Дени сак жашоо🩺
105 subscribers
48 photos
9 videos
28 files
11 links
🔹"Инсандар, баркына жетпеген эки нээмат бар,алар ден соолук жана бош убакыт" хадис

🔹 Айымдар үчүн ден соолук боюнча блог 👩🏻‍⚕️

🌐 Инстаграм @denisakjashoo
Download Telegram
Миллиардсыз миллиардер.

Аравиядагы Аль-Кассим аттуу шаарында 200 000ден ашык пальма дарагы отургузулган чоң бакча тигилген. Ал бакта курма мөмөсүнүн 45тен ашуун түрү бар жана ал курма дарактары жылына 10 000 тоннадан түшүм берет.
Аталган Пальма багы дүйнөдөгү эң ири тыныгуучу Курмазар. Алынган түшүмдүн кирешеси дүйнөнүн төрт бурчунда курулуп жаткан мечиттерге сарпталат. Андан сырткары көптөгөн кайрымдуулук иш-чараларга жумшалат. Ошондой эле, ислам мекени болгон куттуу шаарлар Мекке жана Мединадагы ыйык мечиттеринде ыйык орозо айында ооз ачуу жараяндарын каржылайт.

Бул пальма курма багы Саудиянын эң бай, дөөлөттүү адамы Сулайман Аль-Раджхи аттуу жоомарт киши тарабынан негизделип тигилип, ал түбөлүктүү эмгегин жалгыз гана Улуу Аллах Субхаанака уа Тааланын жолуна багыштаган.

КЕНДИРДИ КЕСКЕН КЕДЕЙЛИКТЕН БАК-ДӨӨЛӨТКӨ КАРАЙ ЖОЛ.

Сулайман Аль-Раджхи жакыр үй-бүлөнүн перзенти эле. Мектепте окуп жүргөн мезгилде мектеп администрациясы көңүл ачуучу иш-чара менен турнир уюштуруп, ар бир окуучуга 1 реал алып келүүсүн буюрат. Ата-энесинде мындай каражат болбогондуктан турнир жакындаган сайын 1 реалды кайдан алам деп абдан кыжаалат болот. Ал арада мурдатан тапшырган кварталдык экзамендин жыйынтыгы чыгып, Сулайман Аль-Раджхи биринчи орунга жетишип, ага бул жетишкендиги үчүн мугалим устаты сыйлык иретинде 1 реал берет. Кубанычтан аптыга чуркап барып, турнирдин уюштуруучусуна 1 реалды тапшырат.
Талыкпай билим алып, иштей баштайт. Джидда шаарында чакан бизнес ачып, ийгиликтерди жаратат. Анын аракетине Аллах береке берип, аз аралыкта анын чакан банктык тармагы бүткүл Саудияга таркайт.
Эңсеген бийиктиктерди багынткан соң сыйлык үчүн 1 реал берген Палестиналык устатын издеп табат. Бул учурлар экономикалык каатчылык мезгил болгондуктан пенсионер мугалиминин үйүндө мешке жакчу отуну да жок эле. Устатын унаасына отургузуп алып, "Сизден карызымды кутулганы келдим" - дейт.
- Кандай карыз? - деп таңдана берген суроосуна мектептеги берген 1 реалды эстетет да, машинаны ыңгайлуу жерге токтотуп: "Бул унаа сизге жана мындан ары сиздин бардык чыгымдарыңыз камсыздалып турат" - деп жооп берет. Буга ишене албай турган мугалими көздөрүнө жаш алып: "Бул өтө эле чоң белек" - дейт.
- Сиз мага биринчи орунду алганда сыйлык катары берген 1 реал мен үчүн мындан да чоң белек болчу, ал күн мен үчүн өзгөчө унутулгус болгон, анткени ал күндөрдө 1 реал табуу өтө олуттуу маселе эле!

Бүгүнкү күндө Сулайман Аль-Раджхинин Пальма багынын наркы 60 миллиард реалдан ашат. Андан тышкары Сауд Аравияда өздүк банкы, компаниялары бар. Пандемия учурунда коронавирус менен күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 170 миллион реал жана Мекке шаарынан эки мейманканасын берген.

"Forbes" журналы Сулейман Аль-Раджхини дүйнөдөгү эң көп кайрымдуулук кылган 20 адамдын катарына кошкон.

Дүйнөдөгү эң чоң Ислам банкын негиздеп чыгуу менен катар Жакынкы Чыгышта эң ири канаттуулар фабрикасын ачкан. Бул кишинин өмүр баяны ийгиликтүү жана өрнөк алчу окуяларга бай. Саудияда Аль-Раджхинин үй-бүлөсү салбаган мечитти дээрлик таппайсың. Бардыгы болуп 1,5 миллион кызматчыларына айлык маяна менен камсыз кылып турат. Ал айтат: "Мен сексенден аштым. Мага эч нерсе керек эмес, акчага муктаждык жок, акча иштетпейм, менин чыгымдарымды фонд төлөйт, бардык тараптан камсызмын".

"Акчасыз миллиардер болуу кандай?"- деп сурашканда, ал жылмаюу менен: "Бул өзгөчө жеңилдик, бул өзгөчө эркиндик, өзүмдү көктөгү канатын кенен жайган куштай сезем, качан Раббим өзүнө чакырганда, дилим менен ага аттанам, артыма кылчайып кетенчиктей турган себеп жок, эркинмин!"- деп жооп берген.
Толук уктоо үчүн 6 кеңеш:

1. Саат 23:00дөн кеч эмес уктоо 🌿

2. Уктаар алдында бөлмөнү желдетүү 🌿

3. Кечинде көп тамак жебе 🌿

4. Уктоого бир саат калганда телефонду караба 🌿

5. Толук караңгылыкта уктоо 🌿

6. Бүгүн колдонуңуз🌿
Берекелүү Рамадан айы бүтөөрүнө аябай аз күн калды🥺
Бошобой бекем дуба кылайлы 🤲

Орозо тутуучулар гана кире турган Ар Раян бейиш эшигинен тизилип кирүүбүздү Аллах Таала ар бирибизге насип кылсын

Кийинки жылы келүүчү Рамадан айында Аллах Таала баарыбызды Ажылык парзды аткарууга чакырсын
30 күн боюу ибаадатта Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллаху алейхи уассалам жүргөн жерлерде басып,ибаадат м-н өткөрүүнү насип кылсын 🤲

Кек,таарынычты сактап калбай кечирели!

Аллах үчүн кечирели бири бирибизди!

Туугандык мамилени бекемдейли 🌙

Баарыңыздарды Аллах үчүн жакшы көрөм 🌷💜

@denisakjashoo
#рамазан2022
#орозо
https://www.instagram.com/p/Cc9XH1qoLHh/?igshid=MDJmNzVkMjY=
Өзүңдү оку!🌷
Ассаламу алейкум

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: *مَا عَمِلَ آدَمِيٌّ مِنْ عَمَلٍ يَوْمَ النَّحْرِ أَحَبَّ إِلَى اللهِ مِنْ إِهْرَاقِ الدَّمِ.* (ت)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: *«Адам баласы Курман айт күнү, курмандык чалуудан артык Аллахка сүйкүмүү иш кыла албайт.»* (Сунан Тирмизи)

🌹 Бүгүнкү *Жума* жана *Арапа* күнүңүз куттуу берекелүү болсун 🌹
📌 Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн.