БИЛИМ КУРЖУНУ📕🗂🖥💻
682 subscribers
130 photos
51 videos
65 files
163 links
Канал түрдүү тармактардын мыкты булактарын жарыялап, изденүүчүнүн жолуна ачкыч 🔑 болуп берет. Пайдалуу жана кызыктуу булактар жарыяланып билим куржунуңар толо бермекчи.

Ушундай жакшылыкка жар болуп, досторуңду каналга чакыр!
Download Telegram
ОЙЧУЛДАРДЫН УЛУУ СӨЗДӨРҮ...

Катуу шамалга туш болгон адам ага карата дубал эмес, жел тегирмен курушу керек!
(Мао Цзедун)

Кээде чындык ушунчалык жөнөкөй болгондуктаң ага дайыма эле ишене беришпейт. (Ф. Левальд)

Тагдырда кокустук болбойт, адам баласы өз тагдырын өзү жасоого уста.
(Л. Толстой)

Катуу бороон бат басылат, бирок, анын жыйынтыгы коркунучтуу болушу мүмкүн.
(Сенека)

Кимде-ким бир заматта көп жакшы нерсе кылуу мүмкүнчүлүгүн күтсө, ал эч качан эч нерсе кылбайт. Жашоодо бардык нерсе майда нер-селерден башталат. Чыныгы улуулук майда нерселерден улуулукту таба билүүдө жатат! (Сэмюэл Джонсон)

Адам миңдеген жоону жеңиши мүмкүн, бирок, өзүн жеңе билген адам гана улуу адам болуп эсептелет. (Будда)

Көрүү оңой, алдын ала көрүү кыйын. (Б. Франклин)

Бир гана табигат баарын бекер берет. (А. Герцен)

Билим менен куралданган адам – жеңилбес.
(М. Горький)

Бөлмөнү кооз гүлдөр көрктөндүргөндөй, учкул сөздөр жана таамай айтылган ой-пикирлер адамдын жан дүйнөсүн көркүнө чыгарат.
(Э. М. Капиев)

Өзүнөн гана көз каранды болгон адам бактылуу адам. (Цицерон)

ЫЙМАН НУРУ медиа порталы.
🔊🔊🔊 Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Кыргыз информатиктер ассоциациясы жана “Аян” окуу борбору Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Кыргыз Информатиктер Ассоциациясынын түзүлгөнүнүн жана “АЯН” окуу борборунун 3 жылдыгына карата республика боюнча информатика мугалимдери жана жалпы мугалимдер үчүн «Чыгармачыл мугалим-2021» аттуу
СЫНАК жарыялайт.

Сынактын максаты: Мугалимдердин санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүгө салым кошуу, маалыматтык - коммуникациялык технологияларын окуу процессинде колдонуу, сынчыл ой жүгүртүү менен маалымат таратуу.

Сынактын жобосу:
Сынакка катышуу үчүн:
1. https://www.youtube.com/channel/UCzT2FmDwbWM2ca9pH8JZkPQ шилтеме аркылуу "Аян" окуу борборунун ютубдагы каналына катталуу (подписка болуу);
2. https://forms.gle/WE18MvUF77Ja1Mq78 шилтеме аркылуу өзүңүз жөнүндө маалыматтарды толтурасыз;
3. Ютуб каналга катталгандыгыңызды тастыктоочу сүрөттү жана даярдаган презентацияңызды аты-жөнүңүз менен synak2021@gmail.com адресине жөнөтөсүз.

❇️Сынак эки тур менен өтөт.

Биринчи турда жогорудагы шилтеме аркылуу өзүңүз жөнүндө маалыматтарды жазуу менен "Аян" окуу борборунун ютубдагы каналына катталгандыгыңыз тууралуу сүрөттү жана даярдаган презентацияңызды 2021 – жылдын
25 – сентябрынан 2021 – жылдын 25 – октябрына чейин жүктөйсүз. Материалдарды баалоо калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт.
Эскертүү: форманы бир эле жолу толтурганга болот.

1. Ютуб каналга катталуу 5 упай;
2. Презентацияга максималдуу 60 упай;
3. Тестирлөөгө максималдуу 35 упай.

Экинчи тур 2021-жылдын 30-октябрь күнү болот, ар бир катышуучу “Педагогика жана психология” боюнча онлайн тесттик суроолорго жооп беришет.

Жыйынтыгы эки тур бирге 2021 – жылдын 2 - ноябрында чыгарылат.

❇️Талаптар:
1-турда
1. Жалпы мугалимдер үчүн "Үй-бүлөлүк баалуулуктар”, “Өсө бер – Ала-Тоом!”, “Мен Кыргызстандын кулунумун” “Жүрөгүмдө Кыргызстан” ж.б мекен, үй бүлө темасына арналган бирден креативдүү презентация (слайд) даярдоо.

2. Информатика мугалимдери үчүн “Информатика 5-6-класстар” жана “Информатика 7-9-класстар” окуу китебинен (авторлору: И.Н. Цыбуля, А.А. Беляев, Л.А. Самыкбаева, Н.Н. Осипова, У.Э.Мамбетакунов) бир темада презентация (слайд) даярдоо. (Эскертүү: жогорудагы китептерден тема алынсын).

2 – турда:
1. Педагогика жана психология боюнча 35 суроодон турган тесттик суроолорго жооп берүү.

🎁🎁🎁Сыйлоо:
Эң жогорку упай алган 5 мугалимге жана 5 информатик мугалимге Кыргыз информатиктер ассоциациясы жана “АЯН” окуу борбору тарабынан мактоо барактары жана белектер ыйгарылат.
1 – орун – 2 жеӊүчүүгө смартфон жана I даражадагы диплом;
2 – орун – 2 жеӊүүчүгө графикалык планшет жана lI даражадагы диплом;
3 – орун – 2 жеӊүүчүгө 2000 сом жана III даражадагы диплом ;
4 – орун – 2 жеӊүүчү китептер жана "Ардак грамота";
5-10-орунга чейин “Активдуу катышкандыгы үчүн” Мактоо баракчасы жана кызыктыруучу белектер.

Уюштуруучулар: Кыргыз информатиктер ассоциациясы жана “Аян” окуу борбору.
Байланыш телефондор:
0770-14-44-00
0707-01-23-49
0778-14-44-00
Кечирим суроонун ордуна ыраазылык билдирүүгө үйрөнүңүз!

«Кечиккениме кечирим сурайм»- эмес- «Мени күткөнүңүзгө рахмат!»
«Баарын көңүлүмо жакын алып алганыма кечирим сурайм» эмес, - «Мен кандай болсом ошондой кабыл алганыңызга рахмат!
«Мен көп ката кетирип атканыма кечирим сурайм» эмес-«Менин каталарыма сабыр кылганыныз үчүн рахмат!”.
«Мага жардамдашам деп, убактыңыз корогонуна кечирим сурайм»-эмес, «Мага жардам бергениңизге рахмат!»
«Көп сүйлөп койгонума кечирим сурайм»-эмес- «Мени укканыңызга рахмат!»

Ушулардын баарын окуганыңыздарга рахмат!
Шайназар Нурали уулу
Forwarded from SB
🔊🔊🔊Жаңылыкты уктуңузбу, акция уланууда🥳🥳🥳

MBank тан белекке 50 сом💵 алыңыз!

📝 Регистрация болуп 50 сом 💵 алыңыз. Акция убагы чектелүү экен🕚. Чамдаңыз

1️⃣ Эң астындагы ссылканы басыңыз 👇👇
2️⃣ Телефон номер жазыңыз, код келет аны жазыңыз
3️⃣ Паспортуңуздун алдыңкы жана арткы бетин тартып жөнөтүңүз
4️⃣ Селфиге түшүңүз
5️⃣ МБанкка катталдыңыз куттуктайм, кирип 50 сом ал👍

Катталып колдонуп жүргөндөргө да ,жаны каттала электерге да акча түшөт 🍋

🍋 СОРВИ ЛИМОН АКЦИЯСЫН ПАЙДАЛАНЫҢЫЗ🍋
Ссыллка аркылуу кириңиз👇
https://referral.cbk.kg/promocode/7FZHD8Z9

*Видео инструкция:* https://referral.cbk.kg/promocode/Y9YZEEI5

*Акция тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн 👇 шилтемени басыңыз*
https://www.cbk.kg/kg/actions/sorvi-limon-s-mbank
Forwarded from SB
*🔉🔉🔉Урматтуу кесиптештер сиздерди ийгилик жаратууга көмөкчү болгон онлайн компьютердик курска чакырабыз!!! (лицензия ном: IS190005778)*
👉Сабакты: Эл аралык деңгээлдеги тренер Шооруков Бакыт жана мыкты медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча тренер Арапова Кундуз Акимовна өтөт. *Курстун аягында сертификат* берилет. 🤗🤗🤗 Курстан сиз төмөнкү программаларды үйрөнөсүз: 👇👇👇
🎑 3D ПРЕЗЕНТАЦИЯ даярдоо;
🌠MINDOMO - интеллектуалдык карта түзүү;
📒ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕП даярдоо;
🔲 ВИРТУАЛДЫК ДОСКА менен иштөө;
📤 САБАККА керектүү пазлдык карточкаларды түзүү;
🌐 ИНТЕРАКТИВДҮҮ СҮРӨТ, ПРЕЗЕНТАЦИЯ даярдоо (бир бетке баарын даярдай аласыз, сүрөткө кнопка кошуу);
🗂️ЭЛЕКТРОНДУК ПОРТФОЛИО ТҮЗҮҮ;
💠 TRYVENTI менен ишөө;
❇️ NEARPOD сайтында иштөө;
📹INTRO MAKER жасоо;
🌏ГУГЛ СЕРВИСТЕРИН ИШТЕТҮҮНҮ;
👩‍💻👨‍💻САЙТТАРДАН ДАЯР ПРЕЗЕНТАЦИЯ, САБАК КӨЧҮРҮҮ ЖАНА РЕДАКЦИЯЛОО;
🔹MS WORDдо иштөөнү;
🔹MS POWER POINTте иштөөнү (анимация жасоо, кыймылдуу сүрөттөрдү даярдоо, нөлдөн профессионалга чейин);
🔹MS EXCELде иштөөнү;
🟢 "ПОЛЕ ЧУДЕС" оюнун түзүү;
💎 "МИЛЛИОНЕР ВИКТОРИНАСЫН" түзүү;
🔰ZIP GRADE;
🔰KAHOOT;
🔰БИР КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЭКИНЧИ БИР КОМПЬЮТЕРДИ туташтыруу;
🔶GOOGLE ACCAUNT ачуу жана ГУГЛ АККАУНТТУН МYМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН 📽️;
🔸YOU TUBE канал ачуу жана видеолорду туура жүктөөнү 🎞️;
📚ДОКУМЕНТТЕРДИ конвертациялоо;
🎥Benime менен креативдүү видео тартууну 🏞️;

🟩 МЫНДАН СЫРТКАРЫ БОНУСТУК САБАКТАР 🎁🎁🎁 ӨТҮЛӨТ.
АР БИР КАТЫШУУЧУ МЕНЕН ИШТЕЙБИЗ.

*_КУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН СМАРТФОН ЖАНА НОУТБУК СӨЗСҮЗ БОЛУШ КЕРЕК_* Курс акылуу - 700 сом. _Катышуу үчүн 0774706381 номерине 700 сом бирдик салып, которгондугуңуз тууралуу билдирүүнү группага жөнөтөсүз._
Курс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн 0778144400, 0770144400, 0552144400, 0990540081, 0705144402, 0227144400 номерлерине кайрылсаңыз болот.

🎊🎊🎊 Курстун аягында компьютерди билбейм деген кесиптештер, компьютер менен иштөө оңой жана кызыктуу экенине ынанышат жана санарип мугалим болуп чыга келет 📈. АНДЫКТАН КАТТАЛУУГА ШАШЫЛЫҢЫЗДАР✍️!

_*Окуу 1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11-12-декабрь күндөрү саат 20.00-22:30 га чейин болот.*_

https://chat.whatsapp.com/LxFyVHBlPS67NXy3b1m59h

https://chat.whatsapp.com/BjTI8TLhXtH0ojw30XmMNf

https://chat.whatsapp.com/J9gYW3GoobZ0t3i2NyhV3q
Балдардын шагын сындырбайлы

Союз кези, окуп жүргөн кезим, бир байбичеге троллейбустан орун бошотуп берсем, айланып-кагылып “Көп жаша балам, атаңа рахмат” деп алкап, батасын берген эле. Эмнегедир ошондо жашоого кумарым артып, дүйнөм түгөл, маанайым жарык болуп кеткен. Сөздүн күчү ушунда турбайбы көрсө...

Наристеге канат байлап, аны алдыга жетелеген мактоо эле тура. Бирок бүгүн биздин коом өтө майдаланып, балдарга болгон мамилебиз катаалдап кеткендей туюлат.

"Бала бакыт", “Балдар биздин келечегибиз”, “Түбөлүгүңдү ойлосоң, балага туура тарбия бер” дейбиз. Бирок чын-чынында оозубуз менен эле орок оруп, иш жүзүндө башканы жасайт экенбиз. Кам көрсөк, өз балага үйрүлүп түшөбүз да, өзгөнүн баласын көздүн төбөсү менен карап, кабагыбыз менен каарып өтөбүз. Башканын баласы да биздин бала, биздин келечектеги жаран экенин түшүнүп туруп эле ушул ишти жасайбыз.
Өткөндө маршруткада кетип бара жатсам, бир 2-3-класстарда окуган кызды айдоочу жекирип эле жатты.

- Бая эле айтпайт белең, түш эми, бол, тез, ымтырабай!

Бечара кыздын көзү алайып, сумкасы маршрутканын туткасына илинип, чалынып-чулунуп, ыйлагысы келип араң түшүп кетти.

“Жаш баланы неге мынча кагасыз?”- десем, “Төлөгөнү бир сом, каерден түшөрүн өзү билбейт” деп наалыган боюнча ылдамдыгын которуп, газды басты. Андан ары унчукпадым...

Мындай окуялар өлкөнүн ар кайсы жеринде күн сайын кайталанып жатса керек. Жолубуздан чыгып калган баланы башынан сылап, “Азамат жигит, келегой, биз өтүп кетели, ээ?” деп сылык сүйлөгөндүн ордуна, желкесинен кармап итере түртөбүз. “Эй, шакмар, тур биякка” деп зекийбиз. Айдоочуларыбыз окуучу балдарды душмандай көрөт. Анан ошол балдардын жүрөгүндө так калып, адамдарга жек көрүүсү күчөбөйт бекен. Ичинен ата-жотосуна жеткире ашата сөкпөйт бекен.

Кеменгер Айтматов “Ак кемедеги” баланы таятасына болгон ишеничи, адамдарга болгон аруу сезими өчкөндөн кийин ырас эле күнөөсүз бойдон балыкка айландырып жибериптир. Болбосо ал баладан бугу эмес, башкага да балта көтөргөн “Орозкул” чыкмак. Сезими, таза дүйнөсү булганган наристенин коомго пайда бербесин эң сонун жеткире айтыптыр жарыктык киши.

Мен кичине кезде оюнкараак балдарга устукан карматып, чөнтөгүнөн момпосуй алып берген бейтааныш эле чоң аталар азыр кайда? Шоктук кылсак “тукумуң өскүр”, “бай болгур”, “өркөнүң өссүн” деп сылык урушкан чоң апаларчы? “Эй, баатыр, кимдин баласы болосуң?” деп сурап, “баланчанын” деп жооп берген баланы “Ой азамат, чоң жигит турбайсыңбы” деп башынан сылаган агаларчы? Же алар ошол доор менен кошо кетиштиби?

Бой жеткен кезде балалыкка кайткым келип, куса болоор элем. Азыр менин балалыкка баргым деле келбей калды (ансыз деле бара албайбыз дегилечи). Баары эле мурчуюп кабак түйсө, балдардын эркелиги, баё шоктугу аларга кылмыш болуп көрүнүп турса “мурунку заманда” эле бала болуп калганыңа сүйүнөт экенсиң.

Биз балдарды кагып-силкип жатканда, биздин балабызды да бирөөлөр булкуп-жулкуп жатпады бекен?
Келгиле замандаштарым, мектепке шашып бараткан, сабактан чыгып келаткан, таттуу балалыктын таттуу шоктугуна чулганган, кучакташып ойноп, жакасы кыйшайган, өзүнөн чоң сумке көтөрүп, ага кошо келечекти көтөрүп жүргөн, беттери болпойгон, көздөрү жоодураган, мотурайган, чотурайган, шипширин, сапсары, капкара, апапак балдарыбызга жакшы мамиле жасап, мээрим төгүп коёлу. Алар да мээримдүү, мекенчил болуп эр жетсин!
Кумар Кыпчак .
*🔉🔉🔉Урматтуу кесиптештер сиздерди ийгилик жаратууга көмөкчү болгон кышкы онлайн компьютердик курска чакырабыз!!! (лицензия ном: IS190005778)*
👉Сабакты: Эл аралык деңгээлдеги тренер Шооруков Бакыт жана мыкты медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча тренер Арапова Кундуз Акимовна өтөт. *Курстун аягында сертификат* берилет. 🤗🤗🤗 Курстан сиз төмөнкү программаларды үйрөнөсүз: 👇👇👇
🎑 3D ПРЕЗЕНТАЦИЯ даярдоо;
🌠MINDOMO - интеллектуалдык карта түзүү;
📒ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕП даярдоо;
🔲 ВИРТУАЛДЫК ДОСКА менен иштөө;
📤 САБАККА керектүү пазлдык карточкаларды түзүү;
🌐 ИНТЕРАКТИВДҮҮ СҮРӨТ, ПРЕЗЕНТАЦИЯ даярдоо (бир бетке баарын даярдай аласыз, сүрөткө кнопка кошуу);
🗂️ЭЛЕКТРОНДУК ПОРТФОЛИО ТҮЗҮҮ;
💠 TRYVENTI менен ишөө;
❇️ NEARPOD сайтында иштөө;
📹INTRO MAKER жасоо;
🌏ГУГЛ СЕРВИСТЕРИН ИШТЕТҮҮНҮ;
👩‍💻👨‍💻САЙТТАРДАН ДАЯР ПРЕЗЕНТАЦИЯ, САБАК КӨЧҮРҮҮ ЖАНА РЕДАКЦИЯЛОО;
🔹MS WORDдо иштөөнү;
🔹MS POWER POINTте иштөөнү (анимация жасоо, кыймылдуу сүрөттөрдү даярдоо, нөлдөн профессионалга чейин);
🔹MS EXCELде иштөөнү;
🟢 "ПОЛЕ ЧУДЕС" оюнун түзүү;
💎 "МИЛЛИОНЕР ВИКТОРИНАСЫН" түзүү;
🔰ZIP GRADE;
🔰KAHOOT;
🔰БИР КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЭКИНЧИ БИР КОМПЬЮТЕРДИ туташтыруу;
🔶GOOGLE ACCAUNT ачуу жана ГУГЛ АККАУНТТУН МYМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН 📽️;
🔸YOU TUBE канал ачуу жана видеолорду туура жүктөөнү 🎞️;
📚ДОКУМЕНТТЕРДИ конвертациялоо;
🎥Benime менен креативдүү видео тартууну 🏞️;

🟩 МЫНДАН СЫРТКАРЫ БОНУСТУК САБАКТАР 🎁🎁🎁 ӨТҮЛӨТ.
АР БИР КАТЫШУУЧУ МЕНЕН ИШТЕЙБИЗ.

*_КУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН СМАРТФОН ЖАНА НОУТБУК СӨЗСҮЗ БОЛУШ КЕРЕК_* Курс акылуу: *Эгер сертификат ала турган болсоңуз - 700 сом, ал эми сертификат албай окусаңыз-500 сом.* _Катышуу үчүн 0774706381 номерине бирдик катарында салып, которгондугуңуз тууралуу билдирүүнү группага жөнөтөсүз._
Курс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн 0778144400, 0770144400, 0990540081, 0705144402, 0227144400 номерлерине кайрылсаңыз болот.

🎊🎊🎊 Курстун аягында компьютерди билбейм деген кесиптештер, компьютер менен иштөө оңой жана кызыктуу экенине ынанышат жана санарип мугалим болуп чыга келет 📈. АНДЫКТАН КАТТАЛУУГА ШАШЫЛЫҢЫЗДАР✍️!

_*Окуу 4-5-6-7-8-9-10-11-12-13-14-15-январь күндөрү саат 20.00-22:30 га чейин болот.*_

https://chat.whatsapp.com/LxFyVHBlPS67NXy3b1m59h
#жаркын_жашоо
#турмуш_сабактары

Сонун_маалыматтар...

⭕️ Заараны узак мөөнөт кармап туруу, кандагы натрий жетишпестигине алып келип өлүмгө себеп болуусу мүмкүн. Бул "суунун уулануусу" деп аталат.

⭕️Уйкудан ойгонгонуңузда үнүңүз өзгөрөт. Себеби уктап жатканда үн байламталары катып калат. Жумшаруу үчүн азыраак убакыт керек болот.

⭕️Көп уктоо, инсандын кайгысы көптүгүнөн жана өзүн жалгыз сезүүдөн да болушу мүмкүн.

⭕️Бир нерсени адат кылып алуу үчүн инсанга 21 күн жетет. Ар кандай адаттан кутулуу үчүн да ушунча убакыт жетиштүү.

⭕️Инсандын эркин жана катуу чүчкүрүүсү, анын коркпос жана эч нерсеге маани бербөөчү экенин билдирет. Жашыруун чүчкүрүүсү, анын өтө уялчаак, айланадагыларга маани берүүчү экенин билдирет.

⭕️Аялдар, эркектерге караганда жыт сезүүсү курч.

⭕️ Тездик менен бурулуу көрүү сезимин бир нече секундага токтотот. Бул баш айлануудан сактайт.

⭕️Бал жегенден соң 15 мүнөттө канга аралашат.

⭕️150 гр апельсинде 80 гр аскорбин кислотасы болуп, ал адамды 1 күнгө чейин "С" витамин менен камсыз кылат.

⭕️Адамдын акылы ашкан сайын, көп түш көрө турган болуп калат.

⭕️Адамдын өзү менен өзү сүйлөшүүсү анын акылын өстүрөт. Бул айрымдар түшүнгөндөй, психикалык оорунун белгиси эмес.

⭕️Курма (финики) дүйнө боюнча, курук жемиштердин ичинен тиштер үчүн эң пайдалуусу. Ал эмаль катмарын бекемдеп, кариестен сактайт.

⭕️ Ысытма учурунда билегиңизди 5 мүнөткө тамчылап турган сууга тосуп турсаңыз кандагы температураны түшүрөт.
✍️ Сулайман ажы
"Генийдин сыры"
Химия сабагынан профессор Нобел сыйлыгына ээ болот. Бир күнү бир окуучусу:
- Агай! Америкада 3000 миңден ашык профессор бар, бирок сиз кандай өзгөчөлүгүңүздөн улам бул сыйлыка ээ болдуңуз?, - деп суроо салат. Анда ПРОФЕССОР:
- Туурасын айта турган болсом бул ийгиликтериме апам себепчи болгон, ийгилигим үчүн апама карыздармын. Баардык апалар балдары мектептен келгенде: "Бүгүн мугалимиңдин суроосуна жакшы жооп бере алдыңбы"? - деп сурашат.
🤔🤔🤔
Менин АПАМ болсо-"Айтчы балам, бүгүн мугалимиңе жакшы суроолорду бердиңби"?-, дейт эле.
Мына, мени 3000 миң профессордон өзгөчөлөнткөн - апамдын суроосу эле ушундай болчу. Мен ар дайым мугалимдериме эч бир окуучу сурабаган суроолорду сурадым. Канча изденген сайын, ошончо мен билбеген суроолор пайда боло берди, - деген экен Нобель сыйлыгынын ээси.
эми биздин балдар, эмнени сурап жатты экен деген эле ой. Дегеним, учурдагы балдар менен үйдө ата-эне күн сайын эч дегенде жарым сааттык убактысын бөлүп- бүгүн кайда бардың, эмне окудуң, дептериңди алып келчи, келечекте ким болосуң, эмнеге кызыгасың, кайсы сабак жагат, экөөбүз сейилдейли, топ тебеличи, баскетбол ойнойлу ж.б. ушул сыяктуу ата-эне менен бала мээриминин байланышын бекемдесек дейм. Анткени, бала деген аккан суу кайсы нукка бурсаң, эмнени талап кылып адаптацияга көндүрсөң ошого карай ийилет, жол салат.
Наз Сабыровнанын баракчасынан
Кутмандуу күн замандаштар!

Кышкы каникулда билимиңизди өркүндөтүүгө чакырабыз. Ноокат районундагы мугалимдер, жогорку класстын окуучулары жана студенттер үчүн төмөнкү курсту сунуштайбыз 👇👇👇
1. Сайт түзүү конструкторлору менен иштөө;
2. Компьютерге операциондук система орнотуу;
3. Офистик программаларды коюу;
4. Kahoot, zipgrade программаларында иштөө;
5. Canva программасында интерактивдүү шаблон, открытка, презентпция, диплом, сертификат, буклет ж.б даярдоо жана көчүрүп алуу,
6. Принтер, проекторлорду туташтыруу, сканерлөө
7. Телефонду прошивкалоо

Сабактар 3 күнгө (4-5-6-январь) созулат. Акысы:1200 сом, тастыктоочу сертификат берилет.
Дареги: Ноокат шаары, Солтобаев көчөсү 22, "АЯН" окуу борбору

Сурап билүү номерлери: 0770144400, 0775144400
Ушул номерлерге кайрылсаңыздар болот.
Ноокат Майсара эжеке
0772 27 41 89
Кызыл-Кия Пазилет эже
0777 629 513
Базар-Коргон Айгүл эжеке 0778 540 624
Ноокен Айнура эжеке
0557 759 744
Жети-өгүз Гүлжан эжеке 0706 424 828
Токтогул Гүлзат эжеке
0778 412 413
Тогуз-Торо Бактыгүл
0770 108 171
Ак Суу району Кымбат эжеке 0700 164 915
Тоң району Чынара эжеке 0707 932 926
Нарын Айгүл эжеке
0702 985 080
Нарын, Кочкор району Анара эжеке
0703 193 814
Алай Таалайгүл эжеке
0508 728 320
Талас Мээрим эжеке
0705 784 875
Бишкек Бактыгүл эжеке 0773 100 854
Лейлек Гүлзара дүкөнү
0777 898 883
Жалал -Абад 3722 дүкөнү Нургүл эже
0771 081 491
Ошто Kitep.kg дүкөнүндө бар
КАРЫЛЫК БУТТАН БАШТАЛАТ...

Байыркы Кытайдын дарыгерлери адамдагы дененин картайышы буттан, тактап айтканда, тамандан башталаарын аныкташкан. Байыркы кытай медицинасынын канондоруна ылайык, бардык органдардын жакшы иштеши үчүн жооптуу жигердүү чекиттер таманда турат. Ал эми согончок " кыймылдабаса", анда бүт денеге жаман - дем ала албайт натыйжада ар бир орган картаят.
Баса, карама-каршы суу менен жуу бутка пайдалуу: ысык же муздак суу. Төмөндө буттарыбыздын, демек, бүтүндөй организмдин ден-соолугун сактоо боюнча бир нече рецепт келтирилген. Эми дагы бир жолу кытайлык дарыгерлердин акылмандыгына кайрылалы.
Кеңеш # 1.

Гимнастика
Буттун манжалары менен, согончок менен, ошондой эле буттун ички жана сырткы капталдарында басуу өтө зарыл. Бул буттун булчуңдарын жана сөөктөрүн бекемдейт, кан айланууну жакшыртат, демек ички органдардын ишин жакшыртат.

Кеңеш # 2.

Соккулар
Буттарыңызды күн сайын ургулоо керек. Соккулар манжалардын астында жайгашкан аянтка жумшак колдонулат. Соккулар жеңил болушу керек. Бирок уруу үчүн сиздин манжаларыңыз эмес кичинекей резина же жыгач балканы колдонуу керек. Эгер андай болбосо, тоголок бөтөлкө менен колдонуңуз. Денеге жагымдуу жылуулук тарай баштаганга чейин тыкылдатабыз.
Мындай массаж кытай медицинасында эки буттун жана бүт дененин кан айлануусун жакшыртуучу эң мыкты каражат деп эсептелет. Көрүүсү начар адамдар күн сайын 5 жана 2 мүнөт ичинде экинчи жана үчүнчү манжалардын түбүн уруп турушу керек. Рефлектордук көз менен байланышкан зоналар бар. Ошо сыяктуу эле, башка органдар менен көйгөйлөр пайда болгон учурда зоналарды уруп коюу керек.

Кеңеш # 3.

Массаж
Ошондой эле, буттун арка бөлүгүндөгү атайын чекитти - йонг-чуан менен массаж жасап туруу керек. Бул чечүүчү пунктту буттун астына таман ортосунан издеңиз. Мындай массажды кургак жол менен жасасаңыз болот, башкача айтканда чекитти 20 жолу үзгүлтүксүз басуу керек (алгач бир бутка, андан кийин экинчи бутка). Муну эртең менен жана кечинде жасаганыңыз оң. Кошумча күч талап кылынбайт.
Же бул жерди нымдуу жол менен укаласаңыз болот: бассейнге 38 градус суу куюп, ага буттарыңызды салып, алардын кызарганын күтүп туруңуз. Андан кийин баш бармактарыңыз менен бир эле учурда йонг-хуань чекитин 80 жолу үзгүлтүксүз укалаңыз. Андан кийин 3-5 мүнөт колуңуз менен бутуңузду сүртсөңүз жакшы болот.

Кеңеш # 4.

Жөө басуу.
Албетте, узак сейилдөө тамандын, буттун жана бүт дененин ден-соолугу үчүн негизги стимул болуп саналат. Эгерде сиз токой жолдорунда, чөптөрдө же паркта газондордо жылаңайлак жасай алсаңыз, анда эң сонун.

ЭЛЕУТЕРОКОКТУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ООРУБАЙБЫЗ ЖАНА ӨЗҮБҮЗДҮ ЖАШ СЕЗЕБИЗ.
Кыргыз_кызынын баракчасынан