Ассалому алейкум замандашым..!!
"Билимдүүгө дүйнө жарык"-деп бекеринен айтылбаган чыгар.Ооба, Билим-төмөндөгүлөрду жогору чыгарат.Билимсиздик болсо жогорудагыларды төмөн түшүрөт. Байлыкты сен коргойсуң,илим болсо сени коргойт..Сага ийгилик каалайм билимге умтулган,аракетчил замандашым..!

Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Абдыкаарова Мадина)
Тил маданияты - эл маданияты. Тил-мамлекеттин күзгүсү. Тил-акылдын жарчысы. Тил кылычтан өткүр.
Бардык тилде касиет бар ойлонсо,
Өз тилимде бирок обон саламын.
Эртең тилим жок болору чын болсо,
Анда бүгүн жан кыюуга даярмын. (Р. Г.)
Кыргыз туруп кыргыз тилин билбесе,
Билсем деген ниетине кирбесе.
Дилин, тилин чанып алган немени,
Түшүнө албайм, болот экен ким десе!? (Ү. А)
Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим,
Кылымдан ыйык энем күткөн тилим.
Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып жаным менен бүткөн тилим. (А. Т)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили-1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Быйыл буюрса 31 жылдын жүзү болот ☺️

Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Чыккынчылар мекен суусун ичпесин,
Чоңдун баары кыргыз тилде иштесин.
Журтуң үчүн сүйлөбөгөн тилиңди,
Жулуп ыргыт, андан көрө ит жесин! (Б. Ж)
Арыбаңыздар кымбаттуу окурмандар!
Кыргыз тилинин фонетикасынын тамыры, өзөгү - тамга. Сабакты тамгалардан баштайлы. Анда эмесе кеттик!
Кыргыз тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Алардын ичинен он төрт үндүү, жыйырма үнсүз, төрт йоттошкон тамга, эки тыбышты билдирбеген тамга бар.
Тамгалар аткарган кызматына жараша үчкө бөлүнөт.
1) Ж ө н ө к ө й т а м г а л а р.
Бир тамга бир тыбышты белгилейт. Ар бир тыбыш өзүнчө тамга менен белгиленсе, үйрөнүүгө жана жазууга жеңил, кошумча эрежелерди талап кылбайт. Ошон үчүн жөнөкөй тамгалар деп аталат. Алар:{а}, {б}, {в}, {з}, {и}, {й}, {л}, {м}, {н}, {ң}, {о}, {ө}, {п}, {р}, {с}, {т}, {у}, {ү}, {ф}, {х}, {ч}, {ш}, {ы}, {э}
2) Т а т а а л т а м г а л а р.
Булардын жазылышы менен окулушу жагында айырмасы бар. Алар кошумча эрежелерди талап кылат. Сөздөрдү уңгу менен мүчөгө
ажыратууга тоскоолдук кылат. Алар:{е}, {ё}, {ю}, {я}, {г}, {к}, {ж}, {ц}, {щ}
3) Т ы б ы ш с ы з т а м г а л а р. Бул тамгалар фонетикалык касиети жок болгону менен тиги же бул тамганы жандап, ага кошумча боёк берет. Алар:ь( ичкертүү), ъ(ажыратуу) белгилери. Кыргыз тилинин төл сөздөрүндө бул тамгалар колдонулбайт!

Ү Н Д Ү Ү Л Ө Р
1)Тилдин горизонталдык багыт боюнча алдыга жана артка карай жүткүнүшү боюнча үндүүлөр жоон жана ичке болуп бөлүнөт.
Жоон үндүүлөр : {а}, {аа}, {о}, {оо}, {у}, {уу}, {ы}
Ичке үндүүлөр:{ө}, {өө}, {ү}, {үү}, {э}, {ээ}, {и}
2) Тилдин таңдайга карай вертикалдык багыт боюнча көтөрүлүшү же жаактын ачылуу деңгээлине жараша үндүүлөр кең жана кууш болуп экиге бөлүнөт.
Кең үндүүлөр:{а}, {аа}, {э}, {ээ}, {о}, {оо}, {ө}, {өө}
Кууш үндүүлөр:{у}, {уу}, {ү}, {үү}, {ы}, {и}
3) Эриндердин катышына карай - эринчил, эринсиз
Эринчил:{о}, {оо}, {ө}, {өө}, {у}, {ү}, {үү}
Эринсиз:{а}, {аа}, {э}, {ээ}, {ы}, {и}
Үн узундугуна карай
Кыска:{а}, {о}, {ө}, {у}, {ү}, {ы}, {ы}, {э}
Созулма:{аа}, {оо}, {өө}, {уу}, {үү} {ээ}

Жалаң жоон үндүүлөр катышкан сөздөрдү белгилеңиз
Anonymous Quiz
47%
Ынтымак, багыт, баалуу
39%
Ооруу, өлүү, ийгилик
4%
Жакшы, бөлүү
10%
Бөтөн, чогуу
Forwarded from Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬 (Алмазбек кызы Мадина)
Үнсүз тыбыштар ~
Үн менен шыбыштын катышына карай үчкө бөлүнөт.
1) Ж У М Ш А К - үн менен шыбыштын бирдей катышы менен жасалат. Алар :[б], [в], [д], [з], [ж], [г]
2) К А Т К А Л А Ң- жалаң шыбыштын катышы менен жасалат. Алар: <п>, <т>, <с>, <ш>, <ч>, <к>, <х>, <ф>
3) У Я Ң- шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышы менен жасалат. Алар :{л}, {м}, {н}, {ң}, {р}, {й}
Үнсүздөрдүн жасалуу ордуна карай бөлүнүшү:
1)КОШ ЭРИНЧИЛ :астынкы жана үстүнкү эриндердин бири-бирине кептелип калышы, ошол аркылуу абанын сыртка чыгышына бөгөт болушу менен жасалган тыбыштар. {б}, {п}, {м}
2) Э Р И Н - Т И Ш Ч И Л Д Е Р:айтылышында үстүнкү тиштерге астынкы эрте тийишет да абанын агымын бөгөп турат. Алар <в>, <ф>
3)УЧЧУЛ: үнсүздөрдүн артикуляцияланышында тилдин уч жаккы бөлүгү активдүү катышат да, б.а абанын агымына тилдин учу тоскоолдук кылат. Алар : {т}, {д}, {с}, {з}, {ш}, {ж}, {л}, {н}, {р}
4) О Р Т О Ч У Л Д А Р :тилдин орто бөлүгү катуу таңдайга көтөрүлгөн абалында жасалат. Абанын агымына бөгөт болуучу органдар- тилдин орто бөлүгү менен катуу таңдай. Мындай тыбыштар-[й], [г], [к], [ж], [ч]
5) Т Ү П Ч Ү Л Д Ө Р - жасалышында абанын агымына бөгөт болуучу органдар-жумшак таңдай менен тилдин арт жаккы бөлүгү. Мындай тыбыштар <г>, <к>, <ң>, <х>
Үнсүздөрдүн жасалуу ыгына карай бөлүнүшү
1) Ж А Р Ы Л М А - {Б}, {П}, {Д}, {Т}, {К} - бул тыбыштардын айтылышында аба бири-бирине кептелип, бириккен органдардын (эки эриндин, тил менен таңдайдын, тил менен тиштердин ж.б) арасынан жарып өтөт. Абанын сыртка чыгышы кескин жана тез болот.
2) Ж Ы Л Ч Ы К Ч Ы Л Д А Р:[В], [Г], [Ж], [З], [Й], [С], [Ф], [Х], [Ш] - бул тыбыштардын айтылышында сүйлөө органдары, тил менен тиштер бири - бирине тиер-тийбес болуп жакындашып, өтө кууш жылчыкча түзүлөт. Абанын агымы ушул кууш өткөөлдөн сызылып өтөт.
3)М У Р У Н Ч У Л Д А Р:<М>, <Н>, <Ң>- тыбыштары. Бул тыбыштарды айтканда аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп, тыбыш сүйлөө органдарынын бири-бирине кептелип калышы аркылуу жасалат.
4) К А П Т А Л Ч Ы Л:{Л} - тыбышы. Бул тыбыштын айтылышында тилдин учу үстүнкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өтөт.
5) Д И Р И Л Д Е М Е: Р - тыбышы. Бул тыбыштын айтылышында тилдин учу илмекей тартып, катуу таңдайга тийишет жана дирилдөө абалында болуп калат.
Түгөйлүүлүгүнө карай:
КЫРГЫЗ тилинде алты түгөйлүү үнсүз бар. Алар: б-п, в-ф, д-т, г-к, с-з, - ж-ш. Бул түгөйлөрдүн бири жумшак, экинчиси каткалаң үнсүз тыбыш. Түгөйлүү үнсүздөр оозеки речте айрым учурларда бирин-экинчисине алмаштырып, айтыла берет, анткени, артикуляциялык жактан бири-бирине өтө жакын.
Топтоштурган: @kyrgyztiliadabiyaty

Ү Н Д Ү Ү тыбыштардын жазылышы
1-§.Жазууда {э} тамгасы төмөнкүчө колдонулат :
1)Кыргыз тилиндеги сөздөрдө {э} тыбышы сөздүн башталышында келсе, {э} тамгасы менен, сөз ортосунда же сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда {е} тамгасы менен белгиленет. М:эгин, эрмек, белек... ж.б. Ал эми созулма түрү бардык учурда {ээ} болуп жазылат. М:ээр, керээз ж. б.
2) Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да {э} болуп жазылышына жол берилет. М.: сөз башында - экватор, экран;үндүүлөрдөн кийин - аэропорт, поэзия; үнсүздөрдөн кийин - мэр, сэр.
2-§. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда, үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым, укта-ып.
3-§. Уңгу сөздөрдө болсун же сөзгө мүчө уланганда болсун {оо}, {уу} созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же {й} тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы - ёо, - юу түрүндө жазылат. аюу, ая+оо=аёо,тая+оо=таёо
2-§. Ү Н С Ү З тыбыштардын жазылышы.
1)Төл сөздөрдүн аягында {б}, {в}, {д}, {г}, {ж} тыбыштары колдонулбайт, бирок, араб, гараж, эпилог, парад сыяктуу сөздөрдө сакталат.
2) Кыргыз тилинде төл сөздөрдө {р} тыбышы сөз башында келбейт. Ошондуктан - раазы, раак сөздөрү ыраазы, ырас түрүндө жазылат. Эскертүү: 1.Араб, фарс, орус ж.б тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: роман, робот...
2) {Б} тамгасынын жазылышы. {Б} тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл {в} тыбышына окшош айтылса да, жазууда {б} тамгасы менен жазылат. Ооба, аба, собол, убал, добуш ж.б
3) {Г} тамгасынын жазылышы:
1)Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай {г} тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
2) Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда {г} тамгасы түпчүл г(гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр
3) Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда. {г} (ги) тыбышын билдирет:гүл, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт.
4) {К} тамгасынын жазылышы
Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай {к} эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
1). Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда {к} тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет:кагаз, кайчы, кокту
(Уландысы бар...)

ЖРТ материалдарын да жөнөтүп турайынбы?
Anonymous Poll
97%
Ооба, сонун болмок!
3%
Жок, керек эмес...