Башта
2.95K subscribers
6.07K photos
1.46K videos
3 files
3.11K links
Жарандык агартуу.
Өзүңдөн башта. Баштан башта

Гражданское просвещение. Начни с себя. Баштан башта

Присылайте свои новости, фото и видео на
Download Telegram
Премьер Британии Лиз Трасс ушла в отставку. Она занимала должность меньше, чем какой-либо другой британский премьер в истории, — 45 дней.

Трасс заявила, что пришла к власти «во времена большой экономической и международной нестабильности». По ее словам, Британию «слишком долго сдерживали низкие темпы экономического роста», и она с партией пытались это изменить.

@bashtan_bashta
😁23😢13👍2
Башта
📍Жогорку Кеңеш Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагалыгынан бошотту. Буга чейин ал Өзбекстан менен чек ара келишиминин долбоору боюнча комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. 📍Жогорку Кенеш снял Чингиза Айдарбекова с должности…
📍Депутат Улан Примов избран председателем комитета Жогорку Кенеша по международным делам, обороне, безопасности и миграции.

Ранее депутаты сняли Чингиза Айдарбекова с должности председателя комитета по международным делам, обороне, безопасности и миграции.

До этого Айдарбеков отказался подписывать решение комитета по соглашению с Узбекистаном о делимитации и демаркации отдельных участков границ, отметив, что не ознакомился с соответствующими документами.

@bashtan_bashta
🤮51💩6😁2👍1😱1
Башта
"Компаньон", "Бакай Банк" жана "Доскредобанк" банктары Орусиянын "Мир" картасын тейлөөнү токтотту. Банки "Компаньон", "Бакай Банк" и "Доскредобанк" приостановили обслуживание российской карты "Мир". @bashtan_bashta
Кыргызстандын дагы эки банкы Орусиянын “Мир” төлөм карталарын тейлөөнү токтотту.

Алар “Азия Банкы” жана “Кыргызстан коммерциялык банкы” бир катар орусиялык банктар менен кызматташуусун токтотушкан.


Еще два кыргызстанских банка приостановили обслуживание российских платежных карт "Мир".

Выяснилось, что "Банк Азии" и "Коммерческий банк Кыргызстан" прекратили сотрудничество с рядом российских банков.

@bashtan_bashta
👍64👏53🔥2💩1
Азимбек Бекназаров: Вчера меня не допрашивали, мы пили чай в ожидании главы ГКНБ.

«Мне сказали, что председатель ГКНБ хочет со мной встретиться. Туда также пришли специалисты по водному хозяйству. В 12:00 я пришел в ГКНБ в ожидании председателя, но в 16:00 я ушел. Просто так меня держали. Пригласили меня только для того, чтобы не ходил на собрание с президентом. Хотя на это собрание звали и попросили прийти. Никакого допроса не было, сидели и пили чай»,- сказал Бекназаров.

@bashtan_bashta
😁27🤡12
✈️"Эйр Манас" авиакомпаниясынын жаңы Airbus учагы Орусияга каршы санкциялардан улам "Манас" аэропортунда токтоп турат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.

"Орус -украин окуяларынан улам Орусиянын Мамлекеттик транспорттук лизинг компаниясы (ГТЛК) АКШнын жана Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирип калган. Жаңы учак дал ушул ишканага таандык болгондуктан Airbus компаниясы жана Америка бийлигинин уруксатысыз абага көтөрүлө албайт. Учак азыр "Манас" аба майданында турат", - деди Настаев.

😬 Орусия менен колтукташып жүрө берсек азабын дагы далай тартабыз!

@bashtan_bashta
😁16👍9🤣6😱3🤮1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Өзгөндө Кемпир-Абаддын берилүүсүнө каршы тынч жөө-жүрүш өтүүдө.

В Узгене проходит мирный марш против передачи Кемпир-Абада.


@bashtan_bashta
👍48🤡8🔥5👏32🤮1
‼️УКМК мамлекеттик органдарды, компанияларды жана ишкерлерди мекемеге маалымат берүүгө милдеттендирүүнү каалоодо.

Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.


‼️Государственный комитет национальной безопасности хочет обязать государственные органы, компании и предпринимателей предоставлять ведомству информацию.

Проект постановления на общественном обсуждении.


Булак: kaktus

@bashtan_bashta
🤬51🤡11💩3👍2😱2👎1
📍Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары биргелешип билдирүү таратты.

📍Пограничные службы Кыргызстана и Таджикистана выступили с совместным заявлением.

@bashtan_bashta
👍11😁2🌭1
📍«Кемпир-Абадды бербейбиз, алабыз». Жапаров Өзбекстан менен келишим тууралуу.

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында түзүлгөн кырдаалга токтолду.

📍«Мы не отдаем Кемпир-Абад, а забираем». Жапаров о соглашении с Узбекистаном.

Президент Садыр Жапаров в очередном интервью прокомментировал сложившуюся ситуацию вокруг Кемпир-Абадского водохранилища.

@bashtan_bashta
🤣55🤡18👍7🤔3😁21
Башта
📍Жогорку Кеңеш Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагалыгынан бошотту. Буга чейин ал Өзбекстан менен чек ара келишиминин долбоору боюнча комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. 📍Жогорку Кенеш снял Чингиза Айдарбекова с должности…
Садыр Жапаров Чыңгыз Айдарбековду Кыргыз Республикасынын элчиси дипломатиялык рангынан ажыратты.

Садыр Жапаров лишил Чингиза Айдарбекова дипломатического ранга посла КР.

@bashtan_bashta
🤬100💩19👍10🤯4👎3😱1
‼️Кемпир-Абад коргоо кыймылынын мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынды!

@bashtan_bashta
🤬46👍8
Активист Эрлан Бекчоро уулун милиция алып кетти!

@bashtan_bashta
🤬39👍8😁1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Милиция кызматкерлери укук коргоочу Рита Карасартованын үйүнө бастырып киришти!

@bashtan_bashta
🤬70👍12😁4👎1🤩1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Бириккен демократиялык кыймылдын мүчөсү Перизат Суранованын үйүн тинтүү.

@bashtan_bashta
🤬45👍6😁3
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Саясатчы Клара Сооронкулованын үйүн тинтүү!

@bashtan_bashta
🤬36👍15
Башта
‼️Милиция кызматкерлери укук коргоочу Рита Карасартованын үйүнө бастырып киришти! @bashtan_bashta
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын активисттердин, саясатчылардын тинтүүгө алынып массалык түрдө кармалуусу тууралуу пикири.

@bashtan_bashta
🔥35👍3👎2😁2
Милиция саясатчы Равшан Жээнбековду шаардык ички иштер башкы башкармалыгына алып барды.

@bashtan_bashta
🤬30👍10
Милиция үйү тинтүүгө алынган активист Гульнара Джурабаеванын баласынын буюмдарын алып кетүүдө.

@bashtan_bashta
🤬54👍7
‼️Граждандык контроль комитетин Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрү тинтүүгө жана камакка алынышы тынчсыздандырат.

2022-жылдын 22-октябрында Өзгөн шаарында өткөн курултайда 2022-жылдын 15-октябрында кабыл алынган токтомдун негизинде Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. Комитеттин курамына бир катар укук коргоочулар, саясатчылар, активисттер жана кызыкдар жарандар кирди.

Комитеттин курамы:

• Конституциялык соттун экс-мүчөсү Клара Сооронкулова;
• укук коргоочу Рита Карасартова;
• Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева;
• БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
• Оштук активист Гүлгакы Мамасалиева;
• жарандык активист Перизат Суранова;
• экс-депутат Ыргал Кадыралиева;
• Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева;
• саясатчы Равшан Жээнбеков;
• Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев;
• Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Бектур Асанов;
• экс-депутат Кубанычбек Кадыров;
• активист Жеңиш Молдокматов;
• экс-депутат Канат Исаев;
• Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев;
• Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров;
• депутат Исхак Масалиев;
• Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаров;
• Кыргыз Республикасынын Түркиядагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мамбетжунус Абылов;
• экс-депутат Орозайым Нарматова жана башкалар.


Эртеси, 2022-жылдын 23-октябрында, жекшемби күнү таң эрте Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Равшан Джеенбеков, Эрлан Жээнчороев, Перизат Суранова, Али Шабдан жана башкалардын батирлеринде дана үйлөрундө укук коргоо органдары массалык тинтүү иштерин жүргүздү. Тинтүү иштери ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору У.Жапеков кол койгон тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомдун негизинде жүргүзүлгөн. Анда «КР Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, кылмыш жасоого даярдануу - атап айтканда, кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча - зордук-зомбулук, погромдор, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу же бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү». Белгилей кетсек, тинтүү тергөө судьясынын санкциясысыз жүргүзүлгөн.
Бийликтин бул аракеттерин биз Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин аракеттерине сын жана тынчсыздануусун билдирген жарандарды ачык куугунтуктоо жана коркутуу катары баалайбыз.
Ушуга байланыштуу Граждандык контроль комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан төмөндөгүлөрдүу талап кылат:
• Куугунтуктарды жана кысымдарды, анын ичинде укук коргоочуларга жана жарандык активисттерге алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иштерин тез арада токтотуу. Кемпир-Абад маселеси боюнча өзүнүн мыйзамдуу жарандык позициясын билдирген жарандарды куугунтуктоо токтоосуз түрдө токтотулсун.
• Бардык саясий туткундарды дароо бошотуу жана саясий репрессияларды токтотуу.
• Адам укуктарынын мыйзамдуу ишмердигине кийлигишпөө кепилдиктерин берүү, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди дискредитациялоо кампаниясын токтотуу.

@bashtan_bashta
👍23🤡3