At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.87K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - Кыргызстандын картасы, мамлекеттик туу жана оюу: Ат-башылык сүрөтчүнүн өзгөчө жасалган үйү.

Ат-Башы районунун тургуну Авазбек Турдумамбетов атайын билим албаса да өз алдынча сүрөт тартып келет. Ал үйүнүн шыбын да өзгөчө жасалгалаган. Аймактык кабарчы сүрөтчүнүн эмгектерин көрүп келди.

Авазбек Турдумамбетов 1975-жылы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Учурда 4 бала, 3 неберенин атасы. Бул өнөр тубаса талант экенин белгилеген сүрөтчү үйүн улуттук стилде жасаган.

«Мектепте окуп жүргөндө калем сап менен эле сүрөт тартып койчумун. Кийинчерээк сүрөттү жакшы тартып кеттим. Балдарым да мени тартып, азыртадан сүрөттү жакшы тартышат. Үйүмдөгү шыптардын бардыгында патриоттук сезимди козгогон сүрөттөрдү түшүрдүм. Кыргызстандын желеги бардык жерде болушу керек. Үйгө келгендер чай ичпей эле, ушул шыпты карап отура беришет. "Үйүмө жасап берчи, топоз же башка бир нерсе беребиз" деп чакырып, сурангандар көп болот», - деди ал.

Сүрөтчү үйүндөгү шыптарга тартылган 3D форматында сүрөттөр тууралуу айтып берди.

«Эс алуучу бөлмөгө Кыргызстандын желегин түшүрдүм. Бул желекти жасаганыма 3 жыл болду. Баары так, желектин 40 нуру бар. Аны жасоого 15 күндөй убакыт кетти. Өңүн чыгара албай, бир топ убакыт короттум. Балдар бөлмөсүнө балдарым кайсы облус кайда жайгашканын күндө окуп, үйрөнсүн деген максатта Кыргызстандын картасын тарттым. Ал эми зал жана кире бериштеги бөлмөлөрдөгү шыпка дизайны мага таандык оюну түшүрдүм», - деди ал.

Авазбек Турдумамбетов: «Эгемендүүлүк күнүнө карата борбордук аянтка коюлган желек туура эмес жасалыптыр. Анын кемчилиги көзгө дароо урунат, анын нурлары түндүккө жабышып калган. Ошондой эле быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда президент сүйлөп жатканда артындагы чоң экранда желек желбиреп турду. Ал дагы туура эмес жасалган. Улуттук символика оюнчук эмес. Негизи нактасы кандай болсо, ошондой тартылышы керек», - деп кошумчалады.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355503/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Жакындарымдан айрылганда бала бакчадагы балдар мени стресстен чыгарышты, - Г.Тойтукеева.

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлбарчын Тойтукеева аталган айылда жарык дүйнөгө келген. Ал ушул эле айылдагы агасынын досу Алмазбек Сакыбаевге 19 жашында турмушка чыккан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжинде 2 жыл билим алса, Нарындагы педагогикалык колледжинде сырттан окуу бөлүмүндө окуган.

«Мен Ак-Моюн айылында төрөлүп, балачагым ушул жерден өттү. 9-класска чейин Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде окуп, 9-класстан 11-класска чейин жогоруда аталган айылдагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектепти аяктадым. Бала кезимден ырчы болгум келип, бой жетип калганда дарыгер болууну кыялданып, ушул тилегимдин арты менен Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжинин фельдшер-акушер бөлүмүндө 2 жыл билим алгандан кийин турмушка чыгып, ал окуумду уланта албай калдым.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355633/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Балдар дүйнөсү: Денесине сүрөт тарткан 3 жаштагы Атабектин кылыгы.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын кичинекей тургуну — 3 жаштагы Атабек Айткулуев денесине зеленка менен сүрөт тарткан. Ал өзүнө сүрөт тарткандан кийин 1,5 жаштагы бөбөгү Жалил Айткулуевдин денесине да ар кандай чиймелерди чийген. Атабектин бул кылыгын аймактык кабарчы фотоаппаратка тартып алган.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355614/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Таштанды, мал аралаган мүрзө: Ат-башылыктардын нааразычылыгы.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы мүрзөлөрдүн аймагы тосулбагандыктан мал-жандыктар аралап жүрөт. Бул көрүнүшкө жашоочулар нааразы болуп жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Тосулбаган мүрзөнү мал аралап, тебелеп-тепсеп, булгап жатышат. Бул көрүнүш бир нече жылдан бери кайталанып келет. Жашоочулар жетекчилерден мүрзөнүн аймагын иретке келтирүүнү күтүп жатат.

Жашоочулардын айтымында, айылдын ар кайсы жерине да таштанды ташталган. Ат-Башы айылынын кире беришинде адамдар бири-бирин узатып, майрамдагандан кийин таштанды таштап кетишет.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355608/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Сүрөт: Дарыгер Айып Бейшеналиев студент кезинде төрөткөн аялдын кызы кийин өзүнө келин болгон.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Айып Бейшеналиев быйыл 80 жашка чыкты. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам жаштар менен тең тайлашып иштеп келе жатат. Дарыгер студент кезинде төрөткөн аялдын кызы өзүнө келин болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Айып Бейшеналиев 1938-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн айылындагы Кызыл-Туу колхозунда төрөлгөн. Ал кичинесинен эле дарыгер болууну эңсеп, максатына жетип, өз жерине келип, элине кызмат кылып жатат. Анын 2 уулу атасынын жолун жолдоп, дарыгер болушту. 1993-жылы «Эмгек сиңирген дарыгер» наамына татып, КРнын ардактуу ардагери, Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун, Ат-Башы айылынын ардактуу атуулу, СССРдин саламаттыкты сактоонун отличниги болгон.

«1954-жылы мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда билим алып, аны 1961-жылы окуп бүтүрдүм. Ошол эле жылы Ат-Башы райондук ооруканасына терапевт болуп кедим. 1962-жылы башкы дарыгердин дарылоо боюнча орун басары болуп эмгектендим. 1971-жылы Ак-Талаа районуна башкы дарыгер кылып которушту. 1974-жылы кайрадан Ат-Башы районуна башкы дарыгер болуп келип, 1979-жылга чейин иштедим. 1979-1984-жылдарга чейин Нарын облустук ооруканасында иштеп, 1984-жылы кайрадан Ат-Башы ооруканасында башкы дарыгер болдум. 1993-жылы башкы дарыгерлик кызматты өткөрүп берип, районго дарыгер-фтизиатр болуп иштеп калдым. Бул кызматта райондо дарыгер жетишсиздигинен улам азыркы күнгө чейин иштеп келе жатам.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355589/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Чыгармачылык табыштырган жубайлар: Ж.Абдыбекова менен М.Таабалдиев тойлордо да чогуу кызмат кылышат.

«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ат-Башы райондук маданият үйүндө бири музыкант, бири хореограф болуп эмгектенген Жыпар Абдыбекова менен Мирбек Таабалдиев. Алардын 1 уул жана 3 кызы бар. Чыгармачыл жубайлар мындай талант ата-бабаларынан өткөнүн айтышат.

Жыпар Абдыбекова 1976-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. Анын апасы ырчы, атасы манасчы болгон. 26 жылдан бери ырдап келе жаткан Жыпар айым учурда Ат-Башы райондук маданият үйүндө хореограф болуп иштеп, кошумча тойлордо ырчы, тамада катары кызмат көрсөтөт.

«10 бир тууганмын, алардын ичинен жетөөбүз ырдайбыз. Атам манасчы, энем ырчы болчу. 1996-жылы Табылды Актановдун "Манас руху" театрына комузчуларды жумушка чакырышып, барып иштеп калдым. Жолдошум экөөбүз ошол жерден таанышканбыз. Ачыгын айтканда бизди Т.Актанов үйлөнтүп, биздин өкүл атабыз болду. Ал жакта 6 жыл иштеп, ал эми Ат-Башы райондук маданият үйүндө 15 жылдан бери иштейм. Жалпы 26 жылдан бери ырдайм десем болот. Учурда хореограф болуп иштеп, кошумча тойлордо ырчы жана тамаданын милдетин аткарам. Жолдошум да музыкант, тойлордо дайыма чогуу болобуз. Той гана эмес жумушта да чогуубуз.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355579/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Билим АКИpress - Ат-Башыда 21 мектептин окуучулары «Манас таануу» таймашында жарышты.

Ыбрайым Абдракмановдун 130 жылдыгына карата Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы өттү. Иш-чараны «Саякбай манасчы» эл аралык фонду менен «Көйкашка» коомдук бирикмеси биргеликте уюштурушту. Бул тууралуу уюштуруучу Нурбек Талантбеков билдирди.

«КТРКнын бул долбооруна кызыккан жаштардын саны арбын экен. Алардын катары жыл санап өсүүдө. Иш-чара өткөн А.Осмоналиев атындагы орто мектеп жамаатынын даярдыгы жогорку деңгээлде экенин көрө алдык. Жыл сайын салтанаттуу иш-чаранын эл арасында кадыры өсүп, жаштарды тарбиялоодо орду толгус эмгек жасап келет. Ат-Башыда өткөн таймашка 21 мектептен 130га жакын окуучу катышып, байгелүү орундарды алгандарга баалуу белектер берилди. Суроолор Сагынбай Орозбаковдун вариантынан берилди», - деди ал.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:355623/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Azattyk - Менин баатыр жеңем. Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы.

Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо коюнунда бой жетип, бактысын ошол жерде таап жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган. Таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбаган Айнагүл менен анын үй-бүлөсүнүн жайлоодогу түйшүгү тууралуу маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев менен операторубуз Бексултан Абибакир уулу быйыл жайында тартып келишкен. Улан бүтүрө албай калган тасманы Бексултан аягына чыгарып, аны сиздерге тартуулаган турабыз. Бул кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин эң акыркы тасмасы болуп калды.


https://www.youtube.com/watch?v=8Kb4C5sQoe8
Turmush - Айыл турмушу: 8 келинди жумуш менен камсыздаган тигүүчү Э.Сазановага австралиялыктар да буйрутма беришет.

Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 47 жаштагы тургуну Элмира Сазанова чакан тигүү цехин иштетип, киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элмира Сазанова мектепти аяктагандан кийин ушул эле айылга келин болгон. Ал бала кезинен тигүүчү болууну каалап, цех ачууну кыялданган. Кийинчерээк бул максаты ишке ашып, 8 келинди жумуш менен камсыздады.

«Мурда үйдөн эле кийизден бут кийимдерди тигип, дүкөнгө өткөрчүмүн. Кийинчерээк Казакстандагы жармаңкелерге чыга баштадым. Кыялдар орундалат деп айтышат. Өзүм эле тиге бербей, жаныма 2-3 кыз иштетип алсам деп ойлочумун. Долбоор аркылуу мага тигүү машиналарын беришти. Жомоктогудай болду, 8 машина менен иштеп калдык. Учурда 8 келин иштейт. Айлыктары ар кандай, сезондо жумасына 10 миң сомго чейин, эң аз дегенде 2 миң сом алышат. Буйрутмаларды алып, баарын тигебиз.

Учурда көбүнчө шырылган чапан тигип жатабыз. Башында шейшеп менен баштаганбыз, азыр куртка, жууркан, кийимдердин түрүн тигебиз. Айылдан, Бишкектен да буйрутмалар түшөт. Алматага чейин көргөзмөгө барып жатабыз. Шырылган чапандарга Австралиядан да буйрутма түшөт. Учурда балдарга кышкы кийимдерди тигип жатабыз», - деди ал.

Тигүүчүнүн 4 баласы жана 2 небереси бар.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355720/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Окурмандар Ат-Башыдагы китепканага жылуулук берүүнү суранышууда.

Ат-Башы райондук Бүбүсайра Кыдыкова атындагы маалыматтык китепканасында жылуулук жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окурмандар билдиришти.

Китепканага келген окурмандар үшүгөндүктөн сырткы кийимдерин чечпей отурушат. Ошондой эле китепканачылар да сырткы кийим менен жүрүшөт. Аталган китепканага дайыма келип, сабак окуган Нуржан Эркинбекова китепкана муздак экенин жашырбайт. Ал Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде 6-класста окуйт.

«Мектептен жакшы баа алыш үчүн тапшырмаларды аткарганы келебиз. Айла жоктон керектүү китептерди алып, сабак окуп кетем. Бул китепкана суук болгондуктан ооруп калбайлы деп курткаларыбыз менен отурабыз. Бул жерге жылуулук берип коюшса жакшы болмок», - деди ал.

Китепкананын ичи электр жылыткычтары менен жылытылат.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355727/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - 9 жаштагы эгиздер Эдил менен Эмир: Бири ишкер, бири милиционер болгусу келет.

«Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — 9 жаштагы Эмир Садыбакасов менен Эдил Садыбакасов. Алар Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде 3-класста окуп жатышат. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

Эмир келечекте дүкөн ачып, бай адам болгусу келет. Ал түгөйүнүн күлгөнүн жана ойногонун жактырат.

«Эдил менин түгөйүм, анын ойногону, күлгөнү жагат. Көп убакта адамдар экөөбүздү алмаштырып, мектепте да бааларыбызды алмаштырып койгон учурлар болот. Спорт менен машыгып, сабактан "5" алганды жакшы көрөм. Эдилдин менден башы, муруну чоңураак, бутунун өлчөмү да чоң. Бизнесмен, бай адам болуп, үйүмдү 2 кабат кылып, ата-энеме унаа алып берип, Бишкек жана башка жерлерге алып баргым келет», - деди ал.

Эдил чоңойгондо милиция кызматкери болгусу келет. Ага түгөйүнүн тентектиги гана жакпайт.

«Менин түгөйүм Эмир жакшы бала. Мушташа бергени эле жакпайт, калганы жагат. Мен чоңойгондо милиция кызматкери болуп, тентек кылгандарды кармайм. Окуудан сырткары бокс, футболго барам. Англис тили сабагын жакшы көрөм, мугалим ошол тилде ырдатып, жаздырып, тамгаларды айттырат.

Жакшы бала сөгүнбөш керек, кыздарды чаппайт. Менин сүйгөн кызым бар. Ага шоколад, чынжырча, шакек алып бергем. Ал кыз сулуу, жоош, жакшы окуйт, Ак-Жарда жашайт. Аны менен чогуу жашагым келет. Кийин үйдөгүлөрдү кафеге алып барам, туугандарымды чакырам, үйлөнөбүз, анан чогуу жашап баштайбыз», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүлөрү.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355711/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Пакспорт, фамилианарды...»: Ат-башылыктар медицина борборундагы ката жазууларга нааразы.

Ат-Башыдагы тургундар райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда илинген маалымдамалар ката жазылгандыгына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, аталган борбордогу №18 кабинеттин сыртында кыргыз тилиндеги маалымдама сабатсыздык менен жазылган.

Ат-Башы айылынын тургуну Айжан Молдокасымова: «Бул мамлекеттик мекеме болгондон кийин кыргыз тилине мындай мамиле кылгандары туура эмес го деп ойлойм. Бул жазууда бир нече ката бар экен. Оңдоп коюшабы деп ойлодум эле. Бирок, 1 жумадан бери илинип турат. Булар элди жинди деп ойлошобу, билбейм. Жада калса 2-класстын окуучусу мындай кызматкерлерден дагы туура жазат деп ойлойм», - деди.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355775/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Уста Т.Төлөгөнов 3 облустун элине өзгөчө очокторду салып берди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун 44 жаштагы тургуну Талантбек Төлөгөнов өзгөчө очокторду жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, орто билимдүү. Очок салууну өз алдынча үйрөнгөн.

«Акыркы 2 жылдан бери очок салып келем. Алгач бул ишти таякемден үйрөнгөм. Чымкоргон айылында турган бир тууган эжем очок салып бер деп калды. Мен анда кыргыз очогун салып жүрчүмүн, үйгө дагы ошондой система менен салган элем. Ошентип, эжемдин үйүндө очок салгандан кийин иштеп баштадым.

Учурда очоктун эки түрүн салам. Бири жөнөкөй болсо, экинчиси газ менен иштеген очок. Газ менен иштеген очоктун өзгөчөлүгү анын үнөмдүү жана таза болгонунда. Отун аз эле сарпталат.

Мындан тышкары, суу кайнаткан титандарды жасайм. Бул идиштер тойлордо керек болот. Ошондой эле бир казанды 3 миң сомдон жасайбыз. Жай айында очокту бир күндө эле салып бүтсө болот. Очокторду Нарын, Чүй, Талас облустарына барып жасап келдим. Быйыл болжол менен жүздөн ашык очок салдым. Эми ушул очокторду мындан дагы сапаттуу жана көп функционалдуу кылып салууну ойлоп жатам», - деди ал.

Т.Төлөгөнов бир кыз, бир уулдун атасы.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355793/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда 6,5 млн сомго оңдолгон кинотеатрга мурунку директордун ысымы ыйгарылды.

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы кинотеатрга 25 жыл директор болуп иштеген Абабекирахун Сабырахуновдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук маданият үйүнүн директору Абдыкадыр Сабырахунов билдирди.

Анын айтымында, Абабекирахун Сабырахунов 34 жыл кино тармагында эмгектенген. 1970-жылы ишке берилген кинотеатр буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Имарат 6,5 млн сомго оңдолду.

«Кинотеарга менин атамдын аты берилди. Атам 1942-жылы 15 жашында киномеханик болуп эмгектенип баштап, 1976-жылы 49 жашында каза болгон. 34 жыл кино системасында бир жерде иштеген. Анын ичинен 25 жыл директор болуп эмгектенген. Бул имарат 1970-жылы күзүндө ишке берилген. Кинотеатрды оңдоого 6,5 млн акча каражаты бөлүндү. Оңдоо иштери жыйынтыкталды, бир гана отургучтар келе элек. Мурда 300 орундуу болчу, сахнаны кеңейткенден кийин 50 орунга кыскарып, 250 орундуу болуп калды», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355947/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда чөптүн29 түрүнөн дары чыгаруучу ишкана ачылды.

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында дары чыгаруучу ишканасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул ишкана 2002-жылы эле чөп дарыларды жасап баштаган. Бул жолу ишкана кеңейтип, керектүү жабдыктар өнөктөштөр тарабынан 20 млн сомго алынган.

Аталган ишканада 29 дары чөптүн түрү чыгарылат. Жайкысын 60, кышкысын 15 чакты адам иш менен камсыз болот.

«Ишкананын башкы максаты — органикалык аймакта таза продукция чыгаруу. Тоодогу дары чөптөрдү азыркы заманбап станокторго кургатып, элибиздин ден соолугу үчүн базарга алып чыгалы деп жатабыз. Келечекте эл аралык деңгээлде чет мамлекттерге экспортко алып чыгалы деген ниетибиз бар. Бул фирма 2002-жылы эле иштечү. Бул жка тонналаган чөптөрдү алып жатабыз. Тоолорубуз бош жатат, ошол жактарга дары чөптөрдүн түрүн айдайлы деген оюбуз бар», - деди ишкананын жетекчиси Дамира Кампабекова.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:355932/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы тургундар көмүрдүн баасы 4500 сомго чейин кымбатташына нааразы.

Ат-Башы айылынын тургундары көмүрдүн баасы 4500 сомго чейин чыгып кеткенин айтып, нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин Ат-Башы райондук мамадминистрациясынан көмүрдүн баасы 3500 сомдон ашпарын маалымдашкан. Бирок, айыл тургундары мындай бааны көрбөгөндөрүн айтышууда.

«Кымбат болгону аз келгенсип, сапаты да начар болууда. Азыркы учурда элдин баары эле пенсия менен жашайт. Айлык деле аз. Ошондуктан элдин муктаждыгын, көмүрдүн баасын жөнгө салып турушса болмок. Мен азыр көмүр ала элекмин, жакшы сапаттагы көмүр алсамбы десем жок экен. Ошого байланыштуу 1 гана мүшөк алдым. Баасы кымбат, 4500 сомдон деп келип жатышат», - деди айыл тургуну Гүлнара Тойгонбаева.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356012/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Билим АКИpress - Ак-Муз айылынын окуучулары кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатышат.

Ат-Башы районундагы Боогачы орто мектебинин окуучулары «Балдар балдарга кол сунат» аталышында акция өткөрүп башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулардан куралган ыктыячылар командасы элден ашык кийим кечелерди чогултуп, жардамга муктаждарга таратышууда. Мындан сырткары, кары-картаңдардын үйлөрүнө барып, короо-жайларын тазалап, акилеп, үйлөрүн иретке келтирип жатышат. Отун-суу менен камсыз кылышып, айтор, ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүүдө.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:356032/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Социолог Ж.Бакасова түймөчүлүк менен Ат-Башы элине таанылган.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Жылдыз Бакасова 11 жашынан тартып эле кол өнөрчүлүккө, тактап айтканда түймөгө кызыгып баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 5-класс кезимен эле жүндөн кийим түйүүгө, сайма саюуга кызыгуум артып, Нарын шаарындагы балдар билим борборундагы атайын ийримге катыштым. Ал жерден сайма сайганды, жүндөн кийим токуганды үйрөнүп алдым. Кызыгуум күч болуп турган учурда кездеменин бетине сайма сайып, килемче даярдагам. Кийин өткөөл куракта кийим токуганды таштап койдум. Турмушка чыгып, улуу кызым төрөлгөндө ага жүндөн кийим токуп берип баштадым. Менин түйгөн кийимдеримди көргөн жакындарым буйрутма бере баштады. Мына ошондон тартып түймө түйүүгө кайрадан кызыгуум арта баштады.

Кесибим социолог. Айыл жергесинде жумуш жок болгондуктан көбүнчө убактымды түймөгө арнайм», - дейт Жылдыз Бакасова.

Жылдыз Бакасова: «Учурда элден жаздыкчага, байпак, баш кийим жана башкаларга буйрутма алып жатам. Ал эми баалары кийимдин көлөмүнө жараша болот. Ушул жылдын май айында район боюнча "Жез оймок" кароо-сынагына катышып, 3-орунду ээледим. Бул кароо-сынактан билбеген нерселерди ала алдым. Бул өнөр үй-бүлөбүздүн киреше булагы десем да болот», - деди ал.

Жылдыз Бакасова 3 кыз, 1 уулдун энеси.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356090/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда эски эки мектептин ордуна жаңысы курулат.

Ат-Башы районунда авариялык абалдагы эки мектеп бар. Алар Жаңы-Күч жана Большевик айылдарында жайгашкан.

Райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкендей, Жаңы-Күч айылында капиталдык салымдардын эсебинен жалпы сметалык баасы 54 миллионду түзгөн, сыйымдуулугу 150 орунга эсептелинген жаңы мектептин курулушу башталганы турат. Ал эми Большевик айылындагы жаңы мектептин курулушу Катар мамлекети тарабынан жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Учурда райондо 21 мектеп балдарга билим берет.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356096/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын Казыбек айылында 1 млн сомго ат майдан курулду.

Ат-Башы районунун Казыбек айылында ат майдан курулуп, тай казан орнотулду. Бул тууралуу Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Докоев билдирди.

Анын айтымында, демөөрчүнүн колдоосу менен курулган ат майданда 2 тай казан бар. Ат майдандын аянты 7 гектарды түзүп, анын аймагы курчалды. Мындан сырткары демөөрчү аттын башын темирден жасатып, ат майдандын кире беришине орноткон.

«Казыбек айылында жаңы ат майдан курулду. Демөөрчү айыл тургуну болду. Орто эсеп менен ат майдандын курулушуна 1 млн сом жумшалган. Кыргызстан боюнча мындай тай казан Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө гана бар болчу. Үчүнчүсү Ат-Башы районунда коюлду. Мыдан сырткары ат майданга темирден жасалган аттын башы орнотулду», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356154/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын