Баса, бул каналда менин пикириме жакын адамдар топтолгон деп эмес, көз карашыбыз көпчүлүк же бир канча темаларда окшош болгондор топтолгонбуз деп ойлойм. Комментарийлердин сапаты буга кошумча далил.

Бул каналга кайсы жылдан бери катталуучусуз?
Anonymous Poll
6%
~2018
6%
~2019
13%
~2020
17%
~2021
22%
~2022
36%
~2023
Ливерпулдан салам)

Жакында Лондондо Британ Музейине жана убакыт жетсе Табигый тарых музейине да кирем. Ошол жактан кызыктуу болгон нерселерди жазам го.
Химиянын жаккан жагы - бардык башка илимдерди окуу көбүрөөк кажет болгону. Биохимия, физхимия, аналитикалык химия жана органика.

Кайра тандасам химияны тандамакмын, бирок физика деле алдынкы орунда эле. Математика болсо жетпеген арман) Өмүрүмдүн аягына чейин “татаал” математиканы үйрөнүп кетсем деген тилек бар.

Жумуш кол менен иштегендей көрүнгөнү менен, 60-90% убакытым азыркы КРдеги жумушумда компьютер үстүндө өтөт: макала окуу, макала окуу, макала окуу, анан эксперимент жана отчет түзүү.
Өзүм дээрлик угуп чыга элекмин, анткени бири боюнча субъективдүү терсирээк оюм болсо, экинчисин эми эле көрдүм. Азырынча башкаларды угуп жатам. Мисалы, Ден Карлиндин "Hardcore History" подкасты (5-6 сааттык эпизоддору менен).

1) Жаратман подкаст - https://www.youtube.com/@jaratman_podcast
2) Дижитал ынтымак - https://www.youtube.com/@Digital-Yntymak
Футболго да келдик)

Кудай жалгап компания ВИП кабинеттен билет алып берди, баасы ~870 фунт (~93 000 сом). Рестораны бекер тамактары менен жана жакшы жерден, клубдун сувенири да берилет экен.

Ливерпул vs Фулхам. Күчтүүрөөк оюндарда ВИП бөлүмдөн билеттер 10 миңдеген долларларга чейин жетет экен. Коллегам 30 миң да болот дейт, ал мындан да ВИП кабинет го дейм.
Башка булактарды карабай туруп жооп берип көргүлө.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун аянты Кыргыз Республикасынын аянтынан КАНЧА ЭСЕ ЧОҢ деп ойлойсуңар?
Anonymous Quiz
16%
0.5 - 1
16%
1 - 1.5
15%
1.5 - 2
20%
2 - 3
13%
3 - 4
12%
4 - 5
9%
6 - 7
Британ Музейинен көрөм деген артифактыңыз бар беле?
*British Museum

Барарга чейин бир аз тизме түзүп, подкасттарды угуп даярданганы аракет кылдым. Мен көргүм келген “Хаммурапи мыйзамдары” тилекке каршы Луврда экен.

Баса, Манчестерде “Илим жана өндүрүш музейине” кирдим. Инстаграмыбызда үзүндүлөр бар.

Лондонго барган мурдакы сапарымда мен баргым келген музейлерге кезек көп болуп, кире алган эмесмин. Бул жолу алдын ала билет алып баратам (Британ музейи бекер, бирок билет керек экен. Табият музейи акылуу жана киргени да жетишпей калам го.)

Лондондун борбордук китепканасынын (атынан адашпасам) музейинен Бийбарстын учурунда жазылган Куран китепти көрүп абдан толкундангам. Анткени, Бийбарсты мурдатан тааныйм 😂 Күтүлбөгөн жолугушуу болду. Манчестерде да ошондой “тааныштарга” жолуктум.
Ар бир адам өз чечими үчүн өзү жоопкер. Ойлонбой туруп бирөөнүн айтканын уга берүү - бул да бир чечим.
Садыбакас ажы - Жаңы жыл майрамы тууралуу

Видео “minbarmedia” ютуб каналында 26.12.2020 жарыяланган. Узундугу 8 мүн 30 сек.

1. Алгачкы 1 мүнөт Ихлас сүрөөсүн которуп түшүндүрүп берет.

2. Каапырлар (христиандарга шилтей) “Аллахтын жубайы бар, Аллахтын баласы бар” дешет деген мааниде сөз айтат. Менин билишимче христиандык дагы бир кудайлык дин жана ал жактагы “ата-бала-ыйык рух” башкача мааниде колдонулат. Үч кудай бар десең христиандыктан да чыгып кетесиң.

3. “Эмнеге жаңы жылдын датасын билесиң да, орозонун качан башталышын так билбейсиң?” – деп суроо коёт. Бул аргумент “бет тырмоочулукка” кирет. “Өзүңдү билип ал” деп аталган логикалык жаңылыштыктын түрү (tu quoque fallacy).

4. “Сиз кимсиз? Бабаларыңыз ким эле? Сиз азыр ким болуп калдыңыз?” Бул болсо “салтка таянуу жаңылыштыгы” (The appeal to tradition fallacy). Салт дайыма туура болсо, анда араптар салтын кармап, Исламга өтпөшү керек болчу, ансыз да ата-бабамдын динин карманам деп эски дининде өлгөндөр ошол учурда деле көп эле болгон.

5. Хадис Кудсиден “Адам баласы мени (кудайды) жалганчы деди, тилдеди” деген мисал келтирет. Жаңы тоссоң кудайды тилдеген болосуң дейт. Кантип экөөнүн ортосуна байланыш түзүп койду таң калдым. Ал хадис төө жөнүндө айтса, бул жерде бээ жөнүндө чечмеленип калды.

6. Кайра кудайдын баласы темасына өттү. Үчилтик темасы татаал тема, адам турмушундагы жөн эле атасы-баласы темасы эмес. Менимче Садыбакас ажы христиандыкты “көчө” деңгээлинде билет. Мен кыйратпайм, албетте. Бирок ажыкебизден жакшыраак билет окшойм.

7. Төмөнкүдөй аргумент келтирилди окшойт бул видеодо:

Кудай жалгыз -> Христиандык ката -> ошондуктан Жаңы жылды тосуу Аллахты сөгүү менен барабар.


8. Аягында кайра бет тырмалоо, бир да Жаңы жылга тиешелүү тикелей аргумент айткан жок.

Бул логика менен алганда италиялыктар каапыр -> алар паста (макарон/рошки) жейт -> ата-бабыз жеген эмес -> жебе -> жесең кудайды тилдеген болосуң.

Башка молдолордун видеолорунда жок дегенде Жаңы жыл темасына тике аргумент келтиргендер бар. Бул ажыкебиз Ихсан кооперативине колдонгон ыкмасын бардык жерде колдонот көрүнөт - билип-билбей сүйлөй берүү ыкмасы. Башкысы, интонация, эмоция жана арапча сөздөрдү колдонуу.

Менимче, өзүбүз акыл калчабай туруп молдо айтты деп эле уга берсек жакынкы келечекте өлкөбүздө жаңы ИГИЛ же Ооганстан курабыз.
“Каныбектин” орусча вариантындай сезилди.

Китепте ачык пропаганда жана супсак сызыктуу окуялар жазылгандай сезилди. Керек болсо “Сынган кылычка” да жетпеди. “Война и мирге” жакындабайт да. Ичинде кээ бир фрагменттер гана тереңирээк ойду камтыгандай болду. Кантсе да, өзүмө кызыктуу болгон нерселерди таба алдым:
- Мангыттар
- Сеид Музаффар Бахадур Хан
- Сеид Мир Алим Хан
- Джадиддер
- Кашкар жана Орто Азия аймактарындагы пантүркизм жана панисламизмдик аракеттер