Hofstadter’s Law (Хофстаддердин мыйзамы):

• It always takes longer than you expect, even when you take into account Hofstadter’s Law. (Дайыма сен күткөндөн көбүрөөк убакыт талап кылынат, Хофстаддердин мыйзамын эске алганда да.)

Every project costs 2x as much and takes 3x as long - even when you factor this into your projections. (Ар бир проект сен ойлогондон 2 эсе кымбат жана 3 эсе узун убакытта бүтөт, бул айтылганда эске алып божомолдогон күндө да.)



Elon's Law (Илондун мыйзамы):

• If you have a project, combat Hofstader's Law by setting a ridiculously ambitious deadline. (Бир проектиң болсо, Хофстаддердин мыйзамын болушу мүмкүн эмес болгондой кыска дедлайн коюп жең.)

Even if it takes 3x longer than the deadline, you're ahead of everyone else. (Эгерде ишиң пландагындан 3 эсе көп убакыт алган болсо да, сен баарынан алдыда болосуң.)

Булак: @george_mack (https://twitter.com/george__mack/status/1350513143387189248)
Жогорку техникаларды жашоодо колдонуу

Кечээ 7 нерсени бир күндө бүтүрөм деп пландагам. Чынында баарына жетишүү кыйын экенин билгем. Ошол жетинин 4 төөсүн бүтүрө алдым. Бул да жаман эмес. Жогорку эки мыйзамды билгенден бери иштер өз убактында бүтпөсө көп кыжалат болбой турган болуп калгам.

PS.
"Болуу" деген сөздүн көп колдончу болдум. RIP сөз байлык.
Мусулмандык интеллектуалдык Чай Quizz оюнунда биздин команда 3-орунду ээледи!🥳🤩 Организаторлордун айтымында алгачкы жолу жаңы команда дароо байгелүү орунга ээ болуп жатат. 😇 Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз! 😃
Forwarded from Arrhenius League
Кыргызстанда олимпиадага байланыштуу көптөгөн жаңы кыймылдар башталды. Ошолордун арасында химия сабагы боюнча сапаттуу олимпиада уюштурула элек болчу. Бул боштукту толуктоо максатында дүйнөлүк олимпиададан коло, күмүш алган окуучулар + агай менен биргеликте Химия Олимпиадасынан Улуттук Лига форматындагы жаңы chemolympics аттуу олимпиада баштоо алдында турабыз. Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемелерге өтүңүз

Телеграм: @chemolympics

Инстаграм: https://www.instagram.com/chemolympics/
Жогорку олимпиада КРдагы эң пайдалуу химия олимпиадасы болоору анык. Уюштуруучулардын максаты - республикалык жана дүйнөлүк химия олимпиадаларына даярдоо, багыт жана материалдарды берүү. Баарыңыздарга катталууну жана досторуңуз, окуучуларыңыз менен бөлүшүүнү сунуштайбыз.
Ордуңда туруу деген нерсе жок. Же өнүгөсүң, же артка кетесиң. Акыркы эки жолугууларыбызда көптөн койгон максаттарды планга түшүрдүк. Аткара турчу жумуш көп, энтузиаст стажерлорду да командага кошолу деп жатабыз.
Химия олимпиада
Ойлорубузду эссе кылып комментарийге жазабыз.

Акылдуулук деген эмне? Кандай адам акылдуу адам? Эмне менен өлчөнөт? Жашоодо кандай пайдасы бар?
Сырлары жөпжөнөкөй:
- Туруктуулук (последовательность)
- Сабырдуулук (терпение)

The secrets are deceptively simple:
- Consistency
- Patience

Jack Butcher
Бир ишти баштоо = 0,1% аракет
Аны туруктуу улантып кетүү = 99,9% аракет

Starting something = 0.1% of effort
Doing it consistently = 99.9% of effort

J.B.
Парень с ДЦП из Кыргызстана пишет для ведущих журналов и брендов:
https://youtu.be/BaI159BH2FE
Бүгүн ютуб каналыбызда помидор техникасын колдонуп "МЕНИ МЕНЕН ОКУ" деген видео чыгат. Бул техниканы өзүм маал-маалы менен колдонуп турам. 2-курста колдончумун. Азыр да кайра ушинтип окуп баштадым.