ЖРТ"Кыргыз тили"📚
404 subscribers
1 link
@SALTANAT_00
🔽ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫРАГАН СӨЗДҮГҮНДӨ,ИЙГИЛИКСИЗДИК ДЕГЕН СӨЗ ЖОК. (Зубайр Гүндүзалл).
Download Telegram
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жылкынын жаш өзгөчөлүгүнө карай бөлүнүшү:
Жабагы — алты айга чейинки жылкы баласы;

Кулун — бир жашка чыга элек жылкы баласы;

Тай — бир жаш;

Кунан — эки жаш;

Бышты — үч жаш. Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет.

Асый — төрт жаш. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Эки асый деген "сегиз жаш" дегенди билдирет. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы.

Бээ — ургаачы жылкы;

Кунан байтал — эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги "кунан" деп эле айтылат;

Бышты байтал — үч жаштагы ургаачы жылкы;

Байтал — эки жаштан кийинки кулундай элек бээ;

Айгыр — тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде "айгырак" деп аталат;

Ат — бычылган жылкы;

Азоо — тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат;

Буудан — жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү;

Жорго — эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы. Мындан улам эл ичинде "Төрт аягы төп келишкен жорго", "суу төгүлгүс жорго" деген сыпаттоолор айтылып келет;

Аргымак — Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб, ахалтекин жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн аргымак деп аташат. Кыргыз эли аргымакты байыртадан "чапса күлүк, сатса пул" катары асырап келген.

Дулдул — канча чуркаса да чарчап-чаалыкпаган аргымак. Жаны тынбаган адамдарга карата да айтылат.
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyat
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Айлардын кыргызча аталышы:
1) Үчтүн айы-январь
2) Бирдин айы -февраль
3) Жалган куран- март
4)Чын куран - апрель
5) Бугу - май
6) Кулжа-июнь
7) Теке-июль
8) Баш оона-августь
9) Аяк оона- сентябрь
10) Тогуздун айы - октябрь
11) Жетинин айы - ноябрь
12) Бештин айы- декабрь
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyat
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Фразеологизмдер
1)Бел байлоо - 1)кайраттануу 2)бирөөгө ишенүү, таянуу.
2)Бел чечпөө - тыным албоо, күндүр-түндүр иштөө.
3)Бүйүрү кызуу - кызыгуусу ойгонуу, токтоно албай калуу.
4)Бөрк ал десе, баш алган - өтө аша чапма, өпкөлөнүп ашынып кетме.
5)Бээ десе, төө деген - айтканды тескери түшүнгөн.
6)Буйдамга келбөө - туруштук бербөө.
7)Бычак учу - бычак акысы, бычакты пайдаланганы үчүн берилүүчү нерсе.
8)Бөркүндөй көрүү - сөзсүз болоруна ишенүү.
9)Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу - жөнү жок күнөөлөө, кыйкымдоо.
10)Бир буту көрдө, бир буту төрдө - ичер суусу түгөнө баштаган, өлөргө жакын калган
11)Бой көтөрүү - менменсинүү, кекирейүү
12)Боо түшүү - тобу менен кырылуу
13)Борбоюн көтөрүп калуу - эр жетүү, эрезеге жетүү
14)Быкпырдай кайноо - өтө көп, тыгын болуп кетүү
15)Бышы кулак - сөз өтпөй калуу, сөздү, жемени анча тогото бербей көнүп калуу
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyaty
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Этиштен атооч жасоочу мүчө:
Anonymous Quiz
19%
-луу
38%
-лар
6%
-ий
37%
-гыч
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Этишке уланган сын атооч жасоочу мүчөсү бар сөз:
Anonymous Quiz
10%
кумдак
24%
суучул
49%
шашкалаң
17%
ташымал
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
"Тогуз коргоол, темир жол, ат кулак, турак жай". Зат атооч сөздөрдүн компоненттерине жараша мүнөзү:
Anonymous Quiz
17%
абстрактуу
32%
конкреттүү
8%
адамзаттык
44%
кошмок сөздөрдөн турат
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Туура жазылган географиялык энчилүү аттардын катарын белгилеңиз:
Anonymous Quiz
24%
Нарындык, Ысык-Көлдүк
45%
Ысык-көл, Ысык-Ата
14%
Ала-Бука, Чаткалдык
17%
Сүлүктү, чүйлүк
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
#Сабаттуу_бол!
Бирөөсү туура эмес жазылган вариантты белгиле:
Anonymous Quiz
17%
Илгертен-илгертеден
27%
Чуму-чумку
15%
Бакыт-бакты
41%
Иштер - иштээр
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жаан (түн ортосунда) басылды.
Кашаага алынган сөздүн сүйлөм мүчөлөк милдети:
Anonymous Quiz
8%
ээ
29%
аныктооч
51%
бышыктооч
12%
толуктооч
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Кан атасы Жакып бай калкына кабар салганы.
Сүйлөмдүн аныктоочу:
Anonymous Quiz
35%
Кан атасы
23%
Жакып бай
19%
кан атасы, бай
23%
калкына
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Берешен сөзүнүн синоними:
Anonymous Quiz
13%
сараң
8%
боорукер
73%
колу ачык
7%
ак көңүл