1. Почему у машин есть дворники, а у дворников нет машин?
2. Почему Железногорск до сих пор не притянулся к Магнитогорску?
3. Почему для чая есть чайники, для кофе кофейники, а для какао нет какальников?
4. Почему Аня - это Анна, а Ваня не Ванна?
5. Почему в Монголии живет монгол, а в Чехии не чехол?
6. А почему мы завтракаем, а не сегоднякаем?
… Почему 🤔
1️⃣ Кыргызчага которулган китепте:
Макс Ширк матчындай секирип кетти. Караңгы аны курчап шишип кетти.

-> Ширк матчы ? Ширк? Матч (англисче “match - ширеңке”?) 🤯🤯

2️⃣ Англисчеси (түпнуска):
Max stood up, like struck match. The darkness swelled now, around him. (Макс чабылган ширеңкедей ордунан турду. Анын айланасын караңгылык каптады.)

3️⃣ Орусчага которулган китепте:
Макс вскочил, как чиркнувшая спичка. Тьма разбухла, окружив его.
1️⃣ Актанып алайын

Көч бара-бара түзөлөт. Дароо эле сапаттуу болуп кетпейт. Атаандаштык сапатты жаратат…

Котормочуларды жамандабай элемин, болгону факт. Өзүм которсом да каталар толтура чыгышы мүмкүн 💯

2️⃣ Максатка өтсөк

“Китеп уурусу” деген китептен жарыш болот, 15-январь. Орусча аудио версиясын уктум. Кыргызчасын окуп жарымына жетип калдым.

Көптөн бери (1-1.5 жыл) мынчалык күлө элек элем. Анын сүйлөмдөрүнүн алдында меникилер “нукура” көрүнүп калат.

Алар да Яндекс же Гугл котормочу колдонсо керек, мен ЖРТ тексттерин жасап жатканда колдонгондой. Бирок, кайрылып жакшы текшерилбептир. Орусча сөздөр калып кеткен, даталар абсурд, ойлор тупнускадан 180 градус тетири берилген учурлар… 117-бетке чейин үстүртөн эле барактап, кийин кылдат окуюн деп ушуларда байкадым. 200-бетке жеттим.

Окуп көргөндөр түшүнөт.
Ыйлактоо

100 балл алгандар да көп болду, куттуктайм!

Уюштуруу жакшы болду. Котормодо одоно каталар көп жана суроолор терең эмес, оңой жана бат жооп берүүгө багытталып калыптыр. Менимче суроолор татаал болсо дагы да жакшы болмок.

Өзүмдүкү 98 балл. Расмий жыйынтык бүгүн 1-2 саатта чыгат.
Кайсы сынак болбосун татаал болуп, эң алдынкылар 100 баллдан 60-80 балл эптеп алса, ошондо татыктуу сынак болот деп ойлойм. ЮНИСТ’те көп сабактарда ошондой эле. Болбосо, 90-100 балл алып, өзүңдү терең үйрөндүм деп ойлоп каласың. А чынында, “мурдуң кана, көзүң кана” деп бөбөктөрдү ойноткондой суроолор…
Топтолгон_маалыматтардын_жыйындысы.pdf
2.1 MB
Уйкудан алдың окуп жатканы 16 беттик тру-крайм.

Чыныгы жашоо кызык окуяларга бай эмес деп ойлойсузбу? Анда "Китеп уурусу" конкурсунда орун алды деп күмөндөлгөн шылуундук жөнүндө окуп көрүңүз.

Нааразы болгон конкурсанттар колдон келишинче бири-бирин таап, ушундай прогресске жетишишти. Мен топтолгон маалыматтарды жалпылап, кагазга түшүрдүм.
Өзүм шахмат көп ойнобойм жана турнирлердин айырмасын көп билбейм. Өзбекстандык 18 жашар Нодирбек Абдусаттаров Магнус Карлсенди жеңип атат жана ТОП шахматчылардын турниринде биринчи орунда келе жатат. Акыркы бир оюн калды. Жеңип чыкса классикалык шахматтан дүйнө чемпиону болот окшойт, түшүнүшүм боюнча. 2021 ылдам шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгон экен.

Бул жетишкендиктер биздин чөлкөмдө адамдардын өздөрүнө ишенимин жогорулатат деп ойлойм.

https://tatasteelchess.com/standings-masters/
The best of MrBeast?

https://youtu.be/TJ2ifmkGGus

Ишин сүйгөн адам. Интервьюларын көрүп чыккам. Учурда ютубда эң көп катталуучусу бар каналдардын 4-тизмегинде (130М).
Мышык көрдүм көчөдөн, көрүп жүрөм башкаларын да. Суук. Көзү жумулуп дээрлик ачылбай калган. Кулактарынын айланасында жүндөрү түшүп, жара. Дүкөндүн эшигинин алдында титиреп турат. Алган нерсемден бир аз жедирдим. Бул абалда канча жашай алат билбейм.

Адамды башы иштейт, колу буту бар, туугандары бар дейсиң, көчөдө калса да. Бирок мышыктын башы иштебесе, пландоо жөндөмү алдын ала берилбесе… Алар балким ооруну да биз сыяктуу кабыл албаса керек. Өзүбүзгө теңеп Асан кайгы болуп жүргөндүрбүз.
Садыбакас ажы Доолов,
Максат ажы Токтомушев,

Жогоруда жазылган устаздарды "аалым" деп эсептегендер болсо, анда мени "олуя-факих-муждахид" деп эсептесин.

Алгач ютубдан "Ихсан кооперативи" деп жазып жалпы картина алсаңыздар болот. Андан кийин бул тема боюнча Билимот подкастын угуу түшүнүктүүрөөк болушу мүмкүн. Ихсандын иши коомчулукка тикелей зыян жана диндин аброюна тикелей шек келтирди деп ойлойм. Пирамидалык системалар, ипотека жана башкалардын ньюанстары көп жана баарын эле адал же арам деп бөлүү кыйын.
"Ихсан кооперативинин" темасы боюнча оюмду төмөнкү подкастта бөлүштүм. Чачыранды, даярдыксыз эле сүйлөгөм, бирок аргументтерим бар.

👇 👇 👇
Подкаст: https://spotifyanchor-web.app.link/e/eSH6L2UFrxb
👆 👆 👆

Төмөнкүлөрдү аткарып анан мени жаман көрүүнү сунуштайм:
1) Ихсан темасын колдон келишинче деталдарына чейин үйрөнүп чыгуу (Баха Азия Микстин видеосу жардам боло алат)
2) Ипотека деген эмне, инфляция, дароо төлөө, бөлүп төлөө, Ихсандыкы кандай төлөйт, курган компанияга төлөө, ортомчулар аркылуу төлөө, мамлекеттин жардамы, коммерциялык же спонсорлук ж.б.у.с. нерселерди колдон келишинче түшүнүп чыгуу

Же "ээ, баари бир Азиз аша чаап сүйлөп атат, аалымдарыбызга каршы же жамандап сүйлөп атат" деп жогорку нерселерди үйрөнүп чыкпай эле мени жаман көрө берсеңер болот. Анткени, Кудай "ойлонбойсуңарбы", "оку" дебейт да, "аброюна карап көздү жумуп ээрчий бер" дейт да)) Албетте, антпейт, бирок бизге көздү жумуп ээрчий берүү оңой да.

Комментарий 👇
Азия Микстин башка балдары да катышкан экен видеодо.

Ихсанды кеңеш берген Садыбакас ажы да, Максат ажы да, жок дегенде ушул адамдар сыяктуу деталдап карап, ойлоп, талдап көрдү бекен? Жок дегенде, ызы-чуу чыккандан кийин детально ойлонуп көрдү бекен? Же алардын деңгээлине бул иштер майда болуп калабы...
1-имаратты Ихсанга каршылар курмак окшойт, ар бир коопсуздук деталына колдон келишинче маани берип.


2-имаратты Ихсанды колдогондор же коргогондор курмак окшойт)

“Өлүп атасынбы, ушунча акча кетип курулуп калды, андай-мындай, жаманды ойлобо, ар нерсе болуп кетиши мүмкүн, келечекти сен айта албайсын, биз баарын биле албайбыз, буюрганы болот, жакшы ниет кыл.”

P.S. Бул видеону карап туруп эле 1-имарат жакшы салыныптыр, 2-имарат жаман деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Балким экөө тең сапатсыз курулган, биринчиси кээ бир деталдары башкача же ж.б.у.с. Бирок, экинчиси кулаганы үчүн сапатсыз экени анык.
Өткөн жума продуктивдүүлүк начар болду. Андан мурдакы жума көбүрөөк иштеп койгонум үчүн деп ойлойм. Мунусунда ар күнү бирок аз-аздан деп пландап жатам. Бирок, баари бир же көп же жок болот окшойт.

Албетте, жумушта 8 ден баштап 5 ке чейин кадимкидей эле иш. Продуктивдүүлүк мен үчүн жумуштан кийинки убакытта эсептелинип жатат.
#философия #ойжүгүртүпкөрүү

Лонгтермизм кызыктуу көз караш экен: https://youtu.be/bFIVYRfyb3E.

Жашооңуз планетадагы биринчи адамдардын биринин жашоосу катары башталганын элестетиңиз. Өлгөндөн кийин, сиз дүйнөдө экинчи жашаган адам катары тирилесиз. Андан кийин үчүнчү адам, төртүнчү, бешинчи жана башкалар болуп кайра тириле бересиз.

Ар жолу туулганда буга чейинки болгондорду унутуп койсоңуз, бирок досуңуз - бул сиз, ата-энеңиз - бул сиз, душманыңыз - бул сиз, Кытайдагы бир карыя - бул сиз, 10 000 жыл мурда жашаган дыйкан - бул сиз, келечекте жашай турган адам - бул сиз... Жерди басып өткөн жана өтө турган ар бир адамдын жашоосун жашап чыгасыз.

Биздин бир жашоодогу иш-аракеттерибиз келечектеги өзүбүзгө кандай таасир этмек? Азыркы, мурдакы жана келечектеги ар бир адам - биздин өзүбүздүн башка версиябыз болсо, кайсы адатыбызды өзгөртмөкпүз? Азыркы жашообузда кандай иш-аракеттерди кылмакпыз?

Лонгтерминизм деп аталган философиянын этикасында ушул түшүнүктөр бар окшойт. Шашпай бул теманы гуглдан, ютубдан, подкасттардан карап чыгам го.

Баса, философия деген сөздүн этимологиясын 1-2 ай мурда эле үйрөндүм. Философия (от греч. phileo - люблю и sophia - мудрость) буквально означает "любовь к мудрости".
Кайра дин темасы

Бир ай мурун Ихсан кооперативи, Садыбака ажы, Максат ажылар ж-дө жазганымда каналда катталуучулардын саны азайды эле.

Эми экинчи серия…