At-Bashy KG
82 subscribers
18 photos
4 files
2.88K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - «Коопсуздук-2019»: Ат-Башыда резервдик рота ок атуу талаасында болду.

25-июндан бери Нарын облусунун Ат-Башы районунда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Коопсуздук-2019» аталышындагы машыгуусунда Ат-Башы районунун резервдик ротасы ок атуу талаасында болуп, ок атуу жана инженердик даярдык машыгуулары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Н.Кирешеев катышып, район акими менен жолугушту. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын машыгууда жүргүзгөн иш-аракеттеринен да кабар алды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369941/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы Чоң-Ача суусуна көпүрө курулду.

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Чоң-Ача кыштоосуна баруу үчүн Чоң-Ача суусуна көпүрө курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, донорлордун жардамы менен 200 миң сомдун тегерегинде курулуш материалдары алынган. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен 60 миң сом каралган, ал эми жашоочулар курулуш иштерин бекер жасап беришкен. Көпүрөнүн узундугу 11,5 метр, бийиктиги 2 метрди түзөт.

Ак-Муз айылдык жайыт комитетинин төрагасы Болотбек Абдылдаев: «2012-жылдан бери жайыт комитетинин башчысы болуп иштейм. 2016-2017-жылдардан бери бул көпүрөнү куруу үчүн аракет кылып, донорлор менен сүйлөшүп келгенбиз. Мурда суудан мал айдап өткөндө кооптуулукту жаратчу. Унаа да жүрө албай калчу», - деди.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370074/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Ат-Башы кызгалдактары» бий тобу Кипрде өтчү фестивалга жөнөп кетти, алар эмнеге нааразы?.

Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинин «Ат-Башы кызгалдактары» бий тобу Кипр Республикасында боло турчу эл аралык бий фестивалына жөнөп кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бий топтун башчысы Аида Айтмамбетова билдирди.

Анын айтымында, алар эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышат.

«Кипр Республикасында өтө турчу эл аралык фестивалда «Ат-Башы кызгалдактары» тобу «Мөлмөлүм» , «Кербезим», «Өзбек» чыгармаларын аткарабыз. Биз Кыргызстандын атынан катышуу үчүн бара жатабыз. Бирок, бизди колдогон бир дагы демөөрчү чыкпаганына биз нааразыбыз», - дейт А.Айтмамбетова.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370065/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: 10 бала төрөгөн Бурул апа учурда 5 уул-кызынын жакшылыгын көрүп жатат.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы баатыр эне Бурул Акылбекова мурда жигиттер аскерге түлөө менен узатылчу дейт.

Бурул Акылбекова 1938-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында туулган. 5 кыз, 5 эркек бала төрөп, кийин алардын ичинен 1 кызы, 4 эркек баласы каза болгон. Учурда 4 кызы, 1 уулу, 40 небере, 25 чөбөрөсү бар. Баатыр эне мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп пенсияга чыккан.

«Согуш маалында чоңойдум. Атам согушка кеткен бойдон келген жок. Жалгыз мен эле төрөлүптүрмүн, энем жалгыз бакты. Колхоздун бардык жумуштарын жасадык, буудай оруп, чөп жыйнадык. 17 жашымда Өзгөрүш айылындагы жигитке турмушка..




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370007/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Астманы жайлоодон кантип айыктырса болот? Б.Табылдиеванын жообу.

55 жаштагы Бермет Табылдиева Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну. Ал жыл сайын үй-бүлөсү менен жайлоого чыгып, бээ байлашат. Бул жолу дагы 8 бээ, 4 уй менен тоого чыгышкан.

Бермет Табылдиева жаш кезинен бээ саайт, ооруганда бээнин сүтү дарыга алмаштыргыс экендигин жакшы билет.

«Илгери кайнатам жолдошум экөөбүз жаңы үйлөнгөн жылдары кулун салдырып саадырчу...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369816/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Ат-башылык К.Досумбаева бала бакчада тарбиялаган балдардын алды чоң ата болуп калды.

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын 59 жаштагы тургуну Калбүбү Досумбаева жаш кезинде 17 жыл бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп эмгектенген. Аймактык кабарчы тарбиячы айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңоюп өскөн. Бойго жеткенде өз айылына келин болуп калган.

«Бала бакчадагы балдарымды көргөндө аябай сүйүнөм. Алды неберелүү болуп калыптыр. Бала бакчадан тентек кылганын элестетем. Алдымдан чыкканда учурашып, алыстан салам айттырышат. Кичинекей кезинде көргөн балдар кийин ата, чоң ата болгонун көрүп, убакыттын тез өткөнүнө таң калам. Мен өзүм карып кеттимби деп ойлойм.

Мен иштеген кезде бардыгы татаал болчу. Кол менен жасалган жумуш эле. Азыр бала бакчада бардыгы жетиштүү болуп калды. Иштегендерге дагы жеңил. Илгерки балдар ушунчалык баёо эле. Азыркы балдардын айлана-чөйрөнү таанымы күчтүү. Мурдагылар менен салыштырып болбойт, айырмасы асман менен жердей», - деди ал.

Калбүбү айым 1 кыз, 3 уул, 13 неберенин апасы.

«Кызым Большевик айылында фельдшер. Балдарымдын баары акыл-эстүү, төртөөнү тең тууруна кондурдук. Кичүү уулум түндүгүбүздү ээлеп, айылда бизди багып жатат. Улуу неберем 9-класста окуйт», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:366861/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ж.Чокоева фестивалда «Салбай ою» шырдагы менен 2-орунду алды.

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жанымбүбү Чокоева турмушка чыкканда чоң кайненесинен тарбия алып, кол өнөрчү болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жанымбүбү Чокоева 1954-жылы Кызыл-Туу айылында туулган. 10 бир туугандын ичинен жалгыз кыз болгон. 17 жашында турмушка чыгып, 10 бала төрөп, алтоо каза болгон. Учурда анын 3 эркек баласы, 1 кызы, 16 небере, 2 чөбөрөсү бар.

«Атам менен апам малчы болуп, атам «Ленин» орденин алган. Апам 95 жашка чыгып кайтыш болду. Ал уз киши болчу. Мен 10 бир туугандын ичинен жалгыз кыз болуп, көп оокат жасачу эмесмин..

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370194/

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда 2,5 миңден ашык итке документ берилди.

Ат-Башы районунда 2019-жылга карата район боюнча каттоого алынган 2843 итке паспорт берилген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук мамлекеттик ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Үмөтаалы Саалаев билдирди.

«Район боюнча 2843 ит каттоого алынып, баарына паспорт берилди. 4-5 жыл мурун стандарт болчу. Аны күтпөй эле өзүбүз жасадык. Ар бир айыл өкмөткө таратып беребиз. Анда иттин аты-жөнү, жугуштуу ылаңга каршы кайсы күнү эмделгени, колдонулган дары, ит жөнүндө жалпы маалымат берилет. Иттерди 2012-жылдан бери каттап баштаганбыз, жылда жаңыртылат. Китепте итти кантип багуу керектиги жөнүндө маалымат камтылган. Паспорт берүүнүн максаты — итти квартал сайын дарылоодон өткөрүп туруу. Итин каттоодон өткөрбөгөндөрдүн итин жок кылыш керек. Быйыл район боюнча 5 миңге чукул ит атылды. Бизде жылдан-жылга ит азайып жатат», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370216/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Депутат Сымбаткан Аттокурова акимдин орун басары болду.

Аттокурова Сымбаткан Кадыровна Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук мамадминистрациядан билдиришти.

Ал 1971-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1991-1998-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн.

1992-2009-жылдары Ак-Жар айылындагы мектепте мугалим болуп иштеген. 2009-2013-жылдары ушул эле мектепте директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болгон. 2018-жылы Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканалык информациялык тармактын директор кызматын аркалаган. 2008-2012-жылдары Ат-Башы райондук кеңешинин, 2012-2016-жылдары Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2017-жылдан баштап Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы болуп иштеп келген.

4 баланын энеси.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370222/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Ат-Башы районунан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жаткан унаа изделүүдө.

Turmush - Көкөмерен суусуна аккан унаанын кырсыкка чейинки акыркы мүнөттөрү. Күбөлөрдүн сөзү.

Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унааны издөө иштери уланууда.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 2-июлда саат 06:30да издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 19, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 2, Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5, суучулдар кызматынан 4, жалпы 30 куткаруучу жана туугандары тарабынан 20 адам чыккан.

«Унаанын ичинде канча адам болгондугу азырынча белгисиз. Учурда ИИМ тарабынан такталууда», - деп билдиришти.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, унаа алгач жарды сүзүп, андан соң сууга кулаган.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндөгү Тунук айылынын тургуну Шаршенбек Аманов: «Мен өзүм жолдо иштейм. Бир айдан бери жолду оңдоп-түздөп, майрамга даярдап жүрдүк. 30-июнь күнү Кызыл-Ой айылынан кызматтык унаа менен биздин кесиптештер келишти. Өң-алеттен кетип, ушундай жаман кырсык болду деп айтып калышты.

Биз тарапта айланма жол бар. Анын аймагында суу шар аккан жана кууш жери бар. Ошол жолдон Кожомкулга чейин 27 чакырым аралык. Кесиптештерибиз ушул жерде бара жатканда алардын унаасын бир автоунаа ашып өтүп, чайпалып барып жарды сүзүптүр. Андан соң тумшугу менен сууга кирип кетиптир.

Шар суу унааны агызганда эле ичинен үч киши чыккан экен. Бир кызыл футболкачан жигит жанталашып чыгайын дептир. Бирок шар сууга туруштук бере албай, агып кетиптир. Андан кийин унаадан чыккан кишилер, унаа дагы үч-төрт жолу көрүнүп, ошол бойдон көрүнбөй калыптыр. Ага удаа суунун үстүнө азык-түлүк жана башка буюмдар чыга баштаган экен.

Биз милиция кызматкерлерине, куткаруучуларга билдирдик. Суу азыр кирип турган учуру. Ал жерден унааны жай айдаш керек. Мурун бул жерден 2-3 жолу кырсык катталган», - деди...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370258/

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда моңолдор уруусу чогулушту. Сүрөт.

30-июнда Ат-Башы өрөөнүнүн Босого жайлоосунда моңолдор уруусунун элдик курултайы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Курултайдын максаты — элди ынтымакка чакыруу. Ага башка уруулардын дагы өкүлдөрү катышты.

«Эч кимди туурабай, ээрчибей кыргыз болушубуз керек. Партиядан көрө уруулар керек. Уруулар эч качан бөлүнгөн эмес», - дешет уюштуруучулар.
Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370269/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда ири мүйүздүү малдан бруцеллез аныкталып, союлуп жатат.

Ат-Башы районунда ири мүйүздүү малдын каны текшерилип, анын жыйынтыгында 269 баш уйдан бруцеллез дарты аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын жетекчиси Үмөтаалы Саалаев билдирди.

«Ири мүйүздүү малдарга эмдөө жүргүзүлдү. Андан сырткары бруцеллез оорусуна каршы 19 вакцина куюлду. 16 миң баш уйдун каны алынып, текшерилди. Район боюнча 269 баш бодо малдан бруцеллез дарты аныкталды. Аларды сойдуруп жатабыз», - деди Ү.Саалаев.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370301/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Талаага төгүлгөн картошкаларды уйлар жеп алып, өлүп калууда, - Ат-Башыдагы дыйкан.

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы дыйкан Мухаммед Мамбеталиев былтыркы картошка арыкта, талаада таштанды болуп жаткандыгын аймактык кабарчыга маалымдады.

«Өзүм дыйкан чарба менен алектенем. Ат-Башыда 7 ай кыш болгондуктан мал багып жана картошка өстүрөбүз. Картошкабыз былтыркы жылы баа болбой калды. 60 сотых жерге картошка эккенбиз. Андан 10 тонна картошка алып, түшүмдү 5-6 сомдон өткөрдүк. Өзүн актабай калды.

Быйыл 70 сотых жерге картошка эктик. Былтыркыдай болуп калбаса экен деп чочулап турабыз. Жыл дагы кургакчыл болуп турат. Өкмөт жакшы баада сатууга жардам берип, элге каралашса жакшы болот эле. Жок дегенде биздин райондо 10 сомдон кем эмес болуп берсе. Ача-Кайыңды айылын «картошканын мекени» деп коет. Бул айылда дыйкандардын эң алды 12 гектарга чейинки аянтка картошка эгишет. Былтыркы картошкабыз көрүнгөн жерде төгүлүп жатат. Аны уйлар жеп, ичи жарылып өлүп калып жатат», - деди ал.

Мухаммед Мамбеталиев: «Кыргызда “Эл эмгегин жер жебейт” деген сөз бар эмеспи. Ошол макалга сүйөнүп эле аракет кылып жатабыз. Жакшы дегенде 30 тонна түшүм алабыз. Ошол 10 сомдон айланып берсе эле жакшы болгону турат. Дары асмандын баасы болуп кетти. Үрөөнүбүз да калып калды. Үрөн 5 сомго дагы бааланбай калды», - деди.




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370318/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-башылык волейболчу кыздар республикалык спартакиадада 2-орунду ээлешти.

Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүндө Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Дени сак улут – өнүккөн өлкө» урааны менен өткөн республикалык спартакиадада ат-башылык волейболчу кыздар Нарын элинин намысын коргоп, 2-орунду алып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган волейболчу кыздар билдиришти.

Алардын айтымында, волейбол мелдешине республиканын 7 облусунан келген командалар катышкан.

Жеңүүчүлөр кубок, грамота жана медаль алып келишкен.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370345/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда кымыз фестивалы өткөрүлдү. Сүрөт.

Ат-Башы районунда кымыз фестивалы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 2-июль күнү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда кымыз фестивалы райондук деңгээлде өткөрүлдү. Фестивалга бардык айыл өкмөттөрү өзүлөрүнүн мыкты деген кымыздарын алып келишти. Анда 4 номинация менен жеңүүчүлөр аныкталды.

- Бал кымызды мыкты жасаганы үчүн Ак-Жар айылы;
- Саамал кымызды мыкты жасаганы үчүн Ак-Моюн айылы;
- Нак кымызды мыкты жасаганы үчүн Талды-Суу айылы,
- Күл кымызды мыкты жасаганы үчүн Ат-Башы айыл өкмөтү жеңүүчү деп табылды.

Ошондой эле улуттук тамак-аш боюнча кароо-сынагы уюштурулуп, анда 1-орунду Баш-Кайыңды айыл өкмөтү, 2-орунду Кара-Суу айыл өкмөтү, 3-орунду Ача-Кайыңды айыл өкмөтү алды. Катышуучуларга ардак грамоталар тапшырылып, активдүү кызмат кылган 10 адамга баалуу белектер берилди.

Иш-чара аркан тартыш, чака чапмай оюндары жана музыкалык номурлар менен коштолду.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370427/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда «Эмгек-Өспүрүм» иш-чарасы өткөрүлдү.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 1-июлдан 3-июлга чейин «Эмгек-Өспүрүм» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейд учурунда Ат-Башы айылынын ичиндеги унаа жуучу жайлар, тойканалар жана башка жерлер текшерилди. Мындан сырткары, жайкы эс алуу учурунда жаш өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүнүн алдын алуу үчүн балдарга жана алардын жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Санжарбек Сатаров: «Жашы жете элек өспүрүм оор жумушта иштеп жатса, анда ишкананын ээсине мыйзам чегинде тартип чарасы көрүлөт», - деди.

Иш-чаранын максаты — өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусун жана сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370413/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Кыл аркан эмнеге колдонулат? С.Сакбаеванын жообу.

Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Сейилман Сакбаева кыл аркан эшет. Анын айтымында, учурда кыл арканга болгон суроо-талап жогору.

«Боз үй тигүүгө пайдалана турган буюм. Жээктерине кыл аркан керектелет. Антпесе кийиз чоюлуп кетет. Ууктун боолору, кырчоо (боз үйдүн кереге, чий, туурдугунун сыртынан, ортосунан ылдыйраак айландырып бастырылып, бекем тартылган ичке аркан), үзүктүн боолору кыл аркандан жасалат. Кыл арканды эшкенде оң, сол болуп таңдайлашып түшөт.

Илгери кыздын себиндеги жууркандарды кыл аркан менен таңышкан. Көп жылдан бери кыл аркан эшип, базарга сатып жүрөм. Мындан айына 4000 сомдой киреше түшөт», - деди ал.

Кыл аркан жылкынын куйрук-жалынан болот, ал урунууга өтө бышык келет.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370396/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыда диний экстремизм жана терроризмбоюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Ат-Башы районунда диний экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башыга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү, диний эксперт келип, жергиликтүү тургундарга жана мамлекеттик кызматкерлерге түшүндүрүү-окуу иштерин жүргүзүштү.

Келгендердин айтымында, Кыргызстандын аймагында экстремисттик жана террористтик 19 уюм аныкталган.

«Андай уюмдардын мүчөлөрү башкаларды тартканга аракет кылып жүрүшөт. Бирок абал туруктуу. Анткени, Ички иштер министрлиги жана башка органдар ушул маселенин үстүндө иштеп жатат», - деди алар.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370423/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башынын Казыбек айыл аймагы «Мыкты айыл өкмөт-2019» наамын алды.

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айыл өкмөтү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Мыкты айыл өкмөт-2019» наамын алып, 100 миң сом өлчөмүндөгү баалуу китептер менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Руслан Докоев билдирди.

«2018-жылы Казыбек айылына жаңы китепкана салынган. Китепканабызга 35 миң сомго китеп алып бердик. Быйыл дагы бюджеттин эсебинен 88 миң сом бөлдүк. Маданият тармагына салым кошконубуз үчүн “Мыкты айыл өкмөт-2019” наамын беришти», - деди ал.






Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370494/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башы райондук китепканасынын жамааты жаңы жетекчинин дайындалышына нааразы.

Ат-Башы райондук китепканасынын жетекчиси болуп Асылгүл Шапкеева дайындалды. Бирок китепкананын жамааты жаңы жетекчинин дайындалышына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканасынын эмгек жамааты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Ат-Башы районунун акимине кайрылуу жолдошкон. Анда алар китепкананын ишин билген, жамаатты жакшы түшүнгөн адамды аталган кызматка дайындоону талап кылышкан.

40 жылдан бери Ат-Башы райондук китепкананын окуу залында китепканачы болуп иштеген Турганбүбү Мамбеткулова жамааттын ичинде татыктуу талапкерлер бар дейт.

«Биринчи директорубуз көп жыл иштеди эле. Былтыркы жылдан бери эки директор алмашты. Ошондуктан өзүбүздүн жамааттын ичинен эле бирөөнү директор кылып дайындоого макулмун. Себеби,..

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370547/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын