ЖРТ"Кыргыз тили"📚
403 subscribers
1 link
@SALTANAT_00
🔽ЖАШТЫКТЫН ЖАРКЫРАГАН СӨЗДҮГҮНДӨ,ИЙГИЛИКСИЗДИК ДЕГЕН СӨЗ ЖОК. (Зубайр Гүндүзалл).
Download Telegram
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Ү Н Д Ү Ү тыбыштардын жазылышы
1-§.Жазууда {э} тамгасы төмөнкүчө колдонулат :
1)Кыргыз тилиндеги сөздөрдө {э} тыбышы сөздүн башталышында келсе, {э} тамгасы менен, сөз ортосунда же сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда {е} тамгасы менен белгиленет. М:эгин, эрмек, белек... ж.б. Ал эми созулма түрү бардык учурда {ээ} болуп жазылат. М:ээр, керээз ж. б.
2) Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да {э} болуп жазылышына жол берилет. М.: сөз башында - экватор, экран;үндүүлөрдөн кийин - аэропорт, поэзия; үнсүздөрдөн кийин - мэр, сэр.
2-§. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда, үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым, укта-ып.
3-§. Уңгу сөздөрдө болсун же сөзгө мүчө уланганда болсун {оо}, {уу} созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же {й} тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы - ёо, - юу түрүндө жазылат. аюу, ая+оо=аёо,тая+оо=таёо
2-§. Ү Н С Ү З тыбыштардын жазылышы.
1)Төл сөздөрдүн аягында {б}, {в}, {д}, {г}, {ж} тыбыштары колдонулбайт, бирок, араб, гараж, эпилог, парад сыяктуу сөздөрдө сакталат.
2) Кыргыз тилинде төл сөздөрдө {р} тыбышы сөз башында келбейт. Ошондуктан - раазы, раак сөздөрү ыраазы, ырас түрүндө жазылат. Эскертүү: 1.Араб, фарс, орус ж.б тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: роман, робот...
2) {Б} тамгасынын жазылышы. {Б} тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл {в} тыбышына окшош айтылса да, жазууда {б} тамгасы менен жазылат. Ооба, аба, собол, убал, добуш ж.б
3) {Г} тамгасынын жазылышы:
1)Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай {г} тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
2) Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда {г} тамгасы түпчүл г(гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр
3) Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда. {г} (ги) тыбышын билдирет:гүл, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт.
4) {К} тамгасынын жазылышы
Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай {к} эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
1). Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда {к} тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет:кагаз, кайчы, кокту
(Уландысы бар...)
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
ЖРТ материалдарын да жөнөтүп турайынбы?
Anonymous Poll
97%
Ооба, сонун болмок!
3%
Жок, керек эмес...
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
... Уландысы...
2) Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда {к} тамгасы орточул {к} [ки] тыбышын билдирет :кедей, кекилик, кичинекей
3)Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да {к} тамгасы орточул {к} [ки] тыбышын билдирет:кадр, картон, климат, кодекси, курорт

{Ф}, {Х}, {Ц}, {Щ} тамгаларынын жазылышы:
1) Алфавиттен орун алган (ф, х, ц, щ) тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат:фабрика, цемент, художник,
2) Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат:Уф! Күндүн ысыгын карачы. Фарида, Фатима
3) Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта, деген сөздөрдө, ха-ха, аз, бах сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
4)Араб,иран,тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн: размат рахат, хурсант сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына жол берилет: ыракмат, ыракмат, курсант
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Йоттошкон тамгалардын жазылышы
1) Йоттошкон {е } тамгасы төмөнкү учурларда жазылат1⃣. Үндүү и тыбышынан кийин Йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат:тиешелүү, чие. 2️⃣. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет:Европа, траектория. 3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл - а(-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет:кий-киет, чий-чиет, кеңей-кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт. (КР. Жогорку Кеңешинин 200 8-жылдын 26-июнундагы N - 567 токтомунун редакциясына ылайык)
2)Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:1) ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо(й+а) тыбышынын ордуна жүрөт :боё, боёк, коён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бөйрөк түрүндө йо менен жазылбайт. 2) Кой, сой, той сыяктуу аягы - ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот болуп жазылбастан ё тамгасы менен берилет:сой-соёт,чой-чоёт. 3) Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат: - сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт:ёлка, заём. - бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт. - ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат:Фёдор, Шофёр. - орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынан жазылышы учурайт:дирижёр, стажёр, счёт. - Төмөнкү кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат :йод, район, майор.
2) Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат: 1⃣. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн
2️⃣. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же - ын, - ыл, - ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет:кой+ым-коюм.
3️⃣. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма -уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы - йуу түрүндө жазылбастан - юу түрүндө жазылат: кой+уу-коюу.
4️⃣. Жазууда ю тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат:бюст, жюри
Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1) Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет:аяк(айак), уят (уйат).
2)Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат:жай+а+т=жаяткый+а+быз=кыябыз
3)Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акция, галерея, идея, маяк
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Фразеологизмдер⚜️
1)Ажат ачуу - кысталыш абалда ишке жарап коюу
2)Азуусун кайроо-кыжырлануу, жинденүү
3) Аза бою дүркүрөө-катуу дүүлүккөн абалга келүү
4) Айтып оозун жыйганча-дароо эле, айтып бүтүп-бүтпөй
5) Ай-талаа-элсиз жаткан ээн жер
6)Асмандан түшө калгандай-элден ашкере, бөтөнчө болуу, өзгөчөлөнүү
7)Ак жолтой- жакшы жышаналуу
8)Ай туяк- жылкы, курмандыкка чалына турган жылкы
9)Ак кылуу - балага тескери бата берүү, кечүү
10) Ак каптал - 1)көптү көрүп бышыккан. 2)иштен чыккан, тажаган
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Фразеологизмдер⚜️ 2-бөлүк
1)Ак кол - кара жумуш кылбаган жалкоо
2)Ала жипти аттабаган - жаман иштерге барбаган адам
3)Алты саны аман - дени сак, эч кандай кырсыкка, орууга чалынбаган
4)Алаканга көтөрүү-алпештеп багуу, асыроо
5)Арсынан кыл өтпөө- өтө ынтымак, ысык, таттуу мамиледе болуу
6) Алдынан түшүү-кечирим суроо
7)Алма быш, оозума түш-жатып ичер, жалкоо
8)Алмустактан бери - атам замандан бери
9)Алчы-таасын жеген-жеткен тапан, шыл, шумпай
10)Ач кулактан тынч кулак - убарасы, чыр-чатагы жок жашоого умтулуу
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Күндүз күн ачык болуп, кышкы жолдо тапталып, тебеленген кар эрип, ылайга аралашкан. Сүйлөмдөгү бышыктооч сөздөр:
Anonymous Quiz
16%
Күндүз, болуп, ачык, кар
24%
Күндүз, ылайга аралашкан
48%
Күндүз, ачык, жолдо, тапталып
12%
Кышкы, болуп, күндүз
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Ашым (ордуна отуруп), мылтыган мээлей баштады. Каашага алынган сөздүн мүнөздөмөсү:
Anonymous Quiz
52%
Орун бышыктооч
17%
Максат бышыктооч
18%
Сын-сыпат бышыктооч
13%
Аныктооч
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Жактуу сүйлөмдү уюштурган сүйлөм мүчөсү:
Anonymous Quiz
25%
Ээ
23%
Баш мүчөлөр
14%
Баяндооч
38%
Баш мүчөлөр жана айкындооч мүчөлөр
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Бир өңчөй мүчөлөрдүн маанисин жалпылап, бириктирип турган сөздөрдүн аталышы:
Anonymous Quiz
13%
Түшүндүргүч
11%
Чечмелегич
64%
Жалпылагыч
12%
Киринди