каналдардын кобу англис тилинде. бирок аларды орус тилине которгон каналдар коп.
Кыргыз Глобал уюмунун мыкты ментордук программасына тапшырып корууну сунуштайм. Мыкты команда жана мыкты менторлор.
Быйылкы ЖРТ результаттары да чыгып калды. Бироо кубанычта, бироо капаланган, а башкасы кадимкисиндей эле жүрөт.

Кандай болсо да, тестти тапшырып алышыңар менен куттуктайм. Жакшы балл алган болсок, бул биздин “өзгөчө” күчтүү экенибизди билдирбейт. Ошондой эле, төмөн балл да, биздин башкалардан төмөн экенибиздин белгиси эмес. Болгону, жакшы даярдандык же даярданбадык ошонун көрсөткүчү. Дагы да, канча критикалуу ой жүгүртө алабыз, аны да кандайдыр бир деңгээлде чагылдырып турат.

Менин бир досум бар, негизги тесттен 120-130 арасы алган экен. Бирок анын билими, ой жүгүртүүсү жана учурда кылып жаткан жумуштары баары жакшы десем болот. Мен аны 180-190 алган болсо кк деп ойлоп жүрүпмүн, жакында билдим.

Эмнеси болсо да, жогорку баа, төмөнкү баа деген нерселер баары салыштырмалуу деңгээлде. Бирөө үчүн 110дон жогору алуу - бул майрам. Башкасына 180 - бул “кыямат”...
Кечиресинер, сурамжылоону азыр кайра жонотом...
Быйыл ЖРТ тапшыргандар НЕГИЗГИ ТЕСТ канча балл болду?

Сурамжылоо анонимдүү. Силердин жооп мага да, башкаларга да көрүнбөйт. Коркпой белгилей беребиз))
Anonymous Poll
4%
<110
8%
110-130
12%
131-150
9%
151-170
11%
171-190
8%
191-200
6%
201-210
4%
210-218
12%
219-230
26%
Быйыл тапшырган жокмун
Билимот ютюб каналындагы ЖОЖдор жана кесиптер ж-дөгү материалдар:

1. Баяман Базарбаев менен маек (учурда Түштүк Кореянын KAIST университетинде окуйт) Ала-Тоо Университети Компьтер Илимдери (IT) жөнүндө подкаст


2. Азрет Кенжалиев менен маек (IT тармагында тажрыйбасы көп, Лондондо YELP компаниясында стажировка кылып келди) IT тармагы - Компьтердик Технологиялар жөнүндө (Билимот подкасттары)

3. Тилек Ашимов
менен маек (КТМУнун химия инженериясы бөлүмүнүн мыкты студенттеринин бири, Японияга тажрыйба алмашуу боюнча барып келди) КТМУ Манас - Химия Инженерия Тилек Ашимов, Билимот Подкаст

4. Ислам Султангазиев менен маек (студенттик учурунда эле өзүнүн ийгиликтүү туризм компаниясы бар) Манас Унив. Туризм. Ислам Султангазиев (КТМУ)
Кесип тандоо боюнча кеңеш берүү эң кыйын деп ойлойм. Кээ бир адамдар оңой эле туруп: "Бул жакшы, тиги жаман," - деп кеңеш берип коюшат. Алардын бул темада көп нерсе билбейт экенине көзүм жетет, өздөрүнүн тармагын эптей албай жатып башкаларга "баарын билген" адамдай жол көрсөтүп коюшат.

Менден да кесип жана ЖОЖ тандоо боюнча сурагандар болуп атат. Бул темада мен өзүмдүн уккан билгендеримди жана жеке тажрыйбамды шашпай бөлүк-бөлүк кылып жазып, ушул телеграм каналда бөлүшөйүн деген оюм бар. Бирок алардын баары болгону гана менин оюм болот. Жакшы ниетте, билгендерим менен гана бөлүшкөнү аракет кылам.

Албетте мен билбеген нерсе да толтура, ошондуктан азыр ойлогон оюма, карманган позицияма кийинчерээк өзүм эле каршы чыгышым мүмкүн. Анткени, балким кийин дагы да "жакшыраак", ынамнымдуураак нерсе угуп калсам, оюмду ошого өзгөртүшүм мүмкүн.

"Бул жакшы, тиги жаман", "мунун келечеги бар, тигиники жок", "бул болот, тиги болбойт" деген сөздөрдү далили жок айтып жаткандардан же коркпой өзүнө ишенип айтып аткандардан качуу керек деп ойлойм. Бул негизи бүтпөй турчу философиялык тема болсо керек...
Кыскасы, эч бир ой туура эмес. Болгону кээ бир ойлордун артында көп жылдык тажрыйба жана изилдөө жатса, башкаларынын артында кыска мөөнөттүү популизм же "караңгизм" жатат.

Анан албетте, орточо ойлор да бар. Дүйнө ак-кара, жакшы-жаман деп бөлүнбөйт. Дүйнөдө башка түстөр да бар, бир эле адам жакшы да, жаман да болушу мүмкүн.
Бул сүрөттү кайра бөлүшүп коюу кк го))

Толук маалымат мен да билбейм, тааныш байкебиз бөлүштү эле.

Кызыксаңар “азирети гугл” жардамга. Ошол универлердин сайттарын интернеттен таап, “admissions” деген бөлүмүнө кирип керектүү маалыматтарды карап көрсөңөр болот.

Алма бышып, оозубузга түшүп калышы кыйын)) Аракет кылган табат.
KAIST, UNIST, SUNY KOREA - булар Кореядагы мен билген 100% бекер окуткан жана англис тилинде окуткан универлер. Эң башкысы Кореянын алдынкы универлери болуп саналат.

Андан башка Ала-Тоо, АУЦАда окуган студенттер да студенттик алмашуу программалары аркылуу кээ бир бизнес тармагын англисче окуткан ЖОЖдорго келип калышат. ОШМУнун да корей ЖОЖдору менен ар кандай алмашуу программалары бар деп уккам.

KAIST’те окуган досубуз Дооронбек Маметов менен болгон интервьюну бул жактан көрө аласыңар: Түштүк Корея. Интервью со студентом KAIST.

Жогорку университеттерге кантип тапшыруу керек, документтерди качан жана кантип жонотот, анын баарын өздөрүнүн сайттарынан табууга болот. Аны учун англис тилин же корей тилин билуу керек. Эч ким сага келип баарын детально тушундуруп бербейт.

Баарын даярдап берчу агентсволор бар албетте, бирок алардын кызматтары акылуу болот.
Жакын арада ютюбга видеолорду тартайын деп атам, кайсы темаларда видеолор чыгуусун каалайт элеңер? Силерди эмне кызыктырат?

Сунуштар болсо @ozbekov жазсанар болот.