Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр:
Anonymous Quiz
24%
Кызматчы сөздөр
16%
Фразеологизм сөздөр
20%
Маани бербеген сөздөр
40%
Каратма, киринди, сырдык сөздөр
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн ар кандай мамилесин билдирген сөз же сөз айкашынын аталышы:
Anonymous Quiz
24%
Кызматчы сөз
28%
Киринди сөз
20%
Бөтөн сөз
27%
Сырдык сөз
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
"Анда биз, бир кур өспүрүм балдар, колхоздо араба айдачу элек".
Сүйлөмдөгү түшүндүрмө мүчө:
Сүйлөмдөгү түшүндүрмө мүчө:
Anonymous Quiz
25%
анда биз
20%
колхоздо
7%
балдар
48%
бир кур өспүрүм балдар
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Муун, анын түрлөрү. Сөздөрдү муунга ажыратуу
Бир жолку дем чыгаруу менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат.
Сөздө канча үндүү тыбыш болсо, ошончо муун болот.Үндүү тыбыштар өз алдынча туруп, муун түзө алышат.
Муун түзүлүшүнө карай ачык, жабык, туюк муун болуп бөлүнөт. Үнсүздөр менен башталып, үнсүз менен аяктаса - *туюк муун*. Жалаң үндүү тыбыштан турса, же үнсүз менен башталып, үндүү менен аяктаса - *ачык муун *.
Үндүү менен башталып, үнсүз менен аяктаса, *жабык муун*болот.

Интонация, анын оозеки жана жазуу кептеги мааниси
*Интонация* - оозеки кептеги тыным, бир аз токтолуу, пауза
Биздин кебибиз интонация аркылуу сүйлөмдөргө ажыратылат.
Интонация - сүйлөмдү уюштурат жана аларды айтылуу максатында карай жай, суроолуу, илептүү жана буйрук сүйлөмдөргө ажыратылат.
Сүйлөөчүнүн айтылып жаткан ойго карата болгон мамилесин (ыраазы болгондук, кубангандык, какшык, өкүнгөндүк, жек көрүү, жактырбоо ж. б) билдирет.
Ойдун бүткөнү же бүтпөгөнү суроо жана бөлүп көрсөтүү маанилеринде болот

Муунду түзгөн тыбыштар:
Anonymous Quiz
20%
созулма үндүүлөр
35%
үндүүлөр
8%
үнсүздөр
37%
үндүү жана үнсүз тыбыштар
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Йоттошкон тамгалар менен келген муундардын ташымалы:
Anonymous Quiz
26%
та-я, бо-е, чи-е
27%
ю-би-лей, ака-ци-я
35%
тая, бое, чие
12%
юб-ил-ей, ак-ац-ия
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Көп маанилүү сөз катышкан сөздөр :
Anonymous Quiz
28%
жакшы ат, мылтык ат, сенин атың ким?
13%
тил башы, кара кой, жерге кой
17%
кызыл сыр аскер башы, тоонун башы
42%
эл башы, суу башы, башма-баш
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Кызыктуу маалыматтар 🥰
📌Жүрөк ооруларына эң аз кабылган адамлар - оптимисттер❤️
📌Жашыл түс нервди тынчтандыруу касиетине ээ.
📌Мандарин картайуу процессин жайлатат.
📌Мээнин иштөөсү күндүзгүгө салыштырмалуу түн ичинде жакшырат.
📌6-7 жаштагы бала бир эле учурда тамакты жутуп жана дем ала алат, бул нерсе чоңдордун колунан келбейт.
📌Кечээ сиздин башыныздан өткөн нерселердин 40%бүгүн унутасыз.
📌Бир саат кулагыңа тагылып турган наушник(кулакчын) кулактагы бактериялардын санын 700эсеге жогорулатат ☝️.
📌Адамдын эрини манжасынын учуна караганда жүз эсе сезимтал келет.
📌Жандуу заттардын ичинен адамдар гана чалкасынан жатып укташат.
📌Адамдын оң өпкөсү сол өпкөсүнө караганда ичине көбүрөөк аба толтура алат.
📌Аялдын жүрөгү эркектикинен ылдам согот.

Татаал сүйлөмдөрдүн синтаксистик түгөйлөрүнүн өз ара байланышуу жолдору.
1. Интонация аркылуу
2. Байламталар аркылуу
3. Шарттуу ыйгаңдын - са мүчөсү аркылуу
4.Атоочтуктар аркылуу
5.Чакчылдар аркылуу
6.Жандоочтор аркылуу
1. Интонация аркылуу
2. Байламталар аркылуу
3. Шарттуу ыйгаңдын - са мүчөсү аркылуу
4.Атоочтуктар аркылуу
5.Чакчылдар аркылуу
6.Жандоочтор аркылуу
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Бүгүн эрте болсо, эртең кеч болуп калбасын. Сүйлөмдөгү бириккен сөз:
Anonymous Quiz
33%
эрте болсо
35%
бүгүн
15%
эртең
17%
калбасын
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Бириккен сөздөр:
Anonymous Quiz
24%
малчы, ата-эне, бүгүн, төөкуш
18%
районо, профсоюз, ат кулак
45%
баратат, мобул, быйыл, бүгүн
13%
сельсовет, бүгүн, завуч
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Кошмок сөздөр:
Anonymous Quiz
33%
кара көз, кундуз чач
30%
жаан-чачын, беш манжа
28%
кундуз чач, кол кап
9%
кундуз чач, ага - ини
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Ф̺͆р̺͆а̺͆з̺͆е̺͆о̺͆л̺͆о̺͆г̺͆и̺͆з̺͆м̺͆д̺͆е̺͆р̺͆
1⃣Ашка жүк, башка жүк - колунан эч нерсе келбеген, бирөөгө таянып жашаган.
2⃣ Ат жалын тартып минүү - эр жетүү
3⃣ Ат тезегин кутгатпай - тез-тез, бат-бат.
4⃣ Ала өпкө - аша чапма, мактанчаак.
5⃣ Ара бөк - эки ортодо, нары эмес же бери эмес.
6⃣ Аттын кашкасындай- өтө таанымал
7⃣ Ары барып, бери келүү (өлүп тирилүү) - катуу оорудан араң айыгуу.
8⃣ Ат үстүнөн - үстүртөн, эптеп - септеп.
9⃣ Аты өчүү- унутулуу
1⃣0⃣ Аш катык - керекке жарай турган.
1⃣1⃣ Багалчагы катуу-бойго жетүү, ишке дароо.
1⃣2⃣ Бала болуп башына жүн чыкканы--төрөлгөндөн бери, өмүр бою
1⃣3⃣ Бал тил салуу--көңүлүн таап, ээритип сүйлөө, азгыруу.
1⃣4⃣ Бармагын тиштөө - өкүнүү
1⃣5⃣ Башы маң болуу - эмне кыларын билбей калуу.
1⃣6⃣ Бел куда - балдары төрөлө электе эле кудалашуу.
1⃣7⃣Битин сыгып, канын жалаган- өтө сараң, битир.
1⃣8⃣ Баш көтөрүү- 1)оорудан айыга баштоо
2)каршылык көрсөтө баштоо.
1⃣9⃣ Баш оту менен - биротоло, бардык ыкыласы менен.
2⃣0⃣ Башы бышуу - бышыгуу, жакшы - жаманды ажыратуу.
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyat

Пунктуация 1-бөлүм
Кыргыз тилинде колдонулган тыныш белгилер.
1⃣(.) чекит - 1) жай сүйлөмдөрдөн кийин: Кыш келди.
2)Инициалдардан кийин:Ч.Айтматов, Т. Сыдыкбеков
3)Айрым кыскартылган сөздөрдөн кийин:ж.б, к.а
4)Номерлерген катарда, сандан кийин: 1.Киришүү
2⃣❔ Суроолуу сүйлөмдө гана коюлат. Аман - эсен элесиңби? Ооруган жоксуңбу?
3⃣ ❕Илеп белгиси - 1)Илептүү сүйлөмдүн аягында:Эрте келсең болмок!
2)Буйрук сүйлөмдүн аягында:Жумушка кечикпей кел!
3)Ураан-чакырыктын соңунда:Жашасын, Кыргызстан!
4)Каратма же сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылганда:Баракелде! Бали! Бах! Айнура!
4⃣(,) үтүр белгиси-1)Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына:Мелис, Мээрим, Максат келишти.
2)Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн арасына:Сабак башталды, окуучулар келе элек.
3)Чакчыл түрмөктөрдүн эки жагына, башына же аягына: Үстүнө сууп куюп жиберип, өзү чоочуп кетти.
4)Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн эки жагына: Биздин, окуучулардын, максаты жогорку деңгээлге жетүү.
5)Каратма, киринди сөздөрдүн эки жагына же башына :Апа, сизди сагындым. Алар, келбейт окшойт, кыязы.
Даярдаган: @kyrgyztiliadabiyat

Пунктуация
2-бөлүм
5⃣ (:) кош чекит -
1)Бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда келген жалпылагыч сөздөн кийин: Көчөдөгү кошуналар:Айбек, Нургул, Жаңыл чуркап келишти. Баары:алма, алча, өрүктөр бышып калды.
2)Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдө биринчи сүйлөм жалпылагыч маанисинде колдонулуп, экинчи сүйлөм маанисин ачып же себебин көрсөтүп турса, биринчи сүйлөмдөн кийин: Мен кечигип калдым:үйгө конок келип. Биз буга көз жума албайбыз:мындай иш биздин салтка туура келбейт.
3)Бир нече сүйлөм же сөз тизмектери менен чечмеленген жалпыланган маанидеги сүйлөмдөн кийин: Биздин бүгүнкү иш-аракет эки максатты көздөйт:1) өлкөнүн коопсуздугу ; 2)элдин аманчылыгы.
4)Тике сөздөн мурда келген төл сөздөн кийин: Мугалим суроо берди :<<Ким тестке катышат? >>
5⃣(-) сызыкча-
1)жалпылагыч сөздөн мурда: Апам да, атам да, агам да - баары мени колдошту.
2)ээ менен баяндоочтун ортосуна. Эсиңе тут ☝️ ээ дагы, баяндооч дагы атооч сөздөрдөн болгон учурда: Биздин милдет - үйрөтүү.
3)тике сөздөн кийин келген төл сөздөн мурун:<<Дем алышта келем,>> - деди эжем.
4)диологдо сүйлөмдүн башында:
- Кандайсың?
- Жакшы, өзүң?
5)байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы бири - бирине карама - каршы келген жөнөкөй сүйлөмдүн ортосуна: Үйдө баатыр - жоодо жок.
6)байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы экинчи жөнөкөй сүйлөм биринчи сүйлөмдөгү ойдун натыйжасын билдирсе, экөөнүн ортосуна:Өлкөнү баш аламандык каптады - эл эс кимге баш ийбей калды.
7)байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы экинчи жөнөкөй сүйлөм биринчи жөнөкөй сүйлөмгө түшүндүрмө маани берип турса, экөөнүн ортосуна: Кечээ айылга барып курбума жолугуп калдым--абдан карып кетиптир.
8)Шарттуу багыныңкылуу татаал сүйлөм кыска жөнөкөй сүйлөмдөрдөн туруп, бири экинчисине карама - каршы келсе же экинчиси биринчисинин натыйжасын билдирсе, ортосуна:Айтсам - укпайсың. Иштесең-тиштейсиң.
9)Баяндоочу кыскартылган сүйлөмдөрдө:Эт-этке, шорпо - бетке. Иштегениң - эл үчүн.

Үчүнчү бөлүм 🔱
("";<<>>) тырмакча белгисинин коюулушу -
1)Тике сөздөр: <<Эртең жолугабыз,>>-
деди күлүмсүрөп.
2)Сүйлөмдө колдонулган башка бирөөнүн сөзү: <<Убактым жок >> деп эле басып жүрөт.
3)Какшык же мыскыл иретинде колдонулган сөздөр:Ооба, билебиз анын шумдук <<билимдүү >>экендигин.
4)Ишкана, газета-журнал, чыгармалардын аттары:<<Манас>> эпосу, <<Ак кеме>>повести, <<Жибек>> ашканасы
(...) көп чекит белгиси коюулушу-
1)Ой толук айтылбай калган сүйлөмдөн кийин:°
~ Кыскасы...
~Эми, мен...
~Айтайын деп...
2)Толук айтылып, бирок, уландысы бардай сезилген сүйлөмдөн кийин:
~Бизде ушундай...
~Көрүп турасың го...
~Келе берсең...
(;) үтүрлүү чекит белгисинин коюулушу-
1) Үтүрлүү чекит тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы үтүрлөрү бар жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына коюлат:Мен анын билимине, акылдуулугуна ишендим;кылган ишин аңдап көрүп, андан үлгү алуу керектигин түшүндүм;көзүм ачылды.
2) Жалпылоо маанисиндеги биринчи сүйлөмдүн маанисин толуктап, чечмелеп турган бир нече жөнөкөй сүйлөмдүн арасына коюлат:Эки адамга ишенем:биринчиси - апам;экинчиси атам.
( ) кашаа белгисинин коюулушу-
1)Толуктоо максатын көздөгөн сүйлөм же сөз:
Кеки (Кенжебек) келип кетти. Борбордо(Бишкек) митинг болуп өттү.
Тыныш белгилеринин кабатталып коюулушу (!..) ,(?..), (?!)
1)?! Суроо белгиси+илеп белгиси: бул эмне дегениң?! Бүттүңбү?!
2)!.. Илеп белгиси+көп чекит: Эх!.. Аттиң!..
3)?.. Суроо белгиси+көп чекит: Бара берейинби?.. Мен эртең келбей койсом болобу?..

Кайсы сүйлөмдө тыныш белгилери туура коюлган:
Anonymous Quiz
22%
Кечигип калганымды, карачы, кап.
63%
Кечигип калганымды, карачы, кап!
7%
Кечигип калганымды, карачы, кап:
8%
Кечигип калганымды, карачы, кап?
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн тыныш белгиси туура коюлган?
Anonymous Quiz
31%
Келгендердин баары, апам да, атам да, агам да мага ынанды.
35%
Айтайынбы?
27%
Атам:<<Уктай кой,>>-деп маңдайымдан сылады.
7%
Ал, Акылай сөз укпады
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн тыныш белгиси жетишпейт?
Anonymous Quiz
17%
Кеттиңби?..
35%
Кандайсың? Жакшы.
20%
Коңгуроо кагылып, сабак башталды.
28%
Үчөө:Бакыт, Айбек, Керим келип кетишти.
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Төл сөздөрдө "р" тыбышынын сөз башында колдонулушу:
Anonymous Quiz
14%
рас, раазы, раак
11%
рас, раазы, ыраак
64%
ырас, ыраак, ыраазы
11%
ыраак, ыраазы, раак