Bulaknews_kg
31 subscribers
329 photos
132 videos
43 links
Маалымат булагы
Download Telegram
Аялын өлтүрүп, дене мүчөлөрүн Сокулук менен Бишкекке ыргыткан күйөөсү кармалды
Киши колдуу болуп, денесинин бөлүктөрү Чоң Чүй каналында табылган аялдын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл 14-октябрда Сокулук районунда Чоң Чүй каналынын шлюзунда (дюкер) киши колдуу болгон адамдын дене мүчөлөрү табылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун калган дене мүчөлөрү Бишкек шаарынын аймагынан (суу каналынан) табылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Сокулук жана Бишкектин аймагында табылган дене мүчөлөрү бир кишиге (аял киши) таандык экени аныкталган. Бирок дене бузула баштагандыктан киши колдуу болгон аялдын өздүгү аныкталбай келген. Бул өтө оор кылмыштын бетин ачууга тажрыйбалуу тергөөчүлөр тартылган», — деп билдирет облустук милиция.
Bulaknews_kg
Аялын өлтүрүп, дене мүчөлөрүн Сокулук менен Бишкекке ыргыткан күйөөсү кармалды Киши колдуу болуп, денесинин бөлүктөрү Чоң Чүй каналында табылган аялдын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда…
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында киши колдуу болгон аялдын өздүгү такталып, маркум Аламүдүн районунун Пригородное айылынын 48 жаштагы Х.М. аттуу тургуну болгондугу аныкталган.
«Бул кылмышка маркумдун 54 жаштагы А.И. аттуу жолдошунун тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал кылмыш жасагандан кийин Россияга чыгып кеткен. Ага байланыштуу шектүүгө издөө жарыяланган», — деп билдиришти милициядан.
25-ноябрда шектүү Россиянын Ханты-Мансийск шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. Тергөө иштери уланууда.
Айтматовдордун үй бүлөсүндө жакшы жаңылык!
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов уулдуу болду. Бул тууралуу анын жубайы социалдык тармактагы баракчасында жазды.
«Кош келдиң, уулум»,- деп жазды ал.
Кошумчалай кетсек, ымыркай Элдар Айтматовдун бешинчи баласы.
Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча “Адилет" клиникасы Бишкек шаардык соту Конституцияны бузганын билдирди. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө чечимди өлкөнүн президенти гана чыгара ала турганы белгиленген. Адвокаттар Темировдун жарандыгынан чыгуу боюнча президенттин жарлыгы жок болгондуктан, сот КР жаранын өлкөдөн чыгарып жибергенин, бул Конституцияга каршы келерин айтышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу парламенттеги «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем»,-деп жазды ал.
Ошол эле учурда Акаев Айдарбековдун учурда кайсы жакта экени тууралуу маалымат калтырган эмес.
Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалды деген маалыматты четке каккан. Атайы кызмат Айдарбеков суракка чакырылбаганын белгилеп, ал казак-кыргыз чек арасын кесип өткөнүн кабарлаган.
Астанадагы мыйзамсыз митингдин уюштуруучусу 15 суткага камакка алынды.

27-ноябрда административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык соту Марат Абиевге карата эки ишти караган.

Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Абиев 26-ноябрда Астана шаарынын жергиликтүү аткаруу органынан уруксат албай, Коргалжинский трассасынын боюнда митинг уюштуруп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей койгон.
Сокулукта куткаруучулар аңчылыкка кеткен бойдон кайтпай жаткан жаранды издеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Кичи-Тоо» тоосуна 1961-жылы туулган А. Б. жана 1972-жылы туулган З. Д. аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан.
Ошол эле күнү А.Б. аттуу жаран күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келген.
Ал эми З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуумаалымат «112» кызматына түшкөн.
Бүгүн аталган 45 жаштагы З.Д. аттуу жаранды издөөгө ӨКМдин Сокулук райондук №23 ӨКББдан 5 куткаруучусу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Францияда камактагылардын саны рекорддук чекке жетти. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөнүн түрмөлөрүндө 73 миңге (72 809) жакын адам отурат.
Жалпысынан түрмө администрациясынын карамагында болгону 60 миң орун бар. Түзөтүү мекемелеринин толтурулушу 120%га жеткендигине байланыштуу абактагылардын көбү жерге төшөктө жатып уктоого аргасыз.
Европалык масштабда 100 миң тургунга эсептелген туткундардын саны боюнча Франция ортодо турат. Бирок Европа Кеңешинин жаңы баяндамасында бул көрсөткүч 92ден 107ге чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул Украина менен Грециядагыдай эле көрсөткүч.
Франциянын 56 түрмөсү 150% толуп, үчөөндө абактагылардын саны орундардын санынан эки эсе көп. Ошол эле учурда эркиндигинен ажыратуу жайларында отургандардын дээрлик төрттөн бири соттолуучулар, башкача айтканда, алар өкүмдү күтүп жатышат, демек, күнөөсүз деп эсептелинет.
Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Чектөө кечээ, 28-ноябрда саат 18:00дөн тартып киргизилген. Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар. Учур постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.
Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан Чычкан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.
SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү делген экинчи жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-октябрда Ж.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Ал арызында 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен белгисиз жарандар күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 телефонун жана 3,5 миң сом акчасы бар капчыгын тартып алышканын билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү экинчи киши – 22 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына 18-декабрга чейин камакка алынган. Учурда тергөө улантылууда.
Эскертке кетсек, буга чейин шектүүлөрдүн бири – 22 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, ал эми экинчи шектүү изделип жаткан.
Бишкекте төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек жана Ынтымак деген ысымдар ыйгарылды.
Ымыркайлардын ата-энеси Садырбек, Камчыбек жана Ынтымак деп ат койгонунун себебин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөнүн келечеги үчүн ынтымакта иштеп жатышат деп түшүндүрүшкөн. Мындан улам алар наристелерине ушундай ысымдарды ыйгарууну туура көрүшкөн.
Үч эмдин энеси Назира Жакыпова Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынан Бишкекке жиберилип көз жарган.
Үй-бүлөдө мындан башка дагы эки кыз, эки уул бар.
Бишкектеги №33 мектептин мугалими кургак учук менен ооруганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунан билдиришкендей, бейтап профилактикалык текшерүү учурунда аныкталган. Ал 14-ноябрда №1 Үй-бүлөлүк борборунуна кайрылып, какырыктын микроскопиясына жиберилген.
Ал эми 15-ноябрь күнү фтизиатрда өпкө кургак учугу диагнозу менен каттоого алынган (дарылоо амбулатордук шартта жүргүзүлөт).
«Бишкек шаарынын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык иликтөө жүргүздү. Мугалимдер медициналык кароодон өтпөстөн (көкүрөк рентгени жок) жумушка алынганы айтылды. Мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, учурда байланышта болгон балдар (163 бала) медициналык кароодон өткөрүлүүдө, Манту сынамасы, мектеп окуучулары жалпы кан жана заара анализин тапшырууда», — деп билдирди министрлик.
Daewoo Nexia Жалал-Абаддын Ноокен районунун Кыла айылы аркылуу кесип отуучу жолдун жээгинде токтоп турган оор жук ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаасын артынан келип сүзгөн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 28-ноябрь күнү саат 01:00дөр чамасында Daewoo Nexia катуу ылдамдыкта келип Volvo унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынан үч адам каза болгон.
Учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү материалдар даярдалды.
Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Мета компаниясы Фейсбук менен Инстаграм социалдык тармактарында күмөн жараткан аккаунттарды өчүрдү.
Бул аккаунттар Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы өкүлдөрүнө таандык болчу. Метанын маалыматы боюнча, АКШнын аскерлери Фейсбук менен Инстаграм аркылуу Афганистан, Алжир, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Сомали, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан жана Йеменге көз салып турчу.
Андан тышкары, Твиттер, Ютуб, Телеграм, ВКонтакте жана Одноклассники платформалары да колдонулуп келген.
Мета ички иликтөөсүнөн кийин АКШда Фейсбуктагы 39 аккаунтту, 16 баракчаны, 2 тайпаны жана Инстаграмдагы 26 аккаунтту өчүрдү.
Bulaknews_kg
Мета компаниясы Фейсбук менен Инстаграм социалдык тармактарында күмөн жараткан аккаунттарды өчүрдү. Бул аккаунттар Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы өкүлдөрүнө таандык болчу. Метанын маалыматы боюнча, АКШнын аскерлери…
Андан тышкары, Кытайда Фейсбуктагы 81 аккаунт, 8 баракча, 1 тайпа жана Интстаграмдагы 2 аккаунт өчүрүлдү. Россияда болсо Фейсбуктагы 1633 аккаунт, 703 баракча, 1 тайпа жана Инстаграмдагы 29 аккаунт өчүрүлдү. 
Анда түйүндүн артында тургандар өздөрүн аталган өлкөнүн тургундары катары көрсөтүшкөнү айтылат. Бирок компаниянын иликтөөсүндө алардын америкалык аскерлер менен байланышы бар экени аныкталган.
“Коопсуз шаар” элдин жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.
Депутат “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарандарга келип жаткан айып пул тууралуу сөз кылып, төлөнбөгөн аз айып пулдун айынан жарандар чет жерге уча албай, билеттери күйүп кеткен учурлар болуп жатканын айтып, уушундай жагдайларда айып пулду жеринен төлөп, учуп кетүүгө мүмкүндүк түзүү керектигин билдирди.
Bulaknews_kg
“Коопсуз шаар” элдин жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди. Депутат…
“Жакында бир жараныбыз билет алып, Америкага учуп жатканда, билети күйүп кетиптир. Болбогон сумма — 3 же 5 миң сом экен дейт, ошон үчүн уча албай калыптыр. Бул «Коопсуз шаар» эмес эле, элдин канын ичкен, жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат. Урматтуу ички иштер органдары бул маселени карап, элге жардам бериш керек. Азыр Кыргызстанда айып пулу жок унаа жок экен», — деди ал.
Бул суроого Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов жооп берип, айып пулду жеринен төлөөгө шарт түзүү үчүн иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Жанар Акаев депуттарга көрсөтулгөн кысым жана Эмил Жамгырчиевдин тыңщоого аракет кылган күч органдары тууралуу ачык айтты.
“Бир беренени башкасына өзгөртүү үчүн прокурорлор ар бири 10 миң доллардан алышат. Муну сөзсүз түрдө эске алышыбыз керек. Тергөө прокуратурага кошулгандан кийин алар “монстрга” айланды. Башкы прокурорду чакыралы. Анын ишмердүүлүгүн текшерүү зарыл”, – деди Токторбаев.