликтүү

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгектик мамилелер боюнча отчетунун формасы (FORM STI-161) СОчИ системасында тапшырууга жеткиликтүү болгонун кабарлайт.

Бириктирилген форма отчеттуулуктун 5 түрүн алмаштырат, анын ичинде:
1) Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкаркы) (FORM STI-134);
2) Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-017);
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-058);
4) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомосту;
5) Эмгек боюнча отчет (Форма № 1-Т).

Ошентип салык төлөөчү (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) тарабынан салык органдарына жана Улуттук статитстика комитетине берилүүчү отчеттуулуктун беш түрдүн ордуна бир мамлекеттик органга – салыктык же эсептик каттоосу боюнча салык кызматына бир отчет берилет.

Форма черновикке сактоо мүмкүнчүлүгү менен жабдылган. Отчеттордун черновиктери менен иштөө боюнча кененирээк маалыматты биздин www.dostek.kg сайтыбыздын Жардам – Колдонмолор бөлүмүнөн же шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот. http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20210406104533

Форманы толтуруу тартиби менен Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы Формы отчетов – Подоходный налог – 2021 бөлүмүнөн же шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот. https://www.sti.gov.kg/docs/default-source/otchet/%D0%BF%D0%BE%D1%80%D1%8F%D0%B4%D0%BE%D0%BA%D0%B7%D0%B0%D0%BF%D0%BE%D0%BBsti161.pdf?sfvrsn=2

Маалыматтык жана техникалык колдоо алуу үчүн 0312 960360, 0706 960360, 0558 960360 жана 0776 960360 телефон номерлерине же www.dostek.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу кайрылыңыздар.
Новая объединенная форма 161 доступна для сдачи в системе СОчИ

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» рада сообщить, что в системе СОчИ доступна для сдачи новая объединенная форма - Отчет по подоходному налогу, отчислениям по государственному социальному страхованию и трудовым отношениям (FORM STI-161).

Объединенная форма заменяет 5 видов отчетности, в том числе:
1) Отчет по подоходному налогу, удерживаемому налоговым агентом (за исключением субъекта малого, среднего предпринимательства, некоммерческих организаций) (FORM STI-134);
2) Информация о суммах выплаченных доходов и удержанного подоходного налога налоговым агентом (FORM STI -017);
3) Информация о суммах выплаченных доходов и удержанного подоходного налога налоговым агентом с физических лиц, работающих по договорам, заключенным в соответствии с трудовым законодательством Кыргызской Республики (FORM STI-058);
4) Расчетная ведомость по средствам государственного социального страхования (Форма 1);
5) Отчет по труду (Форма № 1-Т).

Таким образом, налогоплательщик (за исключением малого, среднего предпринимательства и некоммерческих организаций) вместо пяти видов отчетности, представляемых в налоговые органы и Национальный статистический комитет, представляет один отчет в один государственный орган – налоговый орган по месту налоговой или учетной регистрации.

Форма снабжена возможностью сохранения в черновик. Подробная инструкция по работе с черновиками доступна в разделе Помощь - Инструкции или по ссылке. http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20210406104533

С Порядком по заполнению формы можно ознакомиться на сайте Государственной налоговой службы www.sti.gov.kg в разделе Формы отчетов – Подоходный налог – 2021 или по ссылке. https://www.sti.gov.kg/docs/default-source/otchet/%D0%BF%D0%BE%D1%80%D1%8F%D0%B4%D0%BE%D0%BA%D0%B7%D0%B0%D0%BF%D0%BE%D0%BBsti161.pdf?sfvrsn=2

Для получения информационной и технической поддержки просим обращаться по номерам телефонов: 0312 960360, 0706 960360, 0558 960360 и 0776 960360, также можно обратиться через онлайн-чат на нашем сайте www.dostek.kg
​​161 формасындагы отчетко excel-шаблону кошулду

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы «Киреше салыгы, мамалекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчетуна» (FORM STI-161) excel-шаблону кошулганын маалымдайт.

Шаблондо кол менен терилүүчү мамычалар гана бар. Калган мамычалар шаблон формага жүктөлгөндөн кийин система тарабынан автоматтык түрдө эсептелет.

Ошондой эле, формада берилмелерди мурунку отчеттон жуктөө жана отчетту черновикке сактоо мүмкүнчүлүктөрү бар экенин эсиңиздерге салабыз.

К отчету по форме 161 добавлен excel-шаблон

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует, что в «Отчет по подоходному налогу, отчислениям по государственному социальному страхованию и трудовым отношениям» (FORM STI-161) добавлен excel-шаблон.

В шаблон включены ячейки, предназначенные для ручного ввода. Все остальные ячейки рассчитываются системой автоматически после загрузки шаблона в форму отчета.

Также напоминаем, что в форме есть возможность загрузки данных из предыдущего отчета, а также сохранения отчета в черновик с дальнейшей выгрузкой из черновика.
1-июлда СОчИ системасында техникалык танапис

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, 2021-жылдын 1 июль күнү, саат 17.30дан 21.00гө чейин СОчИ системасында техникалык жумуштар өткөрүлөөрүн кабарлайт.

Системада иштөөнү жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттү эске алуу менен пландоону суранабыз.


1 июля - технический перерыв в работе системы СОчИ

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует о техническом перерыве в работе системы СОчИ, который запланирован на 1 июля 2021 года с 17.30 до 21.00.

Просим всех пользователей планировать работу в системе с учетом вышеуказанного периода.
​​Жакынкы аптада компаниянын кеңселеринин иштөө тартиби

Курман Айтка байланыштуу, «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын кеңселеринде 19-, 20-июлда (дүйшөмбү, шейшемби) дем алыш күндөр, 24-июлда (ишемби) кеңселер кадимки тартипте иштешет.

СОчИ системасы дем алышсыз, күнү-түнү иштээрин эсиңиздерге салабыз.

График работы офисов компании на ближайшую неделю

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует, что в связи с Курман Айт, 19, 20 июля (понедельник, вторник) – в офисах компании выходные дни, 24 июля (суббота) офисы будут работать в штатном режиме.

Напоминаем, что система СОчИ работает в прежнем режиме 24/7.
​​Август айынын аягында кеңселердин иштөө тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, август айынын аягындагы иштөө тартибин маалымдайт.
Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнүн белгилөөгө байланыштуу, августтун 28нен 31не чейин (кошумча) компаниянын кеңселери иштебейт. 1-сентябрдан баштап кеңселер ишин кадимки тартипте улантат.
СОчИ системасы дем алыш жана майрам күндөрүнө карабастан, күнү-түнү иштээрин эсиңиздерге салабыз.

График работы офисов компании на конец августа

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует о графике работы своих офисов на конец августа текущего года.
В связи с празднованием Дня Независимости Кыргызстана, с 28 по 31 августа (включительно) офисы компании не работают. С 1 сентября компания начинает работать в штатном режиме.
Напоминаем, что система СОчИ работает в режиме 24/7, независимо от выходных и праздничных дней.
​​2022-жылга минималдуу киреше эсебинин (МРД) айлык көлөмү бекитилди

2021-жылдын 30-сентябрынан Кыргыз Республикасынын №194-Токтому менен 2022-жылга минималдуу киреше эсебинин айлык көлөмү бекитилди 🔔

Токтом 2022-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

2022-жылга МРД айлык көлөмүнун таблицасы – шилтеме аркылуу жеткиликтүү ⬇️
http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20211013131821

Булак: www.sti.gov.kg

Утвержден размер минимального расчетного дохода (МРД) в месяц на 2022 год

Постановлением Кабинета министров Кыргызской Республики от 30 сентября 2021 года №194 утвержден размер минимального расчетного дохода в месяц на 2022 год 🔔


Постановление вступает в силу с 1 января 2022 года.

Таблица размеров МРД в месяц на 2022 год – доступна по ссылке ⬇️
http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20211013131821

Источник: www.sti.gov.kg
​​Социалдык фонддун каттоо номери боюнча районду аныктоо

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсү катары катталган жеке жана юридикалык жактарга КР Социалдык фондунун автоматташтырылган системасында түзүлүүчү Соцфонддун каттоо номери ыйгарылат.

Каттоо номери 12 сандан туруп, анын биринчи үч саны Социалдык фонд районунунун кодуна туура келет ☝️

Мисалы, уюмдун каттоо номери «104000208972» болгон учурда, номердин «104» биринчи үч саны Октябрь районунун коду болот. Демек, бул уюм, филиал же уюмдун бөлүмү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсү катары Социалдык фонддун Октябрь району боюнча башкармалыгында катталган.

Мамлекеттик салык кызматынын системасында же электрондук отчеттуулук системаларынын операторлору аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу отчетун 📝 тапшырууда, төлөөчү катталган райондун коду боюнча орточо айлык акынын (СМЗ) көлөму автоматтык түрдө ошол районго/шаарга тиешелүү өлчөмдө эсептелет.

Салык кызматы менен Соцфонд райондорунун коддору төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү ⬇️ http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20211014151034

Как определить район Соцфонда по регистрационному номеру?

При регистрации в качестве плательщиков страховых взносов физическим и юридическим лицам присваивается регистрационный номер Социального фонда КР, который формируется в автоматизированной системе Соцфонда.

Регистрационный номер состоит из 12 цифр, первые три цифры соответствуют коду района Социального фонда ☝️

К примеру, если регистрационный номер компании «104000208972», то первые три цифры номера «104» являются кодом Октябрьского района. Значит данная компания, филиал или подразделение зарегистрировано в качестве плательщиков страховых взносов в Октябрьском районном управлении Социального фонда.

При сдаче отчета 📝 по государственному социальному страхованию автоматические системы ГНС и операторов сервиса электронной отчетности, считав код района, в котором зарегистрирован плательщик страховых взносов, автоматически применяют в расчетах среднемесячную заработную плату данного района/города.

Коды районов ГНС и Соцфонда доступны по ссылке ⬇️ http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20211014151034
​​СОчИ системасында техникалык танапис

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 2021-жылдын 27-октябрында, саат 18.00дөн 20.00гө чейин СОчИ системасында өткөрүлүүчү техникалык танапис жөнүндө маалымдайт.

Колдонуучуларга системада иштөөнү танапистин убагын эске алуу менен пландоону сунуштайбыз.

Технический перерыв в работе системы СОчИ

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует о предстоящем техническом перерыве в работе системы СОчИ, который запланирован на 27 октября 2021 года с 18.00 до 20.00.

Просим пользователей запланировать работу в системе с учетом вышеуказанного перерыва.
Жакынкы күндөрдө компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы күндөрдөгү иш тартибин жарыялайт. Ноябрдын 6сынан 9на чейин (кошумча), Тарых жана ата-бабаларды эскерүү кундөрүн белгилөөгө байланыштуу, компаниянын кеңселери иштебейт. 5-ноябрь күнү кеңселер кыска иш күн тартибинде саат 16.30га чейин иштейт.

СОчИ системасы, дем алыш жана майрам күндөрүнө карабастан, 24/7 тартибинде иштейт.

График работы офисов компании на ближайшие дни

Компания «ДОС ТЭК ГРУПП» информирует о предстоящих нерабочих днях. С 6 по 9 ноября (включительно) во всех офисах компании объявлены нерабочие дни, в связи с празднованием Дней истории и памяти предков. 5 ноября офисы работают в режиме укороченного рабочего дня – до 16.30.

Система СОчИ работает в штатном режиме – 24/7, независимо от выходных и праздничных дней.