At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.86K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - Ат-Башы райондук китепканасынын жамааты жаңы жетекчинин дайындалышына нааразы.

Ат-Башы райондук китепканасынын жетекчиси болуп Асылгүл Шапкеева дайындалды. Бирок китепкананын жамааты жаңы жетекчинин дайындалышына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканасынын эмгек жамааты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Ат-Башы районунун акимине кайрылуу жолдошкон. Анда алар китепкананын ишин билген, жамаатты жакшы түшүнгөн адамды аталган кызматка дайындоону талап кылышкан.

40 жылдан бери Ат-Башы райондук китепкананын окуу залында китепканачы болуп иштеген Турганбүбү Мамбеткулова жамааттын ичинде татыктуу талапкерлер бар дейт.

«Биринчи директорубуз көп жыл иштеди эле. Былтыркы жылдан бери эки директор алмашты. Ошондуктан өзүбүздүн жамааттын ичинен эле бирөөнү директор кылып дайындоого макулмун. Себеби,..

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370547/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Билим АКИpress - ЖРТ-2019: Ат-Башы боюнча эң жогорку упай алган Элназдын ийгиликтери — Билим АКИpress.

Ат-Башы районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упай топтогон Элназ Төлөнбай кызы «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын да ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышкан.

Элназ Төлөнбай кызы 2001-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган: 2 эжеси, байкеси, сиңдиси бар.

«1-класстан баштап жалаң «5» деген баага окуп келдим. 4-класста Ат-Башыдагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебиндеги комуз ийримине катышып, аны бүтүрдүм. Кээде ыр жазам. Бир жолу Манас жөнүндө ыр жазуу сынагына катышып, сыйлык алгам. Райондук олимпиадаларга дагы катышып келдим. 9-класста англис тили боюнча райондук олимпиадада 3-орунду, 10-класста химия сабагынан райондук олимпиадада 1-орунду...


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:370673/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда Турдакун Усубалиев эскерилди.

Ат-Башы районунда Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Нарын облустук мамадминистрациянын өкүлдөрү, Ат-Башы районунун жетекчилиги жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, залкар адамдын замандаштары катышты. Иш-чарада залкар адамдын басып өткөн жолу жөнүндө айтылып, кыргыз элинин өнүгүшүнө кошкон зор эмгектери боюнча маалымат берилип, докладдар окулду.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиеванын айтымында, мындай эскерүү иш-чарасы райондогу бардык айылдарда өткөрүлмөкчү.

Усубалиев Турдакун Усубалиевич 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1938-1941-жылдары Кочкор кыштагында мугалим, директордун окуу иштери боюнча орун басары болгон.

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун, 1945-жылы ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебин яктаган. 1965-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн.

1977-жылы тарых илимдеринин кандидаты болгон. 2009-жылы Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. 2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору наамдарына ээ болгон.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370724/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы эски буюмдарды сурап пайдаланган бала бакча жаңы эмеректүү болду.

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын тургуну Ат-Башы районундагы 8 бала бакчага жана балдарды өнүктүрүү мектебине эмерек алуу үчүн Япониянын Кыргызстандагы элчилигине долбоор жазган. Анын долбоору колдоого алынып, бала бакчаларга четинен эмерек бериле баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Долбоорду жазган айыл тургуну Дүйшөнбек Абдразаковдун айтымында, Казыбек айылындагы бала бакчага электр жабдуулары жетишсиз, ошондой эле эмеректери жараксыз абалга келген.

«2013-жылдан бери «Казыбек-Жеткинчек» бала бакчасында жамааттык деңгээлде иш алып барылууда. Анда 120дан ашык бала тарбияланып, 27 кызматкер эмгектенет. Бала бакчабыз эски имаратта жайгашкан. Жыл өткөн сайын эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелүүдө. Ага карабай айыл өкмөт тарабынан акча бөлүнүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турабыз.

Бала бакча уюшулгандан бери бир топ долбоорлор менен иш алып барабыз. 2016-жылдан бери Япониянын Кыргызстандагы элчилиги менен байланышта болуп, долбоор жазуу боюнча кеңештерди алып келем..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370821/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Azattyk - Ат-Башыда кыш заводу ачылды. Жумуштун оордугуна карабай аялдар да кыш кынап, үй бүлөнү багып, балдарды чоңойтуунун аракетинде. Ушул тапта ишканада отузга чукул киши эмгектенип жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=HHpY-w8856k
Turmush - «Чочогуңду суук урат»: Суу кечкен чыт курсактар. Видео.

Жайдын ысыгы иттен көлөкө талаштырат. Мындайда сууга чөмүлүү көздөн учат. Өзгөчө чыт курсак балдар суу кечип ойногонду жакшы көрүшөт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Ат-Башы районунда күндүн ысыгында сууда ойноп, черин жазган бөбөктөрдү видеого тартып алган.

P.S.Бөбөктөрдү карап отуруп, арыктын суусуна көк муштум болуп үшүгөнчө ойногон күндөр эске түшөт. Андайда аталарыбыз же апаларыбыз «чочогуңду суук урат» деп урушуп же «курсагыңды тойгузуп ал» деп алдап жатып араң үйгө алып кирер эле.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371073/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башынын «Кошой» стадионуна түнкү чырактар орнотулду.

Ат-Башынын 1978-жылы туулган тургундары «Кошой» стадионуна түнкү чырактарды орнотушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Ат-Башы айылында жайгашкан “Кошой” стадионунун сол тарабында түнкү чырактар жок болчу. 7 түнкү чыракты 30 миң сомго орнотуп бердик», - деди алар.

Эми бул тургундар стадиондун дарбазасын оңдотууну максат кылып жатышат.

Ошондой эле 20-июлда аталган стадиондо футбол оюну өтөт. Ага 46 команда катыша турганы күтүлүүдө.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371181/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Жайдын саратанындагы кыш: Ак-Сайда июлда кар жаады. Видео.

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө кар жаады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Сайдагы малчылар билдиришти.

Алардын айтымында, кар ушул жылдын 9-июлунда жааган.

Ак-Сай өрөөнү — Ички Теңир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Өрөөндө Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо жайгашкан. Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун малы багылат.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371234/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Сайдан кол кармашып суу ташыган балдар же макамы жок айылдагы көйгөй. Видео.

Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кирпич-Завод аймагында көп жылдан бери суу маселеси чечилбей келет. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы быйылкы жылдын жаз айында аталган аймакка «таза суу чыгарып беребиз» деп сөз беришкени менен ал убада аткарылган эмес.

Кирпич-Завод аймагынын тургуну Камчыбек Кыдыралиев жергиликтүү бийликтин элге берген убадасын аткарбаганына нааразы.

«3-4 жылдан бери суу маселеси боюнча кайрылып эле жатабыз. Президентке чейин кат жаздык. «Чыгарып берет» деген жооп келген. Ат-Башы районунун акиминин орун басары дагы былтыр келген. «Жаз келсе суу чыгарып беребиз» деген. Эл тажап бүттү. Айылдын жанында аккан кир суудан алып пайдаланабыз...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371201/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Өлгөн аары кайсы ооруга даба? Балчы Саамыйбек Султановдун жообу. Видео.

Ат-Башынын ак балы сапаты жана өзгөчө даамы менен белгилүү. Үстүбүздөгү жылы Лондондогу тамак-аш көргөзмөсүндө Ат-Башынын ак балы мыкты деп табылган.

Ат-Башы районунун Биринчи май айылынын 31 жаштагы тургуну Саамыйбек Султанов аары челек менен гана иштеп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал балчылардын негизги көйгөйү — сатып өткөрүү экенин айтты.

Булар жаш баладан жаман

- Аары челек менен иштегениме 10 жылдан ашты. Башында кыйынчылыктар болду. Үйрөнүү, ишти алып кетүү оор экен. Сезон жакшы болсо 6-7 тоннага чейин бал алам.

Азыр бизде сатуу жагы кыйын болуп жатат. Сатылып жатат, бирок ортомчулар аркылуу арзан өтүүдө. Кеткен чыгымды эсептегенде 400-500 миңдин тегерегинде киреше түшөт..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371195/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Олобо кантип жасалат? Сүрөт.

Кыргыз элинин улуттук тамак-ашынын катарын олобо да толуктайт. Аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун тургуну олобонун жасалышын айтып берди.

- Түндүк тарапта олобо деп айтылат. Түштүк диалектиде башкача да аталышы мүмкүн. Бул тамак улуттук тамактардын бири. Олобо жасоого козу же койдун өпкөсү, сүт, сары май жана туз керек...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371479/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Мал жоготуунун алдын алуу үчүн кандай эрежелерди билүү керек?.

Тургундар малын жайлоого чыгаруу үчүн алгач чабан менен эки тараптуу келишим түзүшү керек, деп билдирди Ат-Башы РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери, ага ыкчам өкүл, милициянын ага лейтенанты Мурат Озозакунов.

«Ат-Башы районунун аймагы мал багууга ыңгайлашкан жана райондун басымдуу калкы мал багуу менен тиричилик кылары баарыбызга белгилүү...



Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371488/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда «Өспүрүм түн»операциясы өтүп жатат.

Ат-Башы районунда «Өспүрүм түн» операциясы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, операция Ат-Башы РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп жатат. Күндүз балдар сууга чөгүп кетүү коркуну бар жерлерге барып, балдарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кечкисин балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейддерге чыгышууда. Кызматкерлердин айтымдарында, азыр жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузуу жокко эсе.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371515/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Кыргызстандын жаратылышы: Жайдын саратанындагы Сары-Тал жайлоосу.

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Босого суусу, Сары-Тал жайлоосун Turmush басылмасынын кабарчысы сүрөткө тартып келди.

Босого суусу, Сары-Тал жайлоосун көрүү үчүн бир топ туристтер келишет. Бул жерде дарычылык касиети бар гүлдүн түрү өсөт.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371518/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Видео — Ат-Башыда тоют жыйноо өнөктүгү жүрүүдө.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоют жыйноо өнөктүгү жүрүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жергиликтүү тургун Адылбек Акматовдун айтымында, аба ырайы улам өзгөрүп, тоют жыйноо иштерине тоскоолдук жаратууда.

«Чөптүн түшүмдүүлүгү жыл сайын ар башка болот. Быйыл апрель, май жана июнь айлары жаанчыл болгону менен айрым тоют чөптөр жакшы чыккан жок. Чөп жыйнап жатканда кайра жамгыр жаап, чөптү суу кылып жатат. Күндүн ачылышын күтүп, үйгө жыйнап алабыз. Бирок жамгырда калган чөп бат эле чирип кетет», - дейт ал.

А.Акматов белгилегендей, учурда 1 боо чөптүн баасы 150 сомдон сатылууда.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371595/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Малымды сатып, мелдешке бардым»: Азиянын 6 жолку чемпиону Айнур айымдын спорттогу ийгилиги.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук маданият үйүнүн 57 жаштагы кызматкери Айнур Асанбекова кол күрөш боюнча Азиянын 6 жолку чемпиону болууга жетишти. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1963-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. Бала кезинен спортко кызыгып, кол күрөш боюнча мелдештерге катышып келген. 38 жылдан бери Ат-Башы райондук маданият бөлүмүндө эмгектенет. Ал Кыргызстандын кол күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү.

«Дарак бир жерде көгөрөт» дегендей бир эле жерде иштеп келе жатам. Мектепти аяктап, №32 кесиптик окуу жайында билим алдым. 1981-жылы Ат-Башы элдик театрына жумушка орноштум...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371604/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Жылдызбек Талипов Ак-Талаа РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды.

Жылдызбек Талипов Ак-Талаа РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, ал аталган кызматка 18-июль күнү келген. Подполковник Ж.Талипов буга чейин Ат-Башы РИИБдин башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371618/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Футбол мелдешине түшкөн ат-башылыктар районго кайрымдуулук жасашты.

20-июлда «Ат-Башы ынтымагы» аталышындагы кичи футбол мелдешинин 16-турнири өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Турнир Ат-Башы районунун 1978-жылы туулган тургундары тарабынан уюштурулду. Ага ардагер, улуу муун, орто муун, кичүү муундун өкүлдөрү, жалпы 50 команда катышкан....


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:371748/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башынын тургундары оорукананын алдында таштандылар жыйналбай турганына нааразы.

Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын имаратынын алды таштандыга толуп калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыгы айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, райондук аймактык оорукананын алдындагы таштандылар көптөн бери тазаланбай турат. Ат-Башы районунун ысымын атагысы келбеген тургуну буларга токтолду.

«Негизи оорукананын алды таптаза болуп турушу керек. Бирок бул оорукананын алды андай эмес. Эч ким текшербейт,чара көрүлбөйт. Ошондуктан ушундай таштандылар жатат. Ишембилик өткөрүп туруш керек», - деди ал.

Ырысбек Кутманов Кара-Суу айылынын тургуну. Айдоочулар оорукананын алдын тазалап турарын айтат.

«Мен айдоочу болуп иштейм. Ооруканадан бейтаптарды ташып иштейбиз. Тазалыкка көңүл буруп, кезек менен тазалап турабыз. Ары-бери өткөндөр таштап кетип жатышат. Бул жакка ким жоопкерчиликтүү экенин билбейм. Арыктын ичиндеги таштандылар илгерки боюнча турат», - деди ал.

Райондук аймактык оорукананын директору Илим Бейшеналиев бул жерди айыл өкмөт көзөмөлгө аларын жана айдоочулардын оорукананын алдында кардар күтүп турганы мыйзамсыз экендигин баса белгиледи.

Ал эми Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубан Чоробеков бул жерде ар аптанын жума күндөрү тазалоо иштери болорун билдирди.




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:372075/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Адистердин кеңеши: Көздүн кайсы дарты сокурлукка алып келет?.

Көздүн аллергиясы жөнүндө Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун көз оорулары боюнча дарыгери Гүлмайрам Молдоянова айтып берди.

Көздүн кан басымын текшертип туруу керек

- Көз ооруларынын эң көп кездешкени — көздүн аллергиясы. Бул Ат-Башы районунун аба ырайына байланыштуу болуп жатат. Акыркы 3 айга салыштырмалуу аллергия курч, оор өтүүдө. Ошондой эле кокустан кырсыктап, көзүнөн ажырап калгандар бар. Өткөндө эле бир адам аттан жыгылып кетип, бир көзү катуу жабыркаган экен. Ошол көзүн алууга туура келди. Дагы бир киши унаа оңдоп жатып көзүнө темирдин бөлүкчөсү кирип кетиптир. Анын кесепетинен көзү көрбөй майып болуп калды.

40 жаштан өткөндө көздүн кан басымын 1 жылда бир текшертип коюу керек. Көздүн өзүнүн кан басымы болот. Анын жогорулашы глаукома деген көз оорусун пайда кылат. Ал сокурлукка алып келет. Ошондуктан алдын алуу керек. Кээ бири көзүнүн курчу кайтып калганда келип жатышат. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу көздүн көрбөй калышына байланышкан оорулар азайып жатат.

Көз аллергиясынын белгилери

Көбүнчө шамал, чаң болгондо, күн ысыганда, бак-дарак бүрдөп баштаганда көз кызарып кычышат. Күндөн уялат. Кирпиктин астына, каштын тегерегинде шишиктер пайда болот. Ошол учурда мурун бүтүп, чүчкүрүк пайда болуп денеге бир нерсе чыгып калышы мүмкүн. Көздүн аллергиясы көбүнчө боёктордон болуп жатат. Көздүн аллергиясы өтүшүп кетсе ал өнөкөткө айланат. Ал убакта жакшы дарыланыш керек, жазында балдарда көп кездешет. Ал өнөкөткө өтүшсө 25 жашка чейин уланат.

Бул оорунун алдын алуу үчүн күндөн сактаныш керек. Баш кийим кийип, күндөн коргоочу көз айнек тагынып, өз убагында дарыгерлерге кайрылуу керек.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:367274/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын