Азырынча ушундай кетип атат (өзүм көргөн маалыматтарды топтогондо)
комментарийлер кошулду
Шайлоо & референдум 10-янв. 2021

Бул шайлоо буга чейинкилердин арасынан эң тазасы болду окшойт. Эл өз башкаруучусун жана башкаруу формасын тандады. Күтүлгөндөй эле фаворит кандидат жеңип чыкты. Куттуктайбыз жана алдыда жалаң ийгиликтерди каалайбыз!

Эң башкысы КРнын ИДПсы (ВВП) жылына жок дегенде 7-10% өсүп, адам укуктары жана сөз эркиндиги сакталган өлкө болушун тилейбиз.

Жеңбей калган, бирок күчтүү экономист, финансист, юрист кандидаттарды куугунтуктабай, чогу иштешет деген үмүттөбүз.

Биз, ар бир жаран, президентти же өкмөттү күтпөй, өзүбүздүн окуучу же студент болсок окуубузду, ишкер болсок жумуштарыбызды так аткаралы, эң негизгиси ушул.

Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот.
Өзүн-өзү сыноо: ЦООМОнун 2020-ж китебинин ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ бөлүмүн азыр эле 60 мүнөткө коюп иштеп көрдүм. 30дан 30 туура кылдым деп ойлойм, текшерип көрөйүн, азыр жообун жазам.
Башында адашып 25 деп алыпмын, 24 экен. МЕНИКИ 27 ТУУРА БОЛДУ. Каталар үстүндө иштеп суроонун авторунан/авторлорунан 2 ката таптым жана 1 катаны өзүм варианттын тамгаларын адашып жазып алыпмын, чыныгы тестте антип адашпашыма 90% ишенем, андыктан аны да туура деп эсептейм. Калган 3 катанын бирөөсүн чындап адаштым, экөөсүн убакыт болгондо туура иштемекмин, шашып белгиледим.
Бүгүн кечки саат 9га ютюб каналыбызга видео чыгып калат...
лучше поздно чем никогда)
Ilim_tech инстграм баракчасы
Окуу жана мээ


1. Ар ким ар башка ылдамдыкта үйрөнөт.
*Бул тапшырма мен үчүн 3 күн жалпысынан 13~15 саат убакыт алды.

2. Көпчүлүк учурда тапшырма аткарып атып ойлонгону зеригебиз. *Мээни иштеткибиз келбей, ар кандай жолдорду сынап көрүп, кокус чыгып калабы деген үмүттө болобуз. Эптеп туура жоопту чыгарып кийинки кадамга өткөндөн көрө, ошол тапшырманы толук аткаруу үчүн башты кыйнап, тамак берип өзүбүздү алдап, кыскасы бир жолун таап толук түшүнгөнү аракет кылыш керек.

Азыр эле, онлайн окуп аткан курсумдан чоң бир тапшырманы бүтүрдүм. Жогору эки кадам баштан өттү😅

Ps. Уктай электер болсо жаталы эми. Мен го тапшырма кылып уктабай атам, бошуна интернет чукуп уктабай аткандардын түрктөр айтмакчы "vay haline"😂
Критикалык ой жүгүртүүнүн өзөгү:
"Бардык идеялар ката; Менин идеям да, башкалардын идеясы да."

Бир эжем менен ар кандай темаларда талкуу кылып калабыз. Мурдакы күнү сүйлөшүп атып (үч адам элек), эжем: "Азизге бардык нерсе ката, өзүнүн ою да, башкалардын ою да ката. Акыры бир акыйкат болушу керек да..." деп айтты эле. Эстешим боюнча, бул позициямды эжеме былтыры кышта айткам.

Азыр атактуу Жордан Питерсондун коммунизм ВС капитализм (ангисче, орусча үн коштоосу бул жерде) темасындагы дебатын көрүп/угуп жатсам, Питерсон мен жогоруда айткан идеяга 100% окшош ойду айтты. Карл Юнгдун да көз карашын кошо белгиледи.

Эң кызыгы бул "баары ката" деген ойду мен эч жактан тикелей уккан эмесмин деп ойлойм. Ар жактан угуп, көрүп, окуп жүрүп ушул тыянакка келгем.

Өткөндө ушул каналдын жазылуучуларынын бирөөсү да, мен жеке тааныйм, башка бир темада, бирок терең "философиялык" маанини камтыган оюн айтты. Менин оюмча ал да ошол тыянагына "өзү" жеткен.

Негизи көп темалар үстүндө моралдык, материалдык, логикалык, философиялык, социалдык, диний, этикалык, тарыхий-маданияттык ж.б. багыттарда ой жүгүртүп жүргөндөр көп.

Менимче бул каналда да ушул сыяктуу "маанисиз" темаларга башын "оорутуп" жүргөндөр аз эмес. Бар болсоңор "+" жазып койгула комментарийге
Турат Алыбаев агайыбыздын ютюб каналында бүгүн ЖРТнын жыйынтыктарын анализдөө боюнча түз эфирде сабак болот, маалымат керек дегендер катышабыз.

https://www.youtube.com/watch?v=LMyVi4kD4U0&ab_channel=TuratAlybaev
Forwarded from 🇰🇬 student blog
Бүгүн кечки саат 8:00дө Азиз байке менен жанагы чатыбызда(@std_talk) маек + суроо-жооп кылалы деп жатабыз. Башкы темабыз ЖРТ
Жогорку үн чатка катышкандарга ыраазычылык билдирем. Анча-мынча жаңы маалымат ала алдыңар деп ойлойм.
Критикалык ой жүгүртүүнү кантип өнүктүрсө болот?
Жума сайын Билимотто бир китеп окуп, ютюбга талкуулап чыгаралы деп ойлоп, азыр фильм көрүп талкуулайлы деп чечтик.

1. Китеп окуу кыйын. Убакыт керек.
2. Фильм болсо көп адам алдын ала көрө алат.

Алгач "Выстрел в пустоту" деген фильмди талкуулайбыз.

https://youtu.be/ue5v11pGZiY
Азрет Билимотто башкаруу тобубуздун мүчөсү болгон. Азыр да кеңешип турабыз.