BILESINBI.KG
1.88K subscribers
300 photos
60 videos
434 links
Кыргызстандагы жаштардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлүү суроолоруна жооп алып берүүчү долбоор. Суроолорду узатып, жооп алсаңыздар болот.
Download Telegram
Мазактоонун, буллигдин жана агрессиянын кесепеттери

Жабырлануучулар үчүн агрессия чыңалуу жана кемсинтүү, ошондой эле жооп катары жасалган агрессия, ачууланууда, капаланууда, алсыздык жана үмүтсүздүк сезиминде чагылдырылат. Буллингдин эң жаман кесепети – бул өзүн-өзү өлтүрүү. Мындан тышкары, жабырлануучу адам кылмышка баруусу же денеге оор залал келтирүүсү мүмкүн.


Кененирээк 👇🏻

#оспурумдор #атаэнегекенеш
Жаңы Кылмыш-жаза кодекси - аял киши эмес дегендей ой калтырат. "Адам урдоо" деген берене, анан "Үйлөнүү максатында аялды ала качуу" деген берене бар, бул эки берененин болушу аялдын адам эмес экенин көрсөтүп турат. Бул берененин болушу мыйзамсыз келишимдерге мүмкүнчүлүк берет. Бул Конституцияга каршы келген беренени жөн эле алып салыш керек. Ала качуу - адам уурдоо, болду, бүттү. Кандай гана максатта уурдалбасын, аял да, эркек да адам.

Кененирээк 👇🏻
#атаэнегекенеш #өспүрүмдөр
Өспүрүмдөр абдан аялуу келишет, айталы, теңтуштары, мугалимдери же ата-энелери менен пикир келишпестиктер болобу, айтор, алар үчүн конфликттерге туруштук берүү кыйынга турат. Ар бир өспүрүм өзүнүн мүнөзүнө жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша бир эле конфликтти ар кандай кабыл алышы мүмкүн.

Эң жакын адамдар - ата-энелер, камкорчулар - өспүрүмгө конфликтти чечүүгө жана агрессияны жеңүүгө жардам бериши керек.

Кененирээк 👇🏻

#атаэнегекенеш #оспурумдор
Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт жана “Борбордук Азияда эркек болуу” китебинин авторлорунун бири Тынчтыкбек Бакытов Kaktus.media сайтына маскулиндик тууралуу маек куруп берди.

#атаэнегекенеш #оспурумдор #оспурум #өспүрүмдөр #атаэнелерге
Миф. Чыныгы жашоодо оргазм кинодогудай

Чындык

Галина Чиркина:

- Байкашымча, оргазмдын ар кандай түрлөрү тууралуу видеолор көп чыгууда. Дагы бир жолу аялдын жана эркектин организминин өзгөчөлүктөрүнө, ар бирибиз оргазмды ар кандай сезе турганыбызга кайрылалы. Кээде аны өнөктөшү деле байкабай калышы мүмкүн. Бирок бул өнөктөштүн жаман экенин билдирбейт. Болгону адам ырахат алганын өнөктөшү анчалык байкабай калган кездеше берет.

Кээде адамдар өнөктөшүнө жагуу үчүн оргазм алып жаткандай болушат. Бардык сексологдор мындай дешет: "Эгер сиз өнөктөшүңүздүн оргазмын түшүнгүңүз жана сезгиңиз келсе, анда өз ара аракеттениңиз, сүйлөшүңүз, сезиңиз."

Кененирээк 👇🏻

#атаэнегекенеш #оспурумдор #оспурум #өспүрүмдөр #атаэнелерге
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Саида Нариман атактуу бухгалтер гана эмес, үч өспүрүмдүн апасы. Мындан тышкары TikTokто mamadrug блогун алып барат. Ал Kaktus.media’га “Ата-энелер үчүн санариптик энциклопедия” долбоорунун алкагында өспүрүмдөрдө боорукердикти жана жоопкерчиликти тарбиялоо боюнча кеңештери менен бөлүштү.

Адис бул сапаттар балдардын жеке өнүгүүсү жана башкалар менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү үчүн зарыл экенин баса белгилей кетти.

#оспурумдор #атаэнегекенеш
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Саида Нариман атактуу бухгалтер гана эмес, үч өспүрүмдүн апасы. Мындан тышкары TikTokто'то mamadrug блогун алып барат. Ал Kaktus.media'га "Ата-энелер үчүн санариптик энциклопедия" долбоорунун алкагында өспүрүмдөр менен натыйжалуу баарлашуунун негизги аспектилери менен бөлүштү.

Саида Нариман ата-эненин өспүрүмдөрдү түшүнбөгөнү мамиледе олуттуу тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн экенин баса белгилейт. "Көп учурда биз балдарыбыздын дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билбейбиз жана бул өз ортодогу мамилени татаалдантат", - деп белгилейт адис.

Өспүрүмдөрдүн апасы байланышты жакшыртуунун негизги куралы катары активдүү угуу жөндөмүн колдонууну сунуштайт. "Өспүрүм даяр болмоюнча, сөздү бөлбөй, кеңеш бербестен укканды үйрөнүү маанилүү", - дейт Саида Нариман.
Элнуранын окуясы
- Жолдошум экөөбүз Москвага кетип жатканда улуу кызым беште, кичүүсү экиде болчу. Улуусу менен коштошуп, көпкө кетип жатканыбызды, келгенде ага велосипед, куурчак алып келерибизди айтканбыз. Алар кичүүсүнө кичинекей деп эч нерсе дебедик. Балдар сагынды, биз сагындык, кыздарга көбүрөөк көңүл бурам деп жүрүп кайын энем да чарчады. Бирок башка аргабыз жок болчу. Карыздар жана кредиттер, жашоого кеткен чыгымдар ушундай чечимге келүүгө аргасыз кылды. Бир жылга кеткенбиз, беш жылдан кийин кайтып келдик. Кыргызстанга жылына бир эле жолу, анда дагы жыйырма күндөн ашпаган убакытка эле келип кетчүбүз.

Ажыроо балдар менен болгон мамилеге таасирин тийгизди. Алар биз жок чоңоюп, бизди ата-эне катары кабыл албай калышты.

Кайтып келгенден кийин байланыш түзүүгө жана алардын ишенимин кайтарууга көп убакыт жумшадык. Ошондо кеткенибизге өкүнбөйм. Миграциянын аркасы менен өзүбүздүн үйүбүзгө ээ болуп, бардык карызыбызды төлөдүк. Бир гана өкүнүчүм, өзүмдүн сезимдеримди кыздарым менен бөлүшпөгөнүм. Сезимдер жөнүндө кантип айтышты билбейм, алар менин "түнт" болуп жүргөнүмдү жактырбоо катары кабыл алышты. Ошентсе да, алар менен коштошкондо, үйгө чалганда жана сейрек кездешүүчү жолугушууларда ачык жана мээримдүүрөк болуу керек болчу экен.

Кененирээк 👇🏻

#атаэнелерге #оспурумдор #атаэнегекенеш #оспурум #өспүрүмдөр
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Саида Нариман атактуу бухгалтер гана эмес, үч өспүрүмдүн апасы. TikTokто Mamadrug үй-бүлөлүк аккаунтун алып барат. Kaktus.media "Ата-энелер үчүн санариптик энциклопедия" долбоорунун алкагында ал балдарды финансылык сабаттуулукка кантип үйрөтүү керектиги менен бөлүштү.
Буллинг – бул башка бала же балдардын тобу тарабынан бир балага багытталган туруктуу атайылап жасалган терс аракеттер. Кээде буллинг чоңдор тарабынан да жасалышы мүмкүн.

Ата-энелер жана мектеп өкүлдөрү буллинг көйгөйү менен сөзсүз таанышып чыгып, балдарына жана камкордугундагыларга ар дайым көңүл буруп туруулары маанилүү. Эгер бала ушундай кордукка дуушар болсо, анда төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:

Кененирээк 👈
Буллинг – бул бир адамдын же бир нече адамдардын ошол жамааттын башка мүчөсүнө карата атайылап, узак мөөнөттүү, системалуу түрдө кайталанган зомбулугу. Мектептеги буллингди өзүнчө бөлүп кароонун кажети жок, анткени бардык буллингдин мүнөзү ар дайым бирдей болот – алсыздарга карата агрессия.

Кененирээк
#оспурумдор #атаэнегекенеш
Checkit.media долбоорунун автору жана медиа тренер Асел Сооронбаева, "Медиа Сабак" фондунун директору Айчүрөк Усупбаева санариптик доордо өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери үчүн медиа сабаттуулук жана медиасын көндүмдөрү канчалык маанилүү экенин айтып беришти.

Кененирээк
- Жеке жана коомдук иденттүүлүктүн ортосунда кандай байланыш бар?

- Кээде социалдык жана жеке иденттүүлүк ачкыч кулпуга туура келгендей болуп калышы мүмкүн. Мисалы, мен өзүмдү абдан жоопкерчиликтүү, күчтүү, оор кырдаалдарга туруштук бере алган, акылдуу жана кандай гана оор жумуш болбосун аткара алам деп эсептесем, анда, балким, коомдук иденттүүлүктө (белгилүү бир топ) мен лидерлик кызматка талапкер болом, өзүмө көңүл бурдуруп, башкарууга умтулам.

Кененирээк
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Ата-эненин ажырашуусу – балдар туш боло турчу оор жагдайлардын бири. Бул нерсе алар үчүн стресс, тынчсыздануу жана эмоционалдык көйгөйлөрдүн булагы. Бирок, ата-эненин колдоосу балдарга ажырашууну баштан кечирүүгө жана келечекте алар менен жакшы мамиле курууга жардам берет.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт жана “Борбордук Азияда эркек болуу” китебинин авторлорунун бири Тынчтыкбек Бакытов Kaktus.media сайтына маскулиндик тууралуу маек куруп берди.

#атаэнегекенеш #оспурумдор #оспурум #өспүрүмдөр #атаэнелерге
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кибербуллинг деген эмне? Аны менен кантип күрөшүү керек? Аны чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда кантип алдын алуу керек? Бул суроолорго “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева жооп берди.