Өзүм шахмат көп ойнобойм жана турнирлердин айырмасын көп билбейм. Өзбекстандык 18 жашар Нодирбек Абдусаттаров Магнус Карлсенди жеңип атат жана ТОП шахматчылардын турниринде биринчи орунда келе жатат. Акыркы бир оюн калды. Жеңип чыкса классикалык шахматтан дүйнө чемпиону болот окшойт, түшүнүшүм боюнча. 2021 ылдам шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгон экен.

Бул жетишкендиктер биздин чөлкөмдө адамдардын өздөрүнө ишенимин жогорулатат деп ойлойм.

https://tatasteelchess.com/standings-masters/
The best of MrBeast?

https://youtu.be/TJ2ifmkGGus

Ишин сүйгөн адам. Интервьюларын көрүп чыккам. Учурда ютубда эң көп катталуучусу бар каналдардын 4-тизмегинде (130М).
Мышык көрдүм көчөдөн, көрүп жүрөм башкаларын да. Суук. Көзү жумулуп дээрлик ачылбай калган. Кулактарынын айланасында жүндөрү түшүп, жара. Дүкөндүн эшигинин алдында титиреп турат. Алган нерсемден бир аз жедирдим. Бул абалда канча жашай алат билбейм.

Адамды башы иштейт, колу буту бар, туугандары бар дейсиң, көчөдө калса да. Бирок мышыктын башы иштебесе, пландоо жөндөмү алдын ала берилбесе… Алар балким ооруну да биз сыяктуу кабыл албаса керек. Өзүбүзгө теңеп Асан кайгы болуп жүргөндүрбүз.
Садыбакас ажы Доолов,
Максат ажы Токтомушев,

Жогоруда жазылган устаздарды "аалым" деп эсептегендер болсо, анда мени "олуя-факих-муждахид" деп эсептесин.

Алгач ютубдан "Ихсан кооперативи" деп жазып жалпы картина алсаңыздар болот. Андан кийин бул тема боюнча Билимот подкастын угуу түшүнүктүүрөөк болушу мүмкүн. Ихсандын иши коомчулукка тикелей зыян жана диндин аброюна тикелей шек келтирди деп ойлойм. Пирамидалык системалар, ипотека жана башкалардын ньюанстары көп жана баарын эле адал же арам деп бөлүү кыйын.
"Ихсан кооперативинин" темасы боюнча оюмду төмөнкү подкастта бөлүштүм. Чачыранды, даярдыксыз эле сүйлөгөм, бирок аргументтерим бар.

👇 👇 👇
Подкаст: https://spotifyanchor-web.app.link/e/eSH6L2UFrxb
👆 👆 👆

Төмөнкүлөрдү аткарып анан мени жаман көрүүнү сунуштайм:
1) Ихсан темасын колдон келишинче деталдарына чейин үйрөнүп чыгуу (Баха Азия Микстин видеосу жардам боло алат)
2) Ипотека деген эмне, инфляция, дароо төлөө, бөлүп төлөө, Ихсандыкы кандай төлөйт, курган компанияга төлөө, ортомчулар аркылуу төлөө, мамлекеттин жардамы, коммерциялык же спонсорлук ж.б.у.с. нерселерди колдон келишинче түшүнүп чыгуу

Же "ээ, баари бир Азиз аша чаап сүйлөп атат, аалымдарыбызга каршы же жамандап сүйлөп атат" деп жогорку нерселерди үйрөнүп чыкпай эле мени жаман көрө берсеңер болот. Анткени, Кудай "ойлонбойсуңарбы", "оку" дебейт да, "аброюна карап көздү жумуп ээрчий бер" дейт да)) Албетте, антпейт, бирок бизге көздү жумуп ээрчий берүү оңой да.

Комментарий 👇
Азия Микстин башка балдары да катышкан экен видеодо.

Ихсанды кеңеш берген Садыбакас ажы да, Максат ажы да, жок дегенде ушул адамдар сыяктуу деталдап карап, ойлоп, талдап көрдү бекен? Жок дегенде, ызы-чуу чыккандан кийин детально ойлонуп көрдү бекен? Же алардын деңгээлине бул иштер майда болуп калабы...
1-имаратты Ихсанга каршылар курмак окшойт, ар бир коопсуздук деталына колдон келишинче маани берип.


2-имаратты Ихсанды колдогондор же коргогондор курмак окшойт)

“Өлүп атасынбы, ушунча акча кетип курулуп калды, андай-мындай, жаманды ойлобо, ар нерсе болуп кетиши мүмкүн, келечекти сен айта албайсын, биз баарын биле албайбыз, буюрганы болот, жакшы ниет кыл.”

P.S. Бул видеону карап туруп эле 1-имарат жакшы салыныптыр, 2-имарат жаман деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Балким экөө тең сапатсыз курулган, биринчиси кээ бир деталдары башкача же ж.б.у.с. Бирок, экинчиси кулаганы үчүн сапатсыз экени анык.
Өткөн жума продуктивдүүлүк начар болду. Андан мурдакы жума көбүрөөк иштеп койгонум үчүн деп ойлойм. Мунусунда ар күнү бирок аз-аздан деп пландап жатам. Бирок, баари бир же көп же жок болот окшойт.

Албетте, жумушта 8 ден баштап 5 ке чейин кадимкидей эле иш. Продуктивдүүлүк мен үчүн жумуштан кийинки убакытта эсептелинип жатат.
#философия #ойжүгүртүпкөрүү

Лонгтермизм кызыктуу көз караш экен: https://youtu.be/bFIVYRfyb3E.

Жашооңуз планетадагы биринчи адамдардын биринин жашоосу катары башталганын элестетиңиз. Өлгөндөн кийин, сиз дүйнөдө экинчи жашаган адам катары тирилесиз. Андан кийин үчүнчү адам, төртүнчү, бешинчи жана башкалар болуп кайра тириле бересиз.

Ар жолу туулганда буга чейинки болгондорду унутуп койсоңуз, бирок досуңуз - бул сиз, ата-энеңиз - бул сиз, душманыңыз - бул сиз, Кытайдагы бир карыя - бул сиз, 10 000 жыл мурда жашаган дыйкан - бул сиз, келечекте жашай турган адам - бул сиз... Жерди басып өткөн жана өтө турган ар бир адамдын жашоосун жашап чыгасыз.

Биздин бир жашоодогу иш-аракеттерибиз келечектеги өзүбүзгө кандай таасир этмек? Азыркы, мурдакы жана келечектеги ар бир адам - биздин өзүбүздүн башка версиябыз болсо, кайсы адатыбызды өзгөртмөкпүз? Азыркы жашообузда кандай иш-аракеттерди кылмакпыз?

Лонгтерминизм деп аталган философиянын этикасында ушул түшүнүктөр бар окшойт. Шашпай бул теманы гуглдан, ютубдан, подкасттардан карап чыгам го.

Баса, философия деген сөздүн этимологиясын 1-2 ай мурда эле үйрөндүм. Философия (от греч. phileo - люблю и sophia - мудрость) буквально означает "любовь к мудрости".
Кайра дин темасы

Бир ай мурун Ихсан кооперативи, Садыбака ажы, Максат ажылар ж-дө жазганымда каналда катталуучулардын саны азайды эле.

Эми экинчи серия…
Хабибулла Абдукадыр - теги Кытайлык ишкер. Раим миллион окуясында менимче эң күчтүү каарман. Эми, Садыр авабыз дагы Атамбаевдерден калган чеберчиликти улап жатат.

Мындай иштер (саясатты, динди, улуттук мурастарды акча, жер жана бийликке курал катары колдонуу) биздин өлкөдө гана байкалган уникалдуу кубулуш эмес. Учурунда “жапайы батыш” деп аталган убактагы мыйзамсыздыктар, 1800-1900-жылдардагы урбанизация учурундагы шаарлардагы экологиялык катастрофалар, тамаша соттор, кландар ж.б.у.с. азыркы алдынкы өлкөлөр тарабынан басылып өткөн.

Биз да басып өтөбүз, кеч басып жатканыбыз - алсыздыгыбыз же кем акылдыгыбыз эмес. Бирок ошол көйгөйлөрдү башкалардын тарыхынан карап, бат чечүү ШАРТ деп ойлойм. Учурунда алар дуушар болгон көйгөйлөрдү окуп-таанып чече албасак, анда коом катары кем акыл болобуз. Прогресс түз сызыктуу болбогондуктан, жыл өткөн сайын алдынкылардан артта кала берип, кооптуу жыйынтыкка ыктымалдуулук жогорулайт.
Христиан дини канчалык туура-ката бул башка маселе. Бирок, ошол диндин басып өткөн жолун, азыркы Ислам дини басып жатат деп ойлойм.

Негизи, бул эки дин ортосундагы окшоштук, балким, биз ойлогондон кыйла көп. Ислам-Христиандык-Иудаизм (Зороастризм) диндерин бир улуттун ичиндеги уруулар деп элестетсек, анткени алар семит урууларынан булактанган Ибрахимдик диндер, Индуизм-Буддизм-Конфуцианизм-Теңирчилик ж.б.у.с. башка алыскы материктердин элдери деп элестетүүгө болмок.


Учурда мусулмандар христиандарга караганда өз динине көбүрөөк такыба деп айтууга болот. Бирок, дайыма эле мындай боло берген эмес. 15-кылымда арап же түрк Исламга канчалык такыба болсо, Франсуздар жана Англиялыктар да ошончолук эле деңгээлде такыба болгон деп ойлойм. Керек болсо, 16-17-18-кылымдар да. Анан кантип ….

Уландысын подкаст кылып чыгарам. Текст узун болуп кетет экен.
20. Калыстыкты деген барбы? Тарых калыс боло алабы?

Бул подкастта талкууланган темалар:
- Тарыхты окуу, тарыхтагы фактылар канчалык чын, Корея тарыхы алар айткандай болгон эмеспи, кулчулук
- Америкадагы кулчулук, аргументтерге жараша ойду өзгөртө билүү, көк беттенип бир тарапты кармап туруп алуу

👇👇👇👇 20-подкастка шилтеме 👇👇👇👇

https://spotifyanchor-web.app.link/e/B2Uh064M8xb

👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆
21. Христиандык чалынган таштарга Ислам дагы чалынып жатабы? Чет өлкөлөр түшкөн аңдарга Кыргызстан да түшүүдөбү?

Бул подкастта талкууланган темалар:
- Эмне үчүн учурда биздин кээ бир элдер дин темасында аргументке, сөзгө маани бербей туруп эле, жылаңач көкүрөк, бош сөз, бок ооз болуп баратат? Азыркы диний массалык чөйрөнүн динди жана өзүн коргоо үчүн ушундай түркөйлүктү (жахилдикти) курал катары колдонуу гана колунан келип калдыбы?
- Христиандар мурда мусулмандарчалык эле такыба болгонбу? Азыр эмнеге күчүн жоготууда? Буга алардын жана биздин молдолордун айыбы барбы? Биздин айыбыбыз барбы? Христиандар алтын жалатып чиркөө салса, мусулмандар да ошол багытта баратабы? Эркин ой жүгүртүүгө бут тосуу диндин өзүнүн келечегине зыянбы? Адамдардын кайдыгерлиги жана билбестигине адамдардын өзү күнөөлүүбү? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго ойлор айтылды. Бул тема дагы талкууланууга тийиш.

👇👇👇👇21- подкастка шилтеме 👇👇👇👇

https://spotifyanchor-web.app.link/e/2QLo319M8xb

👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆