At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.86K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - Ат-Башыда Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди.

Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы борбордук китепканасынын балдар бөлүмүндө 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнүнө карата «Кыргыз тилим ардагым ата-мурас, кутман тилим» темада адабий кече болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечеге Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин мугалими Аида Касмалиева жетектеп келген 5-класстын окуучулары катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389494/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын айрым тургундары борбордук көчөгө таштанды таштаган жашоочуларга нааразы.

Ат-Башы районунун тургундары борбордук көчөгө таштандыларды таштап кетүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Жамал Бекбогулова билдирди.

Анын айтымында, таштанды ыргытуу үчүн көчө боюна урналар коюлган. Ага тургундар үйлөрүндөгү таштандыларды салып, аны уйлар чачып жаткандыктан айрым урналар алынган. Ал эми алына электерине унаа менен келип, таштанды таштап, аны уйлар, жолбун иттер чачып, көчөнү булгап жатышат.

Ат-Башы айылынын тургуну Жамал Бекбогулова: «Элдер унаа менен келип, чоң жолдун чекесине таштандыларын таштап жатат. Кышында тазалык ишканасында иштеген балдар тазалап жүрүштү. Андан кийин урналарды алышты. Бирок ага дагы болбой таштандыларды ташташат. Айрымдары арыкка төгүп жатат. Уяттары жок. Үйлөргө кирип айтып чыктык», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Курманбүбү Жапарова: «Ушул көчөдөн өзүбүз басып жатабыз. Таза болсок жакшы болор эле. Унаасы менен келип таштанды таштагандарга жолдо өткөн адамдар деле кайдыгер сыяктуу, унчукпай карап өтүп кетишет», - деди.
Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389535/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Билим АКИpress - Ак-Муз айылындагы мектепте Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата мелдеш уюштурулду

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы орто мектебиндеги милициянын жаш жардамчылары 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата мелдеш уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарада спорттун ар кандай түрлөрү боюнча окуучулар өз күчтөрүн сынап, калыстардын сынынан өтүштү. Ошондой эле патриоттук сезимди козгогон ырлар жаңырды. Жыйынтыгында 1-2-3-орундарды камсыз кылгандарга сыйлыктар тапшырылды.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:389585/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда согуштун ардагери Н.Жаналиев 98 жашында дүйнө салды.

Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Наамат Жаналиев 98 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук аскер комиссариатынан билдиришти.

Маалым болгондой, Наамат Жаналиев 23-февралда кечке маал каза болгон.

Ал 1922-жылы Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 7-класска чейин билим алган. 1943-жылы май айында согушка кетип, 1944-жылы кайтып келген. Колхоздо койчу, жылкычы, уйчу болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Анын артында 3 уулу, 5 кызы, 46 небере, 96 чөбөрө жана 4 кыбырасы калды.

Ат-Башы районунда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери жашап жатат.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389741/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Лыжа тепсең жарашат, элдин баары карашат»: Ат-Башыда мугалимдер жарышты.

Ат-Башы районундагы А.Чортеков атындагы орто мектеби «Лыжа тепсең жарашат, элдин баары карашат» аталышындагы мелдеш өткөрдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Лыжа тебүү боюнча турнирди уюштурууга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү, Ат-Башы райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү көмөкчү болушкан. Иш-чарага эл агартуунун жана СССР спортунун отличниктери, лыжа жарышы боюнча спорттун чеберлери Айымкан Стамакунова жана Жылдыз Кожоканова күбө болушту. Турнирде мектептин мугалимдери күч сынашкан.

«Лыжа боюнча мелдеш жакшы өттү. Кар эрип жатат деп, эрте өткөрүүгө аракет кылдык. Жылда уюштурууну сунушташты. Эмдиги жылы дагы жакшы уюштуруп, окуучуларды кошолу деген оюбуз бар», - деди Ат-Башы балдар спорт мектебинин директорунун орун басары Канат Жумабаев.

Жеңүүчүлөргө райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан грамота, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан белектер тапшырылды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389730/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Баракелде сайты - Ат-Башыда коронавирус катталганы тууралуу маалымат жалган, - министрлик.

Бүгүн, 26-февралда саат 16:30га карата Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле министрлик Нарын облусундагы Ат-Башы районунда коронавирус жуктурган учур катталганы тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин социалдык тармактарда Ат-Башы районунда коронавирус аныкталганы тууралуу маалымат тараган болчу.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды расмий гана маалыматтарга ишенип, социалдык тармактарга тараган жалган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.


Толук:
http://barakelde.org/news:389845/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Жаш талант: Сүрөтчү А.Турдубековдун эмгектери.

«Жаш талант» рубрикасынын бул жолку каарманы — ат-башылык сүрөтчү Аскат Турдубеков.

Ат-Башы райондук К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун сүрөт ийриминин катышуучусу, Абдыраалы Керимбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Аскат Турдубеков чоң сүрөтчүлөрдөн кем калбай сүрөт тартат. Жаш сүрөтчү 2002-жылы 13-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2 бир туугандын улуусу.

Алдыга умтулууга агай түрткү болууда

- Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу таята, таенемдин колундамын...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389702/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Канга муктаж бейтаптарымдан канымды аябайм, - ат-башылык фельдшер С.Мусаева.

36 жылдан бери медицина тармагында эмгектенген Салкын Мусаева ары татаал, ары сыймыктуу кесиби жөнүндө аймактык кабарчыга айтып берди.

Салкын Мусаева 1963-жылы 19-июнда Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылында туулган. Бала кезинен медицина тармагында эмгектенсем деп кыялданган. Кийин көздөгөн максатына жетип, учурда айылдык ФАПта фельдшер болуп иштеп жатат.

Үй-бүлөлүү, 5 кыз, 1 уулу жана 7 небереси бар.

«10-классты аяктап, 1981-жылы Нарын медициналык училищасына тапшыргам. 1984-жылы окуумду бутүп, ошол жылы март айында Нарын райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө медайым болуп иштедим. Ал жерде төрөттөн кийинки акушерка болуп 1,5 жыл иштедим. Андан соң, 2 ай окуп келип, ошол эле оорукананын лабораториясында 1,5 жыл иштедим. 1987-жылдын январь айында Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылына келин болуп барып, ушул айылда ФАПта иштеп келе жатам.

Бейтаптарыма кан аябай берем. Өткөндө эле бир аял бөйрөгү ооруп, ага 450 грамм канымды бердим. Себеби, төрөттөн кийин кан көп кетип калган экен. Нарындагы төрөт бөлүмүнө жаткырып келдим. Анын мурда 2 кызы бар эле. Эркек бала төрөдү», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389745/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Тагдыр»: 53 жаштагы ат-башылык тургун авариялык абалдагы үйдө жашап жатат.

53 жаштагы Акжол Адигинеев авариялык абалдагы турак үйдө күн кечирип жатат. Өзүнүн айтымында, үй 1970-жылы курулган.

Ал 1966-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. Аскерден ооруп келип, 2-топтогу майыптыкка чыккан. Учурда пенсионер. Пенсиядан сырткары жүк түшүрүп, күнүмдүк тамак-аш, дарысына каражат табат.

«Тамды оңдоп-түздөй албай жатам. Жардам берген киши жок болуп жатат. 1970-жылы эски тамды бузуп, жаңы там салганбыз. Ортодон 1994-жылы жер титиреп, үйдүн дубалдары жарылып кеткен. Тешиктеринен суук кирип, кошуналардын үйү көрүнүп калган. Андан бери оңдоп-түзөө боло элек. Жарылган жерин эптеп шыбап койдум. Негизи жашаганга болбойт, кулап калат деп жатышат. Бир жолу 2011-жылы ӨКМге кайрылып, 50 миң сом алгам. Бирок оңдоого жетпей калган. 200 миң сом алсам болмок экен. 20 жылдан кийин анын 100 миң сомун кайрып бермек экенмин.

Үйүм 3 бөлмөлүү, муздак. Электр энергиясын жана көмүр колдоном. Буттан сыз өтүп, ар кимдин бут кийимин кийип жүрөм», - деди ал.

Акжол Адигинеевге жардам берүүнү каалагандар 0777 41 30 52 , 0704 30 24 99 телефон номуруна чала алышат.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389799/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда ата-энеси мигрант болуп кеткен балдардын жашоосу текшерилүүдө.

Ат-Башы районунда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу максатында — түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга иш-чараны уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу максатында — ар бир квартал сайын айыл өкмөтү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектептердин соцпедагогдору үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү чараларын байма-бай жүргүзүп турмакчы.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Клара Казиеванын айтымында, бул иш-чара жогоруда аталган кызматкерлер тарабынан жүргүзүлдү.

«Балдарды колдоо жылына карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кээ бир балдардын төрөлгөнү тууралуу күбөлүктөрү жок экен», - деди ал.

Абдыраалы Керимбаев атындагы орто мектебинин соцпедагогу Гүлмира Чороева: «Зордук-зомбулукту алдын алуудан сырткары балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн бар-жогун текшерип, мигранттардын балдарынын жашоосу менен таанышып жатабыз. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өзүбүзгө жазып алабыз. Себеби аларга, мектеп тарабынан ар кандай жардамдарды уюштурабыз. Көбүнчө аз камсыздарга кийим-кече чогултуп берип жүрөбүз. Китеп, окуу куралдарынан да жардам беребиз», - деди.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:389932/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башынын эли милиция кызматкерлери менен жолугушту.

Ат-Башы РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, милициянын майору Т.Ашырбаев, райондук мамадминистрациянын жетектөөчү адиси, юрист Ж.Омокоев, райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын соцкызматкери А.Жанышов, коомдук кеңештин төрагасы К.Айдыралиев, билим берүү бөлүмүнүн адиси, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекторлор 11 айылда эл менен жолугушууларды өткөрүштү.

Эл менен жолугушуу учурунда жазгы талаа жумуштары, электр энергиясы, малдын коругу, абалы начарлаган жолдорду оңдоо жана жол белгилерин орнотуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Мындан сырткары 24 кайрылуу кабыл алынды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390045/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Barometr - Бишкекте атбашылык 47 жаштагы киши адашып жүрөт. Ал жакындарын издейт – видео

Социалдык тармактарда атбашылык Максат Буратов аттуу 47 жаштагы киши Бишкекте адашып жүргөнүн жазышууда. Ал кичи мекенине кете албай кыйналып жүргөнү боюнча видеолор дагы тарады.

Видеону жарыялаган автордун айтымында, Максат Буратов Бишкектеги Гагарин көчөсүндөгү “Народный” дүкөнүнүн жанында жүрөт.

“Видеодогу бул кишинин жанында документтери жок, өзүнүн айтуусунда Ат-Башыдан болот. Аты Максат Буратов 1973-жылы туулган. 1 айча мурда Ат-Башыдан бирөөлөр менен келип кайра кете албай калган. Учурда Бишкектеги №4 шаардык оорукананын айланасында түнөп жүрөт экен. Бакы деген агасы, Асан деген уулу бар экенин айтты. Таратып койсонуздар, балким туугандары табылып калаар?” — деп жазды автор.

Адашып кеттим деген кишинин айтымында, ал Ат-Башыдагы Өскөнбай аттуу кишинин баласы.

https://barometr.kg/bishkekte-atbashylyk-47-zhashtagy-kishi-adashyp-zhrt-al-zhakyndaryn-izdejt-video?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Коронавирус: Германияда иштеген тиш дарыгер К.Асекова учурдагы абалды айтып берди.

Германиянын Крефельд шаарында тиш дарыгери болуп иштеген Касиет Асекова коронавируска карата Германиядагы абалды айтып берди.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары Германияда 30га жакын киши коронавируска кабылган деп айтып жатышат. Биздин шаарда катталган жок. Азырынча абал тынч. Өзүм тиш дарылоо ооруканасында иштегендиктен ишенимдүү айта алам. Биз кадимкидей эле иштеп жатабыз. Оору чыккан шаарларда бала бакча, мектептер жабылды. Коронавируска кабылган адамдардын көбү улгайган адамдар экен.

Учурда бизде медициналык бет каптар, дезинфекциялык каражаттар кымбаттап жатат», - деди ал.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390108/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы ооруканага медициналык жабдыктар, таштанды ташуучу унаа алынды.

Ат-Башы райондук ооруканасына жетишсиз болгон заманбап медициналык жабдуулар алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга оорукананын жетекчиси Илим Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар менен катар тендер аркылуу 1 млн 100 миң сомго таштанды ташуучу жаңы унаа алынды.

«Ат-Башыда борборлоштурулган канализация жок. Жергиликтүүлөрдүкүндөй эле биздин ооруканада дагы септиктер бар. Септик улам толот, аны тазалоо керек. Бизде унаа жок болуп, бул боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Донорлордон баштап, өкмөттүн ар кандай деңгээлдеги инстанцияларына кайрылып, маселе чечилбей келген. Жылдын аягында акчабызды үнөмдөп, майда-чүйдө нерселерге чачпай, негизги көйгөйүбүздү чечели деп унаа сатып алдык. Россиядан тендер аркылуу 1 млн 100 миң сомго таштанды ташуучу унаа сатып алдык. Эми биздин оорукана тазалык, гигиена жактан республика боюнча алдыңкы болобуз деп ойлойм.

Заманбап аппараттарды алып жатабыз. Мисалы, балдарды дем алдыра турчу, дары куюучу, абаны тазалоочу аппараттарды, ЭКГнин жаңы түрүн алдык», - деди Бейшеналиев.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390158/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Б.Жусубалиева түйшүк менен баккан уул-кыздарынын урмат-сыйын көрүп жатат.

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын 66 жаштагы тургуну Бурул Жусубалиева 7 баланын энеси. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн.

«13 бир тууганмын, ата-энемдин көзү өтүп кетти. Мен Ак-Жар айылына келин болгом. Ал кезде сүйлөшпөй эле ата-энелерибиз эмне десе макул болуп эле кетчүбүз. 10-классты бүткөндө эле ата-энелерибиз сүйлөшүп берди. 1971-жылы келин болуп келдим. Иштеп, балдарды төрөп, аларды чоңойтуп, өкмөттүн жумушун жасап, үйгө келип кайнене, кайнатамдын жумушун жасачумун. Улуу кайын ага, кайын эжелерим Ак-Сайга чыгышчу. Балдарды чогуу бир үйдө бакчубуз...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390113/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Күйөөмө деле ишенбейм, балдар аман болсун»: Пенсионердин 160 миң сому үчүн өз үйүндө камакка алынган айылдык келин.

Ат-Башы районунун 40 жаштагы тургуну Гүлсүн айым (ысымы өзгөртүлдү) алдануунун айынан учурда үй камагында кармалууда. Аймактык кабарчы анын окуясынын чоо-жайын сурады.

Өзүнүн айтымында, 5 баланын энеси.

«2019-жылы жай мезгили эле. Мен жөлөк пул алганы банкоматка баргам. Аңгыча жаныма бир аял келип, «Чоң апамдын картасы эле. Акча алып бере аласыңбы? Мен алганды билбейм» деди. Картаны салдым, ал ары жактан кодун айтып берип турду. Картада 160 миң сом бар экен. Ошол акчанын баарын бөлүп-бөлүп алдыртты. Алып бүткөндөн кийин тиги аял кетип калды. Көрсө карта башка эле адамдыкы экен. ..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390162/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы айрым энелердин «Баатыр эне» төш белгисиндеги жазуу өчүп калды.

Ат-Башы районундагы айрым баатыр энелер «Баатыр эне» төш белгисинин сапатына нааразы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баатыр эне Зулайка Акматованын айтымында, азыркы төш белгинин сапаты мурункуга салыштырмалуу начар.

«Өкмөт бизди сыйлап, медалдарды берип жатышат. Бирок 10-15 бала төрөгөн апалардын медалы жакшы, накта алтын. Өздөрү да 1 медалдан 6 грамм алтын чыкчу деп айтып калчу. Ошолордун учурундагы төш белгинин формасы жылдызча болуп көрктүү, барктуу да көрүнчү эле. Кийин бизге да медаль берди. Нааразы эмеспиз. Ошентип баатыр эне деп сыйлап, көкүрөгүбүзгө орден такканына рахмат. Бирок такканга жараша сапаттуу болсо дейм...



Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390255/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Кышында айылдагы асфальт жолдо төрөгөн келин.

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Саламат кызы Изат айым 4 кыз, 3 уул, 1 неберенин апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, энелердин коомдогу орду эч качан бааланбай калбашы керек.

«Мектепти аяктап эле турмушка чыктым. Андан бери баатыр эне болууга жетиштим. Азыр жолдошум экөөбүз мал багуу менен алекпиз. Жайкысын Ак-Сай өрөөнүнө чыгабыз, кышкысын кыштоодо турабыз. Жайкысын элдин дагы малын алып багабыз. Ал жакта менин жумушум — балдарды карамай, уй, бээ саамай. Эң көп 10 уй, 10 бээ саайм. Жайлоодон ак сатып, кайра ал тыйынга азык-түлүк сатып алабыз.

Коомдо эне биринчи орунда турат деп ойлойм. Себеби энелер балдарды багабыз, болгон күч-аракетибизди балдарга жумшайбыз. Тапкан, ташыганыбыздын баарын эле балага жумшайбыз. Эң улуу кызым турмушта. Кийинки 1 уулум менен 1 кызым студент. Турмушта башыбыздан көп кыйынчылыктар өттү...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390170/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Чана тээп кетип, кайын инисинин баласын таппай калган абысындар.

Уулбүбү Кенжекараева 1965-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын төртүнчүсү. Мектепти аяктап эле турмушка чыгып, 4 эркек, 3 кыздын энеси болууга жетишкен. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«1985-жылы 25-февралда туулган күнүмдө турмушка чыктым. Жолдошум менен кайын журтум аркылуу таанышып, бир-эки жолу көрүшүп эле турмуш курдук. Өзүмдүн ата-энем да, кайын энем менен кайын атам да чабан болушкан.

Улуу кызым мугалим, кесиби менен иштейт. Ат-Башыга келин болгон. Кийинки уулум акимчиликте эмгектенип жүрөт. Бир кызым студент, келечекте лаборант болот. Кичүү кызым Кыргыз улуттук университетинде окуйт. Келечекте юрист болот. Өз жашоосун тыңыраак жашасын деп, балдарды аракет кылып окуттук», - деди ал.

Уулбүбү Кенжекараева бул жашоодо эч нерсеге өкүнбөй турганын айтат.

«Мектепти аяктап, ашпозчунун окуусуна барып, окуй электе эле турмушка чыгып кеттим..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390000/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башы РИИБде Мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Ат-Башы РИИБ Мамлекеттик желек күнүн белгиледи. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башы РИИБдин өздүк курамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата сапка тизилишти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын туусун гимндин коштоосунда көтөрүү менен башталды. Ат-Башы РИИБдин башчысы Болот Арзыгулов өздүк курамды мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгына 28 жыл толушу менен куттуктап, анын тарыхына токтолуп, ошол мезгилден тарта Кыргыз Республикасынын желеги эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларда желбиреп жатканы сыймык экенин кошумчалады. Иш-чаранын соңунда кызматкерлер салтанаттуу жүрүштөн өтүшүп, жумуш орундарына таркатылды.

Кыргыз Республикасынын туусун 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:390367/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын