ЖРТ"Кыргыз тили"📚
404 subscribers
1 link
@SALTANAT_00
🔽ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫРАГАН СӨЗДҮГҮНДӨ,ИЙГИЛИКСИЗДИК ДЕГЕН СӨЗ ЖОК. (Зубайр Гүндүзалл).
Download Telegram
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Пунктуация 1-бөлүм
Кыргыз тилинде колдонулган тыныш белгилер.
1⃣(.) чекит - 1) жай сүйлөмдөрдөн кийин: Кыш келди.
2)Инициалдардан кийин:Ч.Айтматов, Т. Сыдыкбеков
3)Айрым кыскартылган сөздөрдөн кийин:ж.б, к.а
4)Номерлерген катарда, сандан кийин: 1.Киришүү
2⃣ Суроолуу сүйлөмдө гана коюлат. Аман - эсен элесиңби? Ооруган жоксуңбу?
3⃣ Илеп белгиси - 1)Илептүү сүйлөмдүн аягында:Эрте келсең болмок!
2)Буйрук сүйлөмдүн аягында:Жумушка кечикпей кел!
3)Ураан-чакырыктын соңунда:Жашасын, Кыргызстан!
4)Каратма же сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылганда:Баракелде! Бали! Бах! Айнура!
4⃣(,) үтүр белгиси-1)Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына:Мелис, Мээрим, Максат келишти.
2)Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн арасына:Сабак башталды, окуучулар келе элек.
3)Чакчыл түрмөктөрдүн эки жагына, башына же аягына: Үстүнө сууп куюп жиберип, өзү чоочуп кетти.
4)Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн эки жагына: Биздин, окуучулардын, максаты жогорку деңгээлге жетүү.
5)Каратма, киринди сөздөрдүн эки жагына же башына :Апа, сизди сагындым. Алар, келбейт окшойт, кыязы.
Даярдаган: @kyrgyztiliadabiyat
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Пунктуация
2-бөлүм
5⃣ (:) кош чекит -
1)Бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда келген жалпылагыч сөздөн кийин: Көчөдөгү кошуналар:Айбек, Нургул, Жаңыл чуркап келишти. Баары:алма, алча, өрүктөр бышып калды.
2)Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдө биринчи сүйлөм жалпылагыч маанисинде колдонулуп, экинчи сүйлөм маанисин ачып же себебин көрсөтүп турса, биринчи сүйлөмдөн кийин: Мен кечигип калдым:үйгө конок келип. Биз буга көз жума албайбыз:мындай иш биздин салтка туура келбейт.
3)Бир нече сүйлөм же сөз тизмектери менен чечмеленген жалпыланган маанидеги сүйлөмдөн кийин: Биздин бүгүнкү иш-аракет эки максатты көздөйт:1) өлкөнүн коопсуздугу ; 2)элдин аманчылыгы.
4)Тике сөздөн мурда келген төл сөздөн кийин: Мугалим суроо берди :<<Ким тестке катышат? >>
5⃣(-) сызыкча-
1)жалпылагыч сөздөн мурда: Апам да, атам да, агам да - баары мени колдошту.
2)ээ менен баяндоочтун ортосуна. Эсиңе тут ☝️ ээ дагы, баяндооч дагы атооч сөздөрдөн болгон учурда: Биздин милдет - үйрөтүү.
3)тике сөздөн кийин келген төл сөздөн мурун:<<Дем алышта келем,>> - деди эжем.
4)диологдо сүйлөмдүн башында:
- Кандайсың?
- Жакшы, өзүң?
5)байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы бири - бирине карама - каршы келген жөнөкөй сүйлөмдүн ортосуна: Үйдө баатыр - жоодо жок.
6)байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы экинчи жөнөкөй сүйлөм биринчи сүйлөмдөгү ойдун натыйжасын билдирсе, экөөнүн ортосуна:Өлкөнү баш аламандык каптады - эл эс кимге баш ийбей калды.
7)байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы экинчи жөнөкөй сүйлөм биринчи жөнөкөй сүйлөмгө түшүндүрмө маани берип турса, экөөнүн ортосуна: Кечээ айылга барып курбума жолугуп калдым--абдан карып кетиптир.
8)Шарттуу багыныңкылуу татаал сүйлөм кыска жөнөкөй сүйлөмдөрдөн туруп, бири экинчисине карама - каршы келсе же экинчиси биринчисинин натыйжасын билдирсе, ортосуна:Айтсам - укпайсың. Иштесең-тиштейсиң.
9)Баяндоочу кыскартылган сүйлөмдөрдө:Эт-этке, шорпо - бетке. Иштегениң - эл үчүн.
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Пунктуация
Үчүнчү бөлүм 🔱
("";<<>>) тырмакча белгисинин коюулушу -
1)Тике сөздөр: <<Эртең жолугабыз,>>-
деди күлүмсүрөп.
2)Сүйлөмдө колдонулган башка бирөөнүн сөзү: <<Убактым жок >> деп эле басып жүрөт.
3)Какшык же мыскыл иретинде колдонулган сөздөр:Ооба, билебиз анын шумдук <<билимдүү >>экендигин.
4)Ишкана, газета-журнал, чыгармалардын аттары:<<Манас>> эпосу, <<Ак кеме>>повести, <<Жибек>> ашканасы
(...) көп чекит белгиси коюулушу-
1)Ой толук айтылбай калган сүйлөмдөн кийин:°
~ Кыскасы...
~Эми, мен...
~Айтайын деп...
2)Толук айтылып, бирок, уландысы бардай сезилген сүйлөмдөн кийин:
~Бизде ушундай...
~Көрүп турасың го...
~Келе берсең...
(;) үтүрлүү чекит белгисинин коюулушу-
1) Үтүрлүү чекит тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы үтүрлөрү бар жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына коюлат:Мен анын билимине, акылдуулугуна ишендим;кылган ишин аңдап көрүп, андан үлгү алуу керектигин түшүндүм;көзүм ачылды.
2) Жалпылоо маанисиндеги биринчи сүйлөмдүн маанисин толуктап, чечмелеп турган бир нече жөнөкөй сүйлөмдүн арасына коюлат:Эки адамга ишенем:биринчиси - апам;экинчиси атам.
( ) кашаа белгисинин коюулушу-
1)Толуктоо максатын көздөгөн сүйлөм же сөз:
Кеки (Кенжебек) келип кетти. Борбордо(Бишкек) митинг болуп өттү.
Тыныш белгилеринин кабатталып коюулушу (!..) ,(?..), (?!)
1)?! Суроо белгиси+илеп белгиси: бул эмне дегениң?! Бүттүңбү?!
2)!.. Илеп белгиси+көп чекит: Эх!.. Аттиң!..
3)?.. Суроо белгиси+көп чекит: Бара берейинби?.. Мен эртең келбей койсом болобу?..
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Төл сөздөрдө "р" тыбышынын сөз башында колдонулушу:
Anonymous Quiz
14%
рас, раазы, раак
11%
рас, раазы, ыраак
64%
ырас, ыраак, ыраазы
11%
ыраак, ыраазы, раак
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Мал+чы=малчы. Кыргыз+стан=Кыргызстан. Сөздөрдүн жасалыш жолу:
Anonymous Quiz
14%
Синтаксисттик
70%
Сөз жасоочу мүчөлөр аркылуу
7%
Лексика-семантикалык
9%
Грамматикалык
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
"кылмышкер " сөзүнүн жасалыш жолу:
Anonymous Quiz
54%
морфологиялык
22%
синтаксистик
12%
фонетикалык
12%
лексикалык
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жылкынын жаш өзгөчөлүгүнө карай бөлүнүшү:
Жабагы — алты айга чейинки жылкы баласы;

Кулун — бир жашка чыга элек жылкы баласы;

Тай — бир жаш;

Кунан — эки жаш;

Бышты — үч жаш. Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет.

Асый — төрт жаш. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Эки асый деген "сегиз жаш" дегенди билдирет. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы.

Бээ — ургаачы жылкы;

Кунан байтал — эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги "кунан" деп эле айтылат;

Бышты байтал — үч жаштагы ургаачы жылкы;

Байтал — эки жаштан кийинки кулундай элек бээ;

Айгыр — тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде "айгырак" деп аталат;

Ат — бычылган жылкы;

Азоо — тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат;

Буудан — жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү;

Жорго — эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы. Мындан улам эл ичинде "Төрт аягы төп келишкен жорго", "суу төгүлгүс жорго" деген сыпаттоолор айтылып келет;

Аргымак — Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб, ахалтекин жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн аргымак деп аташат. Кыргыз эли аргымакты байыртадан "чапса күлүк, сатса пул" катары асырап келген.

Дулдул — канча чуркаса да чарчап-чаалыкпаган аргымак. Жаны тынбаган адамдарга карата да айтылат.
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyat
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Айлардын кыргызча аталышы:
1) Үчтүн айы-январь
2) Бирдин айы -февраль
3) Жалган куран- март
4)Чын куран - апрель
5) Бугу - май
6) Кулжа-июнь
7) Теке-июль
8) Баш оона-августь
9) Аяк оона- сентябрь
10) Тогуздун айы - октябрь
11) Жетинин айы - ноябрь
12) Бештин айы- декабрь
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyat
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Фразеологизмдер
1)Бел байлоо - 1)кайраттануу 2)бирөөгө ишенүү, таянуу.
2)Бел чечпөө - тыным албоо, күндүр-түндүр иштөө.
3)Бүйүрү кызуу - кызыгуусу ойгонуу, токтоно албай калуу.
4)Бөрк ал десе, баш алган - өтө аша чапма, өпкөлөнүп ашынып кетме.
5)Бээ десе, төө деген - айтканды тескери түшүнгөн.
6)Буйдамга келбөө - туруштук бербөө.
7)Бычак учу - бычак акысы, бычакты пайдаланганы үчүн берилүүчү нерсе.
8)Бөркүндөй көрүү - сөзсүз болоруна ишенүү.
9)Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу - жөнү жок күнөөлөө, кыйкымдоо.
10)Бир буту көрдө, бир буту төрдө - ичер суусу түгөнө баштаган, өлөргө жакын калган
11)Бой көтөрүү - менменсинүү, кекирейүү
12)Боо түшүү - тобу менен кырылуу
13)Борбоюн көтөрүп калуу - эр жетүү, эрезеге жетүү
14)Быкпырдай кайноо - өтө көп, тыгын болуп кетүү
15)Бышы кулак - сөз өтпөй калуу, сөздү, жемени анча тогото бербей көнүп калуу
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyaty
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Этиштен атооч жасоочу мүчө:
Anonymous Quiz
19%
-луу
38%
-лар
6%
-ий
37%
-гыч