At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.88K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - Ат-Башыдагы балдарга билим берүү борбору эмерек менен камсыз болду.

Ат-Башы райондук К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борбору толугу менен эмерек менен камсыз болгонун аймактык кабарчыга окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Өмүралиева билдирди.

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланган «Чөптүн тамыры» долбоорунун негизинде 700 миң сомго Ат-Башы райондук балдарга билим берүү борборуна керектүү эмеректер алынып келген.

«2018-2019-окуу жылында райондук билим берүү борборунун тизмесине Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланган “Чөптүн тамыры” деген долбоордун негизинде 8 бала бакча жана балдарга билим берүү борбору кирген. Жалпы 700 миң сомдун эмеректери келген. Алар: такта, окуу куралдарды коюучу шкафтар, гардероб, парта, отургуч, мугалимдердин отургучу, столдору. Кыскасы борбордун ар бир бөлмөсү эмеректер менен жабдылды. Бул борбор ачылганы мындай жаңылык биринчи жолу болду десем жаңылышпайм. Мурда окуучуларга отургучтар, столдор тартыш болуп талашып калышчу. Азыр баарыбызга жетиштүү болду», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:380598/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Эгиздер: Рахман менен Рахимди апасы үнүнөн таанычу.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Жаңылсын Камиева Рахман жана Рахим аттуу эгиз уулдары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ал эгиз уулдарын 20 жашында төрөгөн.

«Рахман менен Рахим 1998-жылдын 10-сентябрында жарык дүйнөгө келишти. Экөө тең 2 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Кош бойлуу кезимде эгиз экенин өзүм деле билген эмесмин. Алты ай болгондо гана УЗИге түшүп, эгиз экенин укканда абдан сүйүнгөм.

Аттарын чоң атасы койгон. Куран "Бисмилляхи Рахмани Рахим" деп башталгандыктан уулдарым ырайымдуу жана боорукер болсун деген ниетте ушундай аттарды ыйгарган экен. Рахман токтоо, көп сүйлөбөйт. Сабырдуу жана боорукер. Рахим болсо ак көңүл, өжөр, иштерман. Кичинекей кезинде аларды үнүнөн таанып койчумун. Эгиз балдарды чоңойтуу кыйын. Анткени бири ооруп калса, экинчиси сөзсүз ооруйт. Алар 6 жашка чыкканда кичүү уулум Азаматты төрөдүм», - дейт Жаңылсын Камиева.

Анын айтымында, учурда эгиз уулдары студент болушту.

«Мугалимдери мектепти бүткүчө эле аларды айырмалай алышкан жок. Рахман аскер адамы болду. Учурда Ала-Бука районундагы чек ара бөлүмүндө кызмат өтөп жатат. Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетинде сырттан окуйт. Рахим ошол эле университеттин гидроэнергетика факультетинде 3-курста окуйт. Андан сырткары улуттук стилдеги азем белектерди жасаган цехте иштейт. Окуусунун акысын өздөрү табышат. Колумдан келишинче жардам берем», - деди эгиздердин апасы.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378203/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда эки жарым ай мурун жоголгон аял кайрадан изделди.

Ат-Башы районунда кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ат-Башы районунун аймагында уурулук кылмыштарынын бетин ачуу жана кылмыштардын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын дайынсыз жоголгон тургуну Бурул Шергазиеваны издөө максатында — Ат-Башы РИИБдин атайын буйругу чыгарылып, иш план түзүлүп, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында өздүк курам, ӨКМдин Ат-Башы районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана элдик кошуундан турган топ катарга тизилди.

Өздүк курамга буйруктар, иш мерчемдер тааныштырылып, нускамалар өткөрүлдү. Элдик кошуундар ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте атайын топторго бөлүнүп, Ат-Башы суусунун жээктеринде, токойдун ичинде чалгындоо иштерин жүргүзүштү. Иш-чара калк арасында мал уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери менен коштолду. Бул иш-чарага Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Д.Рыскулов катышты.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:380861/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын Талды-Суу айыл өкмөтүндө ветклиника ачылды.

Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүндө жаңы ветеринардык клиника ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган ветклиниканы курууга АРИСтен 515 миң сом, айыл өкмөттүн бюджетинен 293 миң 292 сом жана жайыт үчүн чогулган акчадан 44 миң сом бөлүнгөн. Ветклиникага 50 жылдан ашык ветеринар болуп иштеген 92 жаштагы Үсөн Осмоналиевдин ысымы берилди.

Ат-Башынын 8 айыл өкмөтүндө ветклиника бар. Алдыда дагы 3 айыл өкмөттө ветклиника куруу иштери пландалган.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:380983/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Товарларды көбүнчө аялдар уурдайт, - ат-башылык соодагер А.Мамбеталиева.

Айнур Мамбеталиева 25 жылдан бери Ат-Башы айылындагы «Береке» базарында соода кылып келет. Соодадагы оош-кыйыштар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал учурда майда-чүйдө товарларды сатат. Мурда соодадан 1 айда 40 миң сомдон көп киреше түшсө, азыр 10 миң сомдой түшөрүн айтат.

«Соода менен өнүгүп, өссө болот. Мухаммед пайгамбарыбыз деле жалаң соода менен өнүккөн да. 1994-жылдан бери соода кылам. Негизи насыя албаш керек. Башында убактылуу берекеси болот. Андан кийин кудай берекесин алып коет.

Жашоо шартым жакшы эле, кудайга шүгүр келтирем. Үй-жайым, бала-бакырам бар. Ушул сооданын арты менен көп эле нерсе жасадык. Балдарыма унаа алып бердим. Сооданы жакшы айландырса, жакшы эле болот. Уламкысын улам керектей берсе дагы соода жүрүшпөйт. Андыктан акчаны дагы жакшы кармаганды билүү керек», - деди ал.

Соодагер башында насыя алып иштеген.

«Орто жолдон насыя алып азап жедим, эптеп кутулдум. Акыркы жылдары такыр насыя албай калдым. Башында кийим-кече сатып баштагам. Жолдошум 1996-жылы ооруп, 2008-жылы каза болуп калды. 2008-жылдан кийин идиш-аякка өтүп кеткем. Азыр менин товарларым универсал десем болот. Баары бар, бирок майда-чүйдө. Болжол менен 1 айлык кирешем 10 миң сомдой болот. Ал эми чоң товарлардыкынан жакшы эле киреше түшөт. Мурда соодагерлер аз болчу, соода ошончолук жакшы болчу. Азыр алармандан сатармандар көп болуп жатат.

Дүкөндөн товарларды уурдап кеткендер болот. Көтөрүп баратканда кармап калган учурлар кездешет. Көбүнчө аялдар. Аларды уяткарып гана коебуз, андан башка деле чара көрбөйбүз. Кайсы товарды кайда койгонумду жакшы билем, анан дароо байкайбыз», - деди ал.

Айнур Мамбеталиева 1966-жылы Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында туулган. Анын 3 баласы, 5 небереси бар.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:381086/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда калктынаярлуу катмарына бекер көмүр берилди.

Ат-Башы районунун ар бир айыл өкмөтүндө калктын аярлуу катмарына бекер көмүр отуну берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Карыбек Жайчиев билдирди.

«Айыл өкмөттөрдүн тизмеси менен Ак-Талаа айыл өкмөтүндөгү 45 үй-бүлөгө жарым тоннадан жалпы 21 тонна көмүр, Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлөргө жалпы 17 тонна, Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү 1932 үй-бүлөгө 66 тонна көмүр берилди. Жалпы 104 тонна көмүр 211 адамга берилди. Азыр көмүр 3500 сомдон болууда», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:381089/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - 50 жашында кайнатасынан уялып, каалганын артына жашынган Мария апа.

«Жубайлар» рубрикасынын бул жолку каармандары — Мария Нургазиева менен Эсен Иманалиев.

Ат-Башы районунун Жибек жолу конушунун тургундары Мария Нургазиева менен Эсен Иманалиевдин бирге түтүн булатканына быйыл 54 жылдын жүзү болду. Алар бул жылдар аралыгында 2 уул, 5 кыз, 24 небере жана 15 чөбөрөлүү болууга жетишкен. 2017-жылы Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан «Өрнөктүү жубайлар» наамына татыктуу болушкан.

Мария Нургазиева 1948-жылы 12-майда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында иштеген. Андан соң ошол багытта билим алып, сертификатка ээ болгон. 2017-жылы «Баатыр эне» наамын алды...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:381349/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Тарых инсаны: Нарындык Ж.Чолпонбаев биринчи мугалим Дүйшөндөй болуп, окуучуларга көчөдөн сабак өткөн.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынан чыккан белгилүү мугалим, жазуучу Жапар Чолпонбаев тууралуу аймактык кабарчы маалыматтарды топтоду.

Ж.Чолпонбаев 1901-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында оокаттуу үй-бүлөдө туулган. Ал алты жашында айылдагы эски дин мектебине кирип, арабча кат сабатын жойгон. 1920-жылы Өзбекстандагы Ташкент шаарында ачылган 6 айлык мугалимдердин курсун окуп бүтүп, мугалимдик кесибин баштаган. 1923-жылы Казакстандагы Алматы шаарындагы кыргыз-казак педагогикалык техникумуна кирип...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:346652/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда бир боо чөп 200 сомдон жогору сатылууда.

Ат-Башы районунда бир боо чөп 210 сомдон сатылууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашоочулардын айтымында, жай мезгилинде бир түк чөп 150 сом болсо, учурда 200 сомдон жогору болуп жатат.

Ат-Башы районуна караштуу Жибек-Жолу конушунун тургуну Эсен Иманалиев: «Кошунам башка жерге көчүп жатканда чөбүн сатты. Мен андан 200 сомдон 150 боо чөп сатып алдым. Эми дагы 200 боо чөп керектелет. Базарда 210 сомдон сатылууда», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Байыш Койчуев: «Жылда чөп сатчубуз. Быйыл начар болуп саткан жокпуз. Азыркы тапта чөп 170-200 сомдон болууда», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Казыбек Кулуев: «Жайында 160 сомдон алгам, азыр 200 сомго чыгып кетиптир. Быйыл чөп аз болуп калгандыгына байланыштуу кымбаттап кетти деп ойлойм», - деди.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:381450/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Эненин жүрөгү башкача,бала үчүн жаралган, - баатыр эне Г.Айтбаева.

Гүлмира Айтбаева көп бала төрөп, баатыр эне болгон. Ал эненин жүрөгү балдар үчүн жаралган дейт.

Гүлмира Айтбаева Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында 1962-жылы туулган. Мектепти аяктагандан кийин Ат-Башы кирпич заводунда иштеп жүрүп турмушка чыккан. Анын 5 кыз, 3 уулу жана 14 небереси бар.

10 балалуу болдук

- Жолдошум экөөбүз 10 балалуу болдук, экөө чарчап калды. Бири 1,5 жашында, экинчиси 3,5 жашында чарчап калды. Бул тагдыр экен.

Мектепти аяктап эле Ат-Башы районундагы кирпич заводунда иштеп калдым. Башында жумушчу болсом, азыр инженер болуп иштеп жүрөм..

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:381566/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Билим АКИpress - Ат-Башыда орус тилчи мугалимдер Пушкиндин 220 жылдыгына карата тажрыйба алмашты — Билим АКИpress.

Ат-Башы районуна караштуу Кар-Суу айылындагы К.Карпеков атындагы орто мектебинде орус тилчи мугалимдердин башын бириктирген облустук семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага облус аймагындагы мектептердин орус тилчи мугалимдери жана ата-энелер катышты.

Семинар А.С.Пушкиндин 220 жылдыгына арналып, анын чыгармалары боюнча ачык сабактар өтүлдү. Катышуучулар мектепке экскурсия жасашып, Пушкиндин чыгармалары боюнча уюштурулган фотокөргөзмө менен таанышып, чыгармалары боюнча ачык сабактарга катышты.

Айрыкча, катышуучуларды адабий кече кызыктырды. Ошондой эле А.Пушкиндин чыгармалары боюнча даярдалган адабий-музыкалык көрсөтүү коюлду. Семинардын соңунда окуучулар тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:381373/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-башылыктар жол боюнча нааразычылык акциясына чыгышты.

Бүгүн, 2-декабрда Ат-Башы районунун борборуна 200дөй эл чогулуп, Ат-Башы—Өзгөрүш жана Ат-Башы—Жаңы-Күч жолунун учурдагы абалы боюнча нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алар ички жолдордун начардыгын, жол оңдоого бөлүнгөн каражаттар максатсыз жумшалып жаткандыгын айтышты.

«Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Казыбек айылдарынын тургундары чыктык. Ички жолдордун оңдолбой жатканына нааразыбыз. Бир жолго бөлүнгөн каражат башка жолду жасоого жумшалып жатат. Мындай болбошу керек. Каражаттарды максаттуу колдонуу зарыл», - деди алар.

Чогулган элди Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле жыйынга Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содонбаев дагы келип катышты. Жыйынтыгында протокол түзүлүп, ал тиешелүү жактарга жиберилмей болду. Андан соң Жумаш Содонбаев элдер нааразы болуп жаткан жолду өз көзү менен көрүү үчүн жерине барды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:382048/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы бейтап үй-бүлөлүк дарыгердин орой мамилесине нааразы. Ак халатчан өзү эмне дейт?.

Ат-Башынын тургуну Эсентур Алымбеков райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Назгүл Мамбеталиеванын бейтаптарга жасаган орой мамилесине нааразы болууда...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:382164/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда 24 адам ВИЧ-инфекциясы менен ооруйт.

Ат-Башы районунда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 24кө жеткен. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Ат-Башыда 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулуп, ага райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, үй-бүлөлүк медицина борборунун спидологу, билим берүү бөлүмүнүн, маданият тармагынын кызматкерлери жана окуучулар катышты.

«24 адам ВИЧ-инфекциясы менен ооруйт. Анын ичинен 14 адам Бишкек шаарында дарыланып жатат. Бирок бизде каттоодо турат. Эгерде муктаж болсо, айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлөт.

Биздин райондо 10 күндүк жарыяланып, ооругандарга айыл өкмөттөр тарабынан акчалай жардам көрсөтүлмөй болду. Мындан тышкары илдеттин алдын алуу боюнча ар кандай иш-чаралар жүрүп жатат», - деди Ажар Дюшеналиева.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:382269/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Майыптарды коргоо күнү: Ат-Башыда үч тургунга азык-түлүк тапшырылды.

Ат-Башы районунда милиция кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери 3-декабрь — Майыптарды коргоо күнүнө карата 1-2-топтогу майып адамдардын (3 тургун) ден соолугун сурашып, азык-түлүк жеткирип беришти.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:382240/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Azattyk - Совет душманы деп атып салышкан

Тагай Эсенаманов жооптуу кызматтагы аткаминер деле эмес болчу.

Карапайым колхозчу, алыскы Ат-Башынын айтылуу Чеч-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келип, ошол жерде өмүр кечирип аткан. Репрессия чалгысы аны кыйгап өткөн жок. 1938-жылы камакка алынып, ноябрда атылган. Сөөгү “Ата-Бейитте”.

Иши жүрүшпөгөн айыл чарбасы

1929-жылы 27-декабрда Иосиф Сталин кулактарды тап катары жоюу чакырыгын алдыга жайган. Айтылган сөз аткарылышы керек эле. СССРде оокаттуу дыйкандарды камакка алуу, сүргүнгө айдоо, катаал куугунтуктар күчөгөн. Жаңы бийликтин айыл чарбасындагы саясаты жакшы жүрбөй, бирде бул, бирде тигил аймакты ачарчылык каптап, элдин большевиктерге ишеними өчкөн. Мындайда кимдир бирөөлөр күнөөлүү болушу керек эле. Лениндик жаңы экономикалык саясат тушунда кадыресе ирденип алган дыйкандар бийликтин айныгыс душманы болуп чыга келген. Чоң борбордон келген буйрук Кыргызстанга да жетип, оокаттуу дыйкандарды алыс жактарга сүргүнгө айдоо, жер которуу башталган....

Толук: https://www.azattyk.org/a/reporessed_kyrgyz_persony_tagai_esenamanov/30298789.html

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Көмүр тарткан ат-башылык айдоочулардын түйшүгү.

Учурда Кара-Кечеге көмүргө барган айдоочулардын саны арбын.

50 жаштагы Кубанычбек Майлыбашов бир канча жылдан бери көмүр тартып иштейт. Ал жакынкы аралыкта эле Кара-Кече көмүр кенинен көмүрдү кыйынчылык менен тартып келгендигин айтат.

«Кара-Кечеде кезек күткөндөр көп болгондуктан 6 күн түнөдүк. Болжол менен 200 унаа турат. Аябай суук болуп жатат. Унаага түнөп, эртең менен күйүүчү майды жылытабыз. Азыр алып келген көмүрлөрдү 4000 сомдон сатып жатабыз. Өзүн актап жатат. Жалпы 32 тонна алып келгем», - деди ал.

Ат-Башы районунун тургуну Нурбек Жунусов көмүрдү дүң баада сатып алып, кайра жашоочуларга үйүндө сатып жатат. Ал көмүрдүн сапаты жакшы болуп жаткандыгын айтат.

«Көмүрдү дүң баада 3000 сомдон алып, кайра 3800 сомдон сатам. Ал эми Кара-Кеченин көмүрү 4000 сомдон болууда. Өткөн айда эл көмүрдү жакшы сатып алышкан болчу, азыр токтоп калды. Сапаты жакшы болуп жатат», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:382946/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Кочкорлук мергенчилер Ат-Башынын малын жеген карышкырларды атып алышты. Видео.

Кочкор районундагы мергенчилер Ат-Башы районундагы коомдук малга кол салган эки карышкырды жок кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор районунун мергенчилер тобунун башчысы Таалай Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында карышкырлар жылкы, топоздорду кырып жатканына байланыштуу Кочкор районундагы мергенчилерден жардам сурап кайрылышкан.

«Кочкордун мергенчилери Талды-Суудан алты чоң карышкырды көрүп изине түшүшкөн. Үч күн аңдып жүрүп, эки дөбөт карышкырды атып алышты. Төрт карышкыр качып кутулуп кетти.

Учурда мергенчилер Кочкор районунун Кичи Кара-Кужур өрөөнүнөн эки карышкырды көрүп, аңдуу иштерин жүргүзүп жатышат», - деди ал.




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:382998/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземи болду.

Баракелде - Өкмөт башчы: Инвестиция — айыл жана шаарлардын социалдык инфраструктурасы, жумуш орундар.

Өлкөгө инвестициянын келиши биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борбордун курулушу — бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Анын социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90%ы кыргызстандык жарандарга берилет....

Толук:
http://barakelde.org/news:382971/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Кызымбут кийим жок сабактан калууда»:Жакыр жашоонун айынан өзгөлөрдөн уялган ат-башылык үй-бүлө.

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Бурулсун Капарова үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери шарты жок үйдө жашап келет. Ал 6 баланын энеси. Мындан 5 ай мурун эгиздүү болгон. Кышкысын үйү суук болуп, айрым учурда балдары ооруп калат. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу башкалардын короосун тазалап, жарыбаган акча табат. Кээде андай каражат таппай да калат.

«От жакканыбыз менен терезеден аркырап шамал кирет. Аны клёнка алып бүтөгөнгө шартыбыз жок болуп жатат. Төркү үйүбүздүн терезеси такыр эле алжайып ачылып калган. Ал жерди жаздык менен жаап койгом. Түнкүсүн аябай муздак. Үшүп-шишип кыштап жатабыз. Бул үй кайнатамдын үйү. Кайнатам болсо, “кеткиле” деп жатат. Кайсы жакка барарыбызды билбейбиз. Жер сурап, айыл өкмөткө кайрылдык. Эч ким жардам бербей койду. Азыр үйдө унубуз, отунубуз жок. Балдарыбыздын баары майда, эң кичүүлөрү эгиз. Жөлөк пул болсо 7000 сом, ал акча балдардын памперси менен тамак-аштан ашпайт. Дүкөндөргө карызыбыз көбөйүп, аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Жолдошум бирөөнүн мал короосун тазалап иштеп, 3000 сом алат. Кээде ал каражатты дагы албай калат», - деди ал.

Бурулсун Капарова жакырчылыктын айынан кошуналарга кошула албай, уялып келерин айтат.

«Жашообуз аябай эле начар. Кошуналарыбыз бизди кемсинтишет. “Жашоо-турмуштарын оңдоп алып, анан бизге кошулушсун” деп да айтып чыгышты. Теңтуштарыбызга дагы кошула албайбыз, уялабыз. Үйгө киши-кара келгенде чай бергенден аябай эле уялам. Азыркы заманда биздей болуп жашаган киши жок болуш керек деп ойлойм.

Электр энергиясы жок жашап жатканыбызга бир айга жакындап калды. Карызыбыз 2000 сом болгондо өчүрүп кетишти. Бир туугандарыбыздан болсо эч кандай жардам жок. Балдардын памперси менен сүтүнө 1 айда жөн эле 4000-5000 сом кетет. Ал эми улуу балдарымдын мектебиндеги тамак-ашына акча бере албайм. Мугалимдери күнүгө айттырып жиберишет. Балдарымдын бут кийими жок. Азыр кызымдын бут кийими жок, сабакка бара албай үйдө отурат», - деди ал.

Бурулсун Капарованын үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар 0704 54 06 41, 0708 16 82 11 номурларына чала алышат.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:383191/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын