Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Йоттошкон тамгалардын жазылышы
1) Йоттошкон {е } тамгасы төмөнкү учурларда жазылат1⃣. Үндүү и тыбышынан кийин Йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат:тиешелүү, чие. 2️⃣. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет:Европа, траектория. 3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл - а(-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет:кий-киет, чий-чиет, кеңей-кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт. (КР. Жогорку Кеңешинин 200 8-жылдын 26-июнундагы N - 567 токтомунун редакциясына ылайык)
2)Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:1) ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо(й+а) тыбышынын ордуна жүрөт :боё, боёк, коён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бөйрөк түрүндө йо менен жазылбайт. 2) Кой, сой, той сыяктуу аягы - ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот болуп жазылбастан ё тамгасы менен берилет:сой-соёт,чой-чоёт. 3) Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат: - сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт:ёлка, заём. - бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт. - ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат:Фёдор, Шофёр. - орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынан жазылышы учурайт:дирижёр, стажёр, счёт. - Төмөнкү кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат :йод, район, майор.
2) Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат: 1⃣. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн
2️⃣. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же - ын, - ыл, - ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет:кой+ым-коюм.
3️⃣. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма -уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы - йуу түрүндө жазылбастан - юу түрүндө жазылат: кой+уу-коюу.
4️⃣. Жазууда ю тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат:бюст, жюри
Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1) Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет:аяк(айак), уят (уйат).
2)Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат:жай+а+т=жаяткый+а+быз=кыябыз
3)Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акция, галерея, идея, маяк

Фразеологизмдер⚜️
1)Ажат ачуу - кысталыш абалда ишке жарап коюу
2)Азуусун кайроо-кыжырлануу, жинденүү
3) Аза бою дүркүрөө-катуу дүүлүккөн абалга келүү
4) Айтып оозун жыйганча-дароо эле, айтып бүтүп-бүтпөй
5) Ай-талаа-элсиз жаткан ээн жер
6)Асмандан түшө калгандай-элден ашкере, бөтөнчө болуу, өзгөчөлөнүү
7)Ак жолтой- жакшы жышаналуу
8)Ай туяк- жылкы, курмандыкка чалына турган жылкы
9)Ак кылуу - балага тескери бата берүү, кечүү
10) Ак каптал - 1)көптү көрүп бышыккан. 2)иштен чыккан, тажаган

Стабилдүүлүк:туруксуздук
Anonymous Quiz
33%
Революция:эволюция
41%
Пессимист:оптимист
14%
Браконьер:сактоочу
11%
Гений:өтө акылдуу
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Дүйшөмбү:шаршемби
Anonymous Quiz
24%
Жума:ишемби
15%
Бейшемби:дүйшөмбү
45%
Жаз:күз
16%
Августь:сентябрь
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Аракет:ийгилик
Anonymous Quiz
10%
Бакыт :сезим
12%
Күлүү:каткыруу
40%
Жакшылык :сый
38%
Белек:кубаныч
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Фразеологизмдер⚜️ 2-бөлүк
1)Ак кол - кара жумуш кылбаган жалкоо
2)Ала жипти аттабаган - жаман иштерге барбаган адам
3)Алты саны аман - дени сак, эч кандай кырсыкка, орууга чалынбаган
4)Алаканга көтөрүү-алпештеп багуу, асыроо
5)Арсынан кыл өтпөө- өтө ынтымак, ысык, таттуу мамиледе болуу
6) Алдынан түшүү-кечирим суроо
7)Алма быш, оозума түш-жатып ичер, жалкоо
8)Алмустактан бери - атам замандан бери
9)Алчы-таасын жеген-жеткен тапан, шыл, шумпай
10)Ач кулактан тынч кулак - убарасы, чыр-чатагы жок жашоого умтулуу

Атоочтон атоочту жасоочу мүчөлөр:
Anonymous Quiz
60%
-чы, - лык, - чылык, - лаш
23%
-ма, - ык, - гыч, - ым
11%
-гы, - ынды, - чын
6%
-ыч, ыш, - ым
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жалаң атоочтон атооч жасоочу мүчөлөр:
Anonymous Quiz
50%
-лык, - ча, - ма, - гыч
33%
-стан, - кер, -кеч, - чы
11%
-гын, - стан, - гыч
7%
-ыт, - ыш, - ык, - ым
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Атоочтон этиш жасоочу мүчөлөр:
Anonymous Quiz
19%
-са, - чаң, - чак
33%
-да, - ар, - ылда
33%
-сын, - гыч, дыр
15%
-кеч, - чылык, - ча
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Этиштен этиш жасоочу мүчө уланган сүйлөм:
Anonymous Quiz
13%
Мага сенин жылуу сөзүң керек, досум.
56%
Жыгылган оогонго, жыртылган тешилгенге күлөт.
20%
Биз бири-бирибизди көрбөгөнүбүзгө бир жыл болду.
12%
Күн өткөн сайын сууктап баратат.
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Күндүз күн ачык болуп, кышкы жолдо тапталып, тебеленген кар эрип, ылайга аралашкан. Сүйлөмдөгү бышыктооч сөздөр:
Anonymous Quiz
16%
Күндүз, болуп, ачык, кар
24%
Күндүз, ылайга аралашкан
48%
Күндүз, ачык, жолдо, тапталып
12%
Кышкы, болуп, күндүз
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Ашым (ордуна отуруп), мылтыган мээлей баштады. Каашага алынган сөздүн мүнөздөмөсү:
Anonymous Quiz
52%
Орун бышыктооч
17%
Максат бышыктооч
18%
Сын-сыпат бышыктооч
13%
Аныктооч
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Бир өңчөй мүчөлөрдүн байланыш жолдору:
Anonymous Quiz
34%
Интонация, байламталар аркылуу
29%
Кызматчы сөздөр, жандоочтор аркылуу
29%
Интонация, тыныш белгилер аркылуу
8%
Тууранды сөздөр, интонация аркылуу
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлүү сүйлөм:
Anonymous Quiz
25%
Кап! Ушул акмакты кантсем болот ыя?
40%
Өзүмдүн айылыма, Ала-Тоого, келдим
18%
Охо-о! Тенти агайдай киши кайда!
17%
Аттиңай! Жакып устанын жоктугун карачы
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жактуу сүйлөмдү уюштурган сүйлөм мүчөсү:
Anonymous Quiz
25%
Ээ
23%
Баш мүчөлөр
14%
Баяндооч
38%
Баш мүчөлөр жана айкындооч мүчөлөр
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Бир өңчөй мүчөлөрдүн маанисин жалпылап, бириктирип турган сөздөрдүн аталышы:
Anonymous Quiz
13%
Түшүндүргүч
11%
Чечмелегич
64%
Жалпылагыч
12%
Киринди
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жаактуу кепшебес, аркалуудан оонабас. Сүйлөмдүн мүнөздөмөсү:
Anonymous Quiz
17%
Атама сүйлөм
29%
Жаксыз сүйлөм
31%
Ээсиз сүйлөм
24%
Макал
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Ырыс алды - ынтымак. Сүйлөмдүн тутумуна карата түрү:
Anonymous Quiz
29%
Жалаң сүйлөм
31%
Жалпы жактуу сүйлөм
21%
Жайылма сүйлөм
18%
Жаксыз сүйлөм
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Атама сүйлөмдү уюштурган сүйлөм мүчөсү:
Anonymous Quiz
16%
Толуктооч
24%
Аныктооч
34%
Баш мүчөлөр
26%
Ээ өңдөнгөн сөз