At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.88K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - Ат-Башыда баш байгеге унаа коюлган улак тартыштын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ат-Башы районунда ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талды-Суу айыл аймагынын башчысы Улан Бердигулов билдирди.

Анын айтымында, улак тартыш боюнча мелдешке жалпы 9 команда катышты.

«Оюндун жыйынтыгында Баш-Кайыңды айылынан келген «Чоң-Дөбө» командасы жеңишке жетип, баш байгеге коюлган «Жигули» унаасына ээ болду. 2-орунду Биринчи май айылынын «Богошту» командасы ээлеп, 10 миң сом менен сыйланды. 3-орунга Ача-Кайыңды айылынан келген команда татыктуу болуп, 5 миң сом менен сыйланса, 4-орунду алган Дыйкан айылынын командасы 3 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Мындан тышкары тай чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, күлүк чабыш боюнча мелдештер өттү. Соңунда 9 мыкты оюнчу жана мыкты улакчы аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылды.

Оюнга Талды-Суу айылынан Улан Үсөн уулу, Биринчи май айылынан Эрнист Байматов, Улан уулу Нарбек, Өзгөрүш айылынан Алишер Исаев, Окен уулу Максат демөөрчү болушту», - деди Улан Бердигулов.




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:377939/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Мугалим болом»: ПамирликПарвийнанын кыялы.

Кичи Памирден Кыргызстанга билим алууга келген этникалык кыргыздардын бири — 8 жаштагы Парвийна Нурланбек кызы Нарын шаарындагы мектептердин биринде 2-класста билим алууда. Ал келечекте класс жетекчисиндей мугалим болуп, балдарга билим берүүнү кыялданат. Максатты бийик коюп, ага аракет кылган памирлик Парвийна менен аймактык кабарчы маектешти.

«Мен Жапар Чолпонбаев атындагы №10 орто мектебинин 2-классында окуйм. 5 кыз, 16 бала болуп чогуу окуйбуз. Сабактарымды жалаң “4”, “5” деген баага окуйм. Кыргыз тили жана орус тили сабагы аябай жагат. Тамгалардын баарын билем, китепти да жакшы окуп калдым. Чоңойгондо класс жетекчим Алтынай эжемдей мугалим болгум келет», - деди ал.

Парвийна сабактардан жазган дептерин, күндөлүгүн көрсөтүп, орус тилинде ыр дагы айтып берди.

«Күндөлүгүмө тапшырмаларды жазам. Эжейлер жакшы окусам, баа коюп берет. Дептерлериме да жалаң “4”,”5” деген баалар коюлган.

Буквы разные писать тонким пёрышком в тетрадь,
Учат в школе, учат в школе, учат в школе.
Вычитать и умножать, малышей не обижать,
Учат в школе, учат в школе, учат в школе.
Вычитать и умножать, малышей не обижать,
Учат в школе, учат в школе, учат в школе — ушул ырды орус тил сабагынан жаттаганбыз», - дейт ал.

Парвийна үйдөн сабактарына даярданып бүткөндөн кийин бөбөгүн карап, апасына жардам берет. Ал 3 бир туугандын экинчиси.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378057/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы пенсионерлердин арманы.

Ат-Башы районунда жашаган пенсионерлер алган пенсиясы эч нерсеге жетпей жатканын билдиришти.

Учурда Ат-Башы району боюнча 10 810 пенсионер бар. Анын ичинен 760 пенсионер багуучу адамдан ажырагандыгы, 1340 пенсионер майыптуулугу, 23 адам аскер кызматкерлерине тиешелүү мыйзам боюнча пенсияга чыккан. Ал эми калган пенсионерлерге жашы боюнча чектелген.

Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия чектөө бөлүмүнүн башчысы Рахаткүл Асаналиева: «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун мыйзамына ылайык, жарандар 45 жана 55 жаштан пенсияга ...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378052/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда «Бал 2019» фестивалы өтүп жатат.

Ат-Башы районунда «Бал 2019» фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага облус жетекчилигинин, акимчиликтин кызматкерлери, балчылардын ассоциациясынан өкүлдөрү катышууда. Фестивалда 2 боз үй тигилип, бал көргөзмөсү уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.

Иш-чарада элдин жана комиссиянын сыны менен балдын 3 түрүн мыкты жасагандар аныкталат. Бал фестивалына Кыргызстандын бардык облусунан балчылар келишкен.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378219/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда «Балдар биздин келечек» аттуу семинар өттү.

Ат-Башы районунда «Балдар биздин келечек» аттуу семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, 500гө чукул адам катышкан семинарда келечек, балдар, китеп окуу, мугалим жөнүндө кептер айтылды. Иш-чарага Нарын казыятынын, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана Бишкек шаарынан келген коноктор катышты.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378197/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда колдонулган чач өрүү салты.

Чач өрүү — кыргыздын каада-салттарынын бири. Бул каада Нарын облусунун айрым райондорунда колдонулбай калды. Ал эми Ат-Башы районунда келин алгандардын баары колдонот.

Илгери кыз бала күйөөгө узатылып жатканда беш көкүл чачы экиге өрүлүп, шөкүлө кийгизишчү. Келин алган тарап нике кыйылган күндүн эртеси келиндин чачын ак жолтой, очор-бачарлуу бүлө болсун деп сары май менен майлап өрүп, учуна ак кебез байлап коюшкан. Анын чачын бир жагынан өкүл апасына, экинчи жагынан бала төрөгөн, очор-бачарлуу, кадыр-барктуу аялга ырымдап өрдүрүшкөн. Чач өрүлүп жатканда келинге жакшы акыл-насааттар айтылган.

Отурган аялдар тарабынан келиндин чачынын узундугуна, калыңдыгына баа берилген. Себеби узун, калың чач болсо, келиндин ден соолугу жакшы жана ден соолугу чың бала төрөйт деп айтылган. Андан соң келинди отурган аялдарга жүгүнтүп, чачыла чачылып, үй ээси тойду уланткан. Той берип жаткан үй-бүлөнү айылдагылар чач өрөт бекен деп күтүшкөн.

Экинчи жолу турмушка чыккан келиндин чачы өрүлгөн эмес.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378062/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда бал фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Ат-Башынын ак балы Украинада, Түркияда жана Түштүк Кореяда өткөрүлгөн дүйнөлүк кароо-сынактарда удаасы менен үч жолу алтын медалдарга татыктуу болгон. Жакында эле Ат-Башыда эл аралык бал фестивалы өткөрүлүп, анда ак балга туристтер тарабынан жогорку баа берилди.

Эл аралык бал фестивалынын башкы максаты — тоо балын экспортко чыгарууну шарттоо болуп саналат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын «Балчылар» ассоциациясы жана «Бал аары холдинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын программасында аарыдан алынган азык-түлүктөрдүн жармаңкеси жана кароо-сынагы камтылып, концерттик программа менен коштолду..

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378405/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башынын Казыбек айылында гранттык ири акчага заманбап мал сарай салынып жатат.

Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну Эрмек Бактыгулов өзүнүн эски мал короосун бузуп, типтүү мал сарай куруп жатат. Аймактык кабарчы фермерден кабар алды.

Анын айтымында, типтүү мал сарай айыл элине абдан керек.

«Айыл элинин дээрлик баары мал багат эмеспи. Жылда жаз айында малыбыз жайлоого кетип, кайра күздө айылга түшөт. Жайлоодон семирип келген малыбыз кышында эле арыктап калат. Анткени жаткан жери суук. Кышында чөп жок болсо да күндүз талаага чыгарып жиберебиз. Ошентип семирип келген малыбыз жазында арык болуп, төлү начар чыгат. Бодо мал күзүндө жайлоодон болжол менен 300 кг менен келсе, ээн жерге бакканда 80 кг арыктайт экен. Ал дагы ирденгиче кайра күз келет. Ошентип отуруп малдын асылдуулугун да начар кылып, эттин көлөмүн чыгара албай..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378281/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Пенсияга чыгуучу адамдар кандай документтерди тапшырышы керек?.

Пенсияга чыгуучу адамдар тиешелүү документтерин мамлекеттик органдарга 6 ай мурда келип тапшыра алышат. Бул тууралуу Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия чектөө бөлүмүнүн жетекчиси Рахатгүл Асаналиева билдирди.

«2019-жылдын 1-январынан баштап пенсияга документтерди кабыл алууну 6 ай мурун жүргүзө баштадык. Биринчи талап кылуучу документтер – паспорт, эмгек китепчеси, 1996-жылга чейинки архивдик маалымат. Эркек кишилерде диплому (бар болсо), аскердик билети, аялдарда балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу керек. Эгерде колунда документтери толук болбосо биз жардам кылып, алыстагы архивдерден алдырып беребиз же балдарынын документтеринин катачылыктарын оңдоп, толуктап беребиз.

Жыл башынан бери айыл өкмөттөр, калкты тейлөө мекемелери менен келишимдер түзүлгөн. Алар биз кандай маалымат сурасак жооп берет. Ошондуктан 6 ай мурун тапшырылган документтерди карап, толуктап жөнөтөбүз. Пенсиялык майзамга ушундай жаңылануу киргизилген», - деди адис.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378288/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда футбол боюнча облустук турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланды.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын Кошой стадионунда өспүрүмдөр арасында футбол оюну боюнча облустук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучуларынын бири Эльзар Мусаев билдирди.

Ага райондордон келген 7 команда катышып, кубок үчүн ат салышты. Мелдештин максаты — өспүрүмдөрдүн футболго болгон кызыгуусун арттыруу жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Мелдеш уюшкандыкта өтүп, өспүрүмдөр мыкты даярдыкта экенин делилдөө менен күйөрмандарга кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду Ат-Башы районунун командасы камсыз кылды. 2-орунду Ак-Талаа, 3-орунду Жумгал районунун командалары ээледи. Ал эми Эрнист уулу Айбек (Нарын) «Мыкты дарбазачы», Каниметов Байэл (Жумгал) «Мыкты жарым коргоочу», Сулайманов Бексултан (Ат-Башы) «Мыкты коргоочу», Дүйшөналиев Нурмамбет (Ат-Башы) «Мыкты оюнчу», Рахатбек уулу Алимардан (Ат-Башы) «Мыкты бомбардир», Абдыков Шагат «Мыкты машыктыруучу» номинациясындагы сыйлыктарга ээ болду.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок, медаль, тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378509/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Германиянын Кыргызстандагы элчиси Ат-Башыдагы реабилитациялык борборго келди.

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен Ат-Башыдагы «Ак байрак» реабилитациялык борборунда мониторинг жасап кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Анын айтымында, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги аталган реабилитациялык борборго 2012-жылдан бери материалдык жактан жардам берип келет.

«2012-жылдан бери аталган реабилитациялык борбор иштеп келет. Ошол жылы 76 600 сомго санитардык түйүн оңдоп-түзөөдөн өткөн. 2015-жылы 202 999 сомго ашкана жабдыктары алынган. 2017-жылы 381 520 сомго терезе-эшиктери жаңыртылган. 2019-жылы 371 800 сомго керебет, кир жуучу автомат машина алынган», - деп билдирди Ажар Дюшеналиева.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378464/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башынын Талды-Суу айылында ветклиника курулду.

Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында ветеринардык клиника курулду.

Маалым болгондой, ветклиниканы курууга жергиликтүү бюджеттен жана АРИСтен 800 миң сом бөлүнгөн. Ветклиника бардык шарты менен салынып, малды камоочу короо да курулган.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378905/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда ата-энелерге балдарды туура тарбиялоонун жолдору көрсөтүлдү.

Ат-Башы районунда ата-энелерге балдарды туура тарбиялоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Түшүндүрүү иштери райондун ар бир айылында өтүп, ага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү, Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунан тийиштүү кызматкерлер катышты.

2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо багытында райондун мектептеринде ата-энелер арасында түшүндүрүү, агартуу иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378758/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында балдардын шоктугунан улам малдын тоюту өрттөнүп кетти.

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында малдын тоюту өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын К.Сопакун уулу көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн короосунда жыйылган 800 түк чөп күйүп кетти. Бул кырсык балдардын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:379110/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Балдарымды жалгыз бактым»: Маркум Мухтар Өмүракуновдун апасы Жумабүбү эне кантип «байыганын» айтып берди.

Ат-Башы районунун тургуну, маркум Мухтар Өмүракуновдун апасы Жумабүбү Байтерек кызы 4 жолу ажылык сапарга барган. Ал дагы барууну пландап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумабүбү Байтерек кызы 1940-жылы Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында туулган. Аталган айылда 7-класска чейин, андан кийин Ат-Башы айылында 10-класска чейин окуп, турмушка чыккан. Учурда апанын 5 уулу, 20 небере, 7 чөбөрөсү бар.

«Өзүмдүн апам уз адам болчу. Мен дагы кол өнөрчүлүккө абдан кызыкчумун. Апамдын жанында жүрүп, кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп кеттим...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:379027/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Арабдар Ат-Башыга таштап кеткен бала»: Уилл Смит-М.Алмакунов «кыргыз тилин 3 айда үйрөндү».

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын 27 жаштагы тургуну Максат Алмакуновду тааныштары америкалык актёрлор Уилл Смитке, Крис Такерге жана ырчы Бруно Марска окшоштурушат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдаштары аны ар улуттун өкүлдөрүнө окшоштура беришет.

«Мектепти 2010-жылы бүтүргөм. Окуучу кезимде иш-чараларга активдүү катышып, мектептин президенти болууга да жетиштим. Ошол кезде гид болууну кыялданып, Бишкек шаарындагы Туризм академиясында билим алууга бардым...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378244/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда агасынын кучагында каза болгон жигит же майордун туулган күнүндөгү каргашалуу окуя.

Ары татаал, ары жооптуу кызматты аркалаган, тактап айтканда ички иштер органдарында 21 жылдан бери эмгек өтөп келе жаткан Талант Ашырбаев бул кызматты улуу агаларынан таасирленгенден улам тандаганын айтат. Ал иш учурундагы окуяларын айтып берди.

«Көп эле кылмыштардын бетин ачууга аракет кылдык. Ошолордун ичинен бир тууганын өлтүрүп алган адамдын каргашалуу окуясы эсимден кетпейт. Себеби, ошол күнү менин туулган күнүм эле. Ат-Башыда нөөмөттө да болчумун. Анда сөз башынан болсун.

2011-жылы 24-февраль күнү 30 жаштагы инимди өлтүрүп алдым деп 40 жаштагы киши келди. Экөө бир үйдө жашашчу экен. Ал күнү экөө тең ичимдик ичишиптир. Андан кийин иниси коркуткан экен. Ошондо агасы коргонуу максатында аны бекем кучактап өлтүрүп алган экен. Кучактаган учурда маркумга аба жетпей калган.

Агасы кылганына өкүндү, туугандары деле кечиребиз дегендей кылды...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:379350/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы мектеп окуучу оперлерди «дүрбөттү».

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн алгачкы тергөөчүсү (дознаватель) Нурайым Сүйөркул кызын эмгек жолун баштаганына 4 ай болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурайым Сүйөркул кызы 1997-жылы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында туулган. Мектепти ошол эле айылдан аяктап, 2015-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясында билим алып, тергөөчүлүк адистигине ээ болгон.

«Окуумду бүткөндө эле мени Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматына инспектор кылып жиберишкен..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:379396/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Жылдыздардын фанаттарын «уурдап алган» ат-башылык Нарынбековдун келбети.

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында 1992-жылы 21-декабрь күнү жарык дүйнөгө келген Кайрат Нарынбековду тургундар казакстандык шоумен, актёр, вайнер, Сека аттуу ысым менен таанымал Сергазы Токтарбекке окшоштуруп, көчөдөн кол тамга да сурашат. Ал учурда Бишкек шаарынын тургуну. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Өзүнүн айтымында, элдер ага Сека деп кайрылышат.

«Балалыгым кичи мекеним болгон Ат-Башы айылында өттү. Касыке Мамбеталиев атындагы №1 орто мектебинен билим алдым. 2011-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы автожол техникумуна бардым. Окуумду 2014-жылы бүтүп, Түркияга барып, 1 жыл эмгектенип келгем.

Акыркы 2 жылдан бери мени биринчи жолу көргөндөр кыймыл-аракетимди, күлгөнүмдү, үнүмдөн бери Казакстандын белгилүү актёру, вайнер Сергазы Токтарбекке окшоштуруп жатышат....

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:378496/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы өнүктүрүү фондуна мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынан акча чогултулуп жатабы?.

«Ат-Башы өнүктүрүү фондуна» райондогу бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери 1 кундүк маянасын которуп жатышат. Учурда 170 миң сом чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Атыркүл Токталиева билдирди.

Анын айтымында, фонддун максаты — аймактарды өнүктүрүү. Бирок айрым тургундар бул фонддун түзүлгөнүнө нааразы.

«2014-жылы өкмөттүн “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү” жөнүндө токтому чыккан. Аталган фонд 2014-жылы түзүлүп, тиешелүү иш кагаздары, жобосу иштелип чыккан жана күбөлүгү бар,...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:379610/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын