Башка булактарды карабай туруп жооп берип көргүлө.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун аянты Кыргыз Республикасынын аянтынан КАНЧА ЭСЕ ЧОҢ деп ойлойсуңар?
Anonymous Quiz
16%
0.5 - 1
16%
1 - 1.5
15%
1.5 - 2
20%
2 - 3
13%
3 - 4
12%
4 - 5
9%
6 - 7
Британ Музейинен көрөм деген артифактыңыз бар беле?
*British Museum

Барарга чейин бир аз тизме түзүп, подкасттарды угуп даярданганы аракет кылдым. Мен көргүм келген “Хаммурапи мыйзамдары” тилекке каршы Луврда экен.

Баса, Манчестерде “Илим жана өндүрүш музейине” кирдим. Инстаграмыбызда үзүндүлөр бар.

Лондонго барган мурдакы сапарымда мен баргым келген музейлерге кезек көп болуп, кире алган эмесмин. Бул жолу алдын ала билет алып баратам (Британ музейи бекер, бирок билет керек экен. Табият музейи акылуу жана киргени да жетишпей калам го.)

Лондондун борбордук китепканасынын (атынан адашпасам) музейинен Бийбарстын учурунда жазылган Куран китепти көрүп абдан толкундангам. Анткени, Бийбарсты мурдатан тааныйм 😂 Күтүлбөгөн жолугушуу болду. Манчестерде да ошондой “тааныштарга” жолуктум.
Ар бир адам өз чечими үчүн өзү жоопкер. Ойлонбой туруп бирөөнүн айтканын уга берүү - бул да бир чечим.
Садыбакас ажы - Жаңы жыл майрамы тууралуу

Видео “minbarmedia” ютуб каналында 26.12.2020 жарыяланган. Узундугу 8 мүн 30 сек.

1. Алгачкы 1 мүнөт Ихлас сүрөөсүн которуп түшүндүрүп берет.

2. Каапырлар (христиандарга шилтей) “Аллахтын жубайы бар, Аллахтын баласы бар” дешет деген мааниде сөз айтат. Менин билишимче христиандык дагы бир кудайлык дин жана ал жактагы “ата-бала-ыйык рух” башкача мааниде колдонулат. Үч кудай бар десең христиандыктан да чыгып кетесиң.

3. “Эмнеге жаңы жылдын датасын билесиң да, орозонун качан башталышын так билбейсиң?” – деп суроо коёт. Бул аргумент “бет тырмоочулукка” кирет. “Өзүңдү билип ал” деп аталган логикалык жаңылыштыктын түрү (tu quoque fallacy).

4. “Сиз кимсиз? Бабаларыңыз ким эле? Сиз азыр ким болуп калдыңыз?” Бул болсо “салтка таянуу жаңылыштыгы” (The appeal to tradition fallacy). Салт дайыма туура болсо, анда араптар салтын кармап, Исламга өтпөшү керек болчу, ансыз да ата-бабамдын динин карманам деп эски дининде өлгөндөр ошол учурда деле көп эле болгон.

5. Хадис Кудсиден “Адам баласы мени (кудайды) жалганчы деди, тилдеди” деген мисал келтирет. Жаңы тоссоң кудайды тилдеген болосуң дейт. Кантип экөөнүн ортосуна байланыш түзүп койду таң калдым. Ал хадис төө жөнүндө айтса, бул жерде бээ жөнүндө чечмеленип калды.

6. Кайра кудайдын баласы темасына өттү. Үчилтик темасы татаал тема, адам турмушундагы жөн эле атасы-баласы темасы эмес. Менимче Садыбакас ажы христиандыкты “көчө” деңгээлинде билет. Мен кыйратпайм, албетте. Бирок ажыкебизден жакшыраак билет окшойм.

7. Төмөнкүдөй аргумент келтирилди окшойт бул видеодо:

Кудай жалгыз -> Христиандык ката -> ошондуктан Жаңы жылды тосуу Аллахты сөгүү менен барабар.


8. Аягында кайра бет тырмалоо, бир да Жаңы жылга тиешелүү тикелей аргумент айткан жок.

Бул логика менен алганда италиялыктар каапыр -> алар паста (макарон/рошки) жейт -> ата-бабыз жеген эмес -> жебе -> жесең кудайды тилдеген болосуң.

Башка молдолордун видеолорунда жок дегенде Жаңы жыл темасына тике аргумент келтиргендер бар. Бул ажыкебиз Ихсан кооперативине колдонгон ыкмасын бардык жерде колдонот көрүнөт - билип-билбей сүйлөй берүү ыкмасы. Башкысы, интонация, эмоция жана арапча сөздөрдү колдонуу.

Менимче, өзүбүз акыл калчабай туруп молдо айтты деп эле уга берсек жакынкы келечекте өлкөбүздө жаңы ИГИЛ же Ооганстан курабыз.
“Каныбектин” орусча вариантындай сезилди.

Китепте ачык пропаганда жана супсак сызыктуу окуялар жазылгандай сезилди. Керек болсо “Сынган кылычка” да жетпеди. “Война и мирге” жакындабайт да. Ичинде кээ бир фрагменттер гана тереңирээк ойду камтыгандай болду. Кантсе да, өзүмө кызыктуу болгон нерселерди таба алдым:
- Мангыттар
- Сеид Музаффар Бахадур Хан
- Сеид Мир Алим Хан
- Джадиддер
- Кашкар жана Орто Азия аймактарындагы пантүркизм жана панисламизмдик аракеттер
#ЛогикалыкЖаңылыштыктарРубрикасы

1. Каракчы жаңылыштыгы

Сокку урууга ыңгайлаштыруу үчүн бирөөнүн аргументин башкача чечмелөө жаңылыштыгы.

Мисалы: Белек иттер адамдын досу жана жан шериги болгондуктан аларды жакшы кароо керектигин айтып жатты. Асан Белекти алсыз мышыктарга карата ташбоор жана мыкаачы деп күнөөлөдү. Андай мааниде айткан жокмун дегенине карабастан, отургандардын көпчүлүгү Белекти жактырбай чуулдашты.
Жогорку мисалда Асандын аргументинде жаңылыштык бар деп ойлойсузбу?
Anonymous Poll
68%
Ооба
18%
50/50
14%
Жок
#ЛогикалыкЖаңылыштыктарРубрикасы

2. Тайгак эңкейиш

Эгерде биз “А” окуясынын орун алуусуна жол берсек, анда уланып барып “Я” окуясы да орун алат, ошондуктан “А” ны болдурбоо керек деп ырастоо жаңылыштыгы.

Мисалы: Жогорку окуу жайларда окуу төлөмүнүн жогорулашын токтотушубуз керек! Болбосо, көз ачып жумганча семестрине 100 миң сомдон алып башташат.
Жогорку аргументте жаңылыштык барбы? Чын эле азыр токтотпосок чоң сумманы алып башташабы?
Anonymous Poll
51%
Ооба, жаңылыштык бар.
24%
50/50
25%
Жок, алдын албаса ошондой эле болот.
Сиз өзүңүздү белгилүү бир темада талаш чыкса кайсы тарапта болом деп ойлойсуз?
Anonymous Poll
55%
Мусулмандар тарабында
0%
Мусулман эместер тарабында
45%
Алдын ала айта албайм
Бала тарбияны ата-эненин айткан сөзүнөн эмес, алардын кылган иштеринен алат.
Суроо:
Ата-энеси “жаман” адамдар болуп баласы “жаман” адам болуп өсүп чыкса, байкушта эмне күнөө?

Мугалимдер, тарбиячылар же устаздар канча окутпасын, ичиңдеги “чорттугуң” кала берет көрүнөт. 25ке чыгып калдым, буга чейин алма дарыганан алыс түшкөн учурларды дээрлик көрө элекмин. Кээде алыс түшкөндөй көрүнөт, жакындан тааныганда ошол эле бойдон экенин көрөсүң.

Экстримге алып келип айтканда: “Эшекке алтын таажы кийгизсең да, эшек бойдон калат”.

**Айта кетчү нерсе, өзүмдү ат же төөмүн дебей элемин.

Ата-энеси “жакшы” эмес адамдардан жакшы уул-кыз чыкканын көрө элекмин. Дин оңдойт дегенибиз менен, толук оңдоп салган учур байкай албадым. Сыртынан канчалык “иншалла-машалла” болбосун, олуттуу учурларда “чорттук” мүнөзү кармап калат же бир аз иштеп кетет.

Бул маселе боюнча 10-класста бир досум менен сүйлөшүп калгам. Ал бул теманы сүйлөп баштаганда эле, мен дароо улап кетип, өзүм эмне деп ойлоп жүргөнүмдү айтсам таң калган, сен да ушундай суроолорду ойлоносуңбү деп. Чынында ал көпчүлүгүбүздөн физикалык тараптан да, ой тарабынан да кыйла алдыда болчу, же өзүн ошондой деп ойлочу😅 (менмче чын эле алдыда болчу).

10-класста (2014-2015) бир аз башкача ойлончумун. Аны азыр жазсам узарып кетет.

Кийин 1-2-курстарда (2016-2017) мындай тыянакка келдим:
- Ар адам башында стартты ар жерден баштайт. Бирөө ыйман-ынсаптуу үй-бүлө же чөйрөдөн, башкасы жалганчы-ууру үй-бүлөдөн.
- Финиште кудай алардын баштаган чекитинен канчалык алдыга жылганына баа берет. Ыйман-ынсаптуу чөйрөдө төрөлгөн адам коомуна ТООДОЙ пайда алып келбесе, анда жакшы жашабаптыр. Ууру-жалганчы, шылуун үй-бүлөдө төрөлгөн адам ата-энесине караганда бир аз болсо да азыраак уурдап, азыраак жалган сүйлөп калса, ошонусу алдыга жылуу болуп эсептелип, акырети ошону менен бааланат деген ойго келгем.

Азыр (2023) болсо дагы башка ойдомун. Оюмду 5-6 сүйлөм менен түшүндүрсөм, кээ бир адамдар туура эмес түшүнүп алары анык.

Дагы бир нерсеге ишенип турам, жылдан жылга “жакшы” же “жаман” тажрыйба топтоп, оюм өзгөрүп турарына.