Бирибиз Орусия, Түркия, башкабыз Корея, Англиялап оор-жеңил жумуштарда мигрантпыз.

Адал акча, адал жашоо курганы жан үрөп жүрөбүз көпчүлүгүбүз. Анан жанды кашайтып, эски муфтий миллиондогон сомдорду эмес, МИЛЛИОНДОГОН ДОЛЛАРЛАРДЫ өзүнүн жана досторунун компанияларына ажылыктын акчасынан берип коюп жүрсө, муфтият конкуренцияны бузуп, тең салмактуулукту ыдыраткан коррупционердин акчасына имаратын салып, коррупциянын атасын кадырлап сыйлап отурса, күйбөгөн жериң күл болот экен.

Бу муфтияттагы кээ бир адамдарга чочко эти арам, уурдап жеген (коррупция) адал окшойт. Кыска кийген арам, уурдап кийген адал окшойт.

Муфтияттагы кээ бир адамдар (баары деп айтпай элемин!) таза динди жайылтуу эмес, чөнтөгүнүн жана кооз имараттарды көбөйтүүнүн гамын көрүп жүргөндөй.

“Өзүң эмне кылып койдуң?” деп сурасаңар, жообум бар.

Бирок менин жообум кандай болбосун, ал муфтияттагы коррупция менен байланышы жок. Менин кемчилдигим, Максат ажынын миллиондоруна же муфтияттын имаратына тикелей себепчи эмес.
Ар жолу дин “аалымдарыбызга” критика жазганымда каналда катталуучулардын саны азаят, комментарийде же личкага жазгандар болот. Туура, каналда көбүрөөк катталуучу болгону мага жакшы мотивация, бирок коомдо адилеттүүлүк болгону андан да маанилүү.

Билимот проектинин башталышынын себеби да, ансыз деле, коомдогу теңсиздикти жоюу аракети болгон. Билимот онлайн курстарын ачканыбызда толук кандуу иштеген бир да онлайн ЖРТ платформасы жок болчу (2017-2018). Бирөөлөр ачылып жабылып бүткөн, кийинкилери пайда болуп кайра жоголуп, эми эле акыркы 2 жылда бир аз туруктуулар пайда боло баштады.

Айылдарда анда ЖРТ мугалимдери жана курстары аз, онлайн дегенди түшүнгөндөр чанда болчу. Бирок регионго ЖРТ материалын салыштырмалуу түрдө арзаныраак баада жана сапаттуураак кылып жеткирүнүн үстүнөн иштеп келүүдөбүз.

Кудайга шүгүр, Билимот мүчөлөрүнүн баарынын өз жумуштары бар. Бирибиз Кумтор, экинчибиз программист, өзүм химик жана башкабыз менежер/финансист. Мурдакы мүчөлөрүбүз Сеул, Москва, Лондон шаарларында программист. Билимот биз үчүн биринчи кезекте материалдык эмес, идеологиялык проект.

Муфтияттагы кемчиликти айтып жатсам, динди же дин кызматкерлерин жаман көрсөтүү эмес, коомдогу адилетсиздүүлүктү көрсөтүү, жоюу үчүн болгон аракет деп эсептейм.
Бир ручка бир айга жетпей жатат.

Жумушта акыркы айлар продуктивдүү болбой жаткандай сезилгени менен, конспектимди карап жаман эмес окшойт деп калам. Бүгүн жазып атып, жазбай койсо боло турчудай жерлерин да жаза бердим. Кийин китептен издегенден көрө дептерден табуу оңойдой. Анын үстүнө жазып жатып жакшыраак эсте калат экени көпчүлүккө маалым болсо керек.

Анткен менен, керектүүнүн баарын жазам десең кайра эле 500 беттик конспект болуп кетет. Универ убагына салыштырганда азыр азыраак жазам, азыраак окуйм (жумушубузда окуу керек болгон нерселер көп), бирок ручка бат түгөп жаткандай. Ичинде сыясы көп, учундагы шариги иштен тез чыгат. Ручканын сапаты жаман эмес, анын үстүнө акчама сатып албайм, компанияныкы.

Жукпай калып турганы жакшы экен, иштеп атыптырмын деп сүйүнүп калганы.
Audio
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Эгемендүүлүк майрамыңыздар кут болсун!
Каримовдун бул кайрылуусун угуп, биздин Орусияга кошулган тарыхыбызды жакшылап окуп чыгуу керек экен деп ойлоп калдым.

Бир тарабынан Ормон хан жана ага каршы Боромбай, Балбай баатырлар, Сарыбагыш-Бугу маселеси.

Экинчиден, Кокон бизди басып алдыбы, биз эзгинде белек же Кокондун хандары жана аталык-аскер башылары өзүбүздөн чыккандыктан, биздин эле хандыкпы? Албетте, мен Коконду өзүбүздүн эле хандык деп эсептейм. Ал жерде Шерали хан, Алымкул аскер башы, Мусулманкул аталык, Нүзүп бий, Полот хан, Алымбек датка, Курманжан даткалар бар. Мындан сырткары биз билбеген бирок кыргыздан чыккан дагы башка салмактуу кишилер аз эмес деп ойлойм. Алар жөнүндө биздин кабарыбыз жок болгону, орустар жана орускулдар тарыхыбызды жазгандыктан болушу ыктымал.

Азыркы кыргыз тарыхы (мектептеги) Коконду душман, орусту бир аз дос көрүү багытында жазылган деп элестетем. Элдин аң сезиминде да ошондой туюмдар калкып жүргөндөй. Тактоо керек…
Атом эң майда бөлүкчө эмес. Аны түзгөн протон, электрон жана нейтрондор эмнелерден куралган? Алардан да майда бөлүкчөлөр барбы? Бул видеодо ушулар жөнүндө кеп болот.

https://youtu.be/RQC2UffyJoY
“Жыйырма жашында анархист болбогон адам, отузунда өрт өчүргүчтөр командасын жетектегини да алы жетпейт.”

“У того, кто в двадцать лет не был анархистом, к тридцати годам не хватит сил даже на то, чтобы руководить пожарной командой.”

Ален (Эмиль-Огюст Шартье)
— Французская революция доверила оружие молодым генералам...
— Но привел к власти Бонапарта старик, Сийес.
— Зато сам Бонапарт был молод и тем не менее поражал зрелых мужей своими познаниями и умом.
— Что это доказывает? Что характер важнее, чем возраст. Достоинства не зависят от возраста. Да и сам возраст понятие относительное. Бывают разочарованные во всем двадцатилетние старики; бывают восьмидесятилетние юноши, молодые душой и телом, полные замыслов.
Андре Моруа
#podcast

nFactorial Podcast ютуб каналынын подкасттарын укканда ар жолу таң калтырат.

Казахстандык салыштырмалуу жаш фаундерлердин жетишкендиктери жана амбицияларына баа бердим. Арман Сулейман жөнүндө бир тааныш байкеден 2017-2018-жылдары уксам керек эле. Чынында тех жана бизнес тармагында дүйнө таанымы кенен экен. Dan Carlin’дин подкасттарын ал да угат экен. “Норм” деп койдум))

Сиз кайсы подкастты/тарды угуп жатасыз жана сунуштамаксыз?
Бир нерсе жөнүндө көзүнөн оту жанып, берилүү менен айткан адамдар бар. Менимче ар адамдын жашоосунда ошондой “нерсеси” бар. Ар кимдин “нерсеси” ар башка жана биринен бири артык эмес.

Өзүмдүн ошол “нерселеримдин” бири тарых окшойт.

А сиздин оюңуз кандай?
ЖАРЫЯ!
Математика сабагынан райондук, облустук жана республикалык денгээлдеги маселелерди чыгаруу жолдору окутулат!
Мазмунунда:
📌Айлана
📌Окшоштуктар
📌Бурчтар
📌Аянт
📌Функция
📌Барабарсыздык
📌Тендемелер системасы
📌Комбинаторика
📌Сандар теориясы
📌Алгебралык маселелер каралат
Темалар кыскартылган форматта отулуп, ар бирине буга чейинки олимпиадада келген маселелерди чыгаруу менен отулот
🗓️Сабак 4 кун 1-поток 5,6,7,8-январь, 2-поток 10,11,12,13-январь (ар куну 2 сааттан) отулот
📞 Суроолор боюнча:0505952197
Сабак акысы:1000 сомдон
Реквизит: 0703310147 мбанк
👆👆

Өзүмдүн жакшы досумдан математикадан райондук олимпиадага даярдоо курсу. Сунуштайм.